МУГАЛИМДЕР КУРУЛТАЙЫН ӨТКӨРҮҮНҮН МААНИЛҮҮ НЕГИЗДЕРИ

  • 04.03.2022
  • 0

Мугалимдердин курултайын өткөрүүнүн мөөнөтү да өтүп баратат, анда каралчу маанилүү маселелер да топтолуп калгандай. Ар бир беш жылда өтүп турчу курултайдын акыркысы 2016-жылы өткөн. Азыркы учурда билим берүү системасы дүйнөдөгү тез өзгөргөн кырдаалдан улам өзүнчө бир бурулуш учурга келди. Мектеп стандарттары менен программаларын жаңы талапка ылайык иштеп чыгуу, билим берүүнү санариптештирүү жана инновациялык жолго салуу, окуу китептерин сапаттуу даярдоо, кошумча билим берүү тармагына, тарбия процессине өзгөчө көңүл буруу сыяктуу маселелер күн тартибинде турат.

Билим берүүнүн курчуган маселелерин талкуулап, стратегиялык чечимдерди кабыл алуу үчүн мугалимдердин курултайын өткөрүү азыркы убакта максатка ылайык иш болуп турат. Билим берүү системасында кардиналдуу реформалардын зарылчылыгы бышып жетилди. Анткени азыркы муун алмашып, нарк-дөөлөттөр өзгөрүп жаткан шартта мугалимдин коомдогу ордун бекемдеп, милдеттерин кайра карап чыгуу керек болуп жаткандай.

Өзү окутуп, билим, тарбия берип жаткан окуучусу каяша бергенди кой, сөгүп, мугалимдин айласын он кетирип, соцтармактарга жарыялап, ата-энелер чогула калып кызматтан кетиришкен учурлар көнүмүшкө айланып бара жатат. Кечээки эле Лебединовка мектебиндеги окуяны алалы. Мугалимдин көп жылдык эмгеги бир заматта эле сапырылып жокко чыкты. Окуучунун укугу корголуп, мугалимдики тебеленип-тепселенип кала берди. Анда мугалимдин укугун ким коргойт?

Түмөн түйшүктүү, ары татаал, ары жоопкерчиликтүү кесипти аркалаган мугалимдин иши өтө эле көп. Анысы аз келгенсип текшерүүчүлөр байма-бай келип, мугалимди жүдөтүп бүтүрүштү. Жөн эле текшерип кетип калбай, мугалимдин аброюна шек келтирген, басмырлаган учурлар дагы жок эмес. Мугалим өзүнүн стратегиялык эмгеги үчүн мамлекеттен материалдык да, моралдык да талаптагыдай колдоого албай жатат. Жарыбаган эмгек акыга макул болуп өмүрүн, жаштыгын, ден соолугун билим берүүгө арнаган, чачы бубак баскан агай-эжейлердин “Эл мугалими” деген наамы алынып салынганы кимге жага турган иш. Тээ Советтер Союзу учурунда айылдык эки мугалим Социалисттик Эмгектин Баатыры болушкан. Эмне бүгүнкү заманда билим берүүнүн баатырлары жокпу? Эмне үчүн эгемендиктин отуз жылында чыгаан маданият ишмерлери менен дарыгерлерге берилген бул жогорку наам бир да мугалимге ыраа көрүлбөй келет? Биз анда мугалим – кесиптердин эң улуусу деп эмнеге ооз көптүрөбүз?

Мугалимге социалдык камкордук көрүүнүн чаралары каралган “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамы толук кандуу иштебей жатканы өзүнчө бир көйгөйлүү маселе.

Ааламдашуу процессиндеги мугалимдин орду

Санариптештирүү доорунда саат сайын эмес, секунд сайын баары өзгөрүп жатат. Бүгүн эптеп бир программаны үйрөнсөң, эртең андан да ылдамдыкта иштеген креативдүү программалар чыгып келүүдө. Мугалим журтчулугу ааламдашуу мезгилде жаңыча жашоонун агымын кууп жете албай жатканы анык. Айылдык эмес, айрым шаардык мектептер толугу менен компьютерлеше элек. Жаңы муундагы технологияны өздөштүрө албаган мугалим заманбап окуучуга кантип билим берет? Азыркы жаштар мугалимге караганда заманбап технологияны өздөштүрүү боюнча камчы салдырышпайт.

Чындап келгенде өтө ылдамдыкта бараткан ааламдашуу процессинде окуучуну мугалим кубалап жете албай калды. Ошондуктан заманбап мугалимди кантип даярдоо маселеси орчундуу болуп турат.

Кезегинде Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти болуп иштеп турганда Алмазбек Токтомаметовдун айтканы бар эле: “Алдыга суурулуп чыккан билим берүү системаларындагы жалпы бир окшоштук — алардын баарында мугалимдин ишинин сапатына негизги көңүлдү бурушкан. Ийгиликке жетүүдөгү мугалимдин маанилүү ролуна төмөнкүнү мисалга тартууга болот. АКШнын Теннесси штатында өткөрүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча, өздөштүрүүсү орточо (50 пайыздык пункт) болгон эки окуучунун үч жылдан кийинки жетишкендиктеринин ортосундагы айырма алардын кандай мугалимге туш келгенине жараша 53 пайыздык пунктту (ПП) түзгөн. Адистиги жогорку мугалимге туш келген баланын жетишкендиги 90 ППны көрсөтсө, адистиги начар мугалимге туш келген баланын жетишкендиги 37 ПП болуп, айырма үч жылда 53 ППны түзгөн (Sanders & Rivers Cumulative and Residual Effects on Future Student Academic Achievement, McKinsey. Жогоруда көрсөтүлгөн китептен алынды). Демек, окуучунун жетишкендиги дээрлик мугалимдин ишмердигинен көз каранды болуп жатпайбы. Мугалимдин ишинин сапатына келсек, мында мугалимдикке татыктууларды тандап алуудан баштап, аларды окуу жайларда даярдоо, баштапкы айлык акыларын жакшы коюу менен мектептерге орноштуруу, кесиптик чеберчилигин үзгүлтүксүз өркүндөтүү, ар тараптуу колдоо, мугалимдик кесиптин аброюн (статусун) көтөрүү, биргелешип иштөө менен мыкты ийгиликтерге жетишүүгө чейин каралат.

Ийгиликке жетишкен алдыңкы билим берүү системаларында мугалимдерди жогорку жетишкендиктерге ээ болгон мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн тандап алышат. Мисалы, аларды Түштүк Кореяда 5%, Финляндияда 10%, Сингапур менен Гонконгго 30% мыкты бүтүрүүчүлөрдөн тандашат (М.Барбер, М.Муршед. Жогоруда көрсөтүлгөн китепте). Финляндияда жалпы улуттук деңгээлде мугалим болууну каалагандарды тандап алуунун милдеттүү биринчи баскычы киргизилген, анда талапкерлер сабаттуулук, эсеп, көйгөйлөрдү чече алуу боюнча бир катар экзамендерди тапшырышат. Ал эми мугалимдерди даярдаган университеттер биринчи баскычтан өткөндөрдүн гана арасында алардын коммуникациялык көндүмдөрү, окууга даярдыгы, академиялык жөндөмдөрү, мугалимдик ишке кызыгуусу боюнча тесттерди алгандан кийин аларды кабыл ала алат. Окууну аяктагандан кийинки үчүнчү тестти жаш мугалимдер иштей турган мектебинде тапшырат”. Эмнеге Кыргызстандын билим берүү системасы дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбалардан сабак албайт?

Бизде теңирден тескери болуп жатпайбы. ЖРТдан эң төмөн алган бүтүрүүчүлөр педагогикалык окуу жайларга тапшырышат. Мугалимдерди даярдоодо жогорку окуу жайлар бош орундарды эптеп толтуруу аракетин көрүп келаткандары эч кимге деле жашыруун эмес. Окууга өтпөй калгандардын баары эптеп дипломдуу бололу деп мугалимдер армиясынын сапатсыз санын өстүрүп келатат. Бул процесс тегирменди элестетет: начар окуган бүтүрүүчү жогорку окуу жайга келип, илең-салаң окуп, кайра мектепке мугалим болуп орношот.

Начар мугалимден кантип арылабыз?

Медалдын эки жагы бар дегендей, мыкты мугалимдер менен катар өз кесибине адашып келгендер да жок эмес. Алар тууралуу айтпасак да болбойт, “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере”.

Билим берүү системасы өнүккөн өлкөлөрдө начар мугалимдерден арылуу механизмдери иштейт экен. Бизде эмнеге жок? Мугалим жетишпейт деп эптеп эле дипломдуу болгондорду жумушка алып отура беребизби? Маселен, айрым өлкөлөрдө жаш адистер төрт жыл иштемейинче, мектептин штатына алынбайт экен. Ошол эле кезде мугалимдердин кесиптик жактан өнүгүүсүн колдогон фонддор да жок эмес. Мисалдар толтура.

“Практиканттар гана эмес, көпчүлүк эле мугалимдер мыкты насаатчыга муктаж болушат. Бирок тажрыйбалуу мугалимдердин баары эле мыкты насаатчы боло албайт. Бир топ мамлекеттерде эксперт мугалимдер, атайын окутулган мугалимдер насаатчылыкка тартылат. Айрым учурларда муниципалитет же Билим берүү министрлиги тарабынан насаатчы мугалимдер толук ставкада насаатчылыкка алынат, башка учурларда насаатчылык менен алектенүү үчүн тажрыйбалуу мугалимдердин окуу жүктөмү азайтылат. Англияда жакшы натыйжаларга жетишкен тажрыйбалуу мугалимдерге толук эмес окуу жүктөмүн берип, аларды жаш мугалимдер жана кесиптештери менен иштегенге насаатчылыкка тартышат. Чикагодо жана Бостондо жаш мугалимдерди насаатчыларга бекитип беришет.

Насаатчылык аркылуу кыска убакыттын ичинде жакшы натыйжаларга жетишүүгө болоруна Англиянын тажрыйбасы мисал боло алат. Англияда «Тилдик жана математикалык сабаттуулуктун стратегиясы» программасынын алкагында ар бир башталгыч мектепте адабий жана математикалык сабаттуулук боюнча насаатчыларды даярдап, иш жүргүзүшкөн. Натыйжада үч жылдын ичинде олуттуу натыйжаларга жете алышкан. Айрым жакынкы чыгыштагы мамлекеттер насаатчыларды чет мамлекеттерден да чакырышкан”, — дейт А.Токтомаметов.

Ушул маселеге негедир биздин системада көп көңүл бөлүнбөгөнү бышык. Мүмкүн курултайда ушул маселе талкууга алынса, сапатты жогорулатуунун бир ыкмасы же куралы болуп калаар.

Эң башкы маселе мугалимдердин адистигин өркүндөтүү формасын түп-тамырынан өзгөртүү жана алдыңкы технологияларды, ыкмаларды киргизүү каралышы керек экенин мугалимдер айтышууда.

Өлкөдө билим берүүнү реформалоо жаатында иштер жасалып жатат, жок деп айтууга болбойт. Болгону Өкмөт реформатор министрди 5-6 жыл алмаштырбай иштетиши керек. Айтайын дегеним, азыркы кайра министрликке келген Алмаз Бейшеналиев 2020-жылы министр болуп келгенде билим системасында болуп көрбөгөндөй реформа жүрө баштаган. Мугалимдердин жүгүн азайтуу, камкордукка алуу, статусун көтөрүү, укугун коргоо, нормативдик-укуктук документтерди кайра карап чыгуу, билим берүүнүн мазмунун өзгөртүү ж.б. бир топ маселелер көтөрүлүп, ишке ашыра баштаганда башка кызматка которуп жиберишкен. Ал убакта бир жыл баягы башталган иштер токтоп калды, убакытты уттурдук. Эми кайра бекиди. Министрдин боосу бекем болуп, мугалимдердин буга чейин жык толуп калган маселелери курултайда каралып, талкууланып, алардын сунуштары эске алынып, анан мугалим журтчулугуна кандай реформа жүрүп жатканы тууралуу кеңири маалымат берүү жагы да каралат деген үмүтүбүз чоң.

Заманбап мугалим кандай болушу керек?

Мугалим келечекти калыпка салган кеменгер деп байма-бай айтып келебиз. Ар бир баланын келечеги, жашоого болгон көз карашы, турмушка болгон даярдыгы, албетте, мугалимдин билиминен, эмгегинен көз каранды. Гумандуу кесиптин ээсин мамлекеттин, андагы социалдык жана маданий абалдын өнүгүүсүнө түрткү болчу күч катары караса болот. Дегеле мугалимдин дүйнө таанымы, интеллектуалдык потенциалы, оптимисттик көз карашы — мамлекеттин келечегин аныктайт. Ошондуктан кайсы заманда жашабасын ошол доорго жараша мугалимдин образы түзүлүшү шарт. Ал кийген кийими, сүйлөгөн сөзү, инсандык сапаты, кесибине болгон мамилеси, жаңы муундагы технологияны илгиртпей үйрөнгөндүгү, адилеттүүлүгү, окуучуну уга билүүсү, сабырдуу жана толеранттуу болуусу кажет. Өзгөчө сабырсыз, өзүн кармана албаган мугалим окутууда өзү каалагандай натыйжа ала албай калат. Ал окуучулардын жек көрүүсүнө айланат. Мугалим мамиле куруунун устаты экенин ар дайым унутпашы керек.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер