МУГАЛИМ ЧЫРПЫКТАН ЧЫНАР ӨСТҮРӨТ

  • 04.03.2021
  • 0

Жаш мугалимдерден куралган “ДЕМБЕР” кыймылы негиздеген Вilimdar долбоору “Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт” китеби боюнча республикалык китеп окуу конкурсун жарыялады.

МУГАЛИМ ЧЫРПЫКТАН ЧЫНАР ӨСТҮРӨТ

Долбоордун уюштуруучуларынын бири Адилет Самсалиевдин айтуусуна караганда, Вilimdar – билим берүүгө жана тарбиялоого арналган социалдык долбоор.

— “Билимдүүгө дүйнө жарык…”.  Улуу Жусуп Баласагын ушинтип айткан. Бүгүн жана келечек билимдүүнүн заманы. Бирок билимдүү адам азайып, коом караӊгылап бараткандай туюлат. Себеби маӊдай тер, адал эмгек, тарбия жана билим аркылуу эмес, акча, тааныш-билиш, жада калса, кара күч менен бийиктикке умтулган адамдар арбып баратат. Мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүгү чектелип, билим берүүгө анчейин көӊүл бура албай жатканда, жогорудагы маселени чечүүнүн бир жолу катары Булутбек Имаров, Уланбек (Бийик) Рыскулов сыяктуу жаштар чогулуп, Вilimdar долбоорун иштеп чыгып, бир катар иш-чараларды ишке ашыруу демилгесин колго алдык, — дейт А.Самсалиев.

МУГАЛИМ ЧЫРПЫКТАН ЧЫНАР ӨСТҮРӨТ

Долбоордун алкагында билим берүү жана тарбиялоо, мекенди сүйүү, улуттук жана адамзаттык баалуулуктарды аздектөөгө өбөлгө болуучу иштер пландалып жатат. Алардын алгачкысы катары мугалимдерге арналган республикалык деӊгээлде китеп окуу конкурсун атаса болот.

МУГАЛИМ ЧЫРПЫКТАН ЧЫНАР ӨСТҮРӨТ

— Бул конкурстун максаты – мугалимдердин билимин өркүндөтүү жана алардын мугалимдик сезимдерин ойготуу аркылуу эркин, сынчыл ой жүгүрткөн, педагогикалык асыл идеяларды туу туткан, билимдүү коомду калыптандыруу. Баса белгилеп кете турган бир жагдай, конкурсту уюштурууда китеп тандоо кыйынга турду. Ушул учурда кыргыздын чыгаан уулу, педагогика илимдеринин доктору, доцент Кыялбек Акматов жардамга кол сунуп, китеп тандоого жана аны даярдоого, басып чыгаруу иштерине эбегейсиз салым кошту.

МУГАЛИМ ЧЫРПЫКТАН ЧЫНАР ӨСТҮРӨТ

Жогоруда белгилегендей, азыркы учурда китеп окуп, жан дүйнөмдү агартайын деген адам сейрек. Эч ким китеп окубай калды. А тургай, тарбия башаты – ата-эне, билим башаты – мугалим да китеп окубайт. Мугалим менен ата-эне китеп окубаса, келечек муундун, кыргыз элинин келечек тагдыры кандай болот? – дейт уюштуруучу.

Мына ушундай китеп бааланбай, окулбай калган заманда демилгечилер максатка жетүү үчүн тобокелдикке барып, конкурска баалуу байгелерди коюшту. Жеңүүчүлөргө автоунаа, ноутбук, смартфон, ошондой эле отуз мугалимге Ысык-Көлгө жолдомо берилет. Уюштуруучулардын чечими менен катышуучуларды жана жеңүүчүлөрдү кошумча сыйлоо мүмкүнчүлүктөрү каралышы мүмкүн экени да айтылууда.

МУГАЛИМ ЧЫРПЫКТАН ЧЫНАР ӨСТҮРӨТ

— Максатыбыз — биринчиден, мугалимдерге болгон сый-урматты күчөтүү, экинчиден, аларга дем берүү, шыктандыруу. Мугалимдер бул китепти окуса, алар оболу, мугалимдик милдетин сезишет. Сезимдери ойгонот. Негизи, китеп окуп, жаӊы маалыматка эгедер болгон жана негизги милдетин сезе билген мугалим, күчтүү, чыныгы мугалим болот. Мыкты окуучуларды тарбиялайт. Ошентип, акырындык менен билимдүү коом пайда болот, — дейт Адилет Самсалиев.

МУГАЛИМ ЧЫРПЫКТАН ЧЫНАР ӨСТҮРӨТ

“Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт” китеби – мугалимдердин мугалимдик сезимин ойготуучу баалуу китеп. Конкурс үчүн китеп окуп, бирок байгелүү орунга жетпеген мугалим да уттурбайт. Өзүнө, окуучуларына пайдасын тийгизет  жана билимдүү  коомдуу тарбиялоого салым кошот.

Коомчулук эмне дейт?

МУГАЛИМ ЧЫРПЫКТАН ЧЫНАР ӨСТҮРӨТ

Олжобай Шакир, жазуучу:

— «Дембер» кыймылына улуу таазим! Силер Bilimdar долбоорун иштеп чыгып, анын алкагында алгачкы кадамыңарды мугалимдердин билимин өркүндөтүү аркылуу эркин, сынчыл ой жүгүрткөн, педагогикалык асыл идеяларды аздектеген, билимдүү коомду калыптандыруу максатында «Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт» китеби боюнча мугалимдерге арналган республикалык китеп окуу конкурсун жарыялаганыңар Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы биринчи чоң саамалык! Мугалимдердин зоболосун көтөрүүдө мунуңар жалпы улуттук колдоого ала турган жараян болчудай! Китепкөй мугалимдерге автоунаа баш болгон байге койгонуңардын өзү агартуучуларга болгон урмат-сый! Ишиңерге ийгилик каалайбыз, тилектештер!

М.Темирова, С.Тажибаева атындагы орто мектебинин тарых мугалими, Кадамжай району:

— «Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт» китебин колума алгандан баштап, бүткүл жан дүйнөм өзгөрдү. Билесизби окурман, кээде үй жумуштарын да унутуп коюп жатамын. Эң алгач ушул китептин авторунун эскерүүсү болгон: мугалиминин «ылайым мугалим болуп кал» деген каргыш сөзү аябай таасирлентти. Биз урушуп баштаганда эле жаман сөздөн баштайбыз го. Ушул сөз жан дүйнөмдү дагы бир жолу ойготту. Анан да китептен үзүндү: «Сүйүктүү устатым! Сен мени робот сыяктуу бир калыпта отуруп сабак угуумду талап кыласың. Мындай болушу мүмкүнбү? Робот сыяктуу сабак угуп, ар бир түшүндүргөнүңдү дароо кабыл алган инсандарга мугалим болуунун кандай мааниси бар? Суранам мага ачууланба! Бирок кээде сен да робот сыяктуу сабак өтөсүң. Сабакта уйкубуз келет. Сен сабакты бир аз көңүлдүүрөөк өтсөң, биз да сабакта эрикпей отурсак болбойбу, устатым!»

Мына мугалимдерге окуучулардын көз карашы менен жазылган ойлор келтирилген. Ушул окуяны окуганымдан кийин, сабак өтөөрдө дагы изденүүм керек экендигин билдим жана өз билимимди мындан ары да өркүндөтүүм керек экендигине ынандым. Китеп сүйүүчүлөргө сунуштайм ушул китепти окуңуздар деп.

Зайнабидин Мамасадыков, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу: 

— Бул китепти окуп баштаганда эле, мугалиммин деп жүргөн экенмин да деген ой жаралды. Ошол эле учурда бул китеп менин колума пенсияга жакындаганда эмес, педагогикалык өмүр башатымда тийгенине шүгүр келтирдим.

Салтанат Бейшенова, Анарбек Токтокожоев атындагы Көк-Сай орто мектебинин мугалими, Талас облусу:

— «Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт» китеби абдан сонун экен. 90-бетке жеткенче эки жолу ыйлап алдым…

Мага абдан жакты, өтө күчтүү жазылган, мыкты которулган, ушунчалык таасирдүү китеп экен, чоң ыракмат сиздерге! Ушунчалык сонун китеп сөз менен айтып жеткизе албай толкунданып турам…

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Конкурстун шарттары:

 

— Конкурс 2021-жылдын февраль айынын 30-апрелине чейин уланат. Ага катышууну каалагандар «Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт» китебин сатып алат, «NovaDeмy» тиркемесин уюлдук телефонго көчүрөт;

— Андагы атайын форманы толтурууда китепте жашырылган сыр сөздү киргизүү аркылуу катталат;

— Конкурстун катышуучусу «Билимдар» Whatsapp группасына кошулат жана ал жактан кошумча маалыматтар берилип турат;

— Конкурс аталган китептин мазмуну боюнча тест алуу аркылуу жүргүзүлөт;

— Тест NovaDeмy тиркемеси аркылуу май айында алынат.

Уюштуруу үчүн аймактарда атайын өкүлдөр иш алып барат, алар китептерди бирдей баада жеткирип берүүнү камсыздайт.

Конкурс бир тур менен өтөт. Катышуучулардын упайлары тең чыгып, талаш-тартыш жаралган учурда жеңүүчү чучукулак аркылуу аныкталат.

Жыйынтыгы долбоордун социалдык баракчалары, WhatsАpp группалары жана массалык маалымат каражаттары аркылуу жарыяланат.

Жеңүүчүлөр 2021-жылдын май айында Бишкек шаарында сыйланат.

Толук маалымат алуу үчүн:

w/a: 0999 303 202

Tel.: 0704 303 202

Почта: [email protected]

Instagram: @bilimdar_dolbooru

Facebook: @bilimdar

Telegram: @bilimdar

Бөлүшүү

Комментарийлер