МЕЗГИЛ СЫНООСУНА МАЙЫШПАЙ

  • 24.12.2020
  • 0

Баткен областына караштуу Кадамжай райондук билим берү бөлүмүнүн Марказ аймагындагы мектептеринин  мугалимдери 2019-2020-окуу жылдарындагы пандемия шартына байланышкан оор шартка карабай, жаш муундарга аралыктан онлайн ыкмасы менен терең билим берип, мектептердин базасын чыңдоо ишинде алгылыктуу ийгиликтерди жаратып келет.

Аймакта жайгашкан 14 мектепте окутуу-тарбиялык иштериндеги мыкты  ийгиликтердин жаралышына Орозбаев Жениш Орозбаевич жетектеген Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн жана усулчу, кыргыз тилчи, тажрыйбалуу педагог Марвет Гапированын жакындан көрсөткөн жардамдары алкоого арзыйт.

МЕЗГИЛ СЫНООСУНА МАЙЫШПАЙ

Марвет Гапировага  кыргыз тилчи эжей Ш.Базарбаева мындай ыр саптарын арнаптыр:

«Тилибиз өлүү тилге айланбасын,
Муундан муунга өтүп көп жашасын.
Мариям Гапировна айтканындай,
Жан дүйнөң жабыркабай, түтөбөстөн,
Алоолонуп тилиңүчүн күйүп жансын».

Чындыгында эле мезгил сыноосуна майтарылбас эмгек, терең изденүү менен жооп кылган аймактагы мугалимдер жамааттары жараткан ийгиликтер уккан кулакты сүйүнтөт. Алсак, жаш муундардын дилине жылуулук тартуулап, билим, тарбия берүү түйшүгүн аркалаган, Тургунбаева Чолпонай жетектеген «Кыргызстандын 10 жылдыгы» орто мектебинде  пандемия учурунда 2001-жылы ашар жолу менен курулган мектептин базасы чыңдалды. Жапония Өкмөтүнүн каржылоосу жана Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен Кыргызстандагы Ага Хан Фонду тарабынан жана ата-энелердин каржылоосу менен сантехника оңдолуп,  компьютерлер, түстүү принтер, стол, стулдар алынды. Мектеп жылуу суу менен камсыз болуп, видеокөзөмөл орнотулду. Марказ айыл өкмөтү 1 млн.сомго жашыл тулаңдуу футболдук стадион курду. Аралыктан билим берү түйшүгүн аркалаган А.Токтоева, С.Жолдошова, М.Бердалиева, С.Самидинова, М.Парпиев, А.Апсатаров, И.Карымбаева, К.Халматова өңдү тажрыйбалуу педагогдор онлайн ыкмасы менен окуучуларга терең билим берүү түйшүктөрүн аркалашты.

МЕЗГИЛ СЫНООСУНА МАЙЫШПАЙ

«Айрыбаз» орто мектебинде 218 миң сомго аянты 120 чарчы метрди түзгөн иш-чара өткөрүлүчү заманбап шыйпаң курулуп, 250 миңсомго ашкана ремонттолуп, мектептин эшик-терезелери пластик эшик терезелерге алмаштырылды. Мектептин директору Айтбүбү Кузибекова жетектеген О.Ибраимов, Г.Бурханова, П.Ибрагимова, Н.Рустамова,Н.Эргешова, К.Бөрүбаева сындуу мугалимдер балдарга аралыктан билим берү түйшүгүндө чыгармачылык шык менен эмгектеништи.

М.Улукбек атындагы орто мектепте бул аралыкта ашкана таза суу, ысык суу менен камсыз болуп, ажаткана жаңыдан курулду. Мектепке  Жапония  Өкмөтүнүн каржылоосу жана жана Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен Кыргызстандагы Ага Хан Фонду тарабынан Кадамжай районунун мектептеринде «Кыргыз Республикасында мектептердин деңгээлин жакшыртуу коомчулукту иш чараларга тартуу» долбоорунун негизинде, Марказ өкмөтү демөөрчүлүк кылып, 4 компьютер алынды. Мектептин директору Феруза Мусаева баш болгон мугалимдер жамааты өзгөчө абалда билим сапатын төмөндөтпөөнүн үстүндө иш алып барышты. Мектепке Агахан фонду, айыл өкмөтү, Финка банкынан инвестиция тартылып, максаттуу иштерге жумшалды.

Канзада Жолдошова жетектеген Саид Баюми атындагы орто  мектебинин имараты 2008-жылы Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын Президенти Мухамед Саид Баюминин көмөгү менен 160 орунга ылайыкташтырылып курулган. Азыр мектепте 430 окуучу билим алууда. Мектеп БУУнун Азык-Түлүк Программасына камтылган. Быйыл жаңы ашкана курулуп, ага Майдан айыл өкмөтү (өкмөт башчысы Э.Абдилатов, кеңеш төрагасы Ж.Тагаев) 1 млн. сомдук демөөрчүлүк кылды. Курулуш иштерин жүргүзүдө мектептин техникалык кызматкерлери К.Бургутов, Р.Миталипов, Р.Нурмаматов, У.Акматовдор алгылыктуу иштери менен айырмаланышты. Ашканага заманбап эмеректер, идиш-аяктар алынды.

К.Сатаров атындагы орто мектебинде узак жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн 5 педагог Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин«Эл агартуунун мыктысы» наамына ээ болуп, бир канча мугалимдер «Ардак Грамоталарга» татыктуу болушту. Химик Гүлзат Рустамова тарбиялаган 10-класстын окуучусу Сайкал Каимова областтык олимпиадада жеңүүчү деп табылды. МерсиКО уюму мектепке 260 даана жомок китеп тартуулап, айыл өкмөтүнүн каржылоосунда жашыл газондуу футболдук аянтча курулууда. Педжамаат өздүк ноутбуктар менен камсыз болуп,  Апталипова  Эльмира Акимжановнанын  жетекчилигиндеги мугалимдер санариптү сабак, инновациялык усулдар менен билим берүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылышууда.

№47-А.Темирбаев атындагы орто мектептин директору  Маматалиева  Назира Абдиллаевнанын иштиктү аракети менен  ашканага суу киргизилип, аристон, раковиналар орнотулду. Майдан айыл өкмөтү мектепке  470миң сом каржылоо жасады. Агахан фондунун жана ата-энелердин колдоосу менен кол жуугуч каанасы курулуп, видеокөзөмөл системасы ишке киргизилип, мектеп электрондук күндөлүк системасына өттү. Ө.Бөкөева, А.Тешебаев, А.Мусаев, Г.Манасова, Ш.Акматова, Н.Нишанбаева, Г.Султанова сыяктуу мугалимдер педжамааттагы иш ийгилигинин ачкычына айланган мугалимдер болуп саналат.

Балалыктын ааламын шаң менен көрккө бөлөөнүн аракетин көргөн Акматова  Назгүл Мамарасуловна жетектеген «Арпа-Сай» орто мектебинин педжамааты мезгил сыноолору учурунда да билим сапатынын жогорку деңгээлин камсыздай алды. Мектеп чакан болгону менен ЖРТга катышкан мектеп окуучулары 165тен 172ге чейинки баллдарга ээ болушту. Мектеп Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен Кыргызстандагы Ага Хан Фонду тарабынан, Марказ айыл өкмөтү, ата-энелердин жардамы менен ысык, муздак суу менен камсыз болуп, кол жуугуч каана ишке кирди. 20 сотых жерге көмөкчү чарба уюштурулуп, балдарды көчөт өстүрүүгө үйрөтүү үчүн алма, өрүк, курма, Колифорния теректеринин үрөндөрү себилди. Тажрыйбалуу мугалимдер А.Машрапова, А.Жамбилова, А.Зияева, Г.Султанова, Ж.Исакова, Д.Максытова, И.Маликова, Ф.Абдурахмановалар онлайн билим берүүнүн түйшүгүн аркалашып, үзүрлүү эмгектеништи.

«Сары-Алтын» орто мектебинин директору  Жумагулов  Абдула Ураимович башында турган педжамаат пандемия учурунда «Аян», «Санарип мугалим», «Заманбап мугалим» атайын уюштурулган курстардан өтүп, заманбап окутуу усулдарын терең өздөштүрүү аракетинде болушту. Мектеп Япониянын «Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу» Программасына камтылып, 700 000 сомго ашкана ремонттолуп, керектүү эмеректер алынды. Жапония Өкмөтүнүн каржылоосу жана Дүйнөлүк Банктын жетекчилиги менен Кыргызхстандагы Ага Хан Фонду, айыл өкмөтү, ата-энелер көмөгү менен 400 000 сомго  оргтехника алынды. Демөөрчүлөр А.Жунусов, А.Гламидинов, Н.Меңдибаевалардын жана мугалимдердин жардамы менен ашканага кафел төшөлүп, аристон коюлду. Видео көзөмөл орнотулуп, эски эшик-терезелер заманбап пластик эшик терезелерине алмаштырылды. Кыргыз тилчи Жылдызкан Мурзалиеванын тарбиялануучулары райондук, областтык, республикалык «Жаш талант» сынагында жеңүчү деп табылып, англис тилин мыкты өздөштүргөнү үчүн 11-класстын окуучусу А.Абдурасулов АКШнын Вашингтон шаарында бир жыл окуп келди.

Жарбекова Чынара Мамарасуловна жетектеген  «А.Орозбековдун 120 жылыгы»  орто мектебинде өзгөчө шартта окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу маселесине башкы көңүл бурулду. Демөөрчүлөр Достук коомунун «Жаштар» уюму, Марказ айыл өкмөтү тарабынан мектепке таза суу киргизилип, кол жуугуч каана иштей баштады. Аристон дезкаражаттар коюлуп, шартка жараша иштер жасалды. Саид Баюминин дөмөөрчүлүгү менен ноутбуктар алынып, 200 000 сомго волейбол стадиону курулуп, иштөөдө. Азыр наркы 1 млн.сом болгон машыктыруучу зал курулууда.

Аймактагы  Вахобжон  Балтабаев жетектеген А.Масалиев атындагы айыл аймагындагы Амир Темур атындагы мектепте мезгил талабындагы иштер аткарылып, мектептин ашканасы МерсиКО уюмунун колдоосу аркылуу толугу менен жаңыланды. Азыр заман талабына толук жооп берген бул ашканада 5-разряддагы ашпозчу Р.Хамрабаев окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылууда. Мектептин 7 окуучусу «Келгиле,окуйбуз» сынагынын алкагында жеңүчү деп табылып, баалуу белектер менен сыйланды. Пандемия учурунда мектепте эмгектенген 41 мугалим жаңы шарттагы окутуу усулдарын үйрөткөн окуулардан өтүштү, азыркы күндө  пед.жамааттагы жалпы мугалимдер чыгармачылык шык менен жаңыча иштешүүдө.

Ал эми келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш директор Джураев Рохимжон Карабаевич жетектеген Бабур атындагы орто мектепте 25 мугалим атайын окуулардан өтүп, мектепте электрондук күндөлүк системасы иштей баштады. Балдарды окутуп, тарбия берүү түйшүгүн узак жылдан бери аркалаган Зайтуна Разгаева, А.Насиридинова, Ж.Хакимова, Х.Акбарова, З.Алабидинова баш болгон мектеп жамааты аралыктан балдарга терең билим берүүнүн түйшүгүн жогорку деңгээлде өтөшүүдө.

Жаш директор Абдувахидова Нилуфар жетектеген У.Исаков атындагы орто мектептин ЖРТга катышкан 15 окуучусунун 13ү босого баллынан ийгиликтүү өтүп, түрдүү жогорку окуу жайларынын студенттери болуп калышты. Инвесторлордон 85440 сом инвестиция тартылып, медкаражаттарды сатып алууга, сантехника орнотууга жана адабий китептерди алууга жумшалды. Дүйнөлүк Банктын жетекчилиги менен Кыргызстандагы Ага Хан Фондунун каржылоосу менен  информатика каанасын заман талабына жараша жабдууга демөөрчүлүк кылып, мектепте электрондук күндөлүк системасы, видео көзөмөл ишке түштү. Тажрыйбалуу мугалимдер А.Саттарова, Р.Жамалова, Ш.Таштанов, Д.Тагаева сыяктуу педжамаат мүчөлөрү окуучуларга терең билим берү ишин аркалашты.

Мындан тышкары,  А.Масалиев атындагы айыл аймагында жайгашкан Атабеков Яхия Эргешович бир топ жылдардан бери жетектеген А.Орозбеков атындагы орто мектеби өзүнчө кеп кылууга арзыйт. Мында бүгүнкү күндө 550 окуучу  таалим-тарбия алып,  39 мугалим эмгектенет. Райондук деңгээлде  83 билим берүү мекемелеринин ичинен окуучулардын билим сапаты, «Жылдын мыкты мугалими» кароо-сынактары, олимпиадалык  көрсоткүчтөр жагынан оозго алынган мектептердин бири болуп саналат. Ал эми ушул эле айыл аймагындагы чек арага жакын жайгашкан Тешебай Исмаилов атындагы орто мектебин  Нурлан  Исраилов жетектеген педагогикалык жана окуучулар жамаатынын алгылыктуу жактарын айтпай кетүүго болбойт, албетте. Бул мектепте  25 мугалим эмгектенип, 334 окуучу терең билим, татыктуу тарбия алышууда. Т.Исмаилов атындагы орто мектебинин педагогикалык жамаатынын негизги максаты-мектепте жагымдуу маанай жаратуу менен замандын талабын аткарып, окуучулардын коомдо өз ордун туура табуусу үчүн сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүү болуп саналат.

Жалпы жыйынтыктап айтканда, Марказ аймагындагы  3 айыл аймактарындагы 14 билим берүү мекемелериндеги  агартуучулардын-мектеп жетекчилиги менен предмет мугалимдеринин жаратман эмгектери коомду аз болсо да алга жылдырууга кошкон омоктуу салымдары экендигин белгилөөгө болот.

Cамидин Курмушуев,
Кадамжай району.

                      

Бөлүшүү

Комментарийлер