МИНИСТРДИН УСТАТЫ — ГУЛЯЗЫ БЕЙШЕНАЛИЕВА
- 23.03.2024
- 0
КРнын эмгек сиңирген мугалими Гулязы Бейшеналиева билим берүү тармагына 60 жылдык өмүрүн арнады. 2013-жылдан тарта Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда үзүрлүү эмгектенип жүрүп, үстүбүздөгү жылдын февраль айынан баштап ардактуу эс алууга чыкты. Гулязы эжей билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаеванын насаатчысы.
Өмүр жолу
Гулязы Бейшеналиева 1968-жылдан 1974-жылга чейин Ак-Суу районуна караштуу Островский атындагы мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгек жолун баштаган. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу 1974-жылы ошол эле райондогу Жаңы-Арык орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп дайындалып, талыкпай эмгектенди. Ал үч жыл аралыгында бир топ окуу-тарбия иштеринде ийгиликтерди жарата алды. Белгилүү болгондой, советтик мезгилде партия тарабынан окуу-тарбия процесси өтө тыкыр көзөмөлгө алынчу. Андыктан ишке тыкан жаш адисти байкаган жергиликтүү бийлик аны 1977-1985-жылдары Ак-Суу районунун Чолпон жана Октябрь орто мектептерине мектеп жетекчиси кылып дайындашат. Жетекчилердин ишениме татыктуу болгон Г.Бейшеналиева райондук, облустук социалдык мелдештерде анын мектеп жамааты биринчи орундарга татыктуу болуп, райондун Ардак тактасынан түшкөн жок.
1985-жылы эжей конкурстун негизинде Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнө методикалык кабинеттин башчысы болуп дайындалат. Райондогу мектеп жетекчилеринин ишин баалоо максатында биринчи жолу диагностук карта түзүп, баалоо критерийлерин дыкаттык менен иштеп чыккан. Директорлордун ишин мектептердин мугалимдер жамааты баалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Облуста жүргүзүлгөн биринчи эксперимент эң жакшы натыйжаларды берген.
Гулязы эжей 1992-жылы Ысык-Көл облустук билим берүү бөлүмүнө караштуу мугалимдердин билимин жогорулатуу институтуна конкурстун негизинде өтүп, институттун окуу-тарбия боюнча директордун орун басары, ошондой эле гуманитардык жана башталгыч билим берүү багытындагы предметтердин лабораториясынын жетекчиси болуп кабыл алынган. Аталган мекемеде Гулязы Бейшеналиева 30 жыл үзгүлтүксүз эмгектенди.
Ошол кезде облустук билим берүү башкармасынын башчысы болуп Каниметов Жангороз агай иштеген эле. Ал киши айлана-чөйрөсүнө ичкен ашын жерге койгон команданы тандаптыр.
— Облуста өткөрүлгөн көпчүлүк иш-чараларды, республикалык кароо-сынактарга даярдоо биздин командага жүктөлүп, жоопкерчилик эң жогору эле. Мен бир топ жыл сынакка катышуучуларды республикага даярдап, алып келип, алар кубанса кошо кубанып, ыйласа кошо ыйлаган күндөрүм болгон. Республикалык кароо- сынактарда көп жылдар бою биздин облус алдына эч кимди чыгарчу эмес. Мына ушундай «Жылдын мыкты мугалими — 96» сынагына тарых сабагынын мугалими Кендирбаева Догдуркүл Жети-Өгүз райондук сынактан чыгып, облустук турга катышты. Беш район, эки шаардан 43 мугалим тандалып келген. Алардын ичинен Догдуркүл берилген тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарып, «Жылдын мыкты мугалими — 1996» деген наамды жеңип алган. Ушул эле наамын республикалык сынакта да сактап калды. Ал сабагын эң жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн канчалаган усулдарды, ыкмаларды пайдаланды. Сынакта мугалим эмес, окуучулардын аябай толкунданып жатканын байкадым. Ошол учурда көпчүлүк мугалимдерге тааныш эмес суроо деңгээлдерин туура пайдалануу, жуптарда иштеп, бири-биринин жообун баалоо ыкмаларын пайдаланды. Республикалык сынакта биринчи орунду ээлеп, жениш менен үйгө кайттык, — деп эжей сыймыктануу менен айтып отурду.
Жөнөкөй мугалимден министрге чейин
Насаатчысынын айтымында, мугалимдин жаңычылдыгы, усулдарды жана ыкмаларды талбай өздөштүрүүсү жана командада иштей билүүсү эске алынып, Д.Кендирбаева Ысык-Көл билим берүү башкармалыгынын алдындагы мугалимдердин билимин жогорулатуу институтунун гуманитардык жана башталгыч билим берүү лабораториясына тарых сабагы боюнча усулчу жана тарых предмети боюнча мугалимдердин билимин өркүндөтүүчү мугалим катары кабыл алынган. Кийин Жангороз Каниметовдун демилгеси менен инновация лабораториясы уюштурулуп, аны жетектөө бир добуштан Д.Кендирбаевага жүктөлгөн.
— Ишинен баар таап Догдуркүл облустук билим берүү институтунун директору, билим берүү башкармасынын башчысы, Билим берүү жана илим министринин орун басары, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору болуп жакшы иштеди. Президент С.Жапаровдун сунушу менен министр болуп келгени мени кубантпай койбойт. Кендирбаева Догдуркүл Кыргызстандагы эмес, дүйнөлүк билим берүүнүн жетишкедиктерин толук түшүнөт. Ал эң оор, түйшүктүү жана өтө жооптуу кызматка келди. Анын билим берүү системасын модернизациялоо боюнча жасаган демилгесине ар түрдүү пикирлер айтылууда. Туура, сенектей болуп катып калган системаны алдыга жылдырып, иштетип кетүү оңойго турбайт. Андыктан ар тараптуу колдоо талап кылынат. Билим берүүгө Президент С.Жапаровдун, Өкмөттүн көңүл буруусу кубандырбай койбойт. Жалпы кыргыз эли министрдин маалымат каражаттарына берген интервьюсун жакшылап көңүл коюп, кайра-кайра угуп, окуу керек. Өзгөчө 10-12-класста кесипке багыт берүү абдан керек. Эгерде бул демилге ишке ашса, кыргыздын балдарынын келечегине эң сонун шарт түзүлөт, бул биз жете албай жүргөн дүйнөлүк стандарт. Мен бир убакта ушундай мугалимдин катылып жаткан шыгын таап, туура жолду тандап алуусуна көмөктөшкөнүм үчүн сыймыктанам жана терең ишенем. Ак жол сизге министр айым! – деди ардактуу мугалим.
Насаатчыдан заманбап мугалимдин формуласы
Насаатчы катары эжей мугалимдерге бере турган кенешин да айтты.
Педагогикалык тажрыйба эмнеден башталат деген суроо көп жаш мугалимдерди түйшөлтүп келери бышык.
— Педагогикалык эмгек эң татаал, мугалим өзүнүн күнүмдүк жетишкедиктерин жана каталарын дайыма сезе билүүчү инсан болушу керек. Ал окуучу үчүн ким? Жетекчи, катышуучу, кеңеш берүүчү, жолдош, багытоочу болуп эсептелет. Жаш мугалимдин максаты — балдарды өз алдынча ойлонууга, фактыларды салыштыра билүүгө, керектүү маалыматты издеп таап алууга жана баланын чыгармачылык жөндөмүн өз алдынча өркүндөтүүсүнө үйрөтүү. Азыркы учурдун талабы окуучунун логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, жаттама, жадатма ыкмалардан баш тартып, ал өз алдынча жыйынтык чыгаруусуна үйрөтсө бала активдүү жана чечкиндүү, өз оюн, идеясын коргоого үйрөнөт. Ошондуктан балдарды анализ жасоого, жыйынтык чыгарууга, фактыларды салыштырууга, өзүнүн билимин системага салууга үйрөтүү керек, — дейт насаатчы.
Мугалим жаңы билим берүү стандарттарынын талаптарын окуп үйрөнүп, окутуунун усулдарын жана ыкмаларын сабагында туура пайдалануусу зарыл. Ошондой эле Мамлекеттик стандарт — окутууну жаңы багытка жетелээрин насаатчы баса белгиледи.
— Жаны технология – бул окуучу менен мугалимдин максатка жетиш үчүн кылган иш-аракети деп түшүнсөк болот. Балдар алган билимин турмушта пайдалана ала тургандай окуу процессине инновациялык окутуунун технологиялары кирет. Алар: өркүндөтүп окутуу, проблемалык окутуу, сынчыл ойломду окуу жана жазуу аркылуу өнүктүрүү, дифференцациялык окутуу, окуучунун жетишкендиктерин баалоо ж.б.у.с кирет.
Мугалим окутуунун усулдарын жана ыкмаларын туура пайдаланса эмнеге жетет?
Ириде сабакка кызыгуу атмосферасы, окуучунун аткарган ишин жакшыртууга өбөлгө түзүлөт, тапшырманы аткарууда окуучунун өзүнө болгон ишеними артат, ар түрдүү деңгээлдеги тапшырмалар менен таанышат жана аткарууга аракеттенет, жаңы идеялардын келип чыгышына көмөк, ошондой эле окуучуга кырдаалдан өз алдынча чыгуучу чыгармачылык шарт түзүлөт, окуу процесси жогорку сапатта жүргүзүлөт, окуучунун окууга болгон шыктануусу калыптанат.
Окуучунун чыгармачылык шыгын өнүктүрүүнүн дагы бир жолу — окуучуларга үй тапшырмасын жаңыча ыкмалар менен берүү. Ушуга дагы олуттуу көңүл буруу керектигин ардагер мугалим белгилеп өттү.
— Ар бир берилген тапшырма баланын чыгармачылык жана сынчыл ойлоосун камсыздоого багытталыш керек. Дагы бир айта турган кеңеш мамлекеттик стандарттагы негизги компетенттүүлүктөр төмөнкүлөр аркылуу ишке ашаарын унутпагыла. Булар: окутуунун интерактивдүү усулдарды жана суроонун үч деңгээлин туура пайдалануу (төмөнкү, орточо жана жогорку деңгээлдер). Көпчүлүк мугалимдер төмөнкү деңгээлдеги, фактологиялык суроолор менен гана чектелип калышат. Мындай суроолор баланы ойлонууга көмөк түзбөйт, демек, балага өнүгүүсүнө тоскоол болот. Суроону мугалим гана бербестен, окуучуну дагы суроо түзгөнгө үйрөтүшүбүз керек. Суроо бере албаган бала өнүкпөгөн бала, аны баарыбыз жакшы билебиз. Мугалимдер окуучунун жетишкедигин баалоого дагы олуттуу көңүл бөлүшү зарыл. Стандартта көрсөтүлгөн баалоонун түрлөрүн (диагностикалык, калыптандыруучу, жыйынтыктоочу) жакшы өздөштүрүү керек. Мугалим баалоонун түрлөрү боюнча: Бул эмне? Качан колдонулат? Эмне үчүн колдонулат? деген суроолорду өздөштүрүп, маанисин, маңызын түшүнгөндө гана биз окуучунун жетишкендигин туура баалоого үйрөнөбүз, гумандуулукка багыт алабыз, — деди Гулязы Бейшеналиева.
Ошентип, 60 жылдык педагогикалык тажрыйбасы зор Гулязы эжей бир эле өзү тууралуу эмес, шакирти жөнүндө белгилеп кетүү, мугалимдерге кеп-кеңешин берүү ага сыймык алып келээрин айтты.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер