ЧЫГАРМАЧЫЛ МУГАЛИМДЕР ГАНА КүЧТүү МУУНДУ ТАРБИЯЛАЙТ

  • 12.04.2022
  • 0

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйынында билим берүүнүн сапатын жогорулатууну башкы артыкчылык катары караарын баса белгиледи.

ЧЫГАРМАЧЫЛ МУГАЛИМДЕР ГАНА КүЧТүү МУУНДУ ТАРБИЯЛАЙТ

Өлкө башчы “кыргызстандыктардын жаңы, күчтүү жана татыктуу муунун тарбиялоо милдетине жетүү — биздин улуттук тилегибиз жана стратегиялык максатыбыз болууга тийиш”, — деди өз сөзүндө.

ЧЫГАРМАЧЫЛ МУГАЛИМДЕР ГАНА КүЧТүү МУУНДУ ТАРБИЯЛАЙТ

Билим берүү жана илим министрлигине быйыл кошумча 16 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн, эң көп каржыланган министрлик болгонун да баса белгиледи.

“Мында бардык категориядагы кызматкерлердин айлык акысы 50 пайыздан жогору көтөрүлдү. Эмгек акы системасы калыбына келтирилди. Оклад системасына өткөздүк, категорияларды да киргиздик. Бул жерде орто мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы 80 пайызга өстү дегенибиз менен, чындыгында — айрым учурларда айлык акы үч эседен ашык көтөрүлдү. Маселен, Лейлек районундагы башталгыч класстын мугалимин алалы: педучилищаны бүтүргөн, эмгек стажы жок мугалимге мурда 8 846 сом чегерилип, колуна 7200 сом алып келсе, 1-апрелден баштап ага 23 933 сом чегерилип, колуна 21 800 сом ала баштайт. Көрүп турганыныздай, үч эсеге көбөйүп атат.

Дагы бир мисал, Ысык-Ата мектебинин педагогикалык иш стажы жок, бакалавр даражасына ээ математика мугалими 1-апрелге чейин 10 миң 450 сом алса, (чегерилгени 12 миң 907 сом) эми 25 миң 300 сом ала баштайт (чегерилгени 31 миң 333 сом).

Ушул жерден биз баса белгилеп коюшубуз керек. Мугалимдердин айлыгына акчабызды мындан ары да аябайбыз. Мүмкүнчүлүк болоор замат, дагы да жогорулатып беребиз.

Бирок аларга коюлган талабыбызды да мындан ары катуу коебуз! Ушул айдан баштап, бардык мектептерде аттестациялоо иштери жүргүзүлөт.

Балдарыбызга, келечек муундарга сабакты эң татыктуу, эң акылдуу, эң дасыккандарыбыз окутсун. Өзгөчө математика, так илимдер, компьютер жана чет тил сабактарынан эң жогорку квалификациядагы мугалимдерге муктажбыз.

Мен азыркы жаштарга да кайрыламын. Мектеп мугалими болуп иштеңиздер!” – деди Президент.

Мугалимдердин эмгек акысы көтөрүлгөнүн  жалпы коомчулук позитивдүү кабыл алды. Айлык акынын көтөрүлүшү менен мугалимдердин жоопкерчилиги дагы күчөтүлөөрүн Чүй жатак-мектебинин директору Назгүл Мусаева өз оюн ортого салды.

— Азыр мугалимдердин эмгек акысы көтөрүлгөнүнө байланыштуу кесип ээлеринин жоопкерчилиги да үч-төрт эсе көтөрүлдү. Эми мугалим жөн эле коомдун үлгүсү болбостон, ал өзүн-өзү бардык жактан өнүктүрүүсү зарыл. Азыркы биз жашап жаткан доордо окуучулар  мугалимсиз эле көп маалыматтарды интернеттен  алышат. Андыктан балдардын деңгээлине жетүү, аларга үлгү болуп, жол көрсөтүү үчүн   мугалим өзүн-өзү замандын талабына шайкеш болуп өсүүсү керек. Мугалимдин көтөрүлгөн айлыгы  жалаң эле турмуш-тиричилигине кетпейт, анын жок дегенде жарымы мугалимдин өнүгүүсүнө сарпталат.  Анткени өнүгүү – замандын талабы.

Мен дагы бир нерсе белгилеп кетким келет, билим берүүгө кирип жаткан ваучер системасы. Мунун бир жакшы жери – мугалимдердин квалификациясын жогорулатуучу борборлордун, институттардын бири-бири менен болгон атаандаштыгы.  Мага көбүрөөк мугалим келип окусун, көп каражат мекемеге түшсүн дегендер окуу системасын, окутуу программаларын, ыкмаларын жакшыртат, жаңыртат, күчтүү окутуучуларды кабыл алышат. Албетте, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу республикалык институтуна аттандаш болчу борборлор,  институттар болушу керек. Ошондон кийин гана билим берүү сапаты жакшырат. Бул жагынан мугалимдин квалификациясы жогорулап, кайра эмгек акысына кошумча акы кошулат.

Эгер мектеп ваучерге кирсе, мугалимдер убара болбой  эле барчу институтка же борборго билимин жогорулатууга  канча мугалим бараары тууралуу өтүнмө берип коюшса болот. Ошондой эле “биз инновациялык ыкмаларды үйрөнгүбүз келет же технология жагынан билимибизди өркүндөтөбүз” деп талаптарын кошо айтышат. Дагы бир нерсени белгилеп кетүү керек, мугалимдер 72 саатты мамлекеттик институттардан билимин жогорулатуусу керек болсо, дагы 72 саатты өздөрү каалаган борборлордон окуса болот, — дейт Н.Мусаева.

ЧЫГАРМАЧЫЛ МУГАЛИМДЕР ГАНА КүЧТүү МУУНДУ ТАРБИЯЛАЙТ

Ошентип, көптөн күткөн мугалимдердин, тарбиячылардын, кенже кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлдү. Эми болгону, ар бири ишке жоопкерчилик менен мамиле кылып, келечек муунга татыктуу билим-тарбия берүүлөрү зарыл.

Айтмакчы, эмгек акыны туура эсептөө боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын адистери республикадан келген шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, башкармалыктарынын экономисттерин, эсепчилерин окутуп, үйрөтүп  жатышат. Эң башкысы, билим берүү системасында жүрүп жаткан реформаны тиешелүү мекемелердин жетекчилери жер-жерлерге барганда туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүүлөрү зарыл. Эгерде министрдин саясатын колдобой, берилген тапшырмаларды  өз убагында так аткарбагандарга, кайдигер мамиле кылгандарга  чара көрүлмөкчү. Бул тууралуу жыйындын экинчи бөлүгүндө министр А.Бейшеналиев  баса белгиледи.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер