МУГАЛИМДЕ ИЧТЕН КАЙРА КУРУЛУУ, ОКУУЧУДА ӨЗГӨРҮҮ, ӨНҮГҮҮ БОЛУП  ӨТСӨ, БУЛ – МЕКТЕПТИН БАКТЫСЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕКТИН АЧКЫЧЫ

  • 06.04.2022
  • 0

1.Билимдин «дандарын», «өз тиши» менен чайнап, «аш кылуу»

Педагог ар бир жеткинчектен, ар бир кулунчактан Толубай сынчы сыяктанып, күлүктүн потенциалын туя билип, ар баланы ачыла элек  талант, кенч катары санап, эл макалы менен айтканда, бүгүн жерде жаткан жумуртка, эртең асмандан учкан куш болоруна, азыркы туяк эртеңки тулпар экенине терең ишенип, өзүнүн педагогикалык миссиясын “жаш чырпыктардагы” ошо табият тартуулаган талантты ачуудан, таптоодон, күлүккө саяпкер болуудан көрсө.

Жаңыча, окутууга көчүүгө негиз болчу бир шарт бар. Бул – мугалимдин окутуу процессинде бала өз мүмкүнчүлүгүн өзү ачат, өзүнүн тулкусунда катылып жаткан «күлүктүн» потенциалын өз күч-аракети менен кыймылга келтирет, мен бул процессте ага көмөкчүмүн, себепчимин, кеңешчимин; шыктандыруучумун деген педагогикалык философиясы. Тагыраак айтканда, педагогдун окуучу окутуунун мурдагыдай пассивдүү обьектиси эмес, тескерисинче, активдүү субьектиси, окутуу мугалим менен баланын өз ара чырмалышкан чыгармачылык кызматташтыгынан турганда гана, жана айтылгандай, «куштун» эки канаты тең шилтенгенде гана класста чыныгы педагогикалык процесс жаралып, түшүм берет деген дидактикалык концепцияны бекем тутунушу шарт. Мындай дидактикалык концепцияны туу кылган мугалим инсанга багытталган (личностно-ориентированное) окутуу технологиясын ишке чегүүнүн зарылдыгына биринчилерден болуп ынанып чыга келет.    Мугалимдин инсанга багытталган окутуу усулунун баалуулугу — окуучунун индивидуалдуулугун эсепке алууга, анын жөндөм-мүмкүнчүлүгүн ойготууга жана инсанын өнүктүрүүгө багытталгандыгында. Демек, мындан ары педагог окутууга өксүтүүчү эмес, өнүктүрүүчү функцияны жүктөйт. Мунун өзү мугалимдин аң сезиминде болуп өткөн дидактикалык изденүүнүн, идеялык-руханий бурулуштун натыйжасы.

Эми окутууга мамиле кескин өзгөрөт. Өйдөтө окуучу өз мүмкүнчүлүгүн өзү ачат дебедикпи. Эми сабактын уюштурулуш формасы, анын бүткүл методикалык арсеналы ушуга – окуучунун субъективдүү активдүүлүгүн арттырууга багытталат. Баягы жаагын жанган жалгыз монолог эми диалогго өтөт. Мугалим окуучуну «мойнунан байлап», окуу материалын карай зордоп жетелебейт, педагог үчүн азыр баланын окуу акциясына өзүнүн «каалайм» деген ички ыкласы аркылуу катышуусу маанилүү. Бул жерде адам тышкы таасирлердин жардамы менен гана эмес, өзүнүн ички керектөөлөрү, муктаждыктары, каалоолору, жеке субъективдүү тажрыйбасы аркылуу да өнүгөт деген позиция абдан керек. Тышкы диктат, аргасыздандыруу окуучуда психологиялык каршылыкты жаратат. Ички муктаждыкка, ыкласка, ички «моторго» таянуу жүз эсе эффективдүү. Класста чындыкты мугалимдин даяр кылып, ачып бериши маанилүү эмес, мугалимдин кылдат жетектөөчүлүгүнүн жана шыктандыруучулугунун шарапаты астында окуучунун өз акылы, өз күч-аракети менен татаал формуланын жообун издегени, кыйналып-кысталып табышмактын жообун тапканы, чеке тердетип маселенин түйүнүн чечкени кымбат. Сабакта баланын баш катырып, акыл талытканы, мээ чарчаткан мээнети, интеллектуалдык гимнастикасы, көбүрүп-жабырган эмоционалдык толгонуулары, руханий түйшүгү, жан дүйнө азабы, өз колу менен бир нерселерди жасашы, тажрыйба, эксперимент жүргүзүшү, сынчыл ойлоосу, талдоосу маанилүү. Ошон үчүн белгилүү новатор мугалим Е.К. Ильин: «жаттап келип алган семиз «5»ке караганда, өз күчү менен мээсин кыймылдатуу аркылуу алган арык «3» мен үчүн эки эли артык» — деп айтып жатат да. Мугалимдин, окуу китептеринин сунгандарын окуучу өз ой «тегирменине» салып, акыл «жарчылыгына» тартып, жүрөгүнөн өткөрүп түшүнүп-туюнганы аба менен суудай зарыл. Личность ушундай жол менен түзүлөт. Тыш жактан окуучуга сунулган нерсе анын личносту катышмайын, ички ой-сезимдери катышмайын бойго сиңбейт. Дагы айталы, окуучунун эсине (память), механикалык жаттоосуна гана таянып иш кылуу — бул түшүмсүз жол. Ой жүгүртүү катышпай эске сакталган “билим” — окуучунун башындагы өлүү жүк. Жаттатып, кайталатып “кулагына кумдай куйдум”, мээсине «кыт куйгандай» орноттум деген билимиң окуу­чунун өз эрки жана ички кумар-сезимдери катышпастан «өздөштүрүлгөн», өзүнө органикалык түрдө мүнөздүү эмес тышкы касиет болуп калып жатпайбы.

Жаңыча ойлонгон мугалим окуучунун индивидалдуу «жаргылчагынан» жанчылып, ички жүрөк-жүлүнүн аралап өтүп, ишенимге айланган билим гана, баланын жеке МЕНинин «мөөр-тамгасы» басылган билим гана эстен чыккыс боло алат, ушундай учурда гана дидактикадагы окутуунун аң сезимдүүлүгү, билимдин бекемдиги принциптери реалдуулукка айланат, ушундай болгондо гана окуучу өз билимин жаңы турмуштук кырдаалдарга карата колдонууга жөндөмдүү болот, ушинтип билимдин «дандарын», «өз тиши» менен чайнап «аш кылуу» аркылуу гана ал компетенттүүлүккө жетише алат деген ынанымда сабагын алып барат, тарбиясын жүргүзөт.

  1. Мугалим менен окуучунун диалогу гана эмес, окуучунун өзү менен өзү сүйлөшүүсү да маанилүү

Мугалим үчүн окуучу менен диалогго өтүү гана маанилүү эмес, окуучунун өз ичинен өзү менен өзү сүйлөшүүсү да маанилүү. Ошого стимул берүү улуу чебердик. Окуучуда өзү менен өзү сүйлөшүү өнөрү, ички диалог жаралмайын анын личность катары түзүлүшү кыйын. Бир сөз менен айтканда, жаш адамдын ич жактан тутанып «от алышына», дүйнө кубулуштарын таанып-билүүгө ич жактан куштарланышына, өзүн өзү изилдөөгө, өзүн өзү таанууга, өзүн өзү тарбиялоого, өзүн өзү ачууга, өнүктүрүүгө, өзүн өзү реализациялоого, турмушка өз алдынча чыгармачылык менен мамиле жасоого, талдагыч, сынчыл ой жүгүртүүгө козгоп-козуткан, шыктандырган, сүрөө болгон окутуу — бул чыныгы педагогикалык асылнарк, сөздүн нагыз маанисиндеги инсанчыл билим берүү, бийик гуманисттик акция. Мына ушундай балага канат бүтүргөн гуманистик, инсанчыл, адамгөй личность түзүүчү педагогика – реалдуу, иштиктүү, күжүрмөн аракетте турганда коомдо өз алдынча ой жүгүртүүсү жок, жекеге жүзү, индивидуалдуу позициясы жок догматиктердин пайда болушу кыйын, тескерисинче, эркин ойлонгон, Толубай сынчынын «күлүктөрү» жаралып, өсүп чыгат. Адамды куштай, күлүктөй таптаган педагогикалык «мүнүшкөрлүк», «саяпкерлик» бүгүн өтө зарыл болуп турат. Анан калса, педагогикага карата азыркы коомдун социалдык заказы да өзгөрбөдүбү. Бүгүнкү коомго тыштан башкарылган баягыдай «тетик» (винтик) эмес, турмуш фактыларынын, дүйнө кубулуштарынын «ичеги-кардын» сыдырып, «тогуз катын» аңтарып, өз ишенимдерин өзүнүн жекече акыл жүгүртүүлөрүнүн жана ой толгоолорунун процесси менен түзүп чыккан, өзүнүн индивидуалдуу МЕНи, менчик позициясы бар, өзүн өзү башкарган, өзүн өзү ичтен жөнгө салган, тышкы авторитардык үстөмдүктү, ойду жана рухту тушаган ар кандай схемаларды моюнга албаган, өзүн өзү кожоюн, эркин ойлонгон суверендүү, ошону менен бирге ыймандуу, абийирдүү, уяттуу, жоопкерчиликтүү, ар намыстуу, этномаданий менталитети жогору инсан зарыл. Биздин педагогиканын ушундай инсанды  жаратуунун «киндик энеси» болуп беришине эгемендүү өлкөбүз кардар болуп турат.

Бирөөлөрдүн оюн оңой кабылдаш,

Бирок аның өз дөөлөтүң боло албас.

Өз пикириң өзөгүңө тамырлаш,

Өзүңкүндөй кымбат нерсе табылбас.

Ич жагыңдан мотор сындуу айланып,

Өтө керек өз ой менен жалындаш,

Бөтөн ойду балдак кылып таянбай,

Өз күчүнө ишенгендер жаңылбас.

3.Этнопедагогиканын насыйкаты

Чындыкты ой жүгүртүп, өз акылы менен издөө маселеси жагынан кыргыздын элдик педагогикасынын казынасынан да эң сонун нускоолорду өрнөк катары алууга болот… Бирөөдөн жасалма түрдө үйрөнгөн акыл тетирисинче кишиге тушоо болорун элдик педагогика бизге макалдатып айтып турат. «Киши акылы кишен менен тушоо, өз акылың өзүң менен тамыр» – дейт эл акылмандыгы. Демек, элдик педагогика өзүңдүн өзөгүңө сиңип, тамырлаган нерсе гана сенин чындыгың, ишенимиң боло алат. Кыргыз ичиндеги акындардын, кыз-жигиттин айтыштары, чечендердин алым-сабак жарыштарын эстейли. Мисалы, Тоголок Молдонун чыгармасындагы айтылуу Талым кыз менен Көбөктүн айтышынан бир үзүндүгө көңүл буралы.

Талым кыз: — Жер сиңип кеткен жети атаң,

Ал эмне Көбөк чоң?

Жерди жемире баскан чал буура,

Ал эмне Көбөк чоң?

Желини сүттүү куу инген,

Ал эмне Көбөк чоң?

Жез буйлалуу нар тайлак.

Ал эмне Көбөк чоң?

Оргочордон от күйөт,

Ал эмне Көбөк чоң?

Ысык-Көлдөн ит үрөт,

Ал эмне Көбөк чоң?

Жаң бүткөндүн баарынан,

Каргыш алган ким болот?

Түйүлгөндүн түйүнүн,

Чечип турган ким болот?

Сөөгүңдү ысытып,

Эзип турган ким болот?

 

Көбөк: — Жер сиңип кеткен жети атаң –

Жети атабыз эмеспи!

Жерди жемире баскан чал буура —

Түп атабыз эмеспи!

Желини сүттүү куу инген –

өз энебиз эмеспи!

Жез буйлалуу нар тайлак –

Карындашым эмеспи!

Оргочордон от күйсө —

Эки көзүң жайнаган,

Ысык-Көлдөн ит үрсө,

Бака болот чардаган.

Жан бүткөндүн баарынан,

Каргыш алган карышкыр.

Түйүлгөдүн түйүнүн,

Чечип турган чечендер.

Сөөгүңдү ысытып,

Эзип турган бала дейт.

Караңыз, бу сөз таймашындагы Талым кыздын чукулунан берген суроолору Көбөктү ошо замат баш катырып, чагылгандай тездик менен ойлонууга, жооп издөөдө чукугандай тапкыч, билгич болууга, бүткүл ички рухий күч-кубатын мобилизациялоого аргасыз кылып жатат. Айтыш – бул инсандын ой жүгүртүүсүн жогорку даражада активдештире турган, ой-пикирди чегине жеткизе чыңалтып, курчута турган диалог, акыл-эс эрөөлү, интеллектуалдык турнир. Тоголок Молдо өзүнүн таалим-тарбияга арналган чыгармаларында элдик педагогиканын ушундай ыкмасын пайдаланган.

Кыскасы, инсанда өз алдынча ойлонуу, чындыкты чырылдап издөөнү тарбиялоодо элдик акылмандык колдонгон мындай таасирдүү форманын өрнөгүн окуучунун аң сезимин машыктырууда эмне үчүн биз бүгүн таалим алууга тийиш эмеспиз? Эмне үчүн Талым кыз Көбөктү тердетип ойлондургандай, окуучуну ойлонто, толгонто албайт экенбиз? Окуучу проблемага, карама-каршылыкка, ойлордун түйшү­гүнө кабылгандай кылып, окуу процессин методикалык ыкчылык, усулдук айлакерлик менен кызыктуу түзүү кажет. Окуучунун билимге, чындыкка карата жекече жолун (собственный путь) жаратуу эң башкы милдет болуп отурат.

  1. Окуучу – “эстеп калуучу аппарат” эмес же педагогикадагы догмалардан окуучунун инсанын ёнщктщрщщнщн диалектикасына карай

Биздин педагогикабыздын бир  орчундуу аксаган жери, айрым мугалимдердин окутуу практикасында баланын окуу ишмердиги, активдүү окуусу (учениеси), жекече ой жүгүртүүсү таназар алынбай, экинчи планда калып келет. Биздин класстарыбызда көпчүлүк учурда жогорудагы мисалдагыдай, мугалимдин монологу үстөмдүк кылып келди. Маселен, образдуу айтканда, мугалимдин милдети балдарга комуз үйрөтүү. А бирок ушундай чертиш керек деп, мугалим 45 мүнөт бою комузду өзү черте берет. А чындыгында, маселе окуучуларга комуз черттирүүдө турат го. Сабакта окуучу комуз чертпесе, ал комузду кантип үйрөнөт?

Туура, монолог да керек, аны такыр чанып таштоого болбойт. Жакшы, таасирдүү монологдор болот. Бирок бул жерде жаман нерсе момунда болуп атат. Жаман нерсе,  өзүнүн үстөмдүгүн орнотуп, өзгөнү сүйлөтпөй өзү гана жаагын жанып сүйлөй бергенге көнгөн мугалимдин  менин аныктамаларымды, теоремаларымды, түшүнүктөрүмдү, окуу программасы тартуулаган мазмунду, окуу китебинде жазылып турган белен маалыматтарды, коом небак ачып, тактап койгон чындыктарды окуучу бала  элпектик жана тил алчаактык менен шектенбей кабыл алып,  кайра аны төкпөй-чачпай ошол калыбында кайталап берүүгө милдеттүү деп эсептегендигинде.  Жаман нерсе, мугалимдин өзүн, Салижан Жигитов айткандай, “абсолюттук чындыкты  куржунуна салып алгандай” сезип, окуучу деген педагогдун ошол “абсолюттук чындыктарын” эки анжы болбой кулагына илип алып, жадыбалдай жатташы керек деп түшүнгөндүгүндө. Ушундай түшүнүктүн,  позициянын негизинде жүргүзүлгөн окуу процессин кескин сынга алып, окумуштуу Г.Н.Волков минтип жазат:  “Окуу процесси  өзүнүн бүткүл турушу менен маалыматтардын мугалимден окуучуга механикалык түрдө өтүшүн элестетет. Бул процессте мугалим даяр маалыматтарды алып жүрүүчүнүн жана өткөрүп берүүчүнүн функциясын аткарса, ал эми окуучу болсо, эстеп калуучу аппарат сыяктуу”(Г.Н.Волков Социология науки – М., 2007, 278-б.).  Чынында эле, мындай окутууда окуучу окуу материалын образдуу айтсак, магнитафондун лентасы сыяктуу өзүнүн эсине ой жүгүртүүсүз сактап калып жатат. Мугалим талап кылганда ошол информацияны механикалык түрдө кайра кайталап “сайрап” берүүдө. Бул жерде бала робот сыяктуу болуп жатпайбы. Маселен, Бишкек шаарынын бир мектебинин 5-классынын окуучусу акын Токтогулдун бир ырын мугалимдин тапшырмасы менен жаттап келип, “5”деген баа алган. А бирок Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуу-методисти ал окуучу менен аңгемелешип сурамжылай келгенде, шаардын микрорайонунда туулуп өскөн бул “отличник” бала Токтогулдун ошол ырындагы ондон ашык кыр  гыз сөзүнө такыр эле түшүнбөгөндүгүн айгинелеген. Сөздөргө түшүнбөгөндөн кийин, демек, бала ырдын маңызына да түшүнгөн эмес. Бирок “5” алган. Эмне үчүн? Себеби мугалим окуучунун личность  катары эмес, “магнитафондун лентасы” өңдүү сүйлөгөнүн  баалаганга көнүп калган. Окутуунун мындай стили баланын  интеллектисин, өз алдынча ойломун кичинекейинен майып кылып коюуга жөндөмдүүлүгү менен кооптуу. Маркум философ Э.Ф. Ильэнков минтип абдан  туура жазып кеткен: “Адамдын денесинин башка органдарын майып кылганга караганда, ой жүгүртүү органын майып кылуу алда канча оңой. Аны даарылап айыктыруу кыйын, өтүшүп кетсе, кийин мүмкүн эмес. Интеллекти жана мээни кийпин кетирип бузуунун бир сыналган “туура” жолдорунун бири – бул билимди формалдуу жаттоо. Ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү шал болуп калган адамдар дал ушундай жол менен турмушта пайда болот. Бул өңдүү адамдар алган билимдерин турмуш реалдуулугу менен айкалыштыра алышпайт. Кайра, кайра кайталоолор менен бекемделе берген механикалык жаттоочулук (муну окуунун энеси эмес, өгөй энеси десек туура болот), дагы айталы, акыры мээ менен интеллектин убалына калып тынат” (Ильэнков Э.Ф. Об идолах и идеалах. – Москва,158-бет.). Ушул жерден профессор Исак Бекбоевдин мына мындай деп айтканы эске келет: «Эгер бала анын окуусунда жалгыз мугалим гана активдүү роль ойнойт да, ал өзү эч бир роль ойной албайт деп эсептесе, жөн эле сабакка келип тынч отуруп, мугалимдин айткандарын угуп, кайра аны кайталап айтып бергендиги жетиштүү деп ойлосо, анда бул өзүнчө эле балээ».

Сабакта  мугалим роль ойнойт, окуучу роль ойнобойт деген баланын түшүнүгүн эмне  үчүн И.Бекбоев тынчсызданып “балээ” катары баалап жатат? Педагогикалык теориянын көз карашынан алганда окуу-тарбия процесси же сабак дейли — бул образдуу айтканда, кош канаттуу куштун өзү. Ал куштун бир жак канаты  мугалим болсо, экинчи канаты окуучу. Ал эми куш учуш үчүн эки канаты тең шилтениш керек. “Куштун” мугалим жак канаты иштеп, окуучу жак канаты иштебесе жаман иш. Догматикалык жаттоонун алкагындагы окуучу учууга дем бере албайт. Окуучу И.Бекбоев жазгандай, сабакта  мугалим гана роль ойнойт, мугалим гана “учат” деп ойлонгонго көнгөн. Анан кантип сабактын кушу өйдө көтөрүлүп учсун. Окуучу жак канаты сенек болуп,  педагогикалык куш уча албай жатса, анан бул балээ эмей эмне?

Окутуу процесси деген нерсе, дагы айталы, кош бирдиктүү процесс. Бул процесс өз ичине өз ара ашташып, бири-бирине жуурулушуп турган эки башталмадан турат: Биринчиси – мугалимдин окутуу ишмердиги, баланы өз алдынча ойлонууга шыктандыруусу, көнүктүрүүсү. Экинчиси – билимди өздөштүрүү боюнча окуучунун иш-аракети, окуусу (учение). Баш катырып ойлонуусу, изденүүсү. Окутуу процессинде ушул эки башталма бири, бири менен эриш-аркак активдүү кыймылга келгенде гана билим-тарбия алуу жана окуучунун өнүгүшү деген нерсе жүзөгө аша баштайт, башкача айтканда, “сабактын кушу” эки канатын тең шилтеп көкөлөп учат.

Окуучуну “эстеп калуучу аппарат” сыяктуу көрүп окутуунун жана тарбия берүүнүн турмуштагы кейиштүү натыйжаларын, башкача айтканда, интеллектиси бечел калып, догматикалуу ойлонуунун алкагында камалган адамдык типтин айлана-тегерекке канчалык зыяндуу экендигин кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов, Кочкорбаев Сабитжан, Тансыкбаев сыяктуу каармандарынын мисалында кашкайта даана чагылдырган.

Бала — робот эмес, ал эркин дүйнө, балдардын ар биринде тацгаларлык тык, жөндөм, талант бугуп жатат, мугалимдин да, окуучунун да милдети — ошолорду ачуу, балд ар ар түрдүү, миъ үндүү, алардын баары бири-бирине коендой окшош болуп тарбияланууга тийиш эмес, окуучу изденсин, шектеисин, талдасын, ырастасын, жаъылсын, оъдосун, талашсын, өз оюн далилдесин, коргосун, дүйнөнү» өз колу, өз акылы менен ачсын. Окуу-тарбия процессиндеги догмалардан окуучусунун инсанын ёнщктщрщщнщн диалектикасына карай жёнёё керек.

Советбек Байгазиев

Кыргыз билим берщщ академиясынын башкы илимий кызматкери, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, КРнын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор

 

Бөлүшүү

Комментарийлер