МЕКТЕП РЕФОРМАСЫ – БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ТАРЫХЫЙ БУРУЛУШ

  • 12.04.2022
  • 0

Кыргызстандын билим берүү тармагы, анын ичинде мектептеги билим берүү зор өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Алдыдагы өзгөрүүнүн максат-мүдөөсү эмнеде, агартуучулар кандай жаңылыктарды күтүүдө, ушуга көз жүгүртүп көрөлү.

Кеп башынан айтып койгонубуз туурадыр. Тоолуу өлкөбүздө мектеп реформасынын зарылдыгы тууралуу ойлор бир күндө эле жарала калган жок. Айрыкча, 2006 жана 2009-жылдардагы PISA иликтөөлөрүнүн жыйынтыктарынан кийин мындай ойлор байма-бай айтылып келди. Эми ошол иликтөөгө келсек, дүйнөдөгү эң абройлуу жана көз карандысыз эл аралык иликтөө борборунун жыйынтыктары Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын билим сапаты жакшы эмес экенин ачыктап койду. Мисалы, 2006-жылы бул бейтарап иликтөөдө өлкөбүз 57 өлкөнүн арасынан акыркы орунда калса, 2009-жылы 65 өлкөнүн ичинен билим сапаты боюнча жарышта эң акыркы болуп табылды. PISA иликтөөсүндө убакыттын үчтөн экиси окуп түшүнүүгө, калганы табигый илимдерге жана математикага бөлүнгөн болчу. Натыйжада үч багыт боюнча биздин окуучулар эң төмөнкү жыйынтыктарды көрсөтүштү.

PISA иликтөөсү Кыргызстанда ар бир окуучуга мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын аздыгы, үй-бүлөнүн материалдык абалынын начардыгы жана окуу жайларда эски окутуу усулдары окуучулардын билим деңгээлине терс таасирин тийгизгенин ачыктады. Ал эми ошол кездеги Билим берүү министрлигинин жетекчилиги билим берүү системасынын жетишкендиктеринин көбү экономикалык абалга, ата-энелердин мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу экенин белгилеп, мугалимдердин жетишсиздиги, мектептердин окуу куралдары менен 52 пайыз камсыз болгону жана ушул сыяктуу факторлордун баары билим берүүгө терс таасир тийгизгенин моюнга алган болчу.

Билим берүү адистери Кыргызстан билим берүүдө совет убагында калыптанып калган усулдардан алыстай албай жатканын, сабактар кадимкидей эле “оку-жатта” ыкмасы менен өткөрүлүп келгенин жазып чыгышкан.

Кеңешбек Сайназаровдун «Мектепти кыймылдатып турган күч — бул мугалимдер. Мугалимдердин билим сапаты, кесиптик деңгээли жогоруламайынча, биздин билим сапатыбыз көтөрүлбөйт. Андан кийин балдардын окуу куралдарынын заманбап түзүлүшү маанилүү. Балдардын ошол окуп, даярданып жаткан нерсесин баалоочу механизмдер керек. Баланы жазалай турган эмес, ага жардам бере турган ыкмалар керек. Бир тепкичтен кыйналып жатса, экинчи тепкичке жеткизе турган ыкмалар колдонулушу абзел. Анан албетте дагы бир таасир – каржы системасын жакшыртуу керек» деген пикири менимче, бүгүн деле биздин мектеп үчүн өз актуалдуулугун жоготкон жок, анткени PISA эл аралык борборунун иликтөөсүндө алдыңкы орунду ээлеген өлкөлөрдө окутуу усулдарына өзгөчө маани берилери айтылат. Ошондой эле сабакта жаттоого эмес, өз алдынча ой-жүгүртүү жана талдоо жүргүзүүгө көңүл бурулат экен.

Бул эки иликтөөдөн кийин бизде ийгиликтүү өлкөлөрдүн билим берүү реформаларына кызыгуу пайда болду. Министрликтин жетекчилери Финляндия, Эстония, Грузия сыяктуу мамлекеттерге барып, алардын билим берүү реформаларынын жыйынтыктары менен жеринде таанышып келгенин билебиз. Бирок жаңылыктарга таңыркап келген менен билим берүү системабызда жаңылануу шарапаты ойдогудай ишке ашпай келди.

МЕКТЕП РЕФОРМАСЫ – БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ТАРЫХЫЙ БУРУЛУШ

Финляндия мектеби

Мунун себебин жакында эле Жогорку Кеңештин отурумунда чыгып сүйлөгөн сөзүндө Алмазбек Бейшеналиев эл өкүлдөрүнө кеңири түшүндүрүп берди.

«Фин кереметин аткарыш үчүн бизде финдердей экономика, финдердей маданий түшүнүк калыптаныш керек деген ойдомун» — деди ал.

Алмазбек Бейшеналиев алдыдагы мектеп реформасы – билим берүүдөгү тарыхый бурулуш экенин айтып өттү.

«Билим сапатын көтөрүш үчүн биринчиден, мазмунду өзгөртүүгө тайманбай барышыбыз керек, анткени биздеги билим берүүдө азыр Советтер Союзунан калып калган рынокко багытталбаган билимдин тутуму бар. Биздеги окуу программа, окуу китептеринин көбүндө тилекке каршы, коңшу өлкөлөрдүн жана биз менен мурда тарыхый байланышта болгон өлкөлөрдүн окуу китептеринен көчүрмө маалыматтар көп алынган. Андыктан, суверендүү Кыргыз Республикасынын бүгүнкү күндөгү экономикасына, эртеңки күндөгү келечегине байланышкан окуу программасы, окуу мазмуну толук түзүлгөн эмес. Ошондуктан биз мазмундук өзгөртүүгө барышыбыз керек», — деп баса белгиледи министр.

Мазмундук жаңылануу өз ичине эмнелерди камтыйт? Ушуга жооп издейли.

«Биз көп конфессияларга негизделген өлкөбүз. Андыктан, ар бир жарандын укуктарын сыйлайбыз. Динди бир динге багыттап эмес, жалпы дин түшүнүгүн берген, дин маданиятын калыптандырган, дин философиясын жеткизген, мындайча айтканда, кийин адашып кетпеш үчүн, эртеңки күнү, 20-30 жылдан кийин Кыргызстан Сирияга, Ливанга айланып кетпеш үчүн, азыртан чараларды көрүү зарыл. Андыктан билим берүүнүн тутумунда биз светтик багыттагы дин түшүнүгүн жеткирүүгө аракет кылабыз», — деп түшүндүрдү эл депуттарына Алмазбек Бейшеналиев.

Учурдагы билим берүү тармагынын жетекчиси жаңылануудагы англис тилинин ордуна да токтолду.

«Билим берүү тармагында так илимдерден химия, физика жана математиканы англис тилинде окутууга жетишибиз керек. Анткени дүйнөлүк рынокто бул тилдердин тили бирдей. Англис тилинде азыр жалпы илимий маалыматтардын 54% турат. Ошон үчүн биз англис тилине өзгөчө басым жасашыбыз керек», — деп айтты Алмазбек Бейшеналиев.

Билим берүү министринин пикиринде, билим берүү тармагын өзгөртүү үчүн ата-эне балага үйүндө билимдин негиздерин берип, бакчага окууга ынтызар баласын алып келиши зарыл. Бала бакчалар болсо, башталгыч мектептин талабына жооп берген окуучуну даярдап берүүгө милдеттүү. Ал эми мектептер баланы ЖОЖдордун талабына жооп бергидей, ЖОЖдор болсо, студентти коомдун талабына жараша даярдашы керек.

Өлкөнүн билим берүү тармагын реформалоо аракетин демилгелеп жаткан Алмазбек Бейшеналиев реформаны баштоодон мурда реформа эмне экенин жетик түшүнүү маанилүү экенин белгилейт.

«Сырттан алып келингендердин баары бизге жагат, сиңет дегенден алысмын. Жугумдуу жагын изилдеп көрүүгө мажбурбуз» — деп айтты ал.

Ошентип, биздеги жаңылануу кадамдары башталды. Жакында эле болуп өткөн өлкө президентинин социалдык тармак өкүлдөрү менен жыйынында Билим берүү министри мазмундуу доклад жасап, билим берүүдөгү мазмундук өзгөрүүгө кенен токтолду. Бала бакчага барган бала эне тилинде жана экинчи тилде баарлашууга даяр болсо, 12 жылдык билимге ээ болгон окуучу мектептен спорттун жана искусствонун бир түрүнө жарым профессионалдык деңгээлде ээ болуп, жумушчу кесиптер боюнча бир нече сертификатты алып, кыргыз, орус жана англис тилдерин дүйнөлүк талапта өздөштүрүп чыгууга тийиш. Ал эми кесиптик билим берүү окуу жайын аяктап жаткан бүтүрүүчү үч тилде эркин сүйлөп, кесиптердин топтомуна ээ болууга жарамдуу болот.

Жакынкы бир айдын ичинде Билим берүү жана илим министрлиги билим берүүнүн бирдиктүү стандартын жарыялап, ага ылайык мектептерде 12 жылдык билим стандартын киргизүүнү пландоодо.

«12 жылдык билим дегенде, дагы бир жыл кошуп окутпайбыз. Болгону даярдоо классын да кошуп эсептеп, күбөлүк бергенде 11 жылдык билим деп эмес, 12 жылдык билим деген күбөлүк берүүнү карап жатабыз», — деди маалымат каражаттарына берген маегинде министр.

Анын айтуусунда, дүйнөлүк практикада 11 жылдык билим жок. Биздин балдар чет өлкөдөгү окуу жайларга тапшырганда, 12 жылдык билимди толуктоо үчүн алар бир жыл кошумча окууга аргасыз болуп жатышат.

«Биздин мектептерди бүткөн бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын окуу жайлары менен эле чектелбейт. Европа өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларына барып билим алгандар да болот. Бизде мектептер 11 жылдык болгондуктан, чет өлкөнүн жогорку окуу жайларына окууга тапшырган студенттер бир жыл кошумча билим алышып, 12 жылдык билимге толуктап, андан кийин жогорку окуу жайларында өз кесиптери боюнча билимин улантууга мажбур болушат. Мындай тоскоолдуктар болбошу үчүн, биз да дүйнөлүк стандартка ылайык мектептерге 12 жылдык билимди киргизели деп турабыз», — деп айтты министр.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептерди реформалоо демилгесин Европа Биримдиги да колдоого алды. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Европа Биримдиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 32 млн евро өлчөмүндө грант бөлүп берет, анын ичинен 27 млн евро өлкөнүн республикалык бюджетин колдоого, 5 млн евро кошумча колдоого жумшалат.

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер