МУГАЛИМ – ТААЛАЙДЫН ТАЗАСЫ, ТАРБИЯНЫН БАШАТЫ

  • 07.10.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына, Мамлекеттик тил айлыгына жана мугалимдердин кесиптик майрамына карата “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын “Мугалим — таалайдын тазасы, тарбиянын башаты” аттуу сыйлоо аземи А.Осмонов атындагы улуттук китепкананын Ч.Айтматов залында жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү.

МУГАЛИМ – ТААЛАЙДЫН ТАЗАСЫ, ТАРБИЯНЫН БАШАТЫ

МУГАЛИМ – ТААЛАЙДЫН ТАЗАСЫ, ТАРБИЯНЫН БАШАТЫ

Бул иш-чарага жети дубандан, Ош, Бишкек шаарларынан жаш мугалимдер, чыгармачыл, насаатчы педагогдор жана улуу устат мугалимдер атайын чакырылып, келечек муунду окутуп-тарбиялоодогу, интеллектуалдык потенциалын көтөрүүдөгү үзүрлүү эмгеги үчүн баш редактор Рахат Сулайманова, шеф-редактор Гулнара Алыбаевалардын колунан “Мугалим” төш белгиси, Ардак грамоталар тапшырылды.

МУГАЛИМ – ТААЛАЙДЫН ТАЗАСЫ, ТАРБИЯНЫН БАШАТЫ

Буга чейин журналдын жүзүн аймактарга жайылтып келген Илгиз Шамырзаевге Ош шаарынын координаторлугу, Жеңишбек Абдиназаровго Бишкек шаарынын координаторлугу күбөлүгү берилди. Ал эми журнал менеджери Сапаргүл Добутовага “Асылзат Нуру” сыйлыгы “Асылзат Нуру” коому тарабынан берилди. Шеф-редактор Гүлнара Алыбаева “Насаатчы” эл аралык коомдук фондунун “Ак элечек Даткайым”, баш редактор Рахат Сулайманова “Эл сыймыгы” төш белгисине татыды.

МУГАЛИМ – ТААЛАЙДЫН ТАЗАСЫ, ТАРБИЯНЫН БАШАТЫ

Ошондой эле республикалык “Жылдын мыкты мугалими — 2021” кароо-сынагынын финалисттери жана жеңүүчүлөрү да атайын конок катары чакырылып, аларга кийинки жумушуна шык берүү, эмгегин баалоо максатында журналдын сыйлыктары жана белектери ыйгарылды.

МУГАЛИМ – ТААЛАЙДЫН ТАЗАСЫ, ТАРБИЯНЫН БАШАТЫ

Мугалимдердин арасынан Ош облусунун Кара-Суу районунан келген Феруза Мирзаева “мындай иш-чараларды облустук масштабда да өткөрүлүшүн каалар элем” — деген оюн ачык билдирсе, Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы №5 улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин мугалими Махабат Ашымова “Мугалим” журналы жыл сайын уюштурган “Окуучу күткөн мугалим” жайкы эс алуу жана тажрыйба алмашуу лагеринин масштабын кеңейтүүнү, аны колдоону айтса,  техника илимдеринин кандидаты Бакыт Соотбекович “республикалык деңгээлде өткөрүлгөн иш-чараларды Билим берүү жана илим министрлиги колдоо көрсөтсө”, — деген пикирин билдирип, уюштуруучулардын жана агартуучулардын ишине ийгилик каалады.

МУГАЛИМ – ТААЛАЙДЫН ТАЗАСЫ, ТАРБИЯНЫН БАШАТЫ

Иш-чарага келген кесиптештерге журналдын негизги максаты, иш-тажрыйбасы, принциптери жана редакциялык кеңеши жөнүндө видеопрезентация коюлду. Ч.Айтматов залынын фойесинде журналдын жети жылдык тарыхын камтыган көргөзмө уюштурулуп, журнал бетиндеги макалалар, илимий табылгалар, заманбап усулдар менен жарыяланган материалдар менен кенен тааныша алышты.

МУГАЛИМ – ТААЛАЙДЫН ТАЗАСЫ, ТАРБИЯНЫН БАШАТЫ

Иш-чарада Толкун Салыкбаева менен Улукман Атабековдор ырдап, билимдин баба дыйкандарына жагымдуу маанай тартуулашты.

Келечек муунду тарбиялап жаткан кесиптештердин сыйлыгы кут болсун. Ар дайым кесиптештердин укугун коргогон, усулдук жактан колдогон республикалык “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын өрүшү кеңип, караңгыдан сүйрөп чыккан илимий кенч, тунук акылдын булагы болсун!

Жеңишбек Абдиназаров, №68 мектеп-гимназиясынын мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер