МУГАЛИМ ЖӨНҮНДӨ БАЯН

  • 04.03.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси, КР Ардагерлер кеңешинин мүчөсү Шааркан Кенжегулованын өмүр таржымалы, катаал балалыгы, педагогика тармагында  баскан жолу туурасында таланттуу акын, журналист, актриса Сайра Батыркулованын “Каректе калган издер” аттуу китеби жарык көрдү.

Азыр 92 жаштын чайын ичип жаткан кадырлуу, нарктуу, чыныгы элдик мугалим Шааркан эжей биз дале үйрөнүп бүтпөй келе жаткан англис тилинде өз эне тилиндей эркин сүйлөйт. Анткени ал илгерки КМУнун чет тилдер факультетинин биринчи бүтүрүүчүсү. Мугалим деген ыйык атка бир да шек келтирбей, анын ысык-суугуна чыдап, азабын да, жыргалын да тартып келе жаткан Шааркан эжей жөнүндө кеп кылуу биз үчүн чоң сыймык деп билебиз. Эжейдин педагогикада баскан жолу азыркы мугалимдерге чоң үлгү, өрнөк катары кызмат кыла алат. Кесиптеш акын кызыбыз Сайра Батыркулова эжейдин баскан жолун дастан жазгандай бир дем менен келиштире жатык тил менен таасирдүү жазыптыр.

МУГАЛИМ ЖӨНҮНДӨ БАЯН

Шааркан Кенжегулова эжейибиз 1930-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Талаа айылында туулган. Ал 1952-жылы Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектебин бүтүрүп, 1953-жылы КМУнун чет тилдер факультетине өтүп, өмүрлүк жолдошу белгилүү жазуучу, сатирик, белдүү педагог, СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, маркум Асанбек Тезекбаев экөө Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасында жайгашкан А.С.Пушкин атындагы орто мектепке жолдомо алып, педагогдук жолун баштаган. Андан соң “Чаек” кыздар интернатында директор болгон. Кийин “Жаңы-Арык” мектебинде да иштеген. 1959-жылы Таш-Дөбө жети жылдык мектебине жетекчи болуп келет. Алтымышынчы жылдарда 460 орундуу мектептин пайдубалын ашар жолу менен түптөшүп, курулуш иштерине башынан аягына чейин баш көз болуп, жети жылдык мектепти толук орто мектебине айлантканга зор салымын кошот.

– «Узакка акчу суунун урунар ташы көп» дегендей, 92 жылдык өмүрдө нелерди баштан өткөрбөдүк. Бут тарталбай чарчап турсак да көңүл сүйгөн иш үчүн уйкудан ойгонуп, тоодой ишке жаштыктын күчү менен көп иш бүтүргөн экенбиз. Таш-Дөбөгө көчүп келген жылы кышы менен көң калап жылыткан төрт бөлмөлүү мектептин абалына кейип, оңдоо оюмдан кетпей түйшөлдүм. Ошентип жүрүп акыры апийим талаасынан жер бөлдүрүп алдым. Күзгү жыйым-терим иштери аяктап, апийим жыйналып бүткөндөн кийин, жерибизди тазалап, мектептин пайдубалын түптөөгө кириштик. Колдо каражатыбыз болбогон соң курулуш улам токтоп калып атып мектеп төрт жылда бүттү. Жумуш үчүн көп учурда өз күчүбүздү пайдаландык. Бала күнүмдөн кара жумуштан каччу эмес элем, директор элем дебей элди баштап таш көтөрүп, ылай ташып далай мээнет кылдым, — деп эскерет Шааркан эже аталган китепте өзүнүн мектептеги жаш кезин эскерип.

Эжей республика боюнча биринчи жолу англис тили боюнча тереңдетип окутуунун практикалык жол-жобосун иштеп чыгып, тажрыйбасын жайылткан. Облус боюнча биринчи жолу лингафондук кабинет уюштурган. Аны мындайча эскерет:

– Мен эми жаркыраган мектептин ичи да жаркыраса деп тиледим. Борборго барганда №5 мектептен көргөндөй, керектүү көрсөтмө куралдар илинип, атайын адистештирилген класстар болсо, балдар сапаттуу билим алса деп кыялдандым. Ошондон тартып мектептин көмөкчү чарбасына деп айыл өкмөтү бөлүп берген азыраак жерди иштетип, анын кирешесин мектепти көрктөндүрүүгө жумшоону ойлондум. Чынында ошол кезде акыл-эс, жан дүйнөмдүн баары мектеп менен байланып калган экен, кай жерге барбайын мектепке керектүү бир нерсени көзүм чалса тынчым кетип, жакканын биздин мектепке ылайыктап, анан ушуну кантип жеткирсе деп ойлочумун. Ошондой изги тилегимдин бири лингафондук кабинет эле. Англис тилин тереңдетип үйрөтүүнүн практикалык жол-жоболорун иштеп чыгып, түстүү альбомдорду, тематикалык карточка, диофильмдерди, грамматикалык таблицаларды даярдадым.

Мына, илгерки Дүйшөнгө тете мугалимдин жан дүйнөсү. Ишке болгон мамилесин карачы. Балдарды окутмак тургай, ылай тебелеп, мектеп салган эжекебиз бүгүн ошол мээнеттин убайын, берекесин көрүп турган чагы.

“Баатыр эне”, Оруктун ардагери, ардагер педагог Шааркан эжей төрт уул, төрт кызды тарбиялап, жогорку билим берип, эрезеге жеткизген. Башкалардын балдарын да өз балдарындай көрүп, таалим тарбияга сугарып, эл жүгүн аркалагыдай эр азамат уул-кыздарды өстүрдү. Азыр эжейдин колунан тарбия көргөндөр окумуштуу, депутат, коомдук ишмер, ишкер болушту. Чоң эне, тайене болуп төрдө олтурса да коомдук иштер менен алагды болуп, илгери өзү салдырган мектепти бүгүнкү күндүн талабына ылайыктап курдуруу үчүн “Катаган жаштары” уюмунун мүчөлөрү менен тиешелүү тараптарга кайрылуу жасап, тынбай жүрөт.

Бүткүл өмүрүн мектепке, агартууга арнаган эжебизди 8-Март майрамы менен биз да чын дилден куттуктап, күч-кубат каалайбыз. Карыдым дебей дагы деле жигердүүлүгүн көрсөтүп келе жаткан Шааркан апа бар болуңуз, жүзгө чыга жашаңыз демекчибиз.

Майрамбек ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер