МЕКТЕПТЕГИ АТА-ЭНЕЛЕР ФОНДУ: АКЫРКЫ БҮТҮМ АЛДЫДА

  • 26.03.2021
  • 0

Мектептердеги ата-энелер фонду жөнүндө маселени бир жаңсыл чечүү боюнча билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин сөзү социалдык медиада бурмаланып кетип, көп талкуу жаратууда. Министрдин сөзүн туура эмес чечмелеп, жоромол-божомол менен көбүртүп жабыртып жаткандар көп болуп жаткандай. Ата-энелер фондусу жөнүндө маселени чечүүнүн жолдору каралып жатканын  Алмазбек Бейшеналиев «Марал» радиосунун «5+1» программасына берген маегинде айткан эле.

“Ата-энелер фонду боюнча министрлик май айына чейин толук көз карашын жарыялайт. Учурда бул боюнча анализдер жүрүп жатат. Бул маселени министрлик өзү чечип кое албайт. Өкмөткө сунуш киргизет жана ал өкмөттүн деңгээлинде чечилет”, — деп билдирген министр.

Алмазбек Бейшеналиев бул маселеде өтө кылдаттык керек экенин баса белгилеп, анын эки жолу каралып жатканын айткан. Сөз ата-энелер фондун мыйзамдаштыруу же таптакыр жоюу жөнүндө болгон. Демек, министрлик бул маселенин үстүнөн иштеп жатат, акыркы бүтүм али алдыда.

МЕКТЕПТЕГИ АТА-ЭНЕЛЕР ФОНДУ: АКЫРКЫ БҮТҮМ АЛДЫДА

Дегеле мектептердеги фонддордун ишине коомчулук эки түрлүү көз караш бар экени белгилүү.  Ата-энелердин бир даары мамлекетте билим берүү акысыз болгондуктан, мектептерге акча чогултуу мыйзамсыз иш деп каршы чыгып келатса, экинчи бөлүгү мамлекет мектептерди толук камсыздоого каруусу жетпей жаткандыктан мектепти өнүктүрүүгө өздөрү жардам бергенди туура көрөт, оорчулук кылбайт.

— Азыркы мектептердин абалын көрүп бооруң ооруйт. Фондду жоюп салганда, мектеп өнүгүү жагынан бир топ аксайт. Экинчи бир маселе, ошол бизден түшүп жаткан каражаттарды ачык-айкын көрсөтүп, даректүү жумшалып жатканы боюнча отчет берип туруу керек. Мисалы, биздин мектепте айына 450 сом чогултулат, мен аны нааразы болбой эле төлөйм. Себеби мектеп ата-энелердин жардамы менен өнүгүп жатат. Ар бир класста интерактивдүү такта, баардык шарттар түзүлгөн. Мектепке биз жардам бербегенде ким жардам берет? Чогултулган каражаттын кайда жумшалып жатканы боюнча фонддун төрагасынын отчетун угабыз, — дейт №24 мектепте баласын окуткан Ч.Кудайбергенова.

МЕКТЕПТЕГИ АТА-ЭНЕЛЕР ФОНДУ: АКЫРКЫ БҮТҮМ АЛДЫДА

Реалдуу карап көрсөк, чындыгында эле мамлекет бөлгөн каражат мектептин майда-чүйдөсүнө дегеле жетпейт. Мектеп жетекчилердин айтымында, мектепке эмнегедир жакшы жазылбаган борлор келет, пол жууганга тряпкалар, калай чака көпкө жетпейт.

— 2004-жылы мектепке ата-энелер бирдиктүү 100 сом төлөшчү. Ошол каражат мектептин баардык керектүү нерселерине жетчү. Ушул каражатты мектепте окуган балдардын 70% эле төлөсө, мектепти жакшынакай кармап турса болот. Биздин мектепте болгону 50 сом гана ушул майда-чүйдөлөргө өз ыктыярлары менен ата-энелер жардам берип жүрүшөт. Бирок баардык эле ата-эне бере койбойт. Биз дагы талап кыла албайбыз. Эгерде ата-энелер фонду мыйзамдаштырылса, анда 2004-жылдагы бирдиктүү төлөмгө келүү механизмин иштеп чыгуу зарыл, — дейт №21 мектептин директору Гайде Умарова.

Башка маселе, борбор калаадагы статустуу мектептерде ата-энелердин төлөмү жогору, т.а. 400-500 сомго чейин чогултулаарын айтылууда. Бул мектептерде күчтүү мугалимдерди кармап туруу үчүн атайын кошумча айлык акы ошол ата-энелердин фондунан каржыланат. Ошондуктан бул мектептин окуучулары республикалык олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлеп келатат.

— Чындыгында эле ар бир мектеп ачык-айкындуулукту камсыз кылуусу зарыл. Ар бир ата-эне баласына төлөгөн акчанын эсеп-кысабын так билиш керек. Маселен, Бишкек шаарынын  чет жакасындагы мектептерге 100 сомго жетпеген акча төлөшөт. Статустуу мектептерде көп акча талап кылынат. Ошондуктан баардык мектептерге бирдиктүү мыйзамдаштырылган төлөм киргизилсе, нааразылыктар жоюлмак. Ал үчүн Билим берүү министрлиги так механизмин иштеп чыгышы керек, — дейт бишкектин тургуну Назгүл Маматбаева.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим” 

Бөлүшүү

Комментарийлер