МУГАЛИМДЕРДИН КЕРЕКСИЗ КАГАЗ ИШТЕРИН КАНТКЕНДЕ АЗАЙТА АЛАБЫЗ?

  • 08.12.2020
  • 0

Мугалимдер керексиз отчетторду жана кагаздарды толтурууга басылып калганы тууралуу мезгил-мезгили менен кайрылуулар орун алып келет. 2019-жылы Кыргыз билим берүү академиясы 2 жолу Кыргызстанды түрө кыдырып «Билим кербени» иш-чарасын өткөрдү. Жер-жердеги жолугушууларда мугалимдин ишине тоскоол болгон иштердин сап башында керексиз отчеттор менен кагаз иштери турду.

Мындай абал бир гана Кыргызстанда эмес, бүтүндөй дүйнөдө болуп жатат. Россия Федерациясы бул маселени Федерация Советинин деңгээлинде көтөрүүдө. Тюмень мамлекеттик университети 2015-жылы өткөргөн изилдөөгө ылайык, «Педагогдор ишмердигинин кайсы багыттарында абдан көп кыйынчылыкка туш болушат?» деген суроого 42% педагогдор «Милдеттүү жана кошумча документтерди жүргүзүүнү, түрдүү отчетторду түзүүнү» белгилешкен. Ал эми «кагаз иштери» ала турган убакыттын үлүшү тууралуу суроого 50%дан ашык мугалим жумасына 1ден 4 саатка чейин, 40% мугалимдер 5тен 8 саатка чейин убакыт корото тургандыгын белгилешкен (Ефимова Г.З., Семенов М.Ю. Ключевые барьеры, препятствующие эффективной работе учителя: по материалам социологического исследования // «Теория и практика общественного развития», 2015, №20).

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, КР Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин тапшырмасы менен атайын жумушчу топ түзүлүп, мугалимдердин «кагаз иштерин» жеңилдетүү, тартипке келтирүү боюнча тапшырма берилди.

Бул багытта жумуш 3 вариатта даярдалды.

1-вариант. Мугалимдер аткарууга милдеттүү эмес иштердин тизмесин аныктоо жана аларды жоюу. Бул тизме аныкталып, такталып калган кезде, билим берүү уюмдарынын кызматкерлери милдеттүү аткара турган иш-аракеттердин минималдуу тизмесин түзүү сунушу түштү. Силер айрым отчетторду, иш кагаздарын жойгонуңар менен, жер-жерде улам бир жаңы тапшырманы ойлоп таба беришет деген аргумент келтирилди.

2-вариант. Жогорудагы сунуштун негизинде Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы менен биргеликте Билим берүү уюмдарынын кызматкерлери аткара турган отчеттордун, маалыматтардын минималдуу типтүү тизмеси түзүлдү. Бирок, бул форма бир топ татаал болуп калды.

3-вариант. Биринчи жана экинчи варианттарды бириктирген, ошол эле учурда жөнөкөйлөтүлгөн вариант. Анда айрым отчетторду, иш-чараларды кыскартуу, жоюу, айрым формаларды толтурууну автоматташтыруу жана жөнөкөйлөтүү, ошондой эле билим берүү уюмдарынын айрым кызматкерлеринин милдеттүү минималдуу иш-аракетин тактоо аркылуу алардын ишмердигин мүмкүн болушунча жеңилдетүү маселеси каралат.

Талкууга мына ушул 3-вариант чыгарылууда. Талкуудан кийин бул вариант Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругу менен бекитилмекчи.

КББАнын президенти, жумушчу топтун төрагасы А.Токтомаметов

 

Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын кызматкерлери

аткара турган отчеттордун жана маалыматтардын

ТИПТҮҮ ТИЗМЕСИ

Түшүнүк кат

Кагаз иштеринин көптүгү, кереги жок отчетторду, кошумча документтерди толтуруу, алар көп убакытты алып, балдар менен иштөөгө, өзүн өнүктүрүүгө мугалимде убакыт калбай калып жаткандыгы тууралуу республиканын педагогикалык жамааттарынын көптөгөн кайрылууларынына жана каттарына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде жумушчу топ түзүлдү.

Анын милдеттерине республиканын бардык аймактары менен байланышып, керектүү маалыматтарды топтоо, түшкөн кайрылууларды жана сунуштарды иликтеп-үйрөнүү, аракеттеги ченемдик актыларды, мугалимдер иштеп жаткан окуу-усулдук ж.б. документтерди талдоо жана алар боюнча сунуштарды берүү кирди.

Жумушчу топтун ишинин негизинде Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын кызматкерлери аткара турган отчеттордун жана маалыматтардын типтүү тизмесин өзүнө камтыган болжолдуу нускама иштелип чыкты. Анда буга чейин билим берүү уюмдарынын кызматкерлери жүргүзүп келген иштердин бир тобу кыскартылып жоюлду, бир тобу жөнөкөйлөтүлүп, типтүү формадагы электрондук форматка өткөрүлдү.

Бул нускама кеңири талкуудан кийин ишке киргизилет.

Нускамага ылайык, билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин ишмердиги айрым отчетторду, иш-чараларды кыскартуу, айрым формаларды толтурууну автоматташтыруу жана жөнөкөйлөтүү, ошондой эле билим берүү уюмдарынын айрым кызматкерлеринин милдеттүү иш-аракетин тактоо аркылуу мүмкүн болушунча жеңилдетилет.

Төмөнкүлөр жоюлат:

  1. көчүрүү экзамендери, 9, 11-класстан башкалары
  2. көчүрүү экзамендеринин негизинде мүнөздөмөлөрдү жазуу, 9, 11-класстан башкалары
  3. мугалимдин портфолиосу (каалоочулар портфолиону толтура алышат)
  4. өзүн-өзү өнүктүрүү папкасы (каалоочулар бул папканы толтура алышат)
  5. аткарылган иштер боюнча фотоотчеттор милдеттүү эмес
  6. КР Өкмөтүнүн №388 (19.06.2014) токтомуна ылайык, түздөн-түз кызматтык милдеттерине тиешелүү эмес болгон иш-чараларга мугалимдерди тартууга тыюу салынат, ошондуктан төмөнкүлөр мугалимдин милдеттерине кирбейт:
  • микроучасток боюнча иш жүргүзүү
  • аскер комиссариаты үчүн маалыматтарды, материалдарды даярдоо жана бланктарды толтуруу
  • пландалбаган иш-чараларды, мааракелерди өткөрүү жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин ишмердиги менен байланышпаган иш-чараларга катышуу

Шайлоолорду билим берүү уюмдарынын имараттарында өткөрбөө сунушталат.

Иш-аракеттин жөнөкөйлөтүлгөн формалары жана билим берүү кызматкерлеринин такталган ишмердиктери №1 таблицада берилди.

МУГАЛИМДЕРДИН КЕРЕКСИЗ КАГАЗ ИШТЕРИН КАНТКЕНДЕ АЗАЙТА АЛАБЫЗ?

МУГАЛИМДЕРДИН КЕРЕКСИЗ КАГАЗ ИШТЕРИН КАНТКЕНДЕ АЗАЙТА АЛАБЫЗ?

МУГАЛИМДЕРДИН КЕРЕКСИЗ КАГАЗ ИШТЕРИН КАНТКЕНДЕ АЗАЙТА АЛАБЫЗ?

МУГАЛИМДЕРДИН КЕРЕКСИЗ КАГАЗ ИШТЕРИН КАНТКЕНДЕ АЗАЙТА АЛАБЫЗ?

Бөлүшүү

Комментарийлер