МЕКТЕП ТАРТЫШТЫГЫ: ЖЫЛЫНА 24 МЕКТЕП САЛУУ – МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

  • 15.09.2022
  • 0

Кыргызстанда 2025-жылы калктын саны акыркы 74 жылда болуп көрбөгөндөй өсөт. БУУнун мына ушундай расмий маалыматтары боюнча 2028-жылы бала бакчалардын, 2032-жылы мектептердин жүгү мындан да оорлойт.

Өлкө боюнча азыркы учурда 220 мектептин курулушу кызуу жүрүүдө. Курулушчулар Президенттин 2022-2023-окуу жылында 25 билим берүү объектисин пайдаланууга берүү тапшырмасын аткаруу үчүн күнү-түнү бел чечпей иштеп жатат. Россия Федерациясынын жардамы менен тогуз мектеп, Сауд өнүктүрүү фонду куруп жаткан 27 мектептин сегизи 2022-жылдын аягына чейин ишке берилмекчи.

МЕКТЕП ТАРТЫШТЫГЫ: ЖЫЛЫНА 24 МЕКТЕП САЛУУ – МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

Министрликтин мына ушундай оптимисттик маалыматтарына карабай, азыр мектептердин жетишсиздигинен балдар үч нөөмөттө окуп жаткан 136 мектеп жана авариялык абалдагы 245 мектеп бар.

“БУУнун изилдөөсү боюнча, 2028-жылы Кыргызстанда калктын эң көп өсүшү күтүлөт. Буга байланыштуу жылына 24 мектеп салышыбыз керек. Мектеп куруу маселеси Президенттин тапшырмасы менен акырындап чечилип келе жатат. Бирок Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол сыяктуу шаарларда дагы эле мектеп маселеси курч бойдон калууда. Аны чечүү үчүн активдүү иш алып барып, Дүйнөлүк банк жана ар кандай өнүктүрүү банктары менен иштешүүнү улантышыбыз керек”, — деди Алмазбек Бейшеналиев.

Министр жогоруда белгилегендей, калк жыш жайгашкан шаарларда мектеп курагындагы балдардын саны жылдагыга караганда, быйыл көп экендиги байкалат. Ата-энелер борбор калаабыздагы айрым мектептерде бир класста 50дөн ашык окуучу отургандыктан, класстарда санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо кыйынга туруп жатканына кабатырланып жатканын билдирүүдө.

Билим сапаты бардык мектепте бирдей болууга тийиш

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жакында эле балдардын саны 177 миң болсо, жаңы окуу жылында окуучулардын саны 180 миңге жеткенин айтты.

— 2022-2023-окуу жылында мектептин курулушу активдүү жүрүп жатканы маалым. Жаңы окуу жылында жаңы конуштарда курулган жаңы мектептер ишке берилди. Көпчүлүк мектептерде кошумча имараттар курулуп, ал да толук пайдаланууда. Президенттин тапшырмасы менен Бишкекте 15 мектеп жана кошумча имараттар, бир бала бакча курулуп жатат. Андан тышкары, ылайыктуу бөлмөлөрдүн баарын бошоттуруп, окуу кабинеттерине айландыруунун эсебинен класс комплекти көбөйтүү жолдорун караштырып жатабыз. Ушунун баары билим берүү мекемелеринин жүгүн акырындап жеңилдетүүгө жардам бермекчи, — дейт ал.

Вице-мэр Бишкекте ата-энелердин баары окуткусу келген он чакты мектеп бар экендигин, ошондой статустуу мектептерде ырасында эле балдардын саны аябай көп болсо, кээ бир мектептер бир эле нөөмөттө окутуп жаткандыгын кошумчалады.

— Мектептерде орун жетишпей жатканы ырас. Бирок мындай көрүнүш шаардагы бардык эле мектептерге тиешелүү эмес. Адатта, статустуу мектептерде балдардын саны пландалгандан ашык болот. Биз ошондуктан ата-энелер балдарын бардык мектепке ойлонбой эле киргизе ала тургандай кылып, ар бир мектепте билим сапатын жогорулатууга аракеттенишибиз керек. Учурдун көңүл чордонундагы эң орчундуу маселеси – бул мектептеги билим сапатын жогорулатуу. Ата-энелер, коомчулук мектепти тандоодо окуучуларынын олимпиадалардагы ийгиликтерине, ОРТдагы алдыңкы көрсөткүчтөрүнө карайт. Ошондон уламбы, ата-энелер балдарын катардагы мектептерге бербей, алыс болсо да статусу жогору мектептерге алып жөнөшөт. А бирок ошол эле учурда эч кандай жетишкендиктери жок кээ бир мектептерге балдарын окуткусу келген ата-энелер да бар. Биз мына ушундай кызык кырдаалды изилдеп жатабыз, — дейт В.Мозгачева.

МЕКТЕП ТАРТЫШТЫГЫ: ЖЫЛЫНА 24 МЕКТЕП САЛУУ – МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

 

Ата-энелер балдарын алдыңкы мектепте окуткусу келгенинде айып жок. Ар бир ата-эне класста орун көп, балдар батпай жатат деген жүйөлөргө карабай, ар кандай жолдор менен мээлеген мектебине балдарын орноштурууга кызыкдар. Бул эч кимге жаңылык деле эмес. “Класстарда балдардын көптүгүнөн балдарыбыз аба жетпей думугуп жатат, отургуч жетпей туруп окуп калышты” деп доомат койгондордун көбү ушундай кырдаалдын болорун билип туруп эле тааныштан тааныш салып отуруп, балдарын өздөрү каалаган мектепке жетелеп барып отургузуп койгондор экени да жашыруун эмес. Ошол эле учурда балдардын саны пландалгандан ашык болгондуктан, мектептерге бөлүнгөн каражаттар (мисалы, ошол эле стол, отургуч, бор ж.б.) жетишпей, мектеп кокустан кошумча тыйын чогултууга мажбур болуп калса, “мектеп акча талап кылып жатат” деп капа болуп, туурадан чыга калган да ошол эле ата-энелер, тилекке каршы…

Статусу бар мектептердеги орун тартыштыгы темасын улай,  балдарды чын эле мыкты окутушабы деген чакан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, ата-энелердин жооптору ар түрдүү болду. Бир кызы статустуу мектепте, бир баласы катардагы эле мектепте окуган Гүлмира айым балдарынын окуудагы жетишкендиктери тууралуу мындайча ой бөлүштү.

— Менин кызым Бишкектеги статусу бар мектептердин биринде окуйт. Былтыр кийинки уулумду ал мектепке киргизе албай, үйүбүзгө жакын жердеги катардагы эле мектепке киргиздик. Баламдын мугалими тез-тез алмашып, окууга көңүлү келбей, айтор 1-классты начар аяктады. Чын эле орто заар мектепте абал ушундай болот турбайбы деп ындыбыз өчө түшкөн. Быйыл болсо, мына, окуп баштаганына жарым ай боло элек, күндө “беш” деген бааларды алып келип жатат. Себеби, жаңы мугалим келиптир. Балам кадимкидей дилгирленип окууга кызыга баштаганы байкалат. Ошондон улам көп нерсе мугалимге көз каранды болот окшойт деп ойлоп калдым. Ал эми статусу жогору мектепте окуган кызым укмуш ийгиликтерди жаратып жатат деп да мактана албайм. Убактыбыз тартыштыгынан, башталгыч класста окуп жүргөндө мугалимине кошумча даярдатып, акча төлөп окутканбыз. Быйыл 5-класс болуп калды, алигиче жадыбалды жатка билбейт,” – дейт.

Ата-эне качан мугалимге өнөктөш боло алат?

Класста балдар көп болсо, мугалим ар бирине көңүл бура албай, балдардын билим сапаты төмөн болуп калат деп кабатырланган ата-энелер, бирок балдарын башка мектептерге берүүнү каалабайт. Анын да бир нече себептери бар. Бишкек шаарынын тургуну Айша Исмаилова небересин мектепке орноштурууда жеке эле статусу бар мектепти эмес, жашаган жерине жакын болгонуна да көңүл бурган.

— Биз Бишкек шаарында турганыбыз менен, жашаган жерибиз Аламүдүн районуна жакын жайгашкан. Неберемди ушул мектепке берген биринчи себеби — бул мектеп райондогу эле эмес, шаарлардагы алдыңкы мектептерге тең тайлашкан жакшы мектептердин катарында. Экинчи себеби балдарым да, кыздарым да ушул мектептен билим алышкан, мугалимдерин да жакшы билебиз. Дагы бир маанилүү себеби — үйүбүзгө жакын, неберемди мектепке алып барып келүүгө мага аябай ыңгайлуу. Эми бизди тынчсыздандырган бир жагдай – классында балдардын саны аябай көп. Мугалими 1-класска жаңы барган баланын ар бирине келип, калем сапты туура кармаганды, туура жазганды көрсөтүп, өзгөчө көңүл бурушу керек. Анан балдардын саны ушундай көп болсо, кайсы бирине жетишет деп башым маң. Ошондуктан ата-энелер балдарын үйдө көбүрөөк окутуп, мугалимге жардамчы, өнөктөш болушу керек, — дейт.

МЕКТЕП ТАРТЫШТЫГЫ: ЖЫЛЫНА 24 МЕКТЕП САЛУУ – МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

Айша чоң эне мойнуна алып жаткандай, чындыгында балдарга билимди мугалим гана берүүгө милдеттүү деп, мугалимдерге жүгүн арткан ата-энелер көп. Баласынын тамак-ашын белендеп, кийимин кийгизип, жакшы мектепке жетелеп барып киргизип койгону менен өз милдетин аткардым деген ой, албетте, натуура ой деп, сөзүн улады.

— Мен өзүм 40 жылдан ашык мектепте мугалим болуп иштеп, эс алууга чыккан ардагер мугалиммин. Менин көз карашымды кийинки жаштар эскирген көз караш деп эсептеши мүмкүн. Ошентсе да айтарым, жаш ата-энелердин басымдуу көпчүлүгү балдарын тарбиялап өстүрүүнүн материалдык жагы менен гана чектелип жатышкандай. Балдарына заманбап чөнтөк телефон сатып берип, үйүнө компьютер коюп берип, мектебине машина менен ташып барып койгону албетте, жакшы көрүнүш. Арийне, бул бала багуунун сырткы гана камкордугу деп айтар элем. Эң мыкты деген ата-энелер балдарын кошумча билим берүүчү ийримдерге алып барышат, бул ата-энелердин убактысын үнөмдөгөнү менен, ал  да жетишсиз. Себеби, балдар менен сүйлөшүп, баарлашуу керек. Ата-энелердин убактысы тартыштыгынан, окутмак тургай, эркелетип пешенесинен сылаганы сейрек көрүнүш болуп калды. Ушул чоң көйгөй. Мен бул жерде ата-энелери, айрыкча, энелери эмгек мигранты болуп жүргөн балдар жөнүндө сөз кылганым жок. Ал өзүнчө чоң тема. Биз, ата-энелер, чоң ата, чоң энелер ушул маселе боюнча коомчулукка көбүрөөк коңгуроо каксак жакшы болот эле. Балдарыбыз билимдүү, тартиптүү, ыймандуу болуп чоңоюшуна биринчи кезекте ата-энелер кызыкдар болуп, кам көрүүгө тийишпиз да. Балага үйдөн жетиштүү мээрим төгүп, маанайын сурап сүйлөшүп, керек учурда сырдашып дегендей, балдардын ички жан дүйнөсүнө жакын болушубуз абзел, — дейт ардагер мугалим.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер