«МЕКТЕП ЖАНЫНАН ЫЛДАМДЫКТЫ АЗАЙТ»

  • 02.06.2022
  • 0

Жол коопсуздугунун аракет апталыгынын соңку иш-чарасы Бишкектеги №5 мектеп-лицейинде өттү.«МЕКТЕП ЖАНЫНАН ЫЛДАМДЫКТЫ АЗАЙТ»

3-класстын окуучулары жана жол кыймылынын жаш инспекторлору командасы “Көчөлөр адамдар үчүн 30 км/сааттан баштаңыз” аттуу флешмоб өткөрүштү.

18-майда окуу жайлардын жанында ылдамдыкты азайтуу чаралары жөнүндө талкуу Бишкек мамлекеттик университетинде болду. Ага Кыргызстандын Ички иштер жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол коопсуздугун караган жетекчилери, коомдук активисттер катышты.

«Биз маселе карап, керектүү чараларды көрөбүз. 2022-2023-окуу жылында пилоттук түрдө мектептин жанындагы ылдамдыкты 30 км/с менен чектөө кылсак болот деп ойлойм», — деди Бишкек шаарынын жол кайгуул башкармалыгынын башчысы, подполковник Алмаз Исаков.

Андан бир күн мурда ылдамдыкты азайтууга чакырган флешмоб акция баш калаадагы №67 мектеп-гимназиясында өткөн.

Ошондой эле окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында лекция, семинар, тренинг жана дебаттар уюштурулду. Мектептин айланасындагы жолдо балдардын жол белгилерин туура таанып билүүсү үчүн окуулар жүргүзүлдү.«МЕКТЕП ЖАНЫНАН ЫЛДАМДЫКТЫ АЗАЙТ»

“Жол коопсуздугун камсыздоо кызматы менен жолугуп,
2022 -2023-окуу жылына карата мектептердин жанындагы ылдамдыкты саатына 30 кмге азайтуу аракетин пилоттук түрдө ишке ашыралы деген максат менен бул иш-чараны өткөрүп жатабыз”, — деп билдирди «Жол коопсуздугу» коомдук бирикмесинин директору Чынара Касмамбетова.

Балдарды үндөө жана алардын коопсуздугун бекемдөө максатында салттуу түрдө окуучуларга жана катышуучуларга чагылдыруучу билериктер таратылды.

Бүгүнкү күндө жол кырсыктары балдардын жана жаштардын өлүмүнүн негизги себептеринин бири болуп жатат. Саатына 30 км ылдамдыктагы унаага урунган бала аман калышы мүмкүн, бирок саатына 80 км ылдамдык менен алып учуп келаткан унаага урунгандын көбү каза табат.

Өкмөттүк эмес уюмдардын Глобалдык альянсы тарабынан жарыяланган “Аракет жумалыгы” Бишкекте 16 -майда башталып, 20-майга чейин созулду. Аракет жумалыгынын максаты — кишилер көп жашаган, баскан жана ойногон жерлерде унаа ылдамдыгын 30 км/с азайтууга чакыруу, мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун иш-аракетин бириктирүү болду.

Окуучулар жана уюштуруучулар биргеликте айдоочуларды ылдамдыкты азайтууга, жол кыймылына катышкан бардык тараптарды коопсуздук үчүн жооптуу болууга жана акцияны колдоого үндөштү.

2020-жылы жол кырсыгынан 93 баланын өмүрү кыйылды, өткөн жылдын он айында 78 бала. Жол кырсыктары пандемияда гана азайган, карантин бүткөндөн кийин кайрадан өсө баштады. Жол кырсыктарынан каза тапкандардын тең жарымы жөө адамдар.

Дүйнөдө жыл сайын жол кырсыктарынан 1,3 млн адам каза таап, 50 млн адам жаракат алууда. Кыргызстанда каза тапкандар жылына 700 чамал, жаракат алгандар тогуз-он миңге чаап барат.

Жол кырсыктарынын себептери толтура, эң оболу ээнбаш айдоочулар, жол коопсуздугун караган мамлекеттик кызматтарды чырмаган коррупция, көрмөксөн кайдигер мамиле.

Жол кырсыктарын азайтуунун комплекстүү чаралары каралган стратегиялык документтин долбоору жазылып бүткөнүнө он жылдай болуп калды, ошондон бери ал мамлекеттик органдарды айланып жүрүп унутулуп да калды. Жол коопсуздугун караган өкмөттөгү координациялык кеңештин да бар экени билинбейт.

Жол кырсыктары көп адамдардын өмүрүн да кыйып, ошону менен катар өлкөгө оңбогондой зыян алып келүүдө. Эксперттер жол кырсыктарындагы жоготуулар өлкөнүн ички дүң продуктусунун он төрт пайызына барабар экенин эсептеп чыгышкан.

Мээркан Садыбакасова,
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти

 

Бөлүшүү

Комментарийлер