МИНИСТРДИН КЛАССТЫ ЖЫЙНОО ДЕМИЛГЕСИ КОЛДОО ТАПТЫ

  • 10.01.2024
  • 0

Кыргызстандагы мектептерде Япониядагыдай классты жыйноо системасы кирерин билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Бул демилге коомчулукта, соцтармактарда абдан кызуу талкууланып жатат.

МИНИСТРДИН КЛАССТЫ ЖЫЙНОО ДЕМИЛГЕСИ КОЛДОО ТАПТЫ

Окуучунун укугу бузулбайт, эмгекке үйрөнөт

Министрдин айтымында, бул окуучуну өзүн-өзү тейлөөгө, бирөөнүн эмгегин баалоого жана турмуштук көндүмдөрдү калыптандырууга жардам берет. Бул система төмөнкү класстан жогорку класска чейин киргизилет.

— Урматтуу ата-энелер, баламдын укугу бузулуп жатат деп кыйкырып чыга калбагыла. Бирөөнүн короосун, үйүн барып жыйнабайт. Ал өзү окуган жерди, классты жыйнайт, — деди ал.

Чындыгында эле баланы башынан тарбиялоо керек экенин баарыбыз жакшы түшүнөбүз. Өзгөчө азыркы ааламдашуу доорунда балдардын башы гаджеттен чыкпай калды. Мектептеги тазалык эмес, үйдө дагы отурган жерин тазалап, жыйнап койбойт. Буга бир эле телефон эмес, балдарды тартипке келтире албаган ата-эне өздөрү күнөөлүү экенин мойнуна алышууда.

Коомдо кайсы бир реформаны ишке ашырууда демилгени ким көтөргөнүнө карабай, пайдалуулугун аңдап билип, аны колдогонго жалпы  турганыбыз жакшы. Маселен, бул жагынан алганда жапон элинин шыктуулугун тарыхтан жакшы билебиз. Жапондордун тили, самурайлардын ар-намыстуулукка үндөгөн тарбиясы, билим берүүсү ж.б.у.с. баары өздөрүн бирдиктүү команда, жамаат, же бир организм катары кароого түрткү берет экен. Себеби өз учурунда жапондор дүйнөлүк алдыңкы практика, технологияларды чет өлкөлөрдөн алып келип, өз жашоолоруна ылайыкташтырган. Албетте, үйрөнүүнүн уяты жок болуш керек. Ал эми биздин мектеп окуучулар командалык аракет жасоо жагынан аксап турат.

Билим берүү жаатындагы  демилгелер 

Мындан бир беш жыл мурда тазалык маселеси көтөрүлгөндө, Бишкек шаарындагы №21 мектепке барып калдым. Ал кезде мектеп директору Гайде Умарова деген өтө эмгекчил, жоопкерчиликтүү, мыкты жетекчи болчу. Мектептин кире беришине балдардын сыртта кийип жүргөн бут кийимин чечүүчү жайды даярдатыптыр. Окуучулар тартипке абдан көнүшкөн экен. Баары тизилип кирип, бут кийимдерин чечип, мектепке кийчү бут кийимин кийип, класстарына кирип,  парталарынын чаңын сүртүп, отургандарын көрүп ыраазы болгом. Бул абдан туура экен. Жыйынтыкта мектептин ичине инфекция кирбейт, көчөдөн келген чаңдан, микробдордон сактайт. Ошол эле кезде бул мектепте сабактын аяктоосу менен окуучулар класстарды тазалоо иштери менен алектенгендери да кубантпай койгон эмес. Албетте, Япония мисалында түштөнүүдөн кийин мектептин ичинде тишти тазалоо мүмкүнчүлүктөрү бар экен. Аны деле акырындык менен биздин мыкты мектеп жетекчилери киргизиши ыктымал.  Бул, биринчиден,  баланын саламаттыгын сактоого көзөмөл жүргүзүлүп турмак. Ушундай майда, бирок пайдалуу иштер окуучулардын өз алдынчалыгына, командада иштөөгө жана жеке жоопкерчиликти калыптандырууга үйрөтөт. Мугалимдер да өздөрү окуучуларга үлгү болуусу шарт. Ушул жерден, дагы бир мисалы айткым келди. Борбор калаадагы белгилүү “Креатив-Таалим” ББКнын генералдык директору Гүлнара Дайырбекова мектептин ичинде кагаз же шыпырылбай калган жерди, же даараткана таза эместигин көрсө, өзү барып тазалайт экен. Аны көргөн мугалимдер, окуучулар чуркап барып, бирөө колунан шыпыргыны алса, экинчиси, даараткананы жууп жаткан тряпканы алып, сүртө баштаарын айтканы бар.

— Биздин окуучулар классты өздөрү жыйнашат, гүлдөргө суу куюшат. Албетте, менин колума жугуп калбайт, бирок окуучуларга биз үлгү болушубуз керек, — деди эле өз кезегинде мектеп жетекчиси.

Бул мектепти менчик мекеме деп бөлбөй, республикалык деңгээлде чоң иш-чара уюштуруп, алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу керек.  Маселен, мугалим – окуучу — ата-эне байланышын түзүү жолдорун билим ордосу эбактан бери практикалап жатат. Мисалы, окуучулардын  ата-энеси менен сүйлөшүп, анын ийгиликтери, жетишкендиктери жөнүндө мугалимдердин айтып берүүсү окуучунун коомдук иштерге кызыгуусун арттырат.

Тазалыкты сактоо ар бир окуучунун жоопкерчилигинде

Мектепти таза кармоо боюнча, менимче, ата-энелер менен келишим түзүү керек. Анткени баланын укугу бузулуп жатат деген айрым ата-энелер менен кызматташуунун формасы болуп калмак. Тазалыкты үйдөн, мектептен, ишканадан баштап, анан көчөдө улантсак, бир эле билим берүү мекемеси эмес, жалпы коомчулукту тазартмакпыз.

Сабак бүткөндөн кийин ар бир окуучу дежурныйга бүт жүктү мойнуна илбей, өз ордун тазалап коюу практикасын да киргизүү зарыл болуп турат. “Өз идишиңди жууп кой”, “Дааратканага  баргандан кийин артыңды өзүң тазалап кой” сыяктуу эрежелерди көз көрүнөө жерлерге жазып коюу зарыл. Атайын техничкага ишенип калтыруунун кажети жок.

Мектепте кайра иштетүүгө боло турган пластик, кагаз, тамак-аштын   калдыгын материал катары иштетүүгө боло тургандай кылып бөлүштүрүүнү эмнеге киргизбейбиз? Бул нерсе дагы үйдөн башталышы керек.

Тазалыктын нормаларын бузган окуучуларды видеокөзөмөл аркылуу таап, тийиштүү чараларды көрүү (фото, видео тартып, окуучулар жана ата-энелер тайпаларында маалымдоо). Мындай аракет тазалыкты сактоого, тартип бузууну азайтмак.

Тазалыктан кийин эне тилге өтүү керек

— Японияда балдар 5-6-класска чейин өз эне тилинде гана тарбияланып окушат. Бизде да башталгыч класстарда улуттук дөөлөттөргө негизденген тарбия биринчи планга чыгышы жана окуу экинчи планга түшүшү керек. Ал эми 5-класстан баштап каалаган тилде окутулуп, окуу биринчи планга чыгып, тарбия менен айкашып окутулушу зарыл. Ошондо гана келечеги күчтүү, ааламдашуу дооруна туруштук бере ала турган эл, өлкө болобуз, — дейт министрдин демилгесине жооп катары соцтүйүндө өз пикирин жазган мугалим агай Аман Карымшаков.

Дагы бир нече ата-эне баланын укугу бузулат, классты тазалаткандан мурда шарттарды түзгүлө кыязында жооп кайтарды. Бирок министрдин демилгесин коомчулук жакшы кабыл алып, өз учурунда кабыл алынып жатканын кубаттап жатат.

— Кымбаттуу жаш ата-энелер, бул постко эч кандай негатив жазбай эле койгулачы. Бул нерседен эч кандай жаман нерсе болбойт. Балдар эмгек кылууга, улууларга жардам берүүгө үйрөнүшөт жана көнүгүшөт, — дейт дагы бир ата-эне.

Ошентип, учурда соцтармактарда бул демилге өтө кызуу талкууланып жатат. “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере” дегендей, бул жерде бир тараптуу көз карашты эмес, жалпы коомчулуктун, мугалимдердин пикирлери менен бөлүшүүнү туура көрдүк. Авторлордун жазгандары бурмаланбай берилди.

Соцтармакта, коомчулукта эмне кеп?

Гульзада Мыктыбекова

“Боорукер” ата-энелер, силердин оюңарча: суу ташыбаган, эмгек кылбаган, жалкоо, ак кол, телефонный генийлер, диванный эксперттер, милдетин билбеген, бирок “укукчул” муун жагабы?… Кеп келечек муунду биз кандай тарбиялайбыз, ошондой муун өсүп чыгаарында. Эмне эксек ошону алабыз!

Е.В.Бортникова, учитель русского языка и литературы г. Талас, средняя школа N 2 им. Р. Я. Рысаковой

Вопрос привлечения учеников к уборке класса начал бурно обсуждаться в обществе, после интервью министра образования Кыргызской Республики. В своем интервью министр  сказала, что привлечение детей к общественному труду прививает детям любовь к чистоте. С  юридической точки зрения происходит ущемление прав детей. Но, по-моему, уборка в классе приводит к сплочённости среди одноклассников и к  уважению своего и чужого труда. Дети, убирающие свой класс, начинают относиться к вещам бережнее. Например, в нашей школе учащиеся младших классов и среднего звена ухаживают за цветами, моют доску после уроков, убирают за собой мусор. Старшие классы полностью наводят порядок в своём классе.

Е.Н.Хицко, учитель начальных классов сш. №2, г.Талас

Уважаемая Догдуркул Шаршеевна! Я очень признательна Вам за то, что Вы обратили внимание на такую проблему в школе как привлечение учеников к уборке кабинетов. Последнее время родители  запрещают привлекать их детей к уборке в школе.

Наводя порядок своими руками, мы приобщаем их к труду, учим уважительно относится к чужому труду, бережному отношению к школьному имуществу.  Но у меня возник вопрос: каким образом будут делать уборку учащиеся младших классов?

Во-первых, школы перегружены и часто вынуждены работать в три смены. Перерыв между сменами не позволяет проделать такой объем работы за короткий промежуток времени. Во-вторых, дети младших классов не владеют такими навыками. Они опустошают мусорку, меняют воду в ведре, ровняют парты и стулья после уроков. Могут подмести пол, протереть парты и стульчики, вытереть пыль с подоконников и дверей. Но мыть пол и генералить в классе… Это им не по силам. Я как учитель начальных классов это хорошо знаю. Поэтому считаю, что необходимо пересмотреть этот вопрос…

Кроме того, как мама детей, обучающихся в старших классах, я никогда не позволю, чтобы учитель обязал их мыть окна на втором (третьем) этаже школы. А если ребенок выпадет из окна, то кто будет отвечать за это? Учитель, который старательно будет выполнять Ваш указ?

Салтанат Бейшенова, эне

Башкалар кандай кабыл алды билбейм. Бирок мен укканда аябай сүйүндүм. Япониянын окуучулары өздөрү жууп, тазалап жаткан видеолорду көрүп ушунчалык суктанат элем. Бири туура эмес кылса, башкалары аны тазалыкка чакырганын көрүп, иий, бизде да ушундай болсо дей берет элем ичимден… Мага аябай жакты. Менин да төрт балам бар. Үчөө мектепте, бирөө бала бакчага барат. Ата-эне катары деле мен сүйүнүү менен кабыл алдым.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер