МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ БОЛУШ ОҢОЙ ЭМЕС…

  • 23.03.2021
  • 0

Мен бүгүн Кыргызстандын энергетика тармагында олуттуу орду бар Кара-Көл шаарындагы коомчулук жапырт сыйлаган,   20-кылымдын 80-жылдары агартуу системасына баш багып, эки доордун айкалышындагы өткөөл мезгилдин кыйынчылыктарына туруштук берип, мектептеги билим берүүдө татаалды жөнөкөйлөтүп, караңгыдан жол таап, ар кандай маселени оңунан чечкен мыкты жетекчи Кокоева   Гульбайра Станбековна тууралуу баяндагым келди.

Мындан бир нече жыл мурун сырдаш устаттарымдын бири кайсы бир өнүккөн өлкөгө иш сапары менен барып, алардын билим берүү системасы менен таанышып, көзү менен көрүп, суктанып келип айтып бергенин эстейм. Айрыкча мен сөз кыла турган каарманымдын жумуштагы түйшүгүн көргөндө, ошол маек эсиме түшөт.  «Ал жакта мектептин президенти болот экен, мен анын үйүндө конокто болдум. Анын мектепте такай болушу зарыл деле эместей, ал эмес анын кесиби дагы мугалим эмес, ошол мектепти уюштуруп анын бардык чарба муктаждыктарын камсыз кылып, ички инфраструктурасын түзүп, мектептин өзүндө эле мугалимдерге социалдык жана психологиялык кызматтар көрсөтүлөт экен. Ал эми директордун функционалдык милдетине окуу-тарбия процессин уюштуруу гана кирет экен» деп бир чети өнүккөн өлкөгө барып келгенине курсант боло, бир чети бизде жок, бирок  кылса боло турган бир жаңы идеялар жаралгандай, толкундоо менен айтып берген эле.
Азыркы Кыргызстандын агартуу майданында мектептин директору болуу кандай түйшүк! Алар мектепке тиешелүү бардык маселелерди чечет, билим берүү процесси гана эмес мектептин чарба маселелери да анын мойнунда, кээде коомдук башка маселелерге да активдүү катышууга туура келет.  Мектептеги билим сапаты  жөнүндө сөз болгондо мектеп администрациясынын функционалдык милдетине реформа киргизүү зарылдыгы бар деп ойлойм.
Мектеп — коомдун  интеллект көз карашынын башаты, ал эми мугалим — ар бир жарандын  позитивдүү көз карашынын булагы эмеспи. Мектеп жамаатынын калыптанышында «Дарак жемиши менен, адам иши менен нарктуу” дегендей, эженин орду чоң.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ БОЛУШ ОҢОЙ ЭМЕС...
Кокоева Гульбайра Станбековна Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 1963-жылы 28-январда туулган. 1989-жылы Таш-Көмүр шаарындагы №4 орто мектепти бүтүргөндөн кийин, ошол эле жылы мурунку Фрунзе шаарындагы ПИРЯиЛ окуу жайына тапшырып, аны 1985-жылы аяктаган. Эмгек жолун 1985-жылы Шамалды-Сай шаарчасындагы №2 орто мектепте эмгектенүү менен баштаган. 1989-жылдан баштап Кара-Көл шаарындагы №1 Токтогул атындагы орто мектепте иштейт. Эмгек жолунда аталган мектепте жогорку класстын окуу бөлүмүнүн башчысы (1998-2002-ж.), 2002-жылдан баштап мектептин директору болуп иштеп келе жатат. Үй-бүлөлүү, бир уул, эки кызды тарбиялап, эрезеге жеткирди.
Өзүнүн жигердүү эмгек жолунда шаардык билим берүү бөлүмүнүн,  мэриянын, облустук билим берүү башкармалыгынын жана Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.  “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы»”  (2006-ж), «Билим жана илим профсоюздук кыймылынын отличниги» (2010-ж), шаардык мэриянын “Кара-Көл шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн” (2020-ж), Кара-Көл шаардык Кеңешинин “Мыкты инсан” (2020-ж) төш белгилеринин ээси. Шаардын коомдук иштерине активдүү катышкандыгы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн “2013-жылдын иштерман жараны”, Кара-Көл шаарынын билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн «Акыйкат» гезитинин тандоосу менен “2013-жылдын эң мыкты эл агартуу кызматкери» деген номинацияга татыктуу болгон. “Дилбар” кыз-келиндер гезити тарабынан өз кызматындагы жаратман эмгеги үчүн “2017-жылдын татыктуу айымы” деген диплом менен сыйланган.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ БОЛУШ ОҢОЙ ЭМЕС...
Шаардык билим берүү бөлүмүндө 2006-жылдан бери коллегиянын мүчөсү.
Эжей жетектеген мектепте «Жылдын мыкты мугалими» сынагынын  шаардык,  облустук, республикалык турунун катышуучулары жана жеңүүчүлөрү  эмгектенет.  2003-жылдан бери мектептин ондогон окуучулары облустук олимпиаданын жеңүүчүлөрү болушса, эки окуучу республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү аталды. Ар бир окуучуну башынан сылап, жакшы сөз айтып, мугалимдик бакыт эмне экенин туюп, мугалимге да окуучуга да мотивация берип, окутуп-тарбиялоо процессинде проблемалуу кырдаалдарды креативдүүлүк менен жөнгө салып иштеп келе жатат. Билим тармагында окуу процессин уюштуруу бул стандартка ылайык окуу программасы менен балдарга билим берүүнү уюштуруу гана эмес, билим берүүнү жүзөгө ашырууда ыңгайлуу шарт түзүү да болуп эсептелет. Андыктан иш билги директор билим тармагында ЮНИСЕФ, FTI, USAID, USDA уюмдары менен иш алып барып, мектепти жаңы технология, жаңы окуу куралдары жана инсандын дүйнө таануусуна, өзүн-өзү калыптандыруусуна багытталган китептер, инсан тарбиялоодогу учурдун урунттуу проблемаларына багытталган эмгектер менен камсыз кылды.
Мектепти заманбап талапка ылайыкташтыруу, оңдоп-түзөп, калыбына келтирүүдө МЕРСИКО, АБР сыяктуу мамлекеттик эмес уюмдарга долбоор жазып,  мектепке инвестиция тартты. Мектептин базасын чыңдап, мектептин кабинеттерине эмеректерди алып, ашкана, ажаткана, спорт залдын ичине ремонт иштери жүргүзүлдү.
Шаар бийлиги менен тыгыз байланышта иштеп, жергиликтүү бюджеттен 2007-жылдан 2021-жылга чейин мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, инфраструктурасын  оңдоого мектеп үчүн  каражатты бөлдүрүп,  алгылыктуу иштерди жүргүзүүдө.Тажрыйбалуу жетекчи катары башка мектептерге дагы усулдук жардамын жана кеңешин аябайт. Мугалимдердин квалификациясын көтөрүүдө, мугалимдин өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө дагы демилге берип келе жатат. Мектептин мугалимдери ар кандай курстарга, семинар-тренингдерге катышып, мугалимдик чеберчилигин  өстүрүп келүүдө.
Бир айылдын же бир кичинекей шаардын интеллект деңгээли — бул бүтүндөй өлкөнүн интеллект деңгээлин өнүктүрүүчү фактор. Гульбайра Станбековна мектептин билим берүү майданындагы баардык процесстерди  натыйжалуу нукка бурууда.  Кара-Көл шаарынын билим берүү тармагындагы жүргүзүлгөн иш-аракеттерди колдоп, алгылыктуу идеяларды сунуштап, билимдүү коомду  түзүүдө жана өндүргүч күчкө болгон өлкөнүн талабына ылайык кесиптик багытта балдарды окутуп-тарбиялоодо да сиңирген эмгеги зор. Ал коомдук иштерге дагы активдүү катышып, шаардын жашоо жыргалчылыгын камсыздоо үчүн аракеттерди жасап келет.  Дүйнө өлкөлөрүнө тең тайлаша өнүгүү — коомдун интеллект деңгээлинин  өсүшүнөн көз каранды. Алакандай шаардын интеллект башаты бул — мектеп, ал эми мектептин аброю — мыкты директордун уюштуруучулук ишине байланыштуу. Сөзүмдүн акырында айтарым, чырпыктан чынар өстүргөн дасыккан мектеп директору Кокоева Гульбайра Станбековна, сиздин жетекчилик ишиңиздин жигердүүлүгү арта берсин!

Тагаева Фаризат, Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1  мектеп- гимназиясынын тарых мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер