“МЕНИН МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН”

  • 15.07.2021
  • 0

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун 85 жылдыгына карата «Менин Мекеним — Кыргызстан» балдардын чыгармачыл фестивалына жана “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын “Окуучу күткөн мугалим” III эл аралык жайкы мектебине Казакстандан, өлкөнүн баардык аймактарынан 100дөй мугалим, 300дөй окуучу келди.

“Эмгектенгиле, өзүңөрдүн күчүңөргө ишенгиле!”

Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземине коомдук ишмер Ассоль Молдокматова жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

“МЕНИН МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН”

Ассоль Молдокматова фестивалдын ачылышында сөз сүйлөп, балдарды тырышчаак болууга чакырды.

– Бүгүнтөн тарта ар бириңер максатыңарга жетүү үчүн бекем турууңарды өтүнөм. «Сенин колуңдан эч нерсе келбейт», — деп айткан адамдарга ишенбегиле! Силердин колуңардан баары келет. Күн сайын максатыңарга жетүүгө кичинеден кадам таштай бергиле! Силер улууларды, ата-энеңерди сыйлап, көп китеп окуп, тил үйрөнүп, мугалимдериңерге ыраазычылык сөздөрүн айтып турушуңар керек. Айланаңарга жалаң гана жакшы адамдарды топтогула. Мен бала чагымда ушундай кылгам. Бүгүн мен ата-энесиз калган балдарга жардам берүү менен алектенип жүрөм. Силердин да ар бириңер өлкөнүн визиттик картасы болушуңарды каалайм. Эмгектенгиле, өзүңөрдүн күчүңөргө ишенгиле! — деди Ассоль Молдокматова.

Фестивалдын ачылышында Аялдардын демократиялык комитетинин төрайымы Р.Жумаева Ассоль Молдокматовага “Жылдын мыкты инсаны”, ал эми “Сейтек” борборунун директору Сабийра Челпаковага “Ак элечек Даткайым” медалдарын тапшырды.

Быйылкы фестивалдын өзгөчөлүгү эмнеде?

– Биз окуу жылынын башында эле эл аралык маанидеги сынак өткөрүүнү пландаганбыз. Бирок пандемияга байланыштуу Россиядан, Казакстандан келбей калышты. Анда республикалык деңгээлде өткөрөлү деп чечкен элек, тилекке каршы, акыркы айларда Кыргызстанда дагы санитардык-эпидемиологиялык абал курчуп, Ош, Жалал-Абад, Бишкек шаары кызыл зона деп жарыялангандан кийин, “ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет” болуп, республикалык деңгээлде дагы өткөрө албай калдык. Бизге баардык региондон 700гө чукул өтүнмө 25 уюмдан түшкөн болчу. Алар алган билеттерин кайра өткөргөнгө туура келди. Бирок биз өзүбүздүн “Сейтек” борборунун жана шаардык айрым чыгармачыл топторунун тарбиялануучуларын алып барып, эң башкысы ден соолуктарын чыңдап келдик. Анткени абдан оор жыл болду педагогдор дагы, тарбиялануучулар дагы абдан чарчашкан, — дейт борбордун директору Сабийра Челпакова.

Дагы бир өзгөчөлүгү – тамактануу режиминин өзгөрүшү болду. Мурдагы жылдары балдар 7.30 ашкананын жанында чогулуп, флешмоб өткөрүшсө, быйыл бир саатка артка жылдырылып, 8.30 келип турушту. Анткени балдар жакшы уктап, сергек туруп, иммунитеттери көтөрүлүп, ден соолуктары чыңдалсын деген ниетте жетекчилер баардык иш-аракеттерди жасашты.

– Ар бир ата-эне баласынын коопсуздугуна өзү керт башы менен жооп берээрин, педагогдорго толук ишенээрин айтып, керек болсо тил кагаз жазып да беришти. “Жайдын аптабында Бишкекте жүргөндүн ордуна, Ысык-Көлгө барып, эс алып келгени оң” дешти. Ошентип, ар бир баланын ден соолугу тууралуу маалымкат чогулттук, ар бир педагог ПТРге тест беришти, кыскасы, баарыбыз ден соолугубуз жакшы экенин тастыктагандан кийин гана Ысык-Көлгө жол тарттык, — дейт директордун орун басары Ира Балтабаева.

Фестиваль топторду бириктирди

Кыскасы, “Сейтек” борборунун жана Бишкек шаардык “Ассоль”, “Каухар”, “Вспышка”, “Баластан.kg“ чыгармачыл топтору аттандашпай, тескерисинче, бири-бирин жакындан таанып, жардам берип, бир муштумга түйүлүп, фестивалдын көркүн ачып келишти.

– Пандемия чыгармачыл адамдарды бириктирди, бири-бирин сыйлаганга жол ачты. Анткени бул сынак эмес, фестиваль. Фестивалда сынактагыдай атаандаштык жок болот. Албетте, иш-чаранын алкагында кумдагы сепилдер, “Ысык-Көлдүн сырлары” аттуу асфальттагы сүрөт сынагы, Нептун ж.б.у.с. кызыктуу оюн-зооктор менен кечинде сахнада ар бир топ өз өнөрлөрүн тартуулап жатышты. Ырас, “Сейтек” кесиптик жагынан алдына эч кимди чыгарбай келет. Бирок бул жолу шаардык чыгармачыл топтордун бийлерин биздин хореографтар көрүп, туруп кол чаап жатышты. Анткени алардын репертуарында биз билбеген дүйнө элдеринин бийлери коюлду, — дейт борбордун директору.

Балдар. Музей. Рух Ордо

– Жаштарды нравалык жактан тарбиялоого өлкө башчы басым жасап жатпайбы. Бул иш-чарада биз балдарды ириде Ч.Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборго алып бардык. Борбордун жетекчилиги дайыма бизге бекер кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берген. Негизи кирүү акысы – 350 сом. Андан кийин Чолпон-Атадагы Мамлекеттик корук музейине бардык, Тарых музейди биринчи жолу көрдүк. Ысык-Көлдүн түзүлгөнү боюнча ийне-жибине чейин айтып беришти. Бул музейди эки сааттан кем эмес кыдырыш керек экен. Балдар абдан кызыгышты, ушундай маалыматка балдар суусап калыптыр. Улуттук кийимдер боюнча ипподромдо музей ачылыптыр, ага бардык. Кыскасы, балдар билимге, бир нерсени билгенге аябай ынтызар болуп калышыптыр. Лагерге келгенде дагы топ-топ болуп, көргөндөрүн айтып, кызуу талкуулап жатышты. Маселен, “Ысык-Көлдүн сырлары” аттуу асфальттагы сүрөт сынагында балдар интернетке кирип, бир топ маалыматтарды окуп чыгышты, — дейт Ира Балтабаева.

Эң башкысы, “Сейтек” борборунун ынтымактуу, креативдүү, мыкты жамааты бул жолку фестивалды өзгөчө эң жогорку деңгээлде өткөрүп келишти.

Что говорят дети?

Адинай Бакытова,
Екатерина Черванева, народный хореографический ансамбль «Ак-Ниет»:

– В лагере мы не просто отдыхали, а у нас были задания для всех ансамблей. Один из первых заданий –  рисунки на асфальте “Тайны Иссык-Куля”. Наши девочки рисовали подводный замок. Все рисунки получились красочные, оригинальные и крутые. Вторым заданием было стенгазета. Тема была «Мой Кыргызстан». Нам было очень весело и интересно. Наш рисунок занял второе место. Наградой были вкусные конфеты. Каждый вечер после ужина были концерты, в котором нас снимали телевидения. После выступлений все шли на дискотеку. На следующий день мы пошли кататься на теплоходе. Каждый день мы купались, загорали, ели сладкую вату, кукурузу. Вода всегда была теплая. На берегу мы играли в летающую тарелку, в мячик и строили «Замки на песке». Больше всего нам понравилось поездка в «Рух Ордо» и «Исторический музей». В историческом музее мы узнали много нового об Иссык-Куле. В последний день у нас был день Нептуна. Нам очень понравился отдых. Мы обязательно вернемся!

Нуркыз Абдусалымова, «Shertay studio»:

– Несмотря на Сovid-19 мы приехали на фестиваль “Менин Мекеним – Кыргызстан”. Тут чистый воздух, красивая зелень. И мы станцевали современный танец. Каждый день в 10 утра и после обеда шли купаться на озеро. Эти каникулы я никогда не забуду.

Аруна Нургазиева, «Shertay studio»:

– Каждый день была разнообразная программа. Мы ездили в музей, «Рух Ордо», еще и катались на теплоходе. Так не хочется уезжать. Потому что здесь очень красиво, уютно, а самое главное — здесь хорошо кормят.

Акшоола Тыныбекова, «Shertay studio»:

– Летние каникулы – это самый радостный момент для школьников, они самые долгожданные. Мы всегда их ждем с нетерпением. Я очень люблю лето, есть возможность отдохнуть от учебы и насладиться летней погодой. Мы приехали всего лишь на семь дней. Развиваем кругозор и ходим в музей. Но за эту неделю я подружилась новыми друзьями, увидела много интересного, ходили в музей, пели, танцевали. Не была соперничества, наоборот, чувствовалось дух единения.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер