МЕКЕН ДЕП СОГОТ ЖҮРӨГҮ
- 27.10.2023
- 0
Илимпоз, педагог Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВДИН 70 жашка чыгышынын урматына
Өңдүү, сыйда, жүзү жарык, кабагы ачык, жайдары, аркачандан бир качан, тарых илиминде эркин ой-жүгүртүү маданиятына умтулган профессор Дөөлөтбек Сапаралиевди солкулдаган жигит курагынан бери билем. Окумуштуунун Кыргызстандын тарыхы илимине кошкон салымын, жаңылык-табылгаларын атай кетүү биз үчүн да мартабалуу. Анын тарыхчылык кесипке ээ болуп (1976-ж.), илим, билим чөйрөсүндө жүргөнүнө мына быйыл 47 жыл болуптур. Баса, бул оңой-олтоң мөөнөт да, мээнет да эмес, жарым кылымга тете зор мезгил менен мейкиндик. Айтмакчы, алгач Кыргыз илимдер академиясынын Тарых институна кызматка орношуп, окумуштуулук сапар-саамын атаандаштык менен баштаган экен. Ошондонбу, айтор, изилдөөдө жеңил, популярдуу болуп турган совет доорунун тарыхын чанып, болочоктогу илимпоз кыргыз тарыхнаамасындагы жетишсиз, кемде-кем изилденген XVIII кылымдагы этностун саясий, социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн тыкыр жана кылдат зериктөөгө бет алгандыгын алдын-ала айта кетүү жөндүү чыгар.
Албетте, коомдук илимдерде көзгө толумдуу, ойго алымдуу табылгаларды табуу, жаңылыктарды ачуу, ачылыштарды жаратуу жеңил-желпи иш эмес да. Атайын адабияттардан тышкары Россиянын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын ондонгон архивдерин түрө кыдырып, изилдөөлөрдү өжөрлүк менен улаган. Ошол аракеттери текке кетпей, изденүүлөрдүн саамалык натыйжалары төмөнкүлөр: Россиянын Омск областык мамлекеттик архивинен жана Москва шаарындагы Россиянын мамлекеттик борбордук тарыхый архивдеринен табылган XVIII кылымдын соңунда өмүр өтөгөн тарыхый инсан Атаке бий Тынай уулунун Россия империясына алгачкы элчиликти жөнөтүп-аттантканы, эки мамлекет аралыгындагы расмий дипломатиялык алака-катышына байланыштуу документтерди табуу Кеңеш доорунда аброй-сыяпаты шаңшып турган илимдеги ири жаңылык катары кабыл алынуу менен, дагы бир таланттуу жаш окумуштуунун ысымы жанар тоодой атылып, илим чөйрөсүндө гана эмес, коомчулукта дүң болгону али эсибизде.
Ал – Атаке баатырдын Россия императору Екатерина IIге жана Омск шаарынын жетекчиси Н. Огаревго 1785-1788-жылдарда жазган каттарынын түп нускалары менен орус тилиндеги котормолору экендигин таржымалдоо, албетте, азыр да даңк-беделдүү илимий окуя. Бул кыргыз өкүмдары өзү жазган, алгачкы тарыхый документ катары өтө маани-маңыздуу жана касиет-жышаналуу табылга эле. Бул документтер ошол учурда Кыргызстанда бир топ бүйүр кызыткан кызыгууну, суктанууну жаратып, коомдук илимдер жаатында кандайдыр бир деңгээлде илимий азык, олжо, табылга катары көк жалдуу миссиясын өтөгөн десем жаңылбайм. Ошол архивдерден жана сейрек кезикчү булактардан алынган материалдардын негизинде XVIII-XIX кылымдарга тиешелүү кыргыз тарыхынын көптөгөн окуяларына тактоолор, толуктоолор, айкындоолор киргизилгендиги соңку тарыхый эмгектердин мазмун-маңызынан, нарк-насилинен айнектей даана баамга урунат.
Ал эми кыргыз элинин XIX кылымдагы мамлекеттүүлүгүнө байланыштуу Казакстан Мамлекеттик архивинен табылган жаңы документтер да, асыресе, кунарлуу жана касиеттүү.
Ал Бишкек шаарынын этимологиясын изилдөөгө көп аракет-күчүн жумшап, аягында «Бишкек жана Пишбек баатыр: тарыхый даректер менен уламыштар. Тарыхый изилдөө» деген китепти жазууга жетишкен. Ошол эле 2021-жылы экинчи ирет толук басылды. Өлкөнүн борбор калаасынын нукура аталышы — «Пишбек» (орусча, мурда бир аз бурмаланган түрү -«Пишпек» болуп 48 жыл турганын баарыбыз билебиз да) аталышын кайтарууну илимий негизде колдогон. Бул (антропоним — адамдын ысымынан коюлган айылдын же шаардын аталышы катары) биздин тарыхыбыздын реалдуу инсаны – Чүй өрөөнүндө солто уруусунан чыккан Пишбек баатыр Кенен уулу (1758-1845 -ж.) тарабынан негизделген коргон болгон. Кийин айыл аталышына, акырындык менен шаар макамына жеткенин, автор тарыхый архивдик булактардын негизинде ишенимдүү далилдөөгө жетишкендигин белгилей кетүү парз.
Мындан тышкары, кыргыз элинин таанымал инсандары: Нышаа элчи, Кубат бий, Пирназар бий, Жайыл баатыр, Атаке баатыр, Тайлак баатыр, Ормон кан, Алыбек баатыр, Алымбек датка, Нурдөөлөт баатыр, Султанкул манап, Садыр аке, Байзак баатыр, Шабдан баатыр, Рахманкул-хан, СССРдин алгачкы аскер комиссарынын атасы – Василий Фрунзе, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Жайнак Саадаев, Төрөкул Айтматов ж.б. тарыхый бейнесин жазып, алардын тагдыр-жазмышына бир топ тактоолор менен толуктоолорду киргизген.
Өзгөчө, Ысык-Көл чөлкөмүнөн чыккан акелердин бири Садыр аке Жолболду уулунун (1825-1909 — жж.) өмүр баянын, өлчөмүнөн көп кылбас тагдырын изилдөөгө кенен-кесир эмгек өтөгөндүгүн айгайлай кетүү ийги. Казакстандын Мамлекеттик борбордук архивинен 80ден ашык жаңы табылган документтерге негизделген «Садыр аке даанышман.Тарыхый документтик изилдөө» китеби быйыл 2023-жылдын июль айында басмадан жарык көргөндүгү таберик окуя. Анда Садыр акенин акылман жетекчилиги, Россия менен Кытай ортосундагы чек араны ажыратууга катышкандыгы жана чоң күмүш медаль алгандыгы ж.б. документтик далилдер менен шөкөттөлгөн тарыхый публицистикалык баян өзгөчө дем, бөтөнчө күч-кайрат менен эпкиндүү жүзөгө ашырылгандыгын белгилей кетүү кажет.
Д.Сапаралиевдин өйдөкүдөй асыл сапаттарга жана артыкча касиеттерге ээ экендиги кыйла жылдардан бери жадымда. Баамымда, ал – мыкты окумуштуу, табиятынан тубаса педагог жана жаратман уюуштуруучу.
Эң башкысы – таланттуу, чебер жана калыс иликтөөчү катары Д. Сапаралиев XVII-XIX кылымдардагы кыргыздардын саясий тарыхын, социалдык-экономикалык ал-жайын, абалын, эркиндик, азаттык үчүн кармашын, күрөшүн, бөтөнчө, алыс-жакын коңшу-колоң өлкөлөр жана элдер менен өз ара алака-катыштарын, эл аралык мамиле-байланыштарын ар тараптан изилдөөгө негиздүү да, олжолуу да, акжолтой да салым кошкондугу, асыресе, бышык жана таасын.
Д.Сапаралиев 1989-2001-жылдары Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде эмгектенген. Ал студенттерге аталык камкордук менен сылык-сыпаа мамиле кылып, шакирттерине үлгүлүү жана өрнөктүү инсан экендигине дамамат күбө болуп келем. Адегенде Европа жана Америка өлкөлөрүнүн, кийин Кыргызстандын тарыхы, атайын жана тандалма курстар боюнча тарых факультетинде алтын шилекейин чачыратып окуган дарстарынын мазмуну, формалары, максат-милдеттери, методдору жана каражаттары илимий-теориялык чечмеленишинин айкындыгы, таасирдүүлүгү жана технологиялык сапаттуу ишке ашырылышы аркылуу лектордун өзгөгө чыгармачылык менен берилип иштегендиги көңүл-маанайымда.
Кийин ал Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде да жигердүү иштеп, окуу-тарбия процессине, илимге ак жүрөк, ак дилден тунук мамиле кылуу маданияты менен аталган окуу жайда жетекчи жана беделдүү лектор катары кадыр-баркка ээ болгону эсимде. Бирок, ал жерде бүжүрөп, кой оозунан чөп албоо позициясында болбой, кыргыздын ар-намысын талашып-тартышып, мекенчилдигин айкындап жүрүп кеткенин кантип билмексен болобуз?! Мындай кырдаалда байкамаксан, билмексен болуу, салкын көз менен кароо, ысык-суугу жок деп четтөө, пайда-зыянына карап, жылма митаамдык кылуу ж.б. терс сапаттар анын кулк-мүнөзүнө чоочун, ар дайым намысты колдон тайдырбоо кубаты буркан-шаркан болуп турат. Ал эл-жер, ар-намыс, мекен дегенде ичкен ашын жерге коюу менен күн-түн даяр, белен, камдуу, патриот жана нар кескен шерлердин бири экендигине далай күбө болгон чагым бар.
Илимпоз – ийкемдүү, илбериңки мыкты уюштургуч. Анын мындай асыл сапаты тээ 1976-1989-жылдары Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунда иштеп жүргөн кезинде эле замандаштарына даана байкалган. Жаш окумуштуулар кеңешинин төрагасы, жаштар уюмунун жигердүү мүчөсү катары көптөгөн илимий конференциялардын, экскурсия, экспедиция, маданий-агартуучулук ж.б. иш-чаралардын демилгечиси жана уюштуруучусу болгону белгилүү. Анын мындай иш билгилиги, уюштургучтугу бөтөнчө 90-жылдарда КУУнун тарых факультетинде иштеген учурда өзгөчө көркүнө жана ажарына чыккан эле. Ошондуктан, ал адеп Европа жана Америка тарых кафедрасынын башчылыгына (1992-1995), кийинчерээк Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчылыгына (1999-2001) шайланган. Аталган кафедраларды ал жетектеген жылдарда илимий, окуу-методикалык жактан ири ийгиликтерге жетишип, кадрларды даярдоо, адеп-ахлак, психологиялык кырдаал жагынан жамаат кыйла чыңдалган. Андыктан, ал өзү менен бирге эмгектенген окутуучу-профессорлордун жана студенттердин арасында чоң сый-урматка, аброй-дөөлөткө ээ болгондугун белгилей кетүү ийги.
Күндөлүк турмушта ак ниет, калыс, акыйкатчыл, арамза ойлонуп, арам ишке аралашпаган инсан. Акылы терең, ойлоосу жайык, адеп-ахлактык касиети мүрөл, көөнө жана заманбап, интеллектуалдуу мурастарды боюна сиңирген үлгүлүү да, гумандуу да окумуштуу. Кайсы бир акын ырдагандай, жүрөгү акак, бермет таштан тунук.
Баарлашууга, диалогго чебер, ашып-ташып, ташкындап катышат, кээде жалындуу монологго ыктап кетүү каадасы да бар. Сүйлөө, жазуу маданияты өрнөктүү. Окумуштуулукта элдин намысына жараган, жөн эле опурлуп-жапырла бербеген, илимий иштин ыгын мыкты өздөштүргөн, машыккан, көзүн тапкан, дасыккан устат. Замандаштарынын өтүнүчүн жерге калтырбаган, үмүт-тилегине ак дилинен тилектеш, санаалаш болгон, муктаждыктарын илгиртпей сезе билген, адамдын ажатын ачууга камдуу жүргөн азаада азамат. Педагог катары студенттик чөйрөдө жигердүү, белсемдүү, чечкиндүү, аларга жакшы көрүү менен ардактап, урматтап, аздектеп мамиле кылуу сапаты таалим-таасирдүү. Жаштарга айта турган изги, аруу, ой-тилектери ар дайым көкүрөк-көөнүндө. Үйдө үлгүлүү жар жана камкор ата, туугандарына акыл-кеңешчи, күйүмдүү ага.
Д.Сапаралиев илимдеги жетишкендиктери үчүн Илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер наамы ыйгарылган.
Жыйынтыктап айтканда, анын илимий изилдөөчүлүк жана педагогикалык ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү мекенге ак дилден кынтыксыз кызмат кылуунун айкын жана даңазалуу өрнөгү десем болот.
Назаркул ИШЕКЕЕВ, Ж. Баласагын атындагы КУУнун илимий иштер боюнча проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын корр.-мүчөсү, КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер
Комментарийлер