МЕКТЕП КИТЕПКАНАСЫ: КЕЧЭЭ. БҮГҮН. ЭРТЕҢ

  • 24.03.2021
  • 0

“Мектеп китепканасына айрыкча, башталгыч класстардын балдары кызыгуу менен киришет”, — дейт, Ысык-Ата районундагы Макиш Койбагаров атындагы орто мектептин китепканачысы, 26 жылдан бери ушул мектепте китепканачы болуп иштеп келаткан Гүлнара Кочкорбаева. Анын пикиринче, балдар жашы жогорулаган сайын китеп окууга кызыгуусу тарай баштайт.

Ата-эне китеп окубаса, балдар кайдан китеп окуйт?

Китеп дегенде, китеп дүкөнү, китепкана дароо көз алдыңа тартылат эмеспи. Эсимде, биз бала кезде жаңы окуу жылы башталаар алдында чоң энем менен чоң атамды урулдап-чурулдап ээрчип алып, мектепке даярданганы Токмокко жөнөп калаар элек. Андайда таңдын атышы да бир азап болуп, ал күн бизге майрамдардын майрамы эле. Ошол кезди эстегенде, биз дайыма келчү Токмок шаарынын автобекетинин түштүк тарабындагы кичинекей дөңчөдөгү китеп дүкөнү көз алдыма тартылат да, дүкөн менен бирге кадимкидей андагы жаңы китептердин жыты келе түшөт. Ал жактан китеп-дептер, калем сап, китеп кап, деги койчу, болгондордун баарын сатып алып, чоң атама да эпостордун жаңы чыккандарынан кошо алып, эскимо деген тап-таттуу балмуздактан балжырата чуурутуп жеп, кубанычыбыз койнубузга батпай кудуңдаган боюнча кайра жөнөчүбүз. Биз сүйүп, ар бир барагын аздектеп окуган китептер, босогосун аттаганда ажайып бир башка ааламга келгендей сезилген айылдын кадимки жупуну китепканалары ошончолук баалуу, ошончолук сырдуу эле. Азыр баары башкачадай туюлат. Жок, тескерисинче, азыр мурдагыдай таңсыктык жок, баары жетиштүү, мурдагыдай китепканаларга барып акыйып кезек күтүп китеп албайсың, кааласаң, үйдө чалкалап жатып окуй бересиң. Бирок китеп окуган киши жок го азыр? Балдар эмес, китеп кармаган чоңдор чанда кездешет.

МЕКТЕП КИТЕПКАНАСЫ: КЕЧЭЭ. БҮГҮН. ЭРТЕҢ

Мектепте иштеген китепканачылардын айтымында, балдардын жаш курагы чоңойгон сайын, колуна китеп алган балдар сейрек кездеше баштайт экен. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылындагы М.Койбагаров атындагы мектептин китепканасында иштеген Гүлнара Альбертовнанын айтымында, жаш бөбөктөрдү кызыктуу каармандары, кооз-кооз сүрөттөрү менен китеп окууга тартуу оңой деп эсептейт.

— Интернет, чөнтөк телефондор кеңири тарагандан бери балдарыбыз китепканаларга жолду унутушту. Албетте, үйдөн ата-энеси китеп сатып берип окутпаса, же өздөрү тыңгылыктуу окушпаса, балада китепке кызыгуу кайдан пайда болмок эле?! Китепти күчкө салып окутуу кыйын. Ал үчүн үйдө да, мектепте да китеп окууга ылайыкташкан атайын шарттар болууга тийиш. Биздин мектептин китепканасынын фондун негизинен окуу китептери түзөт. Көркөм адабият китептери аз. Окуучуларга керек болуп калса, айла жок, интернеттен темасы боюнча карап, багыт берип, сунуштап турабыз. Китептер көбүнчө башталгыч класстын балдарына керек болгондуктан, кичинекейлер ары-бери жүрүп убара болушпасын деп, ар бир класстын ичине атайын текче коюп бергенбиз. Ар бир класска өздөрүнө ылайык китептер бар. Окуучулар менен бирге мугалимдер үчүн да керектүү китептерди камсыздаганга аракеттенебиз, — дейт.

Кубанып күткөн – “Кут Билим”

Мейли, айылдардабы, мейли, мектептердеби, китепканалардын сыйлуу бурчун басма сөз каражаттары, тагыраак айтканда, жума жаңылыктарын баяндап турган гезиттер жана журналдар ээлейт эмеспи. Мугалимдер айрыкча “Кут Билим” гезитине жазылышаары анык.

— Мугалимдердин күтүп алган гезити – “Кут Билим” гезити жана анын “Кут Билим Сабак” тиркемеси болгондуктан, биз биринчи кезекте ушул гезиттерге жазылабыз. Бизге жылына эки жолу жазылууну айыл өкмөтү каржылап берет. Андан тышкары, мугалимдер үчүн “Мугалим” журналын, балдардын “Байчечекей” журналын, райондук “Жеңиш Туусу” гезитин алабыз. Мен мугалимдерге керектүү материалдарды таап берип, аларга ар тараптуу жардам бергенге аракеттенем. Мектеп китепканасын ошондой эле ЮСАИД, Мерси Ко сыяктуу эл аралык уюмдар көптөгөн китептер менен камсыздап турушат.

Албетте, бизде да электрондук китепкана болсо жакшы болот эле. Биз аны китепкананын эртеңки келечеги катары күтөбүз. Бул багытта “Жаңы китеп” долбоору менен иштешүүгө даярданып жатабыз. Китепканадагы окуу материалдарын колдонуп, ар кандай актуалдуу темалар боюнча иш-чаралар өткөрүлүп турат. Азырынча китепканада интерактивдүү доскабыз жок, бирок социалдык тармактардагы каналдарга активдүү катталып, класстардагы интерактивдүү доскаларды пайдаланабыз, — дейт Гүлнара Альбертовна.

Китепканада басма сөз каражаттарынын топтомдорунан башка “Ден соолук” бурчу, “Жолдо жүрүү эрежелери” сыяктуу окурмандарга ары кызыктуу, ары пайдалуу бурчтар уюштурулган. Алардын баары окуучуларга жана мугалимдерге жеткиликтүү, ыңгайлуу шартта жайгаштырылган.

Үй кыдырган кутуча

Тажрыйбалуу китепканачы Гүлнара Альбертовна “Китеп жок, китеп окуган киши жок” деп отура бербей, китепканалардын казынасын эл аралык уюмдардын жана китепке кайдигер карабаган адамдардын жардамы менен толтурса болот” – деген оюн айтты.

МЕКТЕП КИТЕПКАНАСЫ: КЕЧЭЭ. БҮГҮН. ЭРТЕҢ

— Пандемия учурунда жаш-карыбыз үйдө отуруп калбадыкпы, ошондо бош убактыбызды текке кетирбейли деген максатта, китеп окууга байланышкан долбоорлорго активдүү тартылдык. Айрыкча, “Бирге окуйбуз” долбоору менен жакшы иштедик. Натыйжада балдар эле эмес, ата-энелер да кызыгып окуй баштаганына күбө болдук. Баласы күндө “Мага китеп окуп бер” дей берсе, ата-энеси жок дей албай окуп берет да, ошондон улам менде бала деле ата-энени тарбиялай алат тура деген ой пайда болду. Биз пандемия учурунда лагерлерди уюштуруп, Окуу фестивалдарын өткөрүп жаттык. Окуу фестивалынын алкагында атайын бир кооз кутуча даярдап, аны үйдөн-үйгө кыдырттык. Ар бир үй-бүлө ошол кутучага китеп салып, китепканын фондуна белекке тартуулашты. Ал үчүн атайын барып китеп сатып келген ата-энелер да болду. Анын баарын сүрөткө, видеого тартып жиберип жатышты. Окуу фестивалына башталгыч класстардын окуучулары активдүү катышып, сыйлыкка бир интерактивдүү доска утуп алышты, андан тышкары, активдүүлөр кызыктыруучу сыйлыктарды, ыраазычылык каттарды алышты. Балдар көп окуса эле, көптү билеринде шек жок. Эми азыркы шартта китепканаларга барып китеп окушпаса да, социалдык тармактардан болсо да, окуп турушканы маанилүү. Эң негизгиси, окуп сабаттуу болушсун. Баланы китепке кызыктырууда көп факторлор бар. Биринчи кезекте баланын өзү менен иштеш керек. Ата-энелер, мугалимдер балага эмне керек, кандай китеп, кандай жардам керек деп өзүнчө мамиле түзүүгө аракеттенүүгө тийиш, — дейт, Гүлнара Альбертовна.

 “Бир адамдан бир китеп”

Жаш китепканачылардын бири, Китепканачылардын республикалык форумунун делегаты Жазгүл Бакалчиева иштеген Түп районундагы К.Карачев атындагы №21 Сары-Дөбө орто мектебинде 396 окуучу окуйт. Жазгүл Өмүркуловна өзү иштеген мектептин китепканасында болгон жаңылыктар менен бөлүштү.

МЕКТЕП КИТЕПКАНАСЫ: КЕЧЭЭ. БҮГҮН. ЭРТЕҢ

— “Жаңы тамга таанып, өздөрү үчүн жаңы дүйнө ачып жаткан үчүнбү, 4-класска чейинки балдар китепканага аябай кызыгышат. Алар эл аралык уюмдар сунуштаган долбоорлорго активдүү катышып, түркүн түстүү китептерин дилгирленип окушат. Ал эми жогорку класстардын окуучулары фантастика, көркөм адабият, лирика жанрындагы чыгармаларга кызыгышып сурап калышат. Тилекке каршы, алар сураган китептердин көбү бизде жок. Ошондуктан айыл тургундары, ата-энелер менен биргеликте “Бир адамдан бир китеп”, “Окурман клубу” сыяктуу акцияларды байма-бай өткөрүп турабыз. Мерси Ко эл аралык уюму уюштурган “Окуу марафонуна” жигердүү катыштык.

МЕКТЕП КИТЕПКАНАСЫ: КЕЧЭЭ. БҮГҮН. ЭРТЕҢ

Мындай иш-чаралардын жардамы менен окуучулар эле эмес, айылдын улуу-кичүү тургундары менен да байланыш түзүүгө жетишип жатабыз десем болот. Балдардын кызыгуусу артып, окурмандарыбыздын саны көбөйүп жатканы кубандырат.

Мектепте эмгектенишкен башталгыч класстардын мугалимдери менен биргеликте куурчак театрын уюштуруп, анда балдар өздөрү сүйүп окуган жомоктордогу каармандардын ролдорун аткарышат”.

 

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер