МУГАЛИМДЕРДИ ШЫКТАНДЫРГАН АТТЕСТАЦИЯЛОО

  • 30.05.2024
  • 0

2024-жылы Кыргызстанда биринчи жолу жалпы билим берүү уюмдарда эмгектенген педагогикалык кызматкерлер үчүн ыктыярдуу жана санарип форматта аттестациялоону жүргүзүү башталды. Аттестациялоонун 1-этабына квалификациялык категорияларга ылайыктуу деп табылган 57 мугалимден 56сы катышып, бир гана мугалим жыйынтык көрсөткөн. Ал эми  II этабына 2024-жылдын 9-июнунда 76 мугалим катышат. Аттестациялоонун жол-жоболору тууралуу Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борборунун Педагогикалык кызматкерлерди тесттен өткөрүү бөлүмүнүн башчысы Самаркүл Умралиева маек куруп берди.

МУГАЛИМДЕРДИ ШЫКТАНДЫРГАН АТТЕСТАЦИЯЛООМУГАЛИМДЕРДИ ШЫКТАНДЫРГАН АТТЕСТАЦИЯЛОО

 — Самара Кыдырмаевна, быйылкы аттестациялоонун өзгөчөлүгү эмнеде?

— Бул аттестациянын өзгөчөлүгү болуп мугалимдердин өз ыктыярдуулугу жана көз карандысыз санарип форматта катышуусу болуп эсептелет, андан тышкары мугалим төмөнкү квалификациялык категориялар даражасын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот: экинчи квалификациялык категориядагы мугалим (айлыкка кошумча акысы 2 миң сом), биринчи квалификациялык категориядагы мугалим (айлыкка кошумча акысы 3 миң сом), жогорку квалификациялык категориядагы мугалим (айлыкка кошумча акысы 5 миң сом).

Аттестациялоонун негизги максаты жана милдеттери — мугалимдерди кесиптик жактан өсүүгө шыктандыруу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүнө дем берүү, педагогикалык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, насаатчылык жана методикалык колдоо системасын өнүктүрүү жана билим берүүнүн жыйынтыктарынын сапатын жогорулатуу үчүн мугалимдерди илимий-методикалык жактан коштоонун бирдиктүү системасын түзүү болуп саналат.

МУГАЛИМДЕРДИ ШЫКТАНДЫРГАН АТТЕСТАЦИЯЛООМУГАЛИМДЕРДИ ШЫКТАНДЫРГАН АТТЕСТАЦИЯЛОО

Учурда мугалимдердин ыктыярдуу аттестациялоодон өтүүсү үчүн жеңил шарттар түзүлгөн. Алсак, мугалимдер бир дагы билим берүү органдарынан же жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринен же дагы башка жооптуу адистерден көз карандысыз ыктыярдуу аттестациядан өтүшсө болот. Маалыматтык технологиялар өнүккөн заманда мугалимдер аттестациялоого керектүү документтерди үйдөн чыкпай туруп, санариптик портфолиого жүктөө мүмкүнчүлүгүн колдонуп келишет.

— Аттестациялоого берилген документтердин экспертизадан өтпөй калгандын себеби эмнеде?

— Билдирилген талаптарга (экинчи, биринчи же жогорку квалификациялык категорияга) ылайыктуулугун аныктоого аттестациялануучулардын катталган документтеринин санарип портфолиосу экспертизалоодон өтпөй калгандыгынын негизги себептерин көрсөткөн факторлор аныкталды. Алар: кесиптик билими жөнүндө дипломдору тиркелбегени; кесиптик билими жөнүндө диплому педагогикалык профилге дал келбегени; эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрү тиркелбеген, же толук эмес тиркелген; арыз жана жеке маалыматка иштеп чыгууга макулдук берилбеген же кол тамгалары коюлбаган жана тиркелбеген; эмгек китепчелери тиркелбеген, же жазуулары укук-ченемдик актыларга ылайык экендиги күмөн санаган документтер же толук эмес тиркелбеген; өзүнүн адистиги боюнча пландуу мамлекеттик курстарынан квалификацияны жогорулатуудан өтпөгөн; саат өлчөмү көрсөтүлбөгөн ар кандай провайдерлер аркылуу квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн; мөөнөтү өткөн сертификаттарды тиркеген; предметинин профилине дал келбегендер; кесиптик басылмаларда же жарыяланган макалалардын автору же авторлошу боюнча материалдар тиркелбеген же дал келбеген; машыктыруучулук жана методикалык иш боюнча буйруктар же сертификаттары тиркелбеген; санариптик сабакты баалоо критерийлерине корутундусу тиркелбеген; тиешелүү предмет боюнча олимпиадалардын, конкурстардын, мелдештердин жеңүүчүлөрүнүн (1-3-орун) насаатчысы, тренери катары сертификаттары жок же мөөнөтү өтүп кеткен жана тил предметтеринин мугалимдери үчүн тилди билүү деңгээли боюнча сертификаттары тиркелбеген учурлар.

— Тестирлөөнүн жыйынтыгы эмнени көрсөттү?

 — Тест Бишкек жана Ош шаарларында өтүп, ага аттестациялоонун биринчи этабындагы эксперттик комиссиянын жыйынтыгы менен документтери квалификациялык категорияларга ылайыктуу деп табылган 57 мугалимден 56сы катышты. Анын ичинен шаарлар боюнча: Бишкек – 1, Ош шаары – 8, облустар боюнча: Баткен – 2, Жалал-Абад – 15, Ысык-Көл – 3, Талас – 4, Ош — 21, жана Чүй – 2.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Баткен облусунун Кара-Токой мектеп гимназиясынын орус тили сабагынын мугалими Маманазарова Нургуль Сабыржановна биринчилерден болуп “экинчи квалификациялык категориядагы мугалим” даражасына жыйынтык көрсөткүчтөрү жетишти.

— Экинчи кварталында аттестациялоого канча мугалим катышат?

— Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан электрондук порталда катталган мугалимдердин (аттестация боюнча) квалификациялык категорияны ыйгаруу үчүн санариптик портфолиосуна 2024-жылдын 30-апрелинен 25-майына чейин эксперттик комиссия тарабынан экспертизанын 1-этабы жүргүзүлдү. Аттестациялоонун II этабына, тестирлөөгө, 2024-жылдын 9-июнунда 76 мугалим катышат, алардын ичинен басымдуу бөлүгү болуп башталгыч класстын мугалимдери болду.

— Аттестациялоонун суроолорун кимдер түзөт?

 —Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан бардык тесттик суроолор иштелип чыгып, атайын сыноодон жана экспертизалоодон өткөрүлөт.

Тесттик суроолордун курамында IT технологияларына мүнөздүү татаал суроолор эмес, компьютерди колдоно билүүдөгү эң жөнөкөй көндүмдөр тууралуу суроолор бар. Жогорку окуу жайын аяктаган ар бир жаран эң жөнөкөй бул көндүмдөрдү билүүсүндө шек жок. Алсак, күнүмдүк иш алып барууда дагы Word, Exсel сыяктуу программаларда кантип иштөө, аларды ачуу, сактоо функциялары жана электрондук кат жазуу, жөнөтүү ыкмалары менен колдонуп жүрөбүз.

Ал эми укуктук нормалар тууралуу суроолордун бардыгы Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына гана тиешелүү балдардын укуктары (“Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамы, мамлекеттик билим берүү жана предметтик стандарттар, окуу программалары), мугалимдин кесиптик жана IT компетенциялары, укуктары, ошондой эле предметтер боюнча кыргыз тили жана адабияты, кыргыз географиясы, кыргыз тарыхы ж.б.у.с. суроолор каралган жана тесттик суроолордун баары дыкаттык менен экспертизадан өткөрүлүп, тесттик базага киргизилет.

— Аттестацияга катышуунун жол-жобосу кандай эле?

 — Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин ыктыярдуу аттестациялоосу: Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы» 2018-жылдын 31-октябрындагы Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациялоону өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» 2023-жылдын 4-августундагы токтомунун, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген эрежелердин негизинде жүргүзүлөт.

Баса, мугалимдерди аттестациялоого даярдоо максатында окутуулар жүргүзүлдү. Алсак, 2024-жылдын 13-мартынан 28-мартына чейин Ош шаары, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл  жана Нарын облустарында мугалимдерди ыктыярдуу аттестациялоонун жол-жоболору менен тааныштыруу  максатында кошумча методикалык окутуулар өткөрүлдү.

Республика боюнча бул окутууларга жалпысынан 300 ашык райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жооптуу адистер, мектептин директорлору жана мугалимдери оффлайн форматында, ал эми ар бир региондо бул окутууларга онлайн түрүндө да педагогикалык кызматкерлер катышты.

Педагогикалык кызматкерлерге 2024-жылдын I-кварталында өткөрүлгөн  ыктыярдуу аттестацияда берилген 312 санариптик портфолиосунан 255и, тактап айтканда 83% өтпөй калган себептерине талдоо жүргүзүлүп, анын механизмдери боюнча түшүндүрү иштери жүргүзүлдү.

 Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер