МЕКТЕП БАШКАРУУСУН ЖАКШЫРТУУ – САПАТТУУ БИЛИМДИН ӨБӨЛГӨСҮ
- 06.07.2022
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин директорлорун сынак аркылуу тандап алуу аракетин көрүп жатат. Сынакты өткөрүү Жобосу, механизми иштелип чыкты. Конкурстун талабы боюнча сынакка каалаган адам, анын ичинде иштеп жаткан директор да катышууга укугу бар. Күн тартибиндеги бул олуттуу маселе боюнча көп жылдан бери билим берүү тармагында жетекчи болуп эмгектенип келген, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл КЕНДИРБАЕВАны сөзгө тарттык.
— Догдуркүл Шаршеевна, мектеп директорлорун сынак аркылуу тандап алууга көз карашыңыз кандай?
— Биринчиден, билим берүү мекемелеринин жетекчилерин бекитүүдө көп учурда субъективдүү мамилелер болуп келгенин мойнубузга алышыбыз керек. Кандайдыр бир депутаттардын, акимдердин, районолордун же бир таасирдүү адамдардан лобби такыр болгон жок деп айта албайбыз. Аны мен өзүм жетекчи болуп турганда далай көрдүм. Кийинки чоң бир маселе – коомчулуктун жалпы билим берүү тармагына, айрыкча, мектеп директорлоруна ишениминин жоктугу кандайдыр бир радикалдуу, оптималдуу чечим кабыл алууга түртөт. Мунун объективдүү жана субъективдүү шарттары дагы бар. Эң биринчи иретте жалпы мыйзамдардын бардыгын жөнгө салуу зарыл. Анткени Эмгек кодексинде “мурда иштеп жаткан адам кайрадан конкурска катышып, өзүнүн ордуна мамлекеттик кызматкер болбогондон кийин тастыктай албайт” деген жери бар эле. Албетте, биринчи ошону жөнгө салуу керек. Кыргызстанда Конституциялык мыйзамдарга ылайык, иш берүүчү менен эмгек мамилелерин жөнгө сала турган Эмгек кодекси болуп эсептелинет. Мына ошонун шартына каршы болбоо зарыл.
Директорлорду тандап алууда субъективдүү тандоодон алыс болушубуз керек. Менин оюмча, электрондук , санариптик тандоо жакшы жөрөлгө. Билим берүү жана илим министрлиги өздөрү ректорлорду шайлоо сунушун киргизип жатышат. Бул абал жиктелүүгө дуушар кылып, жердешчилик, кандайдыр бир тиги же бу кызыкчылыктар менен билим берүү системасындагы ийгиликтүү реформанын жүрүшүнө эмес, кандайдыр бир жеке кызыкчылыгы үчүн шайлап койбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Жогорку Кеңешке, айылдык кеңешке шайлоо учурунда жиктелүү менен айылдаштар, көчөлөштөр, достор, классташтар ж.б.у.с. топтолуп алып, мыктылар өтпөй, чөнтөгү калыңдар, байланыштары бар, таасирдүү адамдардын колдоосу менен өтүп келген. Керек болсо, азыркы Жогорку Кеңешке өтүүдө деле ошондой көрүнүштөр болбой койгон жок.
— Прогрессивдүү, заманбап директорду тандоо үчүн биринчи ирет эмнеге басым жасалышы керек?
— Конкреттүү директорлорду тандоодо биринчи иретте алардын профессионалдык адистик деңгээлине кароо керек. Анын новатордук мүмкүнчүлүгү кандай, мектепти өнүктүрүүдө көрө билген кыраакылык же болбосо өзүнүн көрө билүү стратегиясы барбы? Сөзсүз түрдө санариптик портфолиосун эске алуу керек. Бүгүнкү күндө заманбап технологиялар менен мектеп директору ким экенин аныктаса болот. Тандоодо сырттан таасир эткен факторлордун баарын жокко чыгарыш керек. Сөзсүз түрдө жеке кызыкчылыктардын үстөмдүгүнө жол бербей, адистик, профессионалдык жана көз карандысыздык адистердин мыктылыгына, кесипкөйлүгүнө багыт бере турган тенденциялар менен гана иштеш керек.
— Сынак өткөрүү опурталдуу эмеспи? Өмүрүн мектепке арнаган жаратман директорлор үчүн сынактан өтпөй калышса адилетсиз болуп калбайбы?
— Өтө чоң коркунуч бар. Анткени мурдатан бери келаткан жаратман директорлордун өтпөй калуу коопсуздугу бар. Анткен акыркы кездерде санарип технологияларды ишке ашырууда жаш мугалимдердин санариптик көндүмдөрүнүн артыкчылыгы менен мурда иштеп келген директорлордун ортосунда чоң ажырым бар. Эске алчу нерсе, элге, конкурска шылтап ошол жаратман директорлордун эмгегин жокко чыгарган таптакыр адилетсиздик болуп калат. Кандай болгон күндө дагы ошончо жыл иштеп, эң оор мезгилди башынан өткөрүп, бүгүнкү күнү гүлдөгөн мектепке жеткирип, анан ата-энелердин чабуулуна туш болгон директорлор жок эмес. Ата-энелердин бардыгы сапаттуу билим берген, материалдык-техникалык базасы күчтүү, жаркырган гимназияда окугулары келет. Ошол жаркыраткан деңгээлге ким жеткирди деген калыс суроо болуш керек. Анткени мамлекет тарабынан гимназияларды өнүктүрүүгө кошумча каражаттар берилген жок. Коомду уюштуруп, ошондой эле аларга далилдеп да беришти. Албетте, мектепке кирбей калгандардын ар кандай сын-талаптары бар. Ошентип, ошол иштеп жаткан директорлордун жашы жетсе дагы, кызыкчылыгын көздөшүбүз керек.
Кыргызстанда директорлорду бекитүү боюнча конкурс өткөнү жакшы. Бул маданияттын, билимдин жана тажрыйба, менталилеттин баарлашуусу болуп эсептелинет. Себеби, жакшыбы, жаманбы союз учурунда түштүктөн түндүккө келип окуткан, тескерисинче, түндүктөн түштүккө барып билимдин, маданияттын баарлашуусу күчтүү жүргөн. Азыркы жиктелип турган учурда аралаштыруу керек. Башка маселе — жер-жерлерде мамлекет тарабынан күч органдардын кызматкерлерине үйлөр салынып жатат. Директорлор сынактан өткөндөн кийин алардын жашай турган шарттарын, мүмкүнчүлүктөрүн түзүү аркылуу мыктыларды айылдарга тартуу факторун эске алышыбыз керек.
Чындап келсе, айрым жетекчилер мектептерди менчигиндей басып отурушат. Ошол эле бала бакчада, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде бир туугандарын топтоп, өзүнүн менчигиндей пайдаланган жетекчилер жок эмес. “Көптүн көзү көрөгөч” баарын көрүп турат, айыл жеринде мыкты мугалимдерди кабыл албай, чала сабат же жеке кызыкчылык менен алып койгон фактылар жок эмес. Ошондуктан реформага бут тоспой, колдоо зарыл. Анткени алар дагы коомчулуктун алдында жоопкерчиликти сезиши керек.
Кадрларды тандап алууда жетекчилердин дагы күнөөсү бар. Анткени ал өзүнө ылайыктуу, анын сөзүн эки кылбаган адамдар менен келишим менен мамиле түзүп, ишке алгандарын угуп жүрөбүз. Электрондук тандоо коюлса, ошол жерге талаптар илинсе, Кыргызстан боюнча ачык тандоо жүргүзүлсө абдан жакшы болот.
— Тандоо механизми кандай болушу керек? Кайсы инструмент аркылуу күчтүү көз карандысыз тандоо болот?
— Бүгүнкү күндө инструменттерибиз чабал. Анткени бирөө айтып жатат Камкорчулар кеңеши аркылуу катышат деп. Биз Ысык-Көл, Талас облустарында айылдык билим берүү боюнча Дүйнөлүк банктын пилоттук долбоору менен мыкты мугалимдердин, директорлордун, мектептин, окуучунун ишмердүүлүгү боюнча баалоо процессин өткөргөнбүз. Андан кийин Камкорчулар кеңеши тууралуу мыйзам кабыл алынды. Бул жерде дагы субъективдүү фактор бар. Анткени ата-эне акча жыйнайт, бирок акырында казначей эсебинен директордун тескемеси менен алынат деген жери бар. Ушул жерден биз кайрадан эле ойлонушубуз мүмкүн, анткени Камкорчулар кеңешине айылда сөзү өткөн кишилер алынат. Демек, кайрадан коркунуч бар, булардын кызыкчылыктары дал келип калышы мүмкүн. Мыйзам муну менен толук жооп бере албайт, жөнгө да сала албайт. Экинчиден, эң мыкты көз каранды эмес адамдарды кошобуз десек, маселен, бейөкмөт өкүлдөрүн, анда башка маселе бар. Алар мектеп бекиткен (фиксированный) тесттерди карашы мүмкүн, бирок ошол жерде психологиялык, педагогикалык факторду, ишти уюштуруудагы ички процесстерди билеби? Мына ушуларды дагы терең ойлонуу керек. Эки тарап тең таарынбагандай, өзүнүн көрсөткөндөрүнө баа бергендей, ынангандай ишти түзүшүбүз керек.
Сөзсүз түрдө биз прогрессивдүү, мыкты директорлорду иштегенге, ротация кылганга шарт түзүп, өзгөртүшүбүз керек. Бирок 30 жылдан бери кадр системасына таптакыр реформа болгон жок. Ошон үчүн коомчулукта директорлордун ишине болгон сын, нааразычылыктар күчөп жатат.
— Эгерде жаратман директор сынактан өтпөй калса, анын ордун толуктай алган резерв кадр барбы?
— Бул директорду кетирип, андан мыкты директор анын ордун толуктай алабы деген бүдөмүк бар. Конкурска бара турган кишилерди электрондук тандоо жүргүзөөрдүн алдында аларга дагы мастер-класстарды өткөрүп, алардын даярдыгын эске алышыбыз керек. Бүгүн мектеп директорлору практикалык ишти жакшы билет, проблемадан чыгуу, каражаттарды тартуу, мектепте билим берүү шартын түзүү, тазалоо, материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча, балким, ал теориялык жактан аксап калышы мүмкүн. Азыр чоң өзгөрүүлөр кирди. Мына ушулардын бардыгын эске алуу менен түзүлгөн конкурс жеткиликтүү, адилеттүү, ошондой эле суроолор дагы жеткиликтүү, адилеттүү, келечекте өзүнүн ички кудуретин, дараметин аныктай алчу суроолор берилиши, ошондой эле санариптик портфолиосу сөзсүз болушу керек. Биз эскилердин дагы эң жакшы жактарын эске алып, алардын тажрыйбасын пайдаланганга аракет кылышыбыз керек. Эң оор мезгилде ушул күчтүү мектептерди жараткан мыкты, лидер, менеджер директорлорду эстен чыгарбашыбыз зарыл.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Гүлайым МАШРАПОВА, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:
— Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин 1-июлда көп жылдан бери мектеп директору болуп отургандар боюнча чечим чыгат деп билдирген сунушу бүгүнкү күндүн талабы.
Жаңы технологиялар күндөн күнгө өзгөрүп турган доордогу мектеп директору билимдүү, интеллектуалдык потенциалы бийик, мекенчил, жетекчилик сапаты жогору, компьютердик технологияларды мыкты өздөштүргөн, менеджер болуу менен бүгүнкү мектеп партасындагы окуучу – мамлекеттин эртеңки келечеги экендигин эсинен чыгарбоосу зарыл.
Чындыгында бир мектепте 20-30 жылдан ашуун убакыттан бери отурган айрым бир директорлор өздөрүн “хандай” сезип калганы ачуу чындык! Алар бир топ жылдардан бери мектепке жетекчи болуу менен окуучулардын билим сапатына, окуу китептери менен камсыздалышына, социалдык жактан колдоого муктаж окуучуларга көрсөтүлгөн жардамдар, берилген жеңилдиктер, жылдан жылга мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоодогу өзгөрүштөр боюнча мониторинг жасап, приоритеттүү маселелерди койбой келишет.
Директорлук кызматка сынактын негизинде тандап алуу – замандын талабы!
Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиевдин демилгеси менен уюштурулуп жаткан сынакты өткөрүүдө адам ресурсу аралашпай, баары компьютердик технология аркылуу алынса, балким, биз күткөндөй чыныгы мектеп жетекчилери дайындалышына шек жок деп ойлойм.
Сынакты уюштурууда кандай мугалим мектеп директорлугуна талапкер боло алат? Анын педагогикалык эмгек стажы, мектеп администрациясында иштеген же иштебегендиги, анын мүнөзү, лидерлик сапаты канчалык деңгээлде экендиги эске алынуу менен атайын критерийлер түзүлөбү же каалаган мугалим мен директор болушум керек деп сынакка катышуу укугуна ээ болобу?
Бул маселени да абдан дыкаттык менен карап чыгып, бир жыйынтыкка келүү зарыл.
Канткенде да билим берүу жана илим министри А.Бейшеналиев бир топ жылдардан бери мектеп директору кызматында эмгектенип, отурукташып калган жетекчилерди жаңы көз караштагы, билим берүү тармагын жакшыртуу багытындагы идеяларга бай, менеджер, өз элинин патриоту болгон, ата-энелер, коомчулук менен тыгыз иш алып бара ала турган кадрларга алмаштыруу сунушун колдойм.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер