МЕКТЕП ТАМАГЫ ОКУУЧУЛАРДЫН ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДАЙТ

  • 12.11.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Индустриалдык тамактануу институту  менен биргеликте “Мыкты мектеп ашпозчусу” сынагын эки жылдан бери өткөрүп келатат.  Аптада “Мыкты мектеп ашпозчусу – 2021” сынагы жыйынтыкталып, алдыга Талас облусунун  Манас районуна караштуу Май айылындагы Шабданбек Кочкорбаев атындагы орто мектептин ашпозчусу Назгүл Алыбаева эң мыкты деп табылды. Ал 25000 сомдук сертификат, микроволновка, Ардак грамота менен сыйланды.

МЕКТЕП ТАМАГЫ ОКУУЧУЛАРДЫН ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДАЙТ

Сегиз ай аралыгында 57 мектептин ашпозчулары күч сынашып, финалга чыккан беш ашпозчу  Бишкектеги «Orange» кулинардык студиясында өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

МЕКТЕП ТАМАГЫ ОКУУЧУЛАРДЫН ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДАЙТ

Финалга чыккан конкурсанттар үч баскычта таймашышты. Ириде даярдап коюшкан тамактарын презентациялашты, экинчи баскычта 30 мүнөттүн ичинде салат, суусундук даярдашты. Үчүнчү этапта тамак-ашка байланыштуу суроолорго жооп беришти.

МЕКТЕП ТАМАГЫ ОКУУЧУЛАРДЫН ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДАЙТ

Финалдык турдун жыйынтыгы боюнча 2-орунду Ысык-Көл облусунун М.Элебаев атындагы №10 орто мектептин ашпозчусу Максатбек Кожокеев камсыздап, 15000 сомдук сертификат, электр эт туурагыч, Ардак грамота менен сыйланса, 3-орунга  чыккан Талас облусунун  Султаналы уулу Кушубак атындагы орто мектептен Гүлсада Батырбекова 10000 сомдук сертификатка, жеке призге жана Ардак грамотага татыктуу болду. Ал эми 4-орунду – Айша Губарова  (В.И.Ленин атындагы орто мектеп, Чүй облусу), 5-орунду – Инаят Курбаналиева (Бурхан Набиев атындагы орто мектеп, Баткен облусу) ээледи. Бул ашпозчулар 5000 сомдук сертификат, блендер, Ардак грамота менен сыйланышты.

МЕКТЕП ТАМАГЫ ОКУУЧУЛАРДЫН ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДАЙТ

Өлкөнүн булуң-бурчунан мелдешке катышууну каалаган ашпозчулар алгач кантип бул кесипти тандаганы тууралуу баяндарын жөнөтүшкөн. Экинчи баскычта калыстар тобу ашпозчулардын бул кесипти кантип тандап алганы тууралуу мыкты аңгемелерин аныктаган. 35 мыкты ашпозчу тандалып, мектеп менюсуна жаңы рецептти иштеп чыгышкан болчу. Алардын арасынан эң чыгармачыл беш рецептти түзгөн ашпозчулар финалдык турга өтүшкөн.

Бул конкурс мектеп окуучуларынын ысык тамагын даярдоодо жана тейлөөдө өз өнөрлөрүн көрсөтүп келген мектеп ашпозчуларынын эмгегин даңазалоо, ошондой эле өлкөнүн келечеги болгон балдардын туура тамактануусунун маанилүүлүгүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштурулуп келет. Мектеп ашканаларында даярдалган даамдуу тамак-аш коомчулукта тамактануу маданиятын тарбиялайт.

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен бирге жүргүзгөн акыркы изилдөөсүнө ылайык, туура эмес тамактануу кыргызстандыктардын ден соолугуна кедергисин тийгизген негизги фактор бойдон калууда.

Мектеп ашпозчуларынын мелдеши Улуттук мектеп тамак-аш программасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Программа өлкө боюнча 800дөн ашуун мектептеги 220 миңден ашуун баштапкы мектеп окуучуларын сапаттуу тамак менен камсыз кылууда.

Белгилей кетсек, 2013-жылдан бери Россия Федерациясынын финансылык колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги  Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Индустриалдык тамактануу институту менен биргеликте Мектепте тамактанууну жакшыртуу программасын ишке ашырып келе жатат. Бул программа улуттук жана жергиликтүү бийликтин, коомчулуктун жана донорлордун колдоосу менен кеңири таанылган демилге болуп саналат.

Надира Жусупбекова, Билим берүү жана илим министринин орун басары:

— Мектепте тамактандыруу балдардын окуусуна көмөктөшөт жана алардын ден соолугун чыңдайт. Улуттук программанын пайдасы мектептен тышкары да байкалат. Ар бир мектепте ашкана бар, анын жанында кол жуугучтар муздак, ысык суусу менен орнотулган. Ашкананын ичи заманбап жабдыктар менен камсыздалган.  Ашпозчулар компетенттүү болуш үчүн алардын кесиптик квалификациясын жогорулатуу боюнча курстарды уюштуруп жатабыз. Атайын план иштелип чыккан. Ошол план боюнча 2021-жылдын аягына чейин өнөктөштөр менен биргеликте 735 мектептин ашканалары  заманбап жабдыктар менен жабдылат. Мунун эмне кереги бар деген суроо жаралышы ыктымал.

Жаңы өсүп келе жаткан окуучулар  туура тамактанса, алардын окуудагы жетишкендиктери абдан ийгиликтүү, жемиштүү болот. Муну көп окумуштуулар эбак эле  далилдешкен.

Билим берүү жана илим министрлиги ар бир мектепте ашпозчунун штаттык бирдигин ачып, анын айлык акысын чечип, экинчиден, алардын  квалификациясын жогорулатуу үчүн атайын курстарын ачып, аны апробациялап, дегеле ашпозчулардын компетенттүүлүгү абдан жогору болуу үчүн бир топ аракеттерди жасап жатабыз. Анткени жөн эле тамак жасап коюу эмес, бул жерде технологияны туура колдонуп, балдардын өсүп келаткан организмине  пайда келтирүү керек. Ашпозчулар  абдан компетенттүү болуш үчүн жыл сайын аларга мотивация берип туруучу сынактарды өткөрүп келебиз. Бул абдан кызыктуу конкурс. Калган мектептерди дагы жакынкы аралыкта таза суу, ысык, муздак суу, заманбап жабдык жана компетенттүү ашпозчулар менен камсыздашыбыз керек. Бийик тоолуу райондогу мектептердин окуучулары күнүгө он сомго тамактанышат, калгандарыныкы жети сом. Бул каражатты мамлекет бюджеттен бөлүп берет. Бирок ошону менен чектелип калбай, жергиликтүү фермерлер, ата-энелер ар бир региондо кандай азык-түлүктөрү кенен болсо, балдардан аянбай  камсыздап турушат. 65%  ашык мектептерибиздин алдында өз чарбалары бар. Ошол жерден алынган азык-түлүктөр да  ашканага берилет.

 Майкл Хаггинс, Кыргыз Республикасындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директорунун милдетин аткаруучу:

— Мектеп жөн гана билим ала турган жай эмес, ал – келечектеги коомчулуктун тиреги болгон жарандарды тарбиялайт. Мектептерде балдарды ар түрдүү азыктар менен камсыз кылуу дени сак жарандарды калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан ары да бул ишти уланта беребиз. Мектептердин ашканаларын оңдоп, жабдыктарды алып берип, ашпозчуларды туура тамак жасаганга үйрөтүп, витаминдерге бай азыктарды  окуучуларга жеткирип ж.б.у.с. Кыргыз Өкмөтү ушул ишке чоң салым кошуп жатат. Ошону менен бирге ата-эненин ролу дагы зор. Акча жетпей калган учурда  ата-энелер коомдук фонддор аркылуу  балдарынын тамактанышына жардам берип жатышат.

Кыргызстан өтө күчтүү мамлекет. Мен баардык мамлекеттерде болгом, Азия, Латын Америкада ж.б. мектептеги тамактандырууну көргөм. Кыргызстанда мектеп тамак-аш программасы Өкмөттүн колдоосу менен абдан жакшы ишке ашырылып жатат. Билим берүү жана илим, Саламаттыкты сактоо министрликтеринин жогорку деңгээлде иштеши, эң башкысы Россия Федерациясынын каржылык колдоосу (SIFI) менен программанын иши алдыга жылып жатат. Биздин максатыбыз – келечекте күчтүү жана акылдуу муунду өстүрүү. Биринчи орунга чыккан Назгүлдүн туура тамактандыруу боюнча билими мени абдан таң калтырды. Микро, макроэлементтердин билиши, кайсы тамакка эмнени кошуу керектигин айтканы кубандырды.

Назгуль Алыбаева, “Мыкты мектеп ашпозчусу – 2021” сынагынын жеңүүчүсү, 1-орун:

МЕКТЕП ТАМАГЫ ОКУУЧУЛАРДЫН ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДАЙТ

— Сынакка сунуштаган улуттук тамак — оромо быштак менен. Бул тамакты жасаарда сабиз, пияз, колдо жасалган сары майды колдондум. Бул тамактын өзгөчөлүгү — балдардын өсүп-өнүгүүсүнө, ден соолугунун чың болушуна зор пайдасын тийгизет. Сары май балдарга  күч-кубат берет. Сабак учурунда чарчоону сезишпейт. Быштакта кальций, магний, цинк витаминдери көп. Балдардын организмине чоң өбөлгө болот. Тамакты даамдуу жасап коюп тим болбостон, витаминдерин сактап жасаганга аракет кылышыбыз керек. Мындай тамакты мектепте эле жасай бербей, бала бакчада, үйдө да жасаш керек деп ата-энелерге айтам. Биздин мамлекеттин көйгөйү — бул авитаминоз. Аны жоюу максатында балдарга витаминдүү, пайдалуу тамактарды бат-бат жасап беришибиз керек.

Зарина Токтоболотова, Индустриалдык тамактануу институтунун өкүлү:

— Бул сынак экинчи жыл өтүп жатат. Баардык мектеп ашпозчулары катышат. Сынак ашпозчунун чыгармачылык менен иштешине мотивация берет. Булар күнүгө балдарга таттуу тамак жасап берүү менен аларга кубаныч тартуулашат. Ашпозчулар келечек муундун ден соолугунун чың болушуна чоң салым кошуп жатышат.

Маалымат үчүн:

2013-жылдан бери Орусия Федерациясынын каржылык колдоосу менен КР Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Индустриалдык тамактануу институту менен биргеликте Мектепте тамактанууну жакшыртуу программасын ишке ашырып келет. Бул программа улуттук жана жергиликтүү бийликтин, коомчулуктун жана донорлордун колдоосу менен кеңири таанылган демилге.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 2020-жылдын Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси. Өзгөчө кырдаалдарда өмүрлөрдү сактап, чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүлөрдөн буттарына туруп келе жаткан адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм. “Эң мыкты мектеп ашпозчусу” сынагы Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП), Кыргыз    Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Индустриалдык тамактануу институту (SIFI) тарабынан колдоого алынды.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер