МЕКТЕПТЕР РЕАЛДУУ РЕЖИМГЕ ӨТТҮ

  • 11.03.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде республика боюнча 2019 мектеп 1-11-класска чейин салттуу режимде окуп жатышат.  9-апрелден баштап Бишкек, Ош шаарларындагы башталгыч класстар окуй башташты, ал эми 1-апрелден тарта баардык класстар салттуу форматка өтүшөт. Биз айрым региондогу мектептердеги абал кандай экенин сурамжылап көрдүк.

Бишкек шаары

МЕКТЕПТЕР РЕАЛДУУ РЕЖИМГЕ ӨТТҮ

Бишкек шаарынын №21 мектебинде Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилген нускаманы катуу сактоо менен Бишкек шаардык билим берүү башкармылыгынын 2021-жылдын 2-мартындагы «Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессин жандандыруу жөнүндө» буйругунун негизинде 2021-жылдын 9-мартынан баштап окуу процесси аралыктан реалдуу окутууга өттү.

МЕКТЕПТЕР РЕАЛДУУ РЕЖИМГЕ ӨТТҮ

— Биздин мектепте 1-4-класстарда 599 окуучу, 5-, 9-,11-класстарда 423 окуучу, жалпы 1022 окуучу окуп башташты. Окуу процесси 1-класстар үчүн 40 мүнөт, 5-, 9-,11-класстар үчүн 45 мүнөт. Санитардык-эпидемиологиялык тартип жана ченемдер так аткарылып жатат. Коронавирус жугуштуу оорусунун (COVID-19) жайылышына жол бербөө жана тобокелчиликти азайтуу боюнча кошумча иш-чараларды жүргүзүү максатында мектепке кирип келе жатканда окуучуларыбыз бут кийимдерин алмаштырууда, ар бир окуучуда антисептик, беткап бар жана санитардык эрежелерди так, тыкыр аткарууга аракет кылуудабыз. Окуучулар үчүн ден соолук журналы ачылып, күнүмдүк температурасы ченелип, катталып турат. Ата-энелер менен мектеп ортосунда келишимдер түзүлгөн, — дейт мектеп директору Гайде Умарова.

МЕКТЕПТЕР РЕАЛДУУ РЕЖИМГЕ ӨТТҮ

МЕКТЕПТЕР РЕАЛДУУ РЕЖИМГЕ ӨТТҮ

МЕКТЕПТЕР РЕАЛДУУ РЕЖИМГЕ ӨТТҮ

МЕКТЕПТЕР РЕАЛДУУ РЕЖИМГЕ ӨТТҮ

Борбор калаадагы баардык мектептер санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так аткаруу менен окуу процессин башташты. Бишкек шаарындагы А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназияда мектептин кире беришинде окуучулардын, мугалимдердин дене табын текшерчү электрондук термометр, тоннель коюлган. Ар бир класс, коридор танапис учурунда желдетилип, андан соң кварц аркылуу дезинфекцияланат.

— Биз балдарыбызга болгону антисептик жана беткап сатып беребиз. Мектеп болсо мектеп ичине бутка кийгенге экиден бахилла берип атат. Биздин мектепте ОБЖ, этика сабактары аралыкта окутулат, калган предметтер салттуу форматта жүргүзүлөт, — дейт ата-энелердин бири.

Ысык-Көл  облусу

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы №14 Өмүр баатыр атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде 2020-жылдын 11-ноябрынан баштап мектепке санитардык нормалардын талаптарын так аткаруу менен 5-9-11-класстардын окуучулары, 2-декабрдан баштап 1-2-3-4-6-7-8-10-класстардын окуучулары салттуу түрдө окутула баштаган.

МЕКТЕПТЕР РЕАЛДУУ РЕЖИМГЕ ӨТТҮ

 

— Мугалимдер жана окуучулар аралыкты сактоо менен антисептикалык каражаттар менен камсыздалып, мектепте тез-тез дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, окуучулардын, мугалимдердин дене табы текшерилүүдө. Мектепте окуучулар жана мугалимдер беткап тагынып жүрүшөт. Азыркы учурда мектепте 324 окуучу салттуу түрдө билим алышууда, — дейт мектеп мугалими Мирбек Дүйшембиев.

МЕКТЕПТЕР РЕАЛДУУ РЕЖИМГЕ ӨТТҮ

Нарын облусу

2020-2021-окуу жылында Нарын облусунда жалпы 142 жалпы билим берүүчү мектептерде 60670 окуучу окуп, аларга 5544 мугалим билим берүүдө.

Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун жетекчиси Касымбек Мамытовдун берген маалыматына таянсак, учурда баардык райондордогу, Нарын шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептер толугу менен реалдуу режимде окуп жатышат.

МЕКТЕПТЕР РЕАЛДУУ РЕЖИМГЕ ӨТТҮ

— Облустагы 138 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 11685 бала тарбияланып жатышат жана аларга  779 тарбиячылар билим,тарбия берип жатышат. Бүгүнкү күндө облус боюнча Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор жана Нарын райондорундагы бала бакчалар кадимки режимде иш алып барышууда. Ал эми Ат-Башы районунда жана Нарын шаарында бала бакчалар аралыктан иш алып барышууда. Реалдуу режимде иштеп жаткан балдар бакчаларында баардык санитардык эрежелер сакталууда. Билим берүү жана илим министрлигинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин биргелешип иштеп чыккан COVID-19  илдети учурунда санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо боюнча биргелешип иштеп чыккан  алгоритмди сактоо менен окуу процесстери жүргүзүлүп жатат. Жугушсуздандыруучу каражаттар жергиликтүү айыл өкмөттөрү, мектептердин өз күчтөрү менен камсыздалып жатат. Мындан сырткары ар бир мектепке жана балдар бакчаларына ЮСАИД  тарабынан эки жолу жугушсуздандыруучу каражаттар жеткирилип, таратылды, — дейт жетекчи.

МЕКТЕПТЕР РЕАЛДУУ РЕЖИМГЕ ӨТТҮ

Нарын облусунун  жалпы билим берүүчү мектептеринде COVID-19 илдетинин  алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы токтому менен белгиленген санитардык нормаларды сактоо боюнча нускамага ылайык аткарылып жатат. Маселен,  облустагы баардык мектептерде  ар бир окуучу кирүү филтри аркылуу өткөрүлүп, температурасы текшерилип турат. Ар бир танапис сайын класстар желдетилип, дайыма нымдуу тазалоо иштери жүргүзүлүп, ар бир жуманын аягында мектептерде жугушсуздандыруу иштери жасалат. Окуучулар, мугалимдер жана техникалык кызматкерлер дайыма беткап кийип,  өздүк гигиенаны сактап жатышат. Мектептерде массалык чогулуу иш-чаралары өткөрүүгө тыюу салынган. Ашканаларда башталгыч класстарына тамак берүүдө санитардык нормаларды сактоо менен идиштер жуулуп, колдонулууда.

— Мектептерде ооруп калуу коркунучундагы 60 жаштан өткөн мугалимдер дайыма анализден өтүп турушат. Окуучуларга   пандемия учурунда өздүк гигиенаны сактоо боюнча окуучуларга мектептен класстык сааттар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Баардык мектептерде окуучулар, мугалимдер үчүн кол жуугучтар орнотулуп, санитайзерлер коридорлорго коюлуп, окуучулар жана мугалимдер дайыма өздүк антисептиктерин, беткаптарын запасы менен алып  жүрүшөт, — дейт К.Мамытов.

Ош облусу

Ош облусунда жалпы 547 мектеп бар. Анын ичинен, орто мектеп – 437, толук эмес орто мектеп — 58,  башталгыч мектеп – 32 жана жеке менчик — 20 бар.

— Азыркы күндө 539 мектепте толук реалдуу режимде жана сегиз мектепте алгоритм боюнча кээ бир класстар гана  окуп жатышат. Алар Өзгөн районунда 97 мектептин 95 мектебинде толук реалдуу режимде окуу жүрүүдө. Калган  эки мектепте алгоритм боюнча 1-4, 9-,11-класстар реалдуу режимде, калган класстар аралыктан  окутулууда. Өзгөн шаарындагы сегиз мектептин үч мектеби толук реалдуу режимде окуп жатышат.  Беш мектеп алгоритм боюнча,  эки мектепте 3-, 4-, 6-, 7-, 8-класстан башкасы толук окууда, ал эми үч мектепте 6-, 7-класстан башкасы толук окууда, — дейт Ош облустук билим берүү институтунун кызматкери Абдилажан Бөрүбаев.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер