МУГАЛИМДЕРГЕ МАСШТАБДУУ КОЛДОО

  • 01.04.2022
  • 0

Кыргызстанда 1-апрелден тарта социалдык тармакта эмгектенген кызматкерлердин эмгек акысы масштабдуу көбөйгөнү жатат. Мугалимдердин айлыгы 80% чейин жогорулайт.

Каржы министри Алмаз Бакетаев буга чейин ММКларга берген маегинде билим берүү тармагында эмгек акы 80% жогорулай тургандыгын айтып, жаңы модель боюнча эсептегенде стажы жок, жаңы иштеп жаткан мугалим буга чейин 4-7 миң сом алып келсе, эми 20-21 миң сомго чейин алат деген эле. Кечээ жакында “Марал” радиосуна берген маегинде болсо көп жыл иштеген мугалимдердин эмгек акысы элүү миңден аша тургандыгын айтып, агартуучулардын сөөгүн агартты. Бул кабарды уккан мугалимдер бийликке, өзгөчө Президент Садыр Жапаровго социалдык тармактар аркылуу рахматын айтып, ыраазы болушууда.

МУГАЛИМДЕРГЕ МАСШТАБДУУ КОЛДОО

Мисалы, Тилло Мойдинов аттуу Facebook катталуучусу “Мугалимдердин эмгек акысын көтөрүп бергениңерге чоң рахмат, бизге окшоп эркек мугалимдер 14-15 жылдан бери мигрант болуп кетип калбай, сабырдуулук менен иштеп келе жатабыз” десе, Айзат Шералиева аттуу мугалим “Канча кошулса дагы ыраазы болгонду билели, нааразы боло бербей, берекесин берсин, эң башкысы Президентибизге рахмат” деген пикирин калтырган. “Мугалимдерди ойлогондорго рахмат. Мамлекетибиз эми өнүгөт, кудай буюрса. Ушунусуна да шүгүр кылалык. Буюруп, насип кылсын, акырындап баары жакшы болот, ниетти түздөйлү”, — деп Мырзайым аттуу мугалим агартуу журтун топук болууга чакырган.

Алты жаштагы балдарды мектепке даярдоочу 480 сааттык программа менен иштеген мугалимдерге да көңүл бурулбай калып жатканын, бүгүнкү күндө эң аз эмгек акыны ошолор аларын, керек болсо дем берүүчү эмгек акыдан, өргүүгө төлөнө турган акчадан да куру калып келе жатканын айтып, ушул жагына да көңүл бөлүп коюуну өтүнгөн даярдоо класстарынын мугалимдери дагы арбын.

КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ОКУТУУЧУЛАРЫНЫН ДА ЭМГЕК АКЫСЫ ЖОГОРУЛАЙТ

Расмий маалыматтарга таянсак, бүгүнкү күндө социалдык тармакта 1 миллион 480 штаттык бирдик бар, башкача айтканда, ушунча кызматкер иштейт. Анын ичинде билим берүү кызматкерлери — 188 миң. Алардын 101 миңи кесиптик окуу жайларда иштеген окутуучулар. Тилекке каршы, дээрлик он эки жылдан бери дал ушул кесиптик окуу жайлардын окутуучуларынын эмгек акысы жогорулабай, бир топ нааразылыктарды жаратып келген.

– Мугалимдердин эмгек акысы жогорулаган сайын биз дагы үмүттөнүп келебиз. Бул жолу дагы калып кала турган болсок, бир чара көрүшүбүз керек го деп тынчсызданып жатканбыз. Буюрса, биздин дагы эмгек акы көтөрүлөт дегенден бери кубанычыбызда чек жок. Бюджетте акча жок деп койсо эмне кылат элек. Айла жок кала бермекпиз да, — дейт И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ага окутуучусу Елена Нооганова.

ЭМГЕК АКЫ КАЙСЫ КАРАЖАТКА КӨТӨРҮЛӨТ?

Социалдык тармакта бардыгы 309 миң адамдын айлыгы көбөйөт. Ал үчүн мамлекеттик казынага 25 миллиард сом талап кылынат. Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында “эмгек акылар кайсы акчага көтөрүлөт” деген суроого “салыктын эсебинен” деп жооп берген. Бюджеттик кирешелердин өсүшүн камсыз кылган негизги булак салыктык түшүүлөр экенин эске салсак,  эмгек акылардын масштабдуу жогорулашы республикадагы салык саясатында жүргүзүлгөн реформалар жемишин бере баштагандыгынын натыйжасы экендигин баса белгилей кетсек болот. Андан сырткары “Кумтөрдүн” мамлекетке өтүшү менен андан түшкөн каражат дагы мамлекеттик бюджеттин өсүшүнө бир топ өбөлгө болуп жатканын расмий маалыматтардан байкоого болот. Өкмөттүн маалыматына таянсак, «Кумтөр Голд» ишканасы былтыр салык жана милдеттүү төлөм катары мамлекеттин казынасына мурда пландалгандай 9 миллиард сом эмес, 13,6 миллиард сом төккөн. Натыйжада өткөн жылы мамлекетке түшкөн төлөмдөр 50% көбөйгөн. Өлкө казынасын толуктаган дагы бир булак – коррупция менен күрөшүүнүн алкагында келип түшкөн каражаттар. Былтыр бул иштин алкагында казынага 7,5 млрд сом түшкөнүн Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын этегинде маалымдаган эле. Быйыл дагы коррупцияга каршы күрөштөн миллиарддаган акча түшүшү мүмкүн экендиги божомолдонууда. Демек, социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын мамлекет сырттан карыз албай, ушундай ички булактардан түшкөн каражаттын эсебинен көтөрүп жатканы көңүл жибитет.

ӨЗ УБАГЫНДА КӨРҮЛГӨН КОЛДОО

2019-жылдан бери коронавирус пандемиясынын кесепети мамлекеттин бюджетине канчалык залакасын тийгизгенин биз баарыбыз жакшы билебиз. Пандемиянын капшабынан эптеп чыгып келе жатканда жеке эле Кыргызстанды эмес дүйнөнү каптап жаткан кымбатчылык менен каатчылыктан элдин тапкан акчасы жашоосуна жетпей калган учурда эмгек акылардын жогорулашын Президенттин өз убагында элге көрсөткөн чоң колдоосу деп билсек болот. Себеби салыштырмалуу алганда бизден экономикалык жактан алда канча алдыга кеткен делген Казакстан, Өзбекстан менен Россияда да азырынча эмгек акыны көбөйтүү жөнүндө сөз кылына элек. Алардан айырмаланып Президент Садыр Жапаров элдин алдында берген сөзүнө туруп, минтип эмгек акыларды жетишээрлик деңгээлде жогорулатып берүүдө.

РЕФОРМАЛАР – ӨНҮГҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ

Агартуучулардын эмгек акысынын жогорулашы билим берүү тармагындагы жалпы реформалык кырдаалды жакшыртуу үчүн көрүлө турган чаралардын бирөө гана. Эмгек акыны көбөйтүп коюу менен мугалимдерге көрүлгөн камкордук токтоп калбайт. Анын натыйжасына жетүү үчүн  билим берүү тармагында алгылыктуу реформалар жасалат. Жакында эле билим берүү тармагына кайрадан жетекчиликке келген жаш, реформатор министр Алмазбек Бейшеналиев жетишээрлик деңгээлде өзгөрүүлөр боло тургандыгын убадалап, учурда бир катар иштер жасалууда. Биринчи кезекте билим берүүнүн мазмунун реформалоо боюнча иштер башталды. 30 жыл мурдагы эскирген дисциплиналар менен адистиктерди жок кылып, келечекте кереги тие турган гана билимдерди окутуу башкы планга чыкты. Себеби убакыттын өтүшү менен келечекте керек боло турчу кесиптер өзгөрүп, бара-бара бир канча кесиптер жоголуп, айрымдарынын ролун роботтор аткарып калышы толук мүмкүн. Айрым маалыматтарга таянсак, керек болсо тейлөөчү кызматчылардан баштап дарыгерлердин, журналисттер менен котормочулардын, бухгалтерлер менен кассирлердин да ордун роботтор ээлеп калат экен.

Мугалимдин статусун жогорулатуу, мектеп директорлорун, бала бакча жетекчилерин ротациялоо, жогорку окуу жайларынын ректорлорун дайындоо боюнча да бир катар өзгөрүүлөр күтүлүүдө.

ЖОЖдорго академиялык, каржылык, башкаруучулук эркиндик берүү боюнча да жасала турган иштер алдыда. ЖОЖдордун эркиндиги билим сапатына терс таасирин тийгизип жатканы белгилүү. Себеби дал ушул эркиндиктин жоктугу жогорку окуу жайлардын колун байлап келет. Керек болсо өзүнүн имаратында ижарага берилип жаткан аянтчалардын акчасы окуу жайдын казынасына түшпөйт. Каржылык эркиндик жаатындагы дагы бир орчундуу маселе — биздин университеттердин чет мамлекеттердин окуу жайларындай өзүнүн колунда турган мүмкүнчүлүктү пайдаланып акча таба албаганында. Ага мыйзам жол бербейт. Мисалы, коңшу Казакстандын жогорку окуу жайлары акционердик коом болуп эсептелет. Бир бөлүгү мамлекеттик болсо, бир бөлүгү жеке. Жүз пайыз мамлекеттик окуу жайларына да эркиндик берилип, рыноктук механизмдер киргизилген. Мисалы, Политехникалык университетинин өзүнүн кен чыгара турган жери бар. Эгерде жогорку билимдин сапаттык өсүшүн кааласак, биздин окуу жайларга дагы ушундай эркиндик берилүүгө тийиш.

Азыр жогорку окуу жайлардын толук кандуу өнүгүшүнө каржылык боштондук сыяктуу эле академиялык эркиндик дагы жетишпейт. Чет мамлекеттерде окуу жайлардын бардыгы ишмердигин эркин жүргүзөт. Мисалы, Улуу Британиянын окуу жайлары жүз пайыз эркин болсо, айрым мамлекеттерде 50%-90% өткөн. Алар каалаган өнөктөштөрү,  жергиликтүү компаниялар менен биргеликте окуу пландарын түзүп, адистерди суроо-талапка жараша даярдашат.

Акыркы кездеги медициналык окуу жайлардын айланасында болуп жаткан кырдаал дагы чоң реформанын башаты болуп берди. Бул маселени жөнгө салуу боюнча дагы Билим берүү жана илим министрлигинде чечимдер даярдалып, аткарыла турган иштер мерчемделүүдө.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер