МЕКТЕП КИТЕПКАНАСЫ ОКУУЧУНУН СҮЙҮКТҮҮ ЖАЙЫ БОЛСУН  

  • 25.03.2021
  • 0

Бүгүнкү күндөгү мектеп китепканалары союз мезгилиндеги талаптардын үлгүсүнөн чыга албай келет. Жыл башында  окуучуларга китеп таратып, жыл аягында кайра жыйнап алган функцияны гана аткарган китепканалар дагы жок эмес. Тилекке каршы, санариптешүү заманында компьютерге жетпей отургандар да бар. Албетте, айта берсе бул жагында көйгөй көп. Бирок китепканачылар колумда эч нерсе жок деп, алакан жайып отуруп алышкан жок. Жоктон барды чыгарып, колунан келгенин кылып, түрдүү иш-чараларды өткөрүп, окуучуларды китеп окуганга, китепти сыйлоого үндөп,  туура окуганга багыт берип, ата-энелерин кошо тартып, бирге китеп окуганга шыктандырып келе жатышат.

МЕКТЕП КИТЕПКАНАСЫ ОКУУЧУНУН СҮЙҮКТҮҮ ЖАЙЫ БОЛСУН  

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Данаке Иманов атындагы орто мектеби райондогу чоң мектептердин бири. Учурда  1200 жакын окуучу билим алат. Мектептин китепканасында 20 миңден ашуун китеп бар. Анын 14352 окуу китеби болсо, 4123 нускасы адабий китеп. Бир жарым миңден ашыгы мугалимдер үчүн усулдук китептер. Китепкананы 25  жылдан бери Шамырканова Жибек жетектеп келет. Анын иши балдарга китеп таратып, кайра жыйнап алуу менен гана чектелбейт. Ал дайыма балдарды китеп окууга кызыктыруунун үстүндө иштейт.

—           Балдардын колунан гаджет түшпөй, китептин ордун телефон басып жаткан заманда китеп окууга тартуу абдан эле кыйын. Өзгөчө жогорку класстардын окуучулары китеп окубай калды. Башталгыч класстарды болсо жомок аркылуу тартса болот экен.  Жомокторду угуу балдарга абдан кызыктуу. Үй-бүлөлүк окуу дагы эң жакшы натыйжа берет. Жомокторду ролдоштуруу жагын дагы колго алганбыз. Балдар ата-энелери менен бирге жомок окуп, аны кайра ролдоштуруп, видеого тартып, сүрөттөрүн слайд кылып жасап келишет. Башталгыч класстардын окуучуларынын ортосунда атаандаштык дагы күчтүүрөөк болот  экен. Мен биринчи окуп бүтүшүм керек, мен биринчи жасап барышым керек деп, баарын биринчи болуп бүтүргөнгө шашылышат. Бири-бирине атаандашып, кызыгып көп китеп окушат. Кээде мектеп боюнча, класстар арасында, класс ичинде сынактарды уюштуруп коебуз. Ошондо ата-энелери менен бирге катышып, кадимкидей кызыгуу пайда болот. Бирок тилекке каршы, ага дагы баардык эле балдар катыша бербейт, — дейт Жибек Шамырканова.

Мектеп “Бирге окуйбуз долбооруна” катышып, бир топ жомок китептерин алган. Долбоордун алкагында башталгыч класстардын окуучулары арасында көп иш-чаралар өткөрүлүп, ата-энелердин өздөрүнүн китеп окууга, балдарынын китепке болгон кызыгуусун арттырууга болгон мамилени да жакшыртып алышкан. ЮСАИДдин “Окуу керемет” долбоору менен да жаңы эле иштеп башташты. Учурда долбоор аркылуу келген жомок китептер менен окуучулар таанышып жаткан кези.

—           Азыр класстан класска өткөрүп берүү деген жакшы ыкманы таап алдык.  Мен китептерди класс жетекчилерге 10-15 даанадан кылып берем. Алар окуучуларга таратып беришет. Окуучулар окуп бүткөндөн кийин кайра ал китептер башка класстарга берилип, улам алмашыла  берет. Бул дагы жакшы ыкма экен. Балдар бири-бирине атаандашып окушат. Бир эле жума болду, мугалимдерге окурмандын күндөлүгүн ачалык деп сунуш кылдым. Ал жакка ар бир окуучу окуган китеби жөнүндө кыскача маалымат жазып же сүрөт тартып койсо болот. Ал окуучулардын канча убакта канча китеп окуганын билип алууга жакшы жардам берет, — дейт китепканачы.

Тилекке каршы, мектеп чоң болгону менен атайын окуу залы жок. Бирок колдон келишинче балдарды адабий китеп окууга тартуу үчүн шарт түзүп алышкан. 4-5 бала бир убакта  китеп окуй ала тургандай кылып атайын бурч уюштуруп койгон. Ал жакта китепке кызыккан балдар менен иштөөгө да ыңгайлуу.

МЕКТЕП КИТЕПКАНАСЫ ОКУУЧУНУН СҮЙҮКТҮҮ ЖАЙЫ БОЛСУН  

Жибек Мукашовна өзүнүн кесиптик чеберчилигин дагы үзгүлтүксүз жогорулатып турат. Райондук-шаардык семинар, тренинг, мастер класстардан калбайт. Өзү дагы райондук-шаардык деңгээлде китепкана башчылары үчүн бир катар мастер класстарды өтүп келет. Март айынын башында эле Ысык-Көл областтык билим берүү институтунда өткөн китепкана башчыларынын квалификациясын жогорулатуу курсунда «Окуучуларды китеп окууга кызыктыруу» деген темада мастер класс өттү. Анда жыйырмадай китепканачыга өзүнүн ишмердигин тааныштырып, тажрыйбасы менен бөлүштү.

—           Мен өзүм китепканачы болгондон кийин жомокко  бай болушум керек. Анткени балдар жомокторго көбүрөөк кызыгышат. Китепке болгон кызыгуусун дагы жомоктор аркылуу арттырса болот. Ошондуктан дайыма түрдүү семинар, мастер класстарга катышып, балдарды кызыктыра турган ыкмаларды үйрөнүүгө аракет кылып турам. Мисалы, бир жомокту батырган атайын кутуча жасап алам дагы, ошол кутучаны ачыш үчүн ушул жомокту окуп чыгышыңар керек деп, кызыктырам. Кутучаны ачкысы келген бала сөзсүз ал жомокту окуп чыгат.  Балдарды кызыктырууда колго жасалган китептер дагы жакшы жардамга келет.  Анда дагы биринчи окуучуларга жомок китептерди алдын ала таратып берип, алар окуп чыккандан кийин колго китеп жасаттырам. Ага ата-энелерди да тартып, чогуу иштейбиз. Китепканачылар менен ушул сыяктуу тажрыйбаларым менен бөлүштүм. Андан сырткары жаш китепканачыларга китептерди каттоонун жеңил жана ыңгайлуу жолдорун айтып бердим. Билинбегени менен китепканачынын жумушу абдан түйшүктүү. Ар бир китепке жооп беребиз. Окуучулар, ата-энелер, мугалимдер менен иштешебиз. Кыскасы, өзүмдүн 25 жылдык иш тажрыйбам менен бөлүштүм,  — дейт Жибек эжей.

Өткөн жылдын март айында дагы облустук деңгээлде өткөн  китепканачылардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курсунда дагы китепкананын иш кагаздары боюнча тажрыйбасы менен  бөлүшүп, мастер класс өткөн. Китепкана башчылары мектептин китепканасы менен таанышып, андан соң  3-4-класстардын жомоктор дүйнөсүнө саякат аттуу иш-чарасына катышкан. Анда жети жомок сахналаштырылып коюлган.

Өткөн жылдын 12-декабрында райондо өткөн Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына жана Адабият күнүнө карата мыкты буклет кароо-сынагында Жибек Мукашовна өз колу менен жасаган буклети менен мектепке 1-орунду алып берген.

2017-жылы “Бирге окуйбуз” долбоорунун алкагында өткөн Жети-Өгүз районунун мектеп директорлорунун семинарында окуучулары менен бирге колго китеп жасаганды да көрсөтүп беришкен. Анда кыркка жакын мектеп жетекчиси катышкан.

Жибек эжей жылына экиден чоң иш-чара өткөрүүнү адат кылып алган. Жакында эле, тактап айтканда, 19-мартта мектепте өткөн райондук мугалимдердин  семинарында да ал тейлеген китепкана көрсөтмөлүү катары мугалимдерге тааныштырылды.

МЕКТЕП КИТЕПКАНАСЫ ОКУУЧУНУН СҮЙҮКТҮҮ ЖАЙЫ БОЛСУН  

Ийгиликтери көп китепканачынын ишинде колун кармаган көйгөйлөр дагы жок эмес. Мисалы, бул китепканачынын  эң чоң көйгөйү — компьютер.  Жибек Мукашовна  ушунча болуп бир да компьютер көрө элек. Эгерде анын компьютери болгондо иши бир топ жеңилдемек. Себеби жыйырма миңден ашуун китепти жылда бирден журналга каттап отурмак эмес. Бул бир топ убакытты алат жана түйшүктү жаратат.

—           Бир компьютер болгондо мен баарын электрондоштуруп, ишимди жеңилдетип алмакмын. Компьютердин жоктугу  кедерги болуп жатат. Көргөзмөлөрдү жасаганда да бир топ ишимди жеңилдетмек. Бир кагазды жасалгалаш үчүн Караколго барам. Өзгөчө мастер класстарды өтөөрдө кыйналам. Тапкан акчамдын көбү эле жолдо анан кызмат көрсөткөндөрдө калат, — дейт ал.

Бул жалгыз эле Жибек эжейдин көйгөйү эмес. Баардык китепканачылар ушул маселени көтөрүп жатышат. Андан сырткары китепканачылардын деле түйшүгү мугалимдердикинен кем эмес болгондуктан педагогикалык стаж кошулса, мугалимдердей эле эмгек өргүүгө 56 күнгө чыксак, зыяндуулук үчүн кошумча акча төлөнсө, инвентардык китеп менен камсыздап беришсе  жакшы болот эле дейт.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер