МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО: БЕЙМАЗА СУРООЛОР

  • 18.02.2021
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын 15-февралынан тартып 2021-2022-окуу жылына карата 1-класска «Балдарды мектепке электрондук каттоо» автоматташтырылган маалымат тутуму аркылуу кабыл алуу башталды.

МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО: БЕЙМАЗА СУРООЛОР

Статустуу мектептерде орун жок

1-класска электрондук каттоо башталаары менен Бишкек шаарындагы статустуу мектептерде орун жок калганына ата-энелер нааразычылыктарын билдире башташты.

Социалдык тармактарда нааразы болгон ата-энелер № 9, 13, 33, 61, 62 мектептердин тизмеде жок экенин айтышууда, ал эми Свердлов районундагы бир дагы мектеп тизмеге кирбегенин каттоонун биринчи күнүндө эле билдиришкен.

  • Кайрылуу үчүн сайтта жазылган телефон номерлеринин бири дагы жооп бербей жатышат. Ал эми статистиканы карасак катталгандардын саны көп, бош орундар аз калганы көрүнүп турат, — дейт министрликке даттанып келген ата-энелердин бирөө.

Свердлов району боюнча сайттагы статистикада орундар берилгени көрүнүп турат, бирок,  ошол эле кезде ата-энелер сайтка кире албай жаткандарын белгилешүүдө.

— Эмне үчүн микроучасткадан сырткары мектепке каттоону жүргүзүшпөйт? mektep.edu.gov.kg сайтына кире албай койдум.  Бирок миң сомго каттап берип жаткан бир фирма эмнегедир бат эле сайтка кирип, каттап берүүдө. Алар ата-энелер тайпасына жарнамасын жайнатып жиберди, — дейт дагы бир ата-эне.

Сайтка катталуу машакаттуу иш болуп жатканын 1-Май райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Рахат Мусаева да ырастады.

  • Биз болгону кантип катталуу керек экени тууралуу түшүндүрмө берип жатабыз. Катталуунун биринчи күнүндө түнкү саат 00.00. сайтка биз дагы кире албай койдук. “Соцсервиске” чалсак, киши абдан көп болгондугуна байланыштуу деп түшүндүрүштү. Баардык суроолор боюнча сайтта катталган  0312887199, 0500887199, 0222887199, 0990887199 телефондорго чалуу керек , — дейт адис.

«В 00.00 mektep.edu.gov.kg сайтына кирип катталдым. Баардык керектүү документтерди тиркедим. Биринчилерден катталдым деп сүйүндүм. Бирок эң акыркы баракчасына кирсем, биз каалаган мектепте орун жок деп чыкты. Бул кандай? Болгону 00.02 эле болду. Эки минутанын ичинде баардык орундарды ээлеп алууга болбойт. Же болбосо каттоо эрте башталган, бизге айтышкан эмес. Же тааныш аркылуу киргизишкен”, — деп жазды “Фейсбукка” Бишкектен Алмаз Жунусов.

Каттоо системасынын бедели түштүбү?

МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО: БЕЙМАЗА СУРООЛОР

Бишкек шаарында 1-класска электрондук каттоо системасы быйыл үчүнчү жыл иштеп жатат. Бирок биринчи күндөн тартып эле каттоо учурунда бир топ түшүнүксүз маселелер чыккан. Сайтка кире албай, кирсе каалаган мектепте орун жок болуп, бир топ ызы-чуу болгон. Азыр деле ошол маселе актуалдуу болуп турат.

  • Бул долбоор мектептерге кабыл алуудагы коррупцияны жоюу максатында ачылган эле. Бирок былтыртан бери белгилүү бир квота киргизилген. Мектеп директорлорунун пикиринде, ар бир бала билим алуу укугуна эле эмес, мектеп тандоого да укугу бар. Ошентип алар мектептин аймагында жашаган гана эмес, алгач электрондук каттоодон өткөндөрдү дагы кабыл алышат. Бул чыр-чатакка алып келүүдө. Анткени биринчи кезекте мектептин аймагында жашаган балдарга артыкчылык берилиши керек, — дейт  “Балдардын укугун коргоо лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова.

Баса, 2021-2022-окуу жылына карата балдарды 1-класска кабыл алуу Бишкек шаарынан сырткары Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарларынын мектептеринде жүргүзүлүп жатат.

 “Мектепке электрондук каттоо” акысыз

Ата-энелердин эсине сала кетсек,  “Мектепке электрондук каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүүнүн негизги максаты — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы берүү уюмдарынын 1-классына кирүүдө балдарды каттоо, эсепке алуу жана маалыматты иштеп чыгуу, ошондой эле ар бир баланын башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим алууга тең укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо, балдарды мектепке киргизүүдө коррупциялык схемаларды минималдаштыруу болуп саналат.

  • “Мектепке электрондук каттоо” АМС мамлекеттик билим берүү кызматын ишке ашыруу үчүн акысыз программалык продукт болуп саналат. Мектеп жашына жеткен (6-7 жана андан жогору жаштагы), жалпы билим берүү уюмуна жакын жайгашкан территорияда жашаган/жашабаган балдар “Мектепке электрондук каттоо” АМС аркылуу биринчи класска кабыл алынат. Система мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин администрациясына мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө милдеттүү болуп саналат. Мектеп курагына жеткен (6-7 жаш жана андан жогору) баардык балдар (Кыргыз Республикасынын көмөкчү мектептеринде жана класстарында окуган балдарды кошпогондо) «Электрондук каттоо» АМС каттоодон өтүп, алардын билим деңгээлине карабастан биринчи класска дайындалат. Бул жерде эч кандай тест тапшырылбайт, — дейт А.Кусеинова.

Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү – арыз ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

—   мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмунун биринчи классында орун алуу үчүн учурдагы жылдын 15-февралынан 15-августуна чейин онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg сайтында мектеп жашына жеткен (6-7 жана андан жогору жаштагы) баланы “Мектепке электрондук каттоо” АМСте каттоого;

—  баланы биринчи класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алган күндөн баштап, учурдагы жылдын 5-сентябрынан кечиктирбестен, мамлекеттик жана муницпалдык жалпы билим берүү уюмуна тиешелүү тастыктоочу документтерди берүүгө милдеттүү.

— “Мектепке электрондук каттоо” АМС программалык деңгээлде кийинки мыйзамдуу жеңилдикке ээ жарандарга артыкчылык берет:  аскер кызматчыларынын балдары, үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча; тийиштүү маалымкатты берүү менен Кыргыз Республикасына көчүп келген, Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдары. Ошондой эле, Каракол, Нарын, Талас, Баткен жана Кара-Суу шаарларындагы мектептерде 2021-2022-окуу жылына карата балдарды 1-класска кабыл алуу 15-апрелден 15-августка чейин «Мектепке электрондук каттоо» АМС аркылуу жүргүзүлөт.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Маалымат үчүн (17-февралга карата):

Бишкек шаары

Ленин  районундагы мектептерге 6020 орун берилсе, анын 2990 окутуу кыргыз тилиндеги мектептерге берилип, учурда 2502 өтүнмө түшкөн. Окутуу орус тилиндеги мектептерге -3030 орун, 2278 өтүнмө катталган. Мектеп аймагында жаашагандар – 2691. Учурда – 634 өтүнмө каралып жатат, анын ичинен 527 өтүнмө канаттандырылып, учурда тогуз бала мектепке киргизилди. 89 өтүнмөдө ар кандай кемчиликтер катталаган.

Октябрь району боюнча – 3122.  Окутуу кыргыз тилиндеги мектептерге  — 1094, түшкөн өтүнмө – 923. Окутуу орус тилиндеги мектептерге – 2028, өтүнмө – 913. Мектеп аймагында жашагандар – 1316. Кароодо – 572, канаттандырылды – 651.

1-Май районунда – 3409. Окутуу кыргыз тилиндеги мектептерге   — 1513, өтүнмө – 1222. Окутуу орус тилиндеги мектептерге – 1896, өтүнмө – 964. Мектеп аймагында жашагандар – 1597. Кароодо – 893, канаттандырылды – 296.

Свердлов районундагы мектептерге – 4262. Окутуу кыргыз тилиндеги мектептерге —  2036, түшкөн өтүнмө – 1851.  Окутуу орус тилиндеги мектептерге —  2226, өтүнмө – 1009. Мектеп аймагында жаашагандар – 2055. Кароодо – 270, канаттандырылды – 1013.

Ош шаары

Ош шаары боюнча 8735 квота берилген.  Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерге  1485 орун берилсе, учурда 1451 өтүнмө кабыл алынган. Орус тилдүү мектептерге — 6360 орун берилген, учурда  6303  өтүнмө түшкөн. Окутуу өзбек тилиндеги мектептерге 890 орун берилсе, 889 өтүнмө түшкөн. Мектептин аймагында жашагандар – 5630. Акыркы маалыматтарга таянсак, 54 өтүнмө каралып, анын ичинен 34 канаттандырылган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер