“МЕКТЕПТЕР-2030”: ОКУУЧУЛАР МАТЕМАТИКАЛЫК ЭСЕПТӨӨЛӨРДҮ КОЛДОНУУ МЕНЕН ТАМЧЫЛАТЫП СУГАРУУ ЫКМАСЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ

  • 01.05.2024
  • 0

“Ага Хан” фонду Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге “Мектептер-2030” программасынын алкагында өлкөнүн 100 пилоттук билим берүү уюмдарына 5 500 000 сомдук заманбап жабдууларга жана окуу материалдарына сертификат тапшырды. Мектеп жана бала бакчалардын колдонуусуна өткөрүп бериле турган жабдууларга интерактивдүү панель, ноутбук, принтер, проектор, дрон, санарип микроскоп жана башкалар кирет. Бул жабдуулар климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн мугалимдер жана окуучулар тарабынан иштелип чыккан инновациялык чечимдерди ийгиликтүү ишке ашырууга багытталган.

“МЕКТЕПТЕР-2030”: ОКУУЧУЛАР МАТЕМАТИКАЛЫК ЭСЕПТӨӨЛӨРДҮ КОЛДОНУУ МЕНЕН ТАМЧЫЛАТЫП СУГАРУУ ЫКМАСЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ

Өткөн жумада Нарын облусу жана Нарын шаарынын программага тартылган билим берүү уюмдары алгачкылардан болуп бул жабдууларды колдоруна алышты. Алынган жабдуулар алар иштеп чыккан жаратылышты коргоо долбоорлорун ишке ашырууда колдонулат.

Нарын районунун Казан-Куйган айылында сууну сарамжалдуу пайдаланууну жайылтуу максатында Түгөл уулу Усупбек атындагы мектеп тарабынан «Aqua Club» экологиялык ийрими түзүлгөн. Окуучулар бул долбоордун алкагында мектепте тамчылатып сугаруу системасын орнотуп, математикалык эсептөөлөрдү колдонуу менен өсүмдүктөрдү эффективдүү сугарууну үйрөнүшүүдө. Мындан тышкары, ийримдин катышуучулары топурактын нымдуулугун сактоого жардам берүүчү альтернативалык сугаруу ыкмасы катары гидрогелди колдонуунун үстүнөн иш алып барышууда.

“МЕКТЕПТЕР-2030”: ОКУУЧУЛАР МАТЕМАТИКАЛЫК ЭСЕПТӨӨЛӨРДҮ КОЛДОНУУ МЕНЕН ТАМЧЫЛАТЫП СУГАРУУ ЫКМАСЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ

Ийримдин катышуучусу Асанова Айдеми мектепте 9-класстын окуучусу. Ал бул долбоорго катышканы көп нерсени үйрөнгөнүн жашырбайт.

“Мурун сууну коромжу кылып колдоно берчүбүз. Азыр ар бир айылда суу тартыштыгы маселеси жаралып жатканы баарыбызга белгилүү, андыктан бул курч маселени жоюу максатында тамчылатма сугаруу тууралуу маалымат алып, изилдеп чыгып, бакчабызга колдонууну туура таптык. Топтогу балдар, мындан сырткары, бак-дарактарды, өсүмдүктөрдү отургузууда нымдуулукту сакташ үчүн гидрогелди колдонгонду үйрөндүк. Аны өз алдыбызча изилдеп көрдүк. Гидрогель суу сиңип топурак кургаганда өсүмдүктүн тамырына ным берип турат. Ал беш жыл бою касиетин жоготпойт. Беш жылдан соң зыянсыз бөлүкчөлөргө айланат. Изилдөөбүздө топурактын ордуна да колдонсо болорун билдик. Мындан сырткары, экологияга, жаратылышка кам көрүүгө, коргоого, бири-бирибиз менен тыгыз, ынтымакта, биримдикте иштөөгө үйрөндүк”, – деген Айдеми мектеп айланасындагы бакча менен эле токтоп калбай, алган тажрыйбаларын айыл тургундары арасында жайылтып, аларга да маалымат берип, үйрөтүп жаткандарын кошумчалады.

“МЕКТЕПТЕР-2030”: ОКУУЧУЛАР МАТЕМАТИКАЛЫК ЭСЕПТӨӨЛӨРДҮ КОЛДОНУУ МЕНЕН ТАМЧЫЛАТЫП СУГАРУУ ЫКМАСЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ “МЕКТЕПТЕР-2030”: ОКУУЧУЛАР МАТЕМАТИКАЛЫК ЭСЕПТӨӨЛӨРДҮ КОЛДОНУУ МЕНЕН ТАМЧЫЛАТЫП СУГАРУУ ЫКМАСЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ

Биз барган убакта ийримде билим алган окуучулар көчөттөрдү отургузуу иштерин алып барышты. Көчөттөр отургузулган аймакка тамчылатып сугаруу системасы да орнотулганына күбө болдук.

“МЕКТЕПТЕР-2030”: ОКУУЧУЛАР МАТЕМАТИКАЛЫК ЭСЕПТӨӨЛӨРДҮ КОЛДОНУУ МЕНЕН ТАМЧЫЛАТЫП СУГАРУУ ЫКМАСЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ “МЕКТЕПТЕР-2030”: ОКУУЧУЛАР МАТЕМАТИКАЛЫК ЭСЕПТӨӨЛӨРДҮ КОЛДОНУУ МЕНЕН ТАМЧЫЛАТЫП СУГАРУУ ЫКМАСЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ

Долбоордун аркасы менен мектеп тамчылатып сугарууга керектүү жабдууларды жана 275 көчөт алганын директор Мирбек Абылов билдирди. Ал өлкөдөгү климаттын өзгөрүшүнө каршы туруктуулукту калыптандырууга багытталган бул саамалык “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүн колдоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 4-мартындагы №335/1 “Табиятты сактайлы” иш-чаралар комплексин өткөрүү жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 27-мартында №9484/1 буйругyнун алкагында ишке ашырылганын белгиледи.

“МЕКТЕПТЕР-2030”: ОКУУЧУЛАР МАТЕМАТИКАЛЫК ЭСЕПТӨӨЛӨРДҮ КОЛДОНУУ МЕНЕН ТАМЧЫЛАТЫП СУГАРУУ ЫКМАСЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ

“Биздин мектеп “Мектептер-2030” программасына катышканына быйыл 3 жылдын жүзү болду. Биринчи жылы “Жаш архитекторлор” ийрими менен эмеректер жаңыртылса, экинчи жылы “Сарамжал окуучу” ийримин киргизип, окуучулар өз колдору менен таза, табигый, жасалма кошулмасыз тамак-аштарды сунуштап, ашканабызда туура тамактануу программасын ишке ашырганбыз. Быйыл болсо минтип климаттын өзгөрүшүнө каршы иштер менен алекпиз”, – деди жетекчи.

“МЕКТЕПТЕР-2030”: ОКУУЧУЛАР МАТЕМАТИКАЛЫК ЭСЕПТӨӨЛӨРДҮ КОЛДОНУУ МЕНЕН ТАМЧЫЛАТЫП СУГАРУУ ЫКМАСЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ

Гүлзада Жангазиева жетектеген «Кайра иштетүү» дизайн командасы былтыркы “Сарамжал окуучу” ийриминин алкагында алынган машина менен иштеп чыккан көрсөтмө куралдарын көрсөтүштү. Мында окуучулар керектөөдөн чыккан материалдарга кайра экинчи жашоо берүүнүн үстүндө эмгектенишет. Команда буга чейин ар түрдүү паннолорду, сумкаларды, курактарды жасаган.

10-класстын окуучусу Букамбетова Фатима бул ийримге катышып сарамжалдуулукка үйрөнгөнүн,  мектеп дубалдарында илинип турган кыргыз элинин көркөм искусствосун чагылдырган паннолорго эч кандай акча кетпегенин айтып берди.

“МЕКТЕПТЕР-2030”: ОКУУЧУЛАР МАТЕМАТИКАЛЫК ЭСЕПТӨӨЛӨРДҮ КОЛДОНУУ МЕНЕН ТАМЧЫЛАТЫП СУГАРУУ ЫКМАСЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ

“Мисалы, бул дубалда илинип турган панно биздин эмгек. Аны жарабай калган материалдардан чогултканбыз. Эгер мектеп бул паннону сатып алганда 27 500 сомун коротмок. Биз бул акчаны үнөмдөп калдык. “Сарамжал окуучу” ийриминин пайдасы зор”, – деди Фатима.

“Мектептер-2030” программасынын арты менен Нарын облусу боюнча 17 мектептин жана 15 бала бакчанын материалдык техникалык базасы жакшыртылды.

“Мектептер-2030” – 10 мамлекеттеги 1000 мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарын камтыган 10 жылдык программа. Быйыл июнь айында программанын алкагында Глобалдык форум өтөт. Форумга 36 өлкөдөн 200дөн ашуун өкүл келип, Кыргызстандын тажрыйбасы менен таанышат.

Эльвира Какиева

Бөлүшүү

Комментарийлер