МЕЗГИЛ СЫНЫНДАГЫ КЫРГЫЗ ИЛИМИ

  • 05.11.2020
  • 0

Илим күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаевди кепке тарттык.

  • Кыргызстандагы илимий чөйрөгө, анын ичинен УИАга карата көп айтылып жүргөн суроолордун бири – “ушунчалык ресурстарга (имараттарга ж.б.) ээлик кылып, туруктуу эмгек акы алып турган биздин окумуштуулардын иши канчалык өнүмдүү, кайтарымдуу болуп жатат?”
  • Мамлекеттик азыркы кезде илимге жумшап жаткан салымын эске алганда, ошого жараша эле иштеп жатабыз деп ойлойм. Эгер максаттуу сарпталып жаткан каражаттын өлчөмү азыркыдан ашпаса, бул азыркы деӊгээлди гана кармап турганга жетет. Эгер илимдин эффективдүүлүгү биздин мекемелер ээлеп отурган имараттардын аянтына эле байланыштуу болсо, анда такыр башка көрсөткүчтөргө жетишмекпиз. Советтер Союзунун доорунда ушул эле жайларда отурганбыз, Илимдер академиясында төрт миӊдей илимий кызматкер иштечү. Азыр 1700 кызматкер,анын ичинде 900-ү илимий кызматкер . Эгер биз буга чейинки үстүрт дооматтарга макул болсок, качан эле тарап кетмекпиз, УИА жоюлмак. Бирок Улуттук илимдер академиясы жөнүндө мыйзам кабыл алынып калганы чоӊ калканч болду. Анда УИАнын карамагындагы имараттар ж.б. мүлк бөлөк максаттарга иштеген тармактарга же менчикке берилбеши, сатылбашы керек деп так кесе белгиленген.

Албетте, эффективдүүлүк жөнүндө өзүбүз да ичкериде, ар бир жыйыныбызда айтып келебиз. Колдо бар ресурстарды сарамжалдуу, өнүмдүү иштетели дейбиз. Бош жаткан жайлар ижарага берилет. Ушул жактан эле киреше алып жыргайт деп ойлошу мүмкүн айрымдар. Бирок ижарадан түшкөн каражат толугу менен мамлекеттик бюджетке кетет.

  • Жетишкендиктер кандай болууда?
  • Отуз жылдан бери жыл сайын отчёт даярдайбыз. Анда 100-150 пункт менен жаңы иштеп чыгуулар белгиленип турат. Мына быйыл өсүмдүктөрдүн буга чейин иликтенбей келген 20 түрүн, жаныбарлардын 30 түрүн изилдеп, башка өлкөлөрдөн өсүмдүктөрдүн бир канча сортторун алып келип, биздин табигый шарттагы өсүшүн, түшүмдүүлүгүн ж.б. сыпаттап бердик деп көрсөтөбүз. Мал чарбасына тиешелүү да ушундай иштер жүргүзүлүп келет.

Же сейсмологияны алалы. Кыргызстандын баардык аймактарында атайын станцияларыбыз бар, аларда иштеген адистерибиз жер титирөөлөрдү каттап, статистикасын иштеп чыгып, алдыда болушу ыктымал учурлардын убактысы менен ордун прогноздошот. Айрыкча Бишкек баш болгон шаарларыбызда кайсы жерлердеги сейсмикалык жагдай кандай экенин курулуш компанияларына, архитекторлорго кабарлап турабыз.

Геологдорубуз Кыргызстандын кендерин негизинен СССР мезгилинде таап, аныкташкан. Азыр жаӊыларын изилдеп жатышат. Мисалы, Баткен менен Алай тоолорунун чегинде алтын кени болушу мүмкүн деген божомол бар, изилдөөлөр жүрүп жатат.

Биологдор, биотехнологдор малдардын ылаӊдарын изилдеп, керектүү вакциналарды иштеп чыгууда. Бул жаатта абдан жакшы жетишкендиктер бар. Химиктерибиз дары чөптөрдү изилдеп, уникалдуу каражаттарды жасап келет.

  • Бирок ошол жаӊылыктар өндүрүшкө чыкпай жатат, туурабы?
  • Ооба. Бул биздин эӊ чоӊ көйгөйүбүз. Биздин окумуштуулардын изилдеп, иштеп чыккан эмгектери өндүрүштө пайдаланылбай кала берүүдө. Буга көп каражат талап кылынат. Мисалы, Өзбекстандын Илимдер академиясынын бир институтуна караштуу чоӊ заводу бар, дүйнө жүзү менен кызматташат. А биздин иштелмелерди, табылгаларды өндүрүшкө чыгаралы десек, акча жок. Бир-бирден даана үлгүлөр бар, бирок конвейерге чыгарыш керек да.

Бирок, ушундай кыйынчылыктарга карабастан, УИАнын ар бир институтунда иштер жүрүп жатат.

  • Илим менен өндүрүштүн ортосунда байланыштын жоктугуна биринчи кезекте мамлекеттик саясаттын ырааттуу эместиги себеп болуп жатат окшойт. Бирок, талап кылса, сунуштарды коомчулукка угуза айтып турса болбойбу? Мисалы, ошол эле кендер боюнча. Кумтөрдүн ишине биздин окумуштууларды аралаштырбайт экен. Кайсы бир учурларда катыштырса да, канадалык компанияга жаккандай гана корутунду чыгарууга макул болчуларды чакырат, башкаларды бута атым жакын жолотпойт дешет.
  • Туура. Мен жыйырма эки жыл бою Машина таануу институтун жетектегем. Академияга караштуу чакан өндүрүштө эффективдүүлүгү демейкиден алда канча жогору гидробалкабызды даярдап, ошону Кумтөрдүн жетекчилине алпарып сунуш кылган элем, фабриканын барабанына батпаган чоӊ-чоӊ таштардын курамындагы алтынды ажыратып алуу үчүн талкалоого колдонгула деп. Бирок алар ошол эле гидробалканы чет өлкөдөн 4-5 эсе кымбат сатып келишиптир. Биз андан эч кем калбаган буюмду 13 000 долларга сунуштадык. Адегенде мейли, сүйлөшөлү деген, кийин байланыштан кача баштады. Базар наркы боюнча пайдалуусун тандаш керек эле, эмне үчүн ашыкча чыгым жумшап жатат? Көрсө, мунун баары биздин үлүштөн кемитилет экен. А Европадагы өздөрүнө караштуу заводго пайдалуу.

Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон саясат жүргүзүлсө, сапаты бирдей болгон учурда бизде өндүрүлгөн продукция биринчи кезекте колдонулушу керек деп келишимде да белгиленген болсо, мындайга жол берилмек эмес.

Жакшы мисалдар да кездешет, аз болсо да. Алсак, Төө-Ашуудагы тоннелдин үч километрдей аралыктагы капталдарын кореялык компания изилдеп чыкты. Бизге кайрылып, бургулоо иштерин аткарып берүүнү суранышты. Бул долбоордон биз беш миӊ доллар иштеп таптык. Болот экен го! Бирок биздин мансапкорлордун жеке кызыкчылыгы үстөмдүк кылып кетет экен да.

Биз көп пайдалуу сунуштарды айтабыз. Мисалы, энергетикага керектүү өзүбүздүн эсептегичтер бар. Бирок Кытайдыкын алышат, анткени чет өлкөлүктөрдүн пайдасына оодургандардын оозу майланат окшойт. Ушундай терс мамиленин айынан биздин илимдин экономикага таасири жокко эсе болууда.

  • Мамлекеттик саясатта жоопкерчилик болбосо ушул экен да. Бирок илимдин жакшы өнүкпөй жатышынын ички, мисалы, УИАнын өзүнө, илимий кызматкерлерге тикелей тиешелүү себептери деле бар эмеспи?

— Реформанын түзүмдүк жагы (кыскартуу, бириктирүү ж.б.) оӊой эле экен. Көбү өздөрү деле кетип калышты. Эӊ кыйыны – иштөө стилин өзгөртүү. Өзүбүзгө өзүбүз долбоор түзүмүш болуп, жогору жактан бекиттирип, каражат ала берген көнүмүш бар. Иштин жыйынтыгы жазылат, аны эч ким окубайт. Мунун баарынан арылышыбыз керек. жарабайт.

Бизде жаманбы, жакшыбы, Экономика министрлиги бар, Өнөр жай боюнча комитет бар, Маданият министрлиги, Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик ж.б. бар. Ошолор аркылуу биздин иштелмелерди өндүрүшкө киргизүү керек. Мамлекеттик органдар Академияда ким эмне жасап жатканын көрүп, кайсы изилдөөлөр керек, кайсылары керексиз экенин аныктай жүрүү зарыл.

Өткөндө Экономика министри Санжар Муканбетовго барып сүйлөштүм. Эгер жакында Өзбекстан Евразиялык экономикалык (бажы) мейкиндигине  кирип калса, биз кандай жоготууларга учурашыбыз мүмкүн? Ошондо алардын айыл чарбасынын арзан өнүмү соодаланып, биздикин эч ким албай калат.

Ушуга окшош жагдайларды алдын ала илимий негизде божомолдош керек да. Мамлекеттин тышкы карыздарынын түзүмүн кантип туура нукка салыш керек? Биринчи кезекте кайсыларын төлөш керек? Кимден карыз алып, кимден албаш керек? Мисалы, Кытайдан көп алганыбыз өтө опурталуу чечим болгон. Андан көрө Дүйнөлүк валюта фондунан кыйла арзан, ыӊгайлуу шартта алсак туура болмок. Түзүмдүк жоюу мүмкүнчүлүгү, жеӊилдиктери бар экен. Же Россиядан көбүрөөк алсак болмок – айрым бир бөлүктөрүн кечип жибериши да ыктымал эмеспи. Биздин экономисттер ушул маселелерди чечүүгө кол кабыш кылышы керек эле. Бирок өздөрүнүн бир иштери менен эле алектене беришет.

  • Азыр бир шакаба кепти эстедим. Раматылык Салижан Жигитов илимий диссертациясын жактагандан кийин эртеӊ менен майкечен чуркаганы чыкканда Аскар Акаев да кошулуп, ал куттуктаптыр. “Эми университетке барыӊыз, ал жакта эки ай өргүү берилет”, — десе, Салижан агай: “Ой, Аскар Акаевич, сиз билбейт экенсиз. Академияда эле жыргал – он ай иштемиш болуп жүрүп, бир-эки айда отчёт жазып койсоӊ эле болот эмеспи!”.
  • Туура айткан. Антип, илимге жабышып жан сактап жүргөн адамдарыбыз да болгон. Реформанын дагы бир максаты ошондой балластан айрылуу болгон. 2018 жылы жүргүзүлгөн оптимизациянын натыйжасында Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелеринде иштеген бардык кызматкерлердин саны жарым миң адамга кыскарган. Азыркы учурда иштегендердин басымдуу көпчүлүгү таза, жакшы аракет менен иштегендер деп ойлойм. Советтер Союзунун тушунда илимге киришкендер мурдагыдай эле иштей беришет.

Керектелбеген алтындын да баркы болбойт эмеспи. Натыйжасы кереги жок болсо илимдин да кадыры жок болот. Негизги аракетибизди натыйжалары кайтарымдуу илимдин багыттарына бурбасак, илимдин абалы аябай кейиштүү абалга туш болушу мүмкүн. Биз дале болсо мурунку көнүмүш менен баратабыз. Жагдайды өзгөртпөсөк, илимди жоготуп алышыбыз ыктымал.

  • Илимий мекемелердин, кызматкерлердин ишинин өнүмдүүлүгүн өлчөй турган ченемдер болушу керек эмеспи. Жөн эле формалдуу кагаздар менен чектелбей, объективдүү критерийлерди колдонуп, сандык жана сапаттык көрсөткүчтөргө ылайык аткарылган иштерге акысы төлөнөт, болбосо таарынмай жок деп талапты катуу коюш керек го?
  • Бизде рейтинг системасы колдонулат. SCOPUS, Web of Science сыяктуу дүйнөлүк кадыр-баркы бар басылмаларга макалалары чыккан же шилтеме жасалган окумуштуулардын эмгеги атайын коэффициент менен бааланат. Эмгектин практикалык мааниси, окумуштуунун кадр даярдоого кошкон салымы да эске алынат. Ар тараптан карап, жыйынтыгында “Мыкты институт”, “Мыкты лаборатория”, “Мыкты илимпоз” номинациялары боюнча аныкталып, сыйлык ыйгарылат.
  • Бирок канчалык калыс баалашат?
  • Бул жагынан маселе бар. Эптеп эле макаласын чет жактан чыгартып же жн эле акты алып келгендер бар. Бул көрүнүштөрдү жоюшка аракет кылып келебиз. Бирок бизде бир кейиштүү адат бар…
  • Өӊ көргөндө жүз таят дегенби?
  • Дал ошол! Кыргызстанда окумуштуулар баары бири-бирин жакшы тааныйт. Жаӊы деген макаласы мурункунун эле кайра басылышы, китеби деле ошондой экенин көрүп эле турушат. Буларды көрмөксөн болууга тааныштык, тууганчылык ж.б. мамилелер кыстайт. Бирок колдон келишинче баарыбыз мындайга каршы турушубуз керек. Мен машина куруу боюнча адисмин. Биздин тармакта “жол коюу талаасы” деген түшүнүк бар. Машина жүрүп кетиши үчүн ага кураштырылуучу ар бир тетиктин жасалышында плюс-минус четтөө чектери болот. Ошол чектер сакталбаса, машина жүрбөйт. Ошол сыяктуу эле илимде баарыбыз талапты бекемдетпесек, бүтүндөй илим тармагы кыйрап калат.
  • Бул жагынан биз, журналисттер менен да кызматташып, илим чөйрөсүндөгү иштердин агын ак, көгүн көк деп чагылдырып, иштемиш болгондорду ашкерелеп, чыныгы окумуштуулардын табылгаларын элге сүйүнчүлөп турса болор? Академик Үсөн Асанов ЖАКты жетектеп турганда плагиатчыларды ашкерелеген фактыларды далилдери менен берип турчу. Ырас, ал макалалар үчүн бизге телефон чалып, опуза кылгандар да болгон, бирок такыр эле тим койсо, “жер ээн болуп…” кетет эмеспи?
  • Албетте. Отчётунда мурунку жылдагы материалды эле кайталап көчүрүп койгондор да кездешет. Уяткарабыз. Бирок бети калыӊдар уялбайт деле. Мен деле ЖАКтын эксперти катары байкачумун – кээ бир диссертацияларда плагиат көрсөткүчү 70-80 пайызга чыгып кетет! Анан эле комиссия түзүп, 20 пайызга түшүрүп коюшат. Бир эле адис бүтүрсө болгудай долбоорду бүтүндөй бир бөлүмгө берип, жарым ставкадан баарына чачыратып, “көп суур ийин казбаган” учурлар да кездешет.
  • Ошолордун жаманаттысы жалпы окумуштууларга көлөкө түшүрүп жатпайбы!
  • Ооба! Анан илимий чөйрөдө балласт (ашка жүк, башка жүк болгондор) дагы көп болууда. Ошолорду азайталы, кыскарталы десек, мыйзам боюнча андай укугуӊар жок деп тигилерди калкалап чыгышат айрым коомдук ишмерлер.

Аӊгемелешкен Жолдош Турдубаев, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер