МУГАЛИМДЕРДИН УСТАТЫ

  • 15.04.2022
  • 0

Ар бир замандын өзүнө жараша мугалими болот тура. Арийне, кай заман болбосун, педагогдун аткарчу милдети ар качан ары жооптуу, ары татаал бойдон кала берет. Айрыкча мугалимдердин билимин жогорулатуу системасында иштеп жаткандарга жоопкерчилик эки эсе жүктөлөт. Биз төмөндө ушундай ары жооптуу, ары ардактуу милдетти аркалап келе жаткан Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун “Табигый-илимий жана математикалык билим берүү” кафедрасынын башчысы жана кафедранын профессорунун милдетин аткаруучу, педагогика илимдеринин доктору Бакдөөлөт Кособаеванын турмушундагы урунттуу беш учурга токтолгубуз келет.

МУГАЛИМДЕРДИН УСТАТЫ

Бакдөөлөт жашоонун ырымы

Бакдөөлөт Кособаева мугалимдин үй-бүлөсүндө тарбияланып өскөн. Анын апасы Эл агартуунун мыктысы, Эмгектин ардагери медалынын ээси Ракыя Кудайбергенова 38 жыл мугалимдик кесипти аркалаган устат мугалим эле.

– Апам өзү мугалим болгондуктан, үч кыз, бир уулуна татыктуу билим, тарбия берүүгө бардык күчүн жумшаган. Ал 2015-жылы 95 жашында жарык дүйнөдөн кайткан. Ал өмүрүнүн аягында кан басымы гана бир аз жогорулаганы болбосо, ден соолугу чың, бакубат жашап өттү. Көрсө, адам өзүнө сергек карап, тынбай өнүктүрүү үстүндө болуп, саламат жашоого басым жасап турушу керек экен. Менин апам ошондой бардык жагынан үлгүлүү өмүр сүрдү, — дейт ал, турмуштагы биринчи мугалими – апасы тууралуу эскерип.

Мугалимдик эмгеги үчүн үй алган

Бакдөөлөт Кособаева 1963-жылы Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы Киров атындагы кыздардын жатак мектебин аяктап, бир чети мектепте химиядан сабак берген агайы Абид Акматовдун таасири, бир чети Кыргыз мамлекеттик университетинен кесипке багыт берүү үчүн мектепке барган Акун Бугубаев агайдын сунушу менен аталган окуу жайдын химия факультетине өтүп, аны 1968-жылы ийгиликтүү аяктайт. Анын алгачкы эмгек жолу борбор калаабыздагы политехникалык институттун технология факультетинде ага лаборант кызматында башталган. Ал жерде эки жыл иштеген соң, 1970-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Арык орто мектебине химия жана биология мугалими болуп которулуп кетет. Мугалимдердин кадыр-баркын, коомдогу ордун ушундан билиңиз, ал мектептин директору Сергей Манин Бакдөөлөт эжеге жакшы иштегендиги үчүн мугалимдерге салынган үйдөн үч бөлмөлүү батир бөлдүрүп берет. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сергей Давыдович мугалимдердин түйшүктүү эмгегин жогору баалаган жетекчи болгон.

Агартуучулуктун ак жолунда

Б.Кособаева мугалимдик иши менен бирге илимий иштерди бирге алып кетүү максатында 1974-1978-жылдары Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунда аспирантураны сырттан окуп аяктаган. 1983-жылы Москвадагы В.И.Ленин атындагы педагогикалык институтунун химия факультетинде “Химияны окутуунун методикасы” адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.

1975-1991 жылдары В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда окутуучу, ага окутуучу, доцент кызматтарында иштеген. 1991-1996-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде (азыркы КУУ) окутуучу, улук окутуучу, тарбия иштери боюнча декандын орун басары болду. 1996-2003-жылга чейин КБИда ага илимий кызматкер, кафедра башчысы, доценттик кызматтарды аркалаган. 2008-2011-жылдары КБАнын алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу борборунун директору, 2017-жылга чейин КБАда жетектөөчү илимий кызматкер, кафедрада доценттик кызматтарда иштеп келген.

2017-жылы КБАдан өзүнчө бөлүнгөн Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда Табигый-илимий жана математикалык билим берүү кафедрасынын башчысы, профессордун милдетин аткаруучу кызматын бүгүнкү күнгө чейин аркалап келет.

– Адамдын жашы ылдыйлаган сайын артына кылчайып, басып өткөн өмүр жолуна баа берет окшобойбу, ансыңарындай, мен да ушундай учурларда өмүрүмдүн сүйүктүү ишиме арналганын туям. Ата-энем жана балдарым менин жашоомдо жашыл жарык болуп жанып, балалык ыйык парзымды жана энелик ыйык вазийпамды аткарууга өбөлгө түзүштү. Дүйнөдө бардык энелер согуш болбосун деп тилейт экен, менин да эне катары тилегим — эл-жерибизде тынчтык болсун, ал эми анча-мынча оош-кыйыштар бара-бара оңолор, — дейт ардагер агартуучу ойлуу.

Химия предметинин татыктуу устаты

Бакдөөлөт Кособаева өзү айткандай, бүт өмүрүн биринчи кезекте сүйүктүү ишине арнап келди. Ал 1991-2002-жылга чейин дээрлик он жыл химия предмети боюнча окуучулардын республикалык олимпиадаларына төрайым болгон. Кыргызстандын байкоочусу, кийин химия боюнча окуучулардын республикалык командасынын жетекчиси катары Россия, Канада, Австралия, Нидерландия, Дания, Индия өлкөлөрүндө өткөрүлгөн Эл аралык олимпиадаларга катышкан. Ал негизги иши менен катар, химияны окутуунун теориясы жана методикасы боюнча илимдин алты кандидатын даярдап чыгарган. Алардын катарында педагогика илимдеринин кандидаттары: ОшМУнун кадрлар башкармалыгынын башчысы, профессор Гүлсайра Турдубаева, ЖАМУнун химия кафедрасынын башчысы, доцент Нуржан Арстанбекова, И.Арабаев атындагы КМУнун доценттери Батима Жакышова жана Айгүл Абдыкапарова, КБАнын жетектөөчү илимий кызматкери Бактыгүл Рыспаева жана Ош Кыргыз-Өзбек университетинин педагогика-психология кафедрасынын башчысы Жаңыл Айтышева Бакдөөлөт эженин кылдат жетекчилиги астында илимий иштерин улантып келатышат.

Б. Кособаева эженин жетектөөсүндө диссертациянын үстүндө иштеп жаткан аспиранттары да бар. Абай атындагы Казакстан улуттук университетинин эки PhD докторантынын чет элдик консультанты катары алар менен иш алып барууда.

Узак убакыт бою окутуучулук кесиптеги үзүрлүү эмгегинин натыйжасында  2017-жылы жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы, окутуу жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы адистиктери боюнча докторлук диссертациясын коргоп, педагогика илимдеринин доктору болду. Анын ак эмгеги татыктуу бааланып, көптөгөн Ардак грамоталар, дипломдор менен сыйланды. Эл агартуунун отличниги төш белгиси, КРнын Ардак грамотасы ыйгарылды.

Мугалим үйрөткөн билим, көрсөткөн багыт

Эки баланын энеси Бакдөөлөт Кособаеванын эмгек жолуна сереп салып отуруп, төмөндөгүдөй бир притча эсиме түштү.

Адилеттүүлүгү менен бүткүл мусулмандарга өрнөк болгон атактуу падыша Харун ар-Рашид өз өлкөсүндөгү аалымдарды жыйып, алты жаштагы ханзаадасына эмнени мурастасам болот деп собол узатат. Акылмандар ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп, акыры арасынан эң көсөмү чыгып: “Өкүмдарым, балаңызды бул жерге алып келип, энеден туума жылаңач кылыңыз”, — дейт. Падыша олуянын айтканын кылган соң: “Ушул тестиер балаңызга эмнени берсеңиз, кайра ала албайсыз? — деп падышага кайрылат. Айланадагылардын баары ал эмне болду экен деп баш катырат, бирок эч ким туура жообун таппайт. Ошондо олуя: “Бул жалганда баланы жылаңачтап кетсе да, өзүндө кала турган үч нерсе бар. Биринчиси – илим-билим, анткени алган билими өмүр бою жашоосунда чырак болуп берет. Экинчиси — өнөр, өнөрлүү өлбөйт деген жөн жерден чыккан сөз эмес. Замана олку-солку болгон чакта да үйрөнгөн өнөрүң сени ошол абалдан куткарат. Үчүнчүсү — туура багыт, себеби канчалык адам билимдүү болбосун, канчалык колунан көөрү төгүлгөн уста болбосун, эгерде туура багытта жүрбөсө, адеп-ахлагы жок болсо, анда эч кандай пайда жок”, — деген экен.

Ушул үч нерсеге жетүүдө мугалимдин орду абдан чоң, анткени чыныгы мугалим бир гана билим берип тим болбостон, туура багыт көрсөтүп жана өнөр үйрөткөнгө да себепчи болот. Мугалимдик кесип — өтө оор, машакаттуу жана жоопкерчиликтүү кесип. Анткени дарыгердин кемчилиги бир адамдын өмүрүн алса, мугалимдин кемчилигинен бир улуттун келечеги талкаланып калуусу толук ыктымал.

Баарыбыздын тамыр башатыбыз биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу. Баланын ийгиликке жетүүсүнө мугалимдин ролу чоң. АКШнын Теннесси штатында өткөрүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча, өздөштүрүүсү 50 пайыз болгон эки окуучунун үч жылдан кийинки жетишкендиктеринин ортосундагы айырма алардын кандай мугалимге туш келгенинде 53 пайызды түзгөн. Мыкты мугалимге туш келген баланын жетишкендиги 90 пайызды көрсөтсө, ортозаар мугалим окуткан баланын жетишкендиги 37 пайыз болуп, айырма үч жылда 53 пайызды түзгөн. Демек, окуучунун жетишкендиги толугу менен мугалимдин ишмердигинен көз каранды.

Бакдөөлөт Махмудовнаны бирибиз өз кесибинин устаты, бирибиз кыйла жылдан бери ийиндеш келаткан кесиптеш катары жакшы билебиз. Ал өзүнүн мааракесине туштап, биринчи мугалими, апасы Ракыянын өз колу менен жазып кеткен эскерүүлөрү жарыкка чыгып, өзүнө юбилейлик баалуу белек болгонун кубануу менен кабарлады.

Ушундай кош кубанычыңыз кут болсун, Бакдөөлөт Махмудовна! Ар дайым чың ден соолукта, ааламга жарык чачкан күндөй болуп, мугалимдерди билимге сугарып жүрө бериңиз!

А.Шергазиев,
КР БИМ алдындагы РПККЖКДИнин окуу жана илимий-методикалык иштери боюнча директордун орун басары

 

Бөлүшүү

Комментарийлер