МЕКТЕП КИТЕПКАНАСЫНЫН ИШИН МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО КАНДАЙ ЖҮРҮП ЖАТАТ?

  • 04.11.2021
  • 0

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө” (СӨПББСБ) долбоору беш жыл бою Билим берүү жана илим министрлигине ырааттуу техникалык колдоо көрсөтүп келет. Окуу китептери менен камсыздоонун эффективдүү мониторингин камсыздоо жана аларды өз убагында басып чыгаруу, мектеп китепканаларын жабдуу, китепканачылардын компетенцияларын жогорулатуу жана аларды автоматташтырылган программа менен иштөөгө үйрөтүү максатында окуу китептерин ижарага берүүнү ишке киргизүү, «Жаңы китеп» мекемесин түзүү, окуу китептерин башкаруунун (АМС «Жаңы китеп») автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү — мунун баары министрлик менен долбоордун биргелешкен системалуу ишиндеги негизги бөлүктөрү.

МЕКТЕП КИТЕПКАНАСЫНЫН ИШИН МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО КАНДАЙ ЖҮРҮП ЖАТАТ?

«Жаңы китеп» окуу китептерин башкаруу автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө эки жылдан бери эле сөз болуп келе жатат. Бул убакыт аралыгында система иштелип чыккан, тестирлөөдөн өткөн жана такталып бүтүрүлгөн. Бүгүн АМС толугу менен даяр, ага туташкан мектеп китепканаларынын саны эки миңден ашты. Жаңы система, аны түзүүнүн өбөлгөлөрү, мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле аны мектептерде ишке ашыруу менен кандай өзгөрүүлөр болорун жана мектеп китепканачыларынын иши кандай өзгөрөрү жөнүндө “Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө” долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн менеджери Узбекова Жылдыз бизге төмөндөгүлөрдү айтып берди.

— Урматтуу Жылдыз Сатаровна, окуу китептерин ижарага алуу – бүгүнкү күндө мектептерде окуу китептеринин жетишсиздик көйгөйүн чечүүнүн жалгыз жолу деп ойлойсузбу?

– Окуу китептерин ижарага алуу — бюджеттин тартыштыгынын шартында окуу китептери менен камсыз кылуу маселесин чечүүнүн эң натыйжалуу жолдорунун бири. Окуу китептерин ижарага берүүнү киргизүү үчүн зарыл шарттарды түзүү үчүн биринчи кезекте ченемдик укуктук база иштелип чыкты. Буга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, Окуу китептерин колдонуу үчүн ижара акысын чогултуу тартиби, Окуу китептерин ижарага алуу колдонмосу, ижараны ишке киргизүү графиги, ижара баасын аныктоо методикасы, ар бир окуу жылында ижарага берилген окуу китептеринин тизмеси кирет. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-мартындагы №86 «Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелерине окуу китептерин ижарага берүүнү этап менен киргизүү жөнүндө» буйругуна ылайык, окуу китептерин ижарага берүү схемасы 2017-жылы Чүй облусунун Жайыл районунун 39 мектебинде пилоттук түрдө ишке киргизилген. Пилоттук жыйынтыктар бир топ ийгиликтүү болду. Ошондуктан, 2018-жылдан тартып, 2018-жылдын 24-июлундагы №341 токтомуна ылайык, окуу китептерин ижарага берүү 5-6- класстардан баштап бүткүл республика боюнча этап-этабы менен жүргүзүлө баштады. 2020-жылдын ноябрь айында Erfolg Consult LLC, EdNet агентствосу, ФПОИ компаниялар Консорциуму тарабынан жүргүзүлгөн «Окуу китептерин ижарага берүү схемасын ишке ашыруу боюнча орто мөөнөттүү изилдөөсүнө ылайык, окуу китептерин ижарага берүү ата-энелер коомчулугу тарабынан оң кабыл алынды.

– «Жаңы китеп» мекемеси эмнени билдирет?

– Окуу китептерин ижарага берүү процессин башкаруу жана жаңы окуу китептерин өз убагында басып чыгаруу үчүн коммерциялык эмес уюм — “Жаңы китеп” мекемеси түзүлдү. Окуу китептерин ижарага алуудан түшкөн каражаттар коммерциялык банкта атайын эсепке топтолот жана кийин мектептерди муктаждыктарына ылайык окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн окуу китептерин кайра басып чыгарууга жумшалат. Окуу китептеринин ижара акысы «Жаңы китеп» мекемесинин эсептерин тейлеген KICB банкы аркылуу төлөнөт. Окуу китептерин ижарага алуу үчүн төлөмдөр KICB банкынын кассалары, башка банктар аркылуу, ЭЛСОМ системасы аркылуу жүргүзсө болот. Окуу китептерин колдонуу үчүн ижара акысы жыл сайын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленет. Ижара акысы үч жылдан бери өзгөргөн жок жана бир окуу китеби үчүн 25 сомду түзөт. Үч жылдын ичинде 92,5 миллион сом топтолду. Аны жаңы окуу китептерин басып чыгаруу үчүн гана колдонууга болот. Окуу китептерин ижарага алуу процессин колдоо үчүн «Жаңы китеп» сайты (www.kitep.org.kg) иштелип чыкты жана иштеп жатат.

– «Жаңы китеп» АМС жана республиканын мектеп китепканаларындагы окуу фондунун инвентаризациясы кандай болууда?

– 2019-жылы республиканын билим берүү уюмдарынын китепканаларында окуу китептерин башкаруу процессин автоматташтыруу жана окуу китептерине толук масштабдуу инвентаризация жүргүзүү үчүн СӨПББСБ долбоору окуу китептерин башкаруу үчүн автоматташтырылган маалыматтык системасын «Жаңы китеп» (АМС) иштеп чыкты жана сыноодон өткөрдү.

МЕКТЕП КИТЕПКАНАСЫНЫН ИШИН МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО КАНДАЙ ЖҮРҮП ЖАТАТ?

АМСти иштеп чыгуу чечими 2018-жылы республиканын ар кайсы региондорундагы 62 мектеп китепканаларынын окуу китептер фондусунун долбоордун күчү менен жүргүзүлгөн тандалма инвентаризациясынын жыйынтыктарынын негизинде кабыл алынган. Инвентаризациянын максаты изилденген мектептердеги окуу китептеринин бар запасынын Д-10 отчетундагы маалыматтарга дал келүүсүн текшерүү, 2018-2019-окуу жылына 1-класстан 6-класска чейинки окуучулардын контингенти боюнча маалыматтарды жана предметтер боюнча мугалимдердин контингентин чогултуу болгон. Бул маалыматтар алдыда жалпы билим берүүчү мекемелерде окуу китептерин ижарага берүүгө даярдануу үчүн чогултулган. Тандалма инвентаризациясынын жыйынтыктары Д-10 формасы аркылуу министрлик тарабынан чогултулган мектеп окуу китептеринин сандык көрсөткүчтөрүндө жана долбоордун консультанттары мектеп китепканаларына барганда анализдеген алгачкы маалыматтарда олуттуу айырмачылыктарды көрсөттү. Мисалы, китепканачылар жоголгон (жарабай калган) окуу китептеринин эсебин жүргүзүшпөйт, жоголгон окуу китептеринин санын тастыктоочу документтери жок кыскартышат; 6424 окуу китеби, Д-10 отчетуна кирбеген; иш жүзүндө берилген окуу китептери Д-10 отчетторунда көрсөтүлгөндөн 6898ге аз болуп чыкты; баардык мектептерде класстык журналдары, китептерди берүү журналдарында жана Д-10 отчетторунда берилген жана колдонулган окуу китептеринин саны боюнча ортосундагы айырмачылыктар табылган. Сурамжылоого алынган мектептердин бирөө боюнча эле ата-энелердин эсебинен сатылып алынган 3267 окуу китептери, мектептин камсыз болушунун пайызын жогорулатуу максатында Д-10 отчетуна расмий түрдө киргизилген. Изилдөөгө алынган 62 мектептин көбүндө баштапкы документтердин айрымдары (мектеп китепканаларына окуу китептерин алуу үчүн райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн эсеп-фактуралары) жок.

Кийинки кадам АМСти колдоону менен Кыргыз Республикасынын баардык мамлекеттик мектептериндеги окуу китептердин китепкана фондуна толук масштабдуу инвентаризация жүргүзүү болду. КРнын Билим берүү жана илим министрлиги Ысык-Көл районунун 30 мектебинде жана билим берүү бөлүмүндө, ошондой эле «Келечектин мектеби» программасына киргизилген он мектепте «Жаңы китеп» автоматташтырылган системасын колдонуу менен окуу китептер фондунун пилоттук инвентаризациясын жүргүзүүнү чечти. 2020-жылы долбоор пилоттук мектеп китепканаларынын ар бири үчүн жабдууларды сатып алып берди. Жабдуулардын топтомуна компьютер, МФУ (көп функциялуу түзүлүш: принтер + сканер + ксерокс) жана окуу китептеринен QR коддорун окуу үчүн сканер кирет. Бул жабдык «Жаңы китеп» АМСтин өзү менен бирге мектеп китептерин башкаруу процессин автоматташтырууга мүмкүндүк берет. Анын ичинде жеткиликтүү окуу китептерин эсепке алуу, китепканачылардын отчетторун түзүү жана жаңы окуу китептерин алууга арыздарды берүү. АМСти колдонуу ар бир окуу китебине чапталган QR кодунун болушун болжолдойт. Бул код аркылуу окуу китеби системада көрсөтүлөт.

Пилоттук текшерүүдөн ийгиликтүү өтүү 2137 билим берүү мекемеси окуу китептер фонддорун инвентаризациялоо боюнча толук масштабдуу кампанияны баштай алат дегенди билдирет. 2021-жылдын 5-августунан тартып СӨПББСБ өлкөдөгү баардык мектеп китепканаларына компьютер жана кеңсе техниканы жеткирүүнү жана китепкананы интернетке туташтыруу үчүн кабелдик тармакты тарта баштады.

Окуу китептерин ижарага берүү процессинин эффективдүүлүгүн, адилеттүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатуу, мектептерди окуу китептери менен камсыздоону жакшыртуу максатында «Жаңы китеп» АМС андан ары колдонуу үчүн «Жаңы китеп» мекемесинин кызматкерлерине тапшырылды.

Бул багытта аталган долбоордун мындан аркы пландары жөнүндө да айта кетсеңиз?

– Мектептерге жабдууларды жеткирүү учурунда китепканачыларын компьютердик сабаттуулукка, жабдууларды жана автоматташтырылган маалымат системасын колдонууга үйрөтүү үчүн тренерлер тобу даярдалган болчу. Жүзгө жакын 30 инновациялык мектептин китепканачылары, информатика мугалимдери тренер катары окутулду (СӨПББСБ долбоору өлкөнүн баардык аймактарында 30 инновациялык мектептин потенциалын бекемдеди. Алар окутуунун жаңы технологияларын өздөштүрүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, заманбап мектеп башкаруу моделин киргизүү үчүн маалыматтык-ресурстук борборлор болуп эсептелет), райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери, аймактык методикалык борборлордун адистери. Ошентип, СӨПББСБ долбоорунун кызматкерлеринин алдында турган учурдагы көйгөй – бүткүл өлкө боюнча мектеп китепканачыларын окутуу болуп эсептелет.

Азия өнүктүрүү банктын бул ишмердиги жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоону жакшыртууга багытталган жана мектептин китепканачысынын күнүмдүк ишин кыйла жеңилдетип, жаңы деңгээлге көтөрөт.

“Жаңы китеп” АМСти киргизүүнүн жыйынтыктары жөнүндө пилоттук мектептердин мугалимдери эмне дейт?

Шамырканов Жээнбай, Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери:

– Мектеп китепканаларын автоматташтырылган интернеттик тутумга кошуу – бул чоң жетишкендик. Ага чейин райондун баардык мектептери “электрондук күндөлүк” боюнча иштеп келишкен. Биз райондун айрым мектептерине “Электрондук китепкана” түзүүнүн үстүндө иштеп жатканбыз. Ошентип, райондогу баардык 30 мектепке Азия Өнүктүрүү Банкынын жардамы менен заманбап компьютердик техникалар топтому толук жеткирилип, орнотулду. Бүгүнкү күндө ар бир китепканачы өз алдынча инвентаризациялоону өздөштүрүп иштеп жатышат. Албетте, ар бир жаңы ишти баштоодо кыйынчылыктар болбой койбойт. Бизде дагы ар бир китепканачыны Интернет тутумуна кошууда кыйынчылыктар болду. Ар бир окуу китептерине (1-11- класска чейин) атайын чиптер чапталган. Баардык китепканаларга өз-өзүнчө интернет линиялары тартылды. Бул иштерди мектеп жетекчилери, китепканачылар өз моюндарына алышып, көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарышты. Ар бир мектеп директору өз каражаттарына жараша интернет линияларын киргизишти. Айрым мектептерге айыл өкмөттөрү жардамдашты. Мурда китепканаларга көп көңүл бурулбай келсе, бүгүнкү күндө китепканалардын ичи жарык, жылуу жана ирээттелип, китепканачылар үчүн толук шарттар түзүлгөн.

Сулайманова Кайыркүл,
Ысык-Көл районундагы Акун Мыктыбек уулу мектебинин директору:

– Пилоттук долбоордо баардык 30 мектеп активдүү катышты. Компьютерлер келгенге чейин “Жаңы китеп” мекемеси аркылуу семинарлар уюштурулуп, окуулар өтүлдү. Мектеп китепканаларын автоматташтырылган тутумга кошуудагы жакшы жетишкендиктер деп төмөнкүлөрдү айта алам: Ар бир китепканачынын ыңгайлуу жумуш орду; Китепканачылардын бири-бири менен пикир алмашуусу; Окуу китептеринин электрондук базасын түзүүдөгү жеңилдиктер; Отчеттуулук.

Эң негизгиси- окуучулардын окуу китептерине болгон мамилеси, окуу китептерин сарамжалдуу пайдалануу. Себеби – ар бир окуу китептерине чиптер чапталып чыккан.

Жалпылап айтканда, окуу китептеринин колдонулушу, пайдаланышы, сакталышы үчүн ыңгайлуу болду. Жетишпеген же ашыкча китептер базадан көрүнүп турат. Келечекте ар бир китепканачы кайсы класста кайсы окуу китеби жетишпесе, өздөрү эле тийиштүү жактарга тапшырык берүү менен окуу китептерин толуктап алууга жетишет.

Окуу китептерин башкаруунун автоматташтырылган системасын ишке киргизүүдө Ысык-Көл району пилоттук болуп киргени чоң жетишкендик деп эсептейм. Ишке киргенден бери мектептин китепканасында мурдагыга салыштырмалуу тактык болуп, бирдиктүү системага түштү. Китепканачылардын ишинде жеңилдик пайда болду. Окуу китептерин камсыздоодо түздөн түз заявка бергенге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Отчёт берүүдө да жеңилдиктер пайда болду. Негизинен мектеп үчүн жана китепкана үчүн да ыңгайлуу жагдай.

Касымалиев Муратбек,
№5 Улуттук компьютердик гимназиянын директору:

– “Мектепте окуу китептерин башкаруунун автоматташтырылган системасын ишке киргизүүгө чейин баардыгы кагаз журналдар аркылуу регистрация болуп, окуучуларга таратылып берилип, жыл аягында класс жетекчилер кайрадан окуучулардан чогултуп, библиотекага өткөрүп берип турушчу. Албетте мындай жумуштар убакытты көп талап кылат. Окуу жылынын башында китепканачы окуу китептерин так жана кол менен саноого жана таркатууга, окуу жылынын аягында бул китептерди кайра китепканага кабыл алуу боюнча талыкпаган жана түйшүктүү тапшырманы аткарууга тийиш болчу. Эми АМС киргизилгенден кийин, класс боюнча китепканада канча китеп жок экенин, канча окуу китеби окуучулардын колунда экенин интернеттен билип, принтерге отчетун басып чыгарып, керек болсо маалымат бере аласыз. Автоматташтырылган маалымат системасы мектептеги окуу китептерин талдоо үчүн толук маалыматты бере алат. Мисалы, окуу жылында канча окуу китептери ашыкча же жетишсиз болуп жатканы, республикада коррекциялык иштер үчүн жакшы шарттарды түзөт.

“Жаңы китеп” автоматташтырылган маалымат системасы менен иштөөдө китепканачынын иши бир топ жеңилдеди. Китепкананын башка адабияттарын башкаруу, ошондой эле студенттердин өз алдынча иштеринде инженердик-техникалык китептерди колдонуу үчүн АМС китепканачыга убакытты үнөмдөөгө жана оперативдүү кызматтарды аткарууга шарт түзгөн. Китепканачынын ишин кийинки окуу жылына пландаштыруунун эң керектүү куралы болгон АМС менен иштөөдө китепкананын карамагында баардык керектүү маалыматтар бар. Мисалы, китепканачы кийинки окуу жылына карата кайсы предметтер боюнча канча китеп жетишпестиги тууралуу маалыматты тез бере алат. Негизги милдет – китепканачы АМСтын баардык мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүшү керек. Онлайн режиминде мектеп администрациясы каалаган убакта логинди жана паролду киргизип, керектүү маалыматты көрө алат.

P.S. “Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө” долбоору Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланат жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2015-жылдын 23-январынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган гранттык келишимдин негизинде ишке ашырылат.

Даярдаган
М.Кайыпов,“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер