МУГАЛИМДИ АЗДЕК ТУТАЛЫ

  • 19.02.2021
  • 0

Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов уюштурган дилбаяндар конкурсунун жыйынтыгы жөнүндө гезитибиздин 22-январдагы санында кабарладык эле. Эске сала кетсек, «Мен мугалим болгум келет» темасында эссе жазган 1400 окуучудан 50 окуучу экинчи турда онлайн форматта, б.а. видео көзөмөл шартында ошол эле күнү калыстар комиссиясы сунуштаган “Аралыктан билим алуудагы биздин тажрыйбалар” деген башка тема боюнча эссе жазышкан эле.

Бүгүн ошол конкурстун байгелүү орундарына арзыган ой толгоолордон жана бизге жаккан дагы бир дилбаяндан үзүндүлөрдү жарыялап коюуну чечтик.

Ыйык кесипти тандадым

«Бул жашоодо эки нерсени – өмүрлүк жубайды жана кесипти тандоодон жаңылбаш керек» деп айтылат элибизде. Анткени бул экөө ар дайым, өмүрүңдүн аягына чейин сени коштоп жүрөт. Мен кесип тандоодон жаңылышпадым деп ойлойм.

…Адам баласы напсиге тойбойт эмеспизби, ошондуктан көпчүлүк учурда акчасына карап кесип тандоого да туура келет. Бирок арабызда ишинен ырахат алып, элге ак дилден кызмат кылган адамдар бар. Албетте, алар ардактуу мугалимдер.

Мугалимдик кесип мени биринчи кезекте адамгерчилиги, адилеттүүлүгү, кызыктуулугу менен өзүнө тартып турат. Менин оюмча, мугалим болуш үчүн көп иштеп, өзүңдү өнүктүрүү керек. Албетте, каардуу, үстөмдүк кылганды сүйгөн, өзүмчүл адам мугалим боло албайт. Мен үчүн мугалим болуу – бул чыгармачыл окуучулар менен ар дайым чыныгы адамдык мамиледе болуу.

Мугалимдик кесип цивилизациянын башатында турган, кийинки өнүгүү доорлорун да коштоп келген. Биринчи жөндөмдөрдүн пайда болушу менен мугалимдер пайда болгон. Алар өзгөчө кесипкөйлөр катары өзгөчөлөнүп, өнөрлөрүн кийинки муунга өткөрүп беришкен…

…Мугалим – устат, жол көрсөтүүчү, билим берүүчү, психолог, келечек баштоочу, жакындарына болгон сүйүүнү, урматтоону, түбөлүк баалуулуктарды үйрөтүүчү. Мугалим – эң мыкты сапаттардын ээси.

Мугалимдин эч кимде жок, кез келген адамда боло бербеген таланты – билимди башкага өткөрүп берүү жана кыйын нерселерди жеңилдетүү жөндөмү.

Мугалимдин кесиби – өтө оор. Анткени ал жогорку концентрация жана тынымсыз нервдик чыңалуу менен байланыштуу. Күн сайын кечинде мугалим эртеңки сабактарды пландаштырып, ийгиликтүү окутуу үчүн кылдаттык менен даярданат. Ар бир мугалим – эң мыкты, тажрыйбалуу психоаналитик. Ал кырдаалды жөндөөнү жана тез чечимдерди кабыл алууну билет.

Мугалимдер өз предмети боюнча гана маалымат бербестен, жашоо, жүрүм-турум маселелерин чечишет, балдардын дүйнө таанымын кеңейтишет, жашоодо өз ордун табууга жардам беришет.

Мугалим – бизге жашоосунун бир бөлүгүн арнаган адам. Сизди дайыма угууга жана ар дайым жардамга келүүгө даяр адам.

Ал окуучуларынан сүйүүсүн аябай, камкордук кылат, керек болсо бүткүл мугалимдик өмүрүндө үй-бүлөсүнө караганда окуучуларына көбүрөөк көңүл бурат.

«Мугалимдин баардык сыймыгы окуучуларында, ал сепкен үрөндөрдүн өсүшүндө» демекчи, окуучу мыкты чыкса, эң биринчи ата-эненин, анан эле мугалимдин сыймыгы.

“Мугалим”… Бул сөздүн бүткүл адам баласынын жашоосунда ыйык орду бар. Дүйнөдөгү баардык кесиптин ээлери мугалимден билим алган. Мугалим болбосо, президент да, адвокат да, инженер, доктур да болмок эмес.

Мына ушундай ыйык кесипке мен келечек жашоомду байладым жана бул кесипти тандаганыма эч убакта өкүнбөйм!

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылынын Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин 11-класс окуучусу Абдалбек кызы Чолпонай (1-орун)

…Аралыктан билим алууда биз мектепке барып билим алуунун маанисин зор түшүндүк. …Үйдөн окуганда убактыбыз кичине көбүрөөк ашты. Биз аны жаңы нерсе үйрөнүүгө жумшап жаттык. Мен өзүмдүн тажрыйбаларымды айтсам, убакытты туура пайдаланып, аны туура бөлүштүрүүнү үйрөндүм. Эгер сабактан биз китептеги менен чектелип калсак, ал эми интернеттен өтүлгөн тема боюнча кызыктуу маалыматтарды алып, дүйнө таанымыбызды дагы да кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

…Эң негизгиси, бул күндөр да биз үчүн чоң сабак болду. Тажрыйба топтоого да чоң мүмкүнчүлүк болду. Биз аралыктан окутуунун даамын таттык. Демек, бул окутуунун түрү келечекте биздин өлкөдө орун алса, биз ага даярбыз. Аралыктан окутуу бизди көп нерсеге үйрөттү.

(Чолпонайдын экинчи турда жазган эссесинен)

Мугалим бийик максатка шыктандырат

…Мугалим мээримдүү болуп, балдарды өзүнө тартып алардын мүнөзүнө жараша мамиле кылып, сабак өтсө, окуучуларда мугалимге тартылып, аны сыйлап, урматтап, сабагын калтырбай катышып, тапшырманы убагында аткарууга аракет кыла башташат.

Ошентип, окуучу менен мугалимдин ортосундагы мамиле күндөн-күнгө жакшырат. Ал мугалимдердин окуучулары мектептин эң алдыңкы окуучулары болот!

Мугалимдик кесип чындыгында көп эмгекти, тажрыйбаны талап кылат эмеспи. Мугалимдер ар бир окуучуга бирдей мамиле жасап, анын сабакка болгон кызыгуусун арттырууга аракет кылышат. Мугалимдер бир гана билим эмес тарбия да беришет. Эгер окуучу туура эмес иш кылса, мугалимдер акыл айтып, экинчи кайталанбасын деп түшүндүрөт. «Мектеп – экинчи үйүң, мугалим — экинчи ата-энең» дегендей, мугалим сени эч качан жаман болсун дебейт.

…Мугалимдер ушунчалык асыл адамдар, чыгармачылык менен сабак өтүп, өз сабагына окуучунун кызыгуусун арттырат.

…Өлкөбүздүн келечеги делген жаштардын билимдүү, патриот, эмгекчил, ак ниет, ыймандуу болушу мугалимдердин чыныгы кадыр-баркына жараша болот…

Фрунзебек кызы Айганыш, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Сары-Камыш айылындагы №26 орто мектептин 10-класс окуучусу (2-орун)

…Мугалимдерибиз окуучулардын шартына карап түнкү саат 11-12лерде тапшырма берип, түшүндүрүп, кайтарымга чыккан окуучулардын, жооп бергендерин текшерип, баалап түшүнбөгөн суроолоруна жооп берип жатышты. Онлайн сабак мага көп нерсени үйрөтүп, жаңыланууга, өзгөрүүгө жоопкерчиликтүү болууга үйрөттү. Мектепте окуп жүргөн убакта мугалимдердин баркын билбей, алардын өткөн сабагын, айткан накыл сөздөрүн, тарбиясын көңүлгө албай кулактын сыртынан кетирген, тартип бузганым үчүн урушуп койсо таарынып, жаман көргөн кездеримди эстеп аябай уялып олтурам. Онлайн сабакта мугалимдерибиздин баркын, кадырын билдик

(Айганыштын экинчи турда жазган эссесинен)

Өлкөнү өнүктүрүү үчүн мугалимдер баркталышы керек

…Дүйнө жүзүндөгү биринчи жарыкты ойлоп тапкан адам да, биринчи телефондун үлгүсүн жасаган адам да, адам баласынын эң керектүү муктаждыктарын жеңилдеткен адам да алгач ирет мугалимден таалим алган. Алардын кадырын билип, баалай албасак, анда биздин коомубуз, өлкөбүз өнүкпөйт. Эң алгач өлкөнү өнүктүрөм десең, анда билим берүүсүн алга сүйрөп чыгышың керек.

…Күнүгө сабагын берип, кайра ийримдерге, олимпиадаларга, кароо-сынактарга окуучуларды даярдап, ал эми кечкисин сабагына даярданган түйшүктүү кесиптин ээлерине башымды ийип таазим кылам. Карантин учурунда көрдүк го, бир баланын сабагын окута албай эмне болдук? Анан отуз баланы окутуш оңой деп ким так кесе айта алат? Бирок мугалимдер окуучуларды окутуп, өзүнүн болгон билимин бөлүшүүдөн ырахат, эргүү, энергия алышат.

…Эгер билсеңер, чыныгы бактылуулук – бирөөнү бактылуу кылууда. Биз бир эле адамга бир эле жакшылык кылып көрөлүчү, өзүбүздү коёрго жер таппай, аябай бактылуу сезип алабыз. Ал эми мугалимдер канча окуучуга жакшылык тартуулап, канчасынын бактылуу болушуна себепкер болушат.

Адисова Нүргүл, Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу

Быйылкы кыйынчылыктардан улам, биз кааласак да каалабасак да мектептен эмес, турмуштан сабак алууга мажбур болдук.

…көпчүлүктүн мугалимдерге болгон сый-урматы жогорулап, көз-карашы өзгөрдү.

Эң зор тажрыйбам өз алдынчалык болду. Бир чети кыйналсак, бир чети өзүбүздү өнүктүрүүгө шарт түзүлдү. Билимге чындап умтулгандарга эч нерсе тоскоол болбостугун баамдадык.

(Нургүлдүн экинчи турда жазган эссесинен)

МЫКТЫ МУГАЛИМ БОЛГУМ КЕЛЕТ

– Классташ, менин апам мугалим го, түнү менен уктабай план-слан жазып чыгат. Өмүрүң кагаз толтуруу менен эле өтүп кетет.

– Кызым, жакшы окуйсуң го башка эле кесипти — догдур, адвокат же IT багытын танда. Мугалимдик менен көтөрүлө албайсың…

Бирок мен баары бир МУГАЛИМ болгум келет. Мага сабак берген, балдар менен иштеген жагат. Эгер окуучунун жашоосуна туура багыт берип, бир нерсе үйрөтө алсаң, алардын «МУГАЛИМИМ», «Эжеке» деген сөздөрү, сенден билим алайын деп жанып турган көздөрү не деген БАКЫТ!

Анан дагы азыркы мен баш багып жаткан чоңдордун татаал жашоосу, бири-бирине акчасы, бийлигине карап кылган мамилеси, өздөрүн башкалардан артык көрсөткүсү келген аракеттери менен эмес, «тамчы суудай» таза балдардын жан дүйнөсү менен жашаган жагат. Мейли, менин элдердей заңгыраган үйүм, кычыраган кийимим болбосун, бир кезде, бул дүйнөдөн өтөөрдө, артыма кылчайып өмүрүмүн текке кетпегенин, канчалаган балдардын жашоосуна «шам чырак» болгонумду сезсем болду.

Ооба, эптеп-септеп эле сабак бергендердин бири болгум келбейт. Биринчи кезекте өзүм башкаларга көрсөткүм келген жарык жашоого ээ болушум керек. Кыргызстандагы эле эмес дүйнө жүзүндөгү алдыңкы окуу жайларында билим алып, өзүмдүн дареметимди толук ача алсам, жетишээрлик билим топтосом гана азыркы ааламдашуу доорундагы талаптарга жооп берген мыкты мугалим болуп, окуучуларга татыктуу билим бере алам. Балдарга билим гана эмес, тарбия да берүү керек. Анткени тарбиясыз билимдин, билимсиз тарбиянын мааниси да, пайдасы да жок. Муну улуу устатыбыз Гапыр Мадаминовдон үйрөнсө болот.

Мен математика предметин тандап алдым. Анткени бул сабакты көп окуучулар кыйын деп ойлошот. Балким, мына ошондуктан да 11-класстын окуучусу эң жөнөкөй бөлчөк камтылган мисалды иштей албаганы көп учурайт. Анан да бул предметти англис тилинде үйрөтсөм дейм…

Бакытбек кызы Нурия Ош облусунун Кара-Суу районундагы №55. К.Зулпиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу

Редакциядан: Нуриянын эссеси конкурста экинчи турга өтпөй калган экен. Табит жөнүндө талашпайт демекчи, калыстарга доомат койбой эле, бул конкурста абдан дилгирленип жазган жаш авторлор көп болгонун гана баса белгилейбиз.

Келерки санда таажывирустан мугалим апасы каза болуп калган окуучунун эссесин жарыялайбыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер