МЕДКОЛЛЕДЖДЕРДИН ТАГДЫРЫ: ОКУУ ЖАЙЛАРДЫ ЖАБУУНУН ЭРЕЖЕСИ БАР

  • 05.05.2022
  • 0

Өткөн жума соңунда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 12 жеке медициналык колледжди жабуу боюнча буйрук чыгарган. Ал бул чечимин аталган окуу жайларда студенттердин практикалык билим алуусу үчүн толук шарттар түзүлбөгөнү менен түшүндүргөн. Билим берүү жана илим министрлиги болсо окуу жайларды жабуунун атайын мыйзамдык эрежелери бар экенин эскертүүдө.   

МЕДКОЛЛЕДЖДЕРДИН ТАГДЫРЫ: ОКУУ ЖАЙЛАРДЫ ЖАБУУНУН ЭРЕЖЕСИ БАР

 

 

 

 

 

Негизи окуу жайларга лицензия мөөнөтсүз берилет жана ал үч учурда гана артка кайтарылат. Биринчиси — юридикалык жак өзү расмий түрдө юридикалык жак катары жабылып жатабыз деген кат менен кайрылганда, экинчиси — юридикалык жак болуп кала берип, бирок билим берүү ишмердигин токтотуп жаткан болсо, арыз менен кайрылганда, үчүнчүсү — соттун чечими менен. Министрликтин бул билдирүүсүндө учурда Алымкадыр Бейшеналиевдин буйругунда тизмектелген окуу жайлардын ээлеринин бирөөсүнөн дагы жабылуу боюнча чечими жана аталган окуу жайларды жоюу боюнча соттун чечими жок болгондуктан, буйрукта көрсөтүлгөн окуу жайларды жабууга мыйзамдуу негиз жок экендиги айтылат. Андан сырткары окуу жайлардын билим берүү ишмердигин көзөмөлгө алуу Саламаттыкты сактоо министрлигине эмес, Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлгөндүгү баса белгиленет. Андыктан Саламаттык сактоо министрлигинин бул окуу жайларды жапмак түгүл, билим берүү ишмердигин текшерүүгө дагы укугу жок. Ушундан улам Алымкадыр Бейшеналиев кайсы мыйзамга таянып окуу жайларды жабууга буйрук чыгарганы окуу жайлардын өздөрүнө гана эмес, коомчулукка дагы кызык болууда.

 

САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРИНИН “КАРА ТИЗМЕСИНЕ” КИРИП КАЛГАН ОКУУ ЖАЙЛАР:

  • Ош аймактык колледжи;
  • К.Ш. Токтомаматов атындагы ЭАУнун Эл аралык медициналык колледжи;
  • «Авиценна Билим» медициналык колледжи;
  • Н.И. Пирогов атындагы Медициналык колледж;
  • “Уникум” Кыргыз медициналык-социалдык колледжи (КМСК);
  • Ысык-Көл медицина жана стоматология колледжи;
  • Кочкор-Ата аймактык колледжи;
  • Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун (ИСИТО) Медициналык колледжи;
  • Араван “Дулдул Тоо” колледжи;
  • С. Тентишев атындагы АзМИнин Медициналык колледжи;
  • Илим жана ишкердик эл аралык университетинин Медициналык колледжи;
  • Медицина жана фармация колледжи.

МЕДКОЛЛЕДЖДЕРДИН ТАГДЫРЫ: ОКУУ ЖАЙЛАРДЫ ЖАБУУНУН ЭРЕЖЕСИ БАР

 

 

 

 

 

САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ДҮРБӨЛӨҢҮ

Белгилүү болгондой, буга чейин дагы республикадагы дарыгерлерди даярдаган окуу жайларды текшерип чыккан ведомство аралык комиссия лицензиялык жана аккредитациялык талаптарга туура келбеген окуу жайларды жабуу сунушу менен чыккан. Аны саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев колдоп, жабыла турган окуу жайларды тизмектеп, коомчулукту дагы бир жолу дүрбөткөн. Ошондо эле окуу жайларга лицензия берген Билим берүү жана илим министрлиги бул маселеге кылдат мамиле керектигин баса белгилеп, аларды эч ким каалаган учурда жаап сала албай тургандыгын эскерткен.

Негизи лицензия алып жатканда Билим берүү ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу жобого ылайык, медиктерди даярдай турган жогорку окуу жайлар клиникалык базалардын талапка жооп бериши боюнча №6 форманы Саламаттыкты сактоо министрлигинен алышат. Бул министрликте түзүлгөн атайын комиссия  жогорку окуу жайлардын гана клиникалык базасын жыл башында текшерип, жыйынтыгын март айынын башында эле коомго жарыяламак. Ал жыйынтыктын негизинде Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте тийиштүү чечим кабыл алынмак. Бирок эмнегедир бул текшерүүнүн жыйынтыгы дагы алигиче жарыялана элек.

 

МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙЛАРГА ПРОТОКОЛДУК ТАПШЫРМАЛАР БЕРИЛГЕН

Медициналык окуу жайлардын айланасындагы проблемаларды жоюу, сапаттык өсүшкө бет алуу боюнча  жакында эле  билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев медициналык адистерди даярдап жаткан окуу жайлардын ректорлору менен кеңешме өткөрүп, аларга бир катар протоколдук тапшырмаларды берген. Окуу жайлар ушул жылдын 15-июнуна чейин Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилүүчү №6 формага байланыштуу талаштуу маселелерди чечүү, үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөттөгү эл аралык программалык аккредитациядан өтүү, окутуучулардын жүктөмүн 1,75тен ашырбоо, жогорку окуу жайларды клиникалык база (көп профилдүү клиника) менен камсыздоо маселесин чечүү, чет өлкөлүк студенттердин окуу акысынын өлчөмүн жылына 3000 АКШ долларынан кем  кылбоо, китепканаларды англис тилиндеги жаңы окуу китептери менен камсыздоо тапшырмасы берилген. Андан сырткары профессордук-окутуучулук курам төмөнкүдөй деңгээлде англис тилин милдеттүү түрдө билүүсү талап кылынган:

  • TOEFL IBT – 55 балл;
  • TOEFL IBP – 460 балл;
  • TOEFL Essentials – 5 балл;
  • TOEIC Reading and listening – 550 балл;
  • TOEIC Speaking and Writing – 240 балл;
  • IELTS – 5.5 балл.

Бул тапшырмаларды аткарбаган окуу жайларга кийинки окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууга уруксат берилбей тургандыгы айтылган.

Буга улай эле медициналык билим берүүнүн айланасында болуп жаткан кырдаалды жөнгө салуу жана жасалып жаткан реформаларды алдыга жылдыруу боюнча  өлкө  башчысы Садыр Жапаров дагы окуу жай жетекчилерин чогултуп, атайын кеңешме өткөргөн. Анда ЖОЖдордун бул багыттагы ишмердүүлүгүн жакшыртууга байланышкан маселелер каралып, клиникалык базаларды түзүү, дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн алдыңкы тажрыйбаларын өздөштүрүү боюнча сөз кылып, окуу жай жетекчилерине бир катар тапшырмалар менен милдеттерди койгон. Жыйынтыгында бул реформаларды ишке ашырууда КММА менен ОшМУнун жетекчиси жеке жоопкерчиликти аларын айтып, “Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ишин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына Улуттук онкология жана гематология борбору менен Республикалык диагностикалык борбордун имаратынын өтүшүн караган Министрлер Кабинетинин тескемесине кол коюп берген.

МЕДКОЛЛЕДЖДЕРДИН ТАГДЫРЫ: ОКУУ ЖАЙЛАРДЫ ЖАБУУНУН ЭРЕЖЕСИ БАР

МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕРДЕР КӨРГӨН АРАКЕТТЕР

Медициналык орто окуу жайлары жогорку окуу жайлардай болуп өздөрүнө клиника, оорукана ача албаса дагы, студенттеринин практикалык билим алуусуна колунан келишинче шарттарды түзүп берүүгө аракет кылып келишет. Арасында клиникага чейинки база, чакан лаборатория түзүп алгандары да бар. Студенттери теориялык алган билимин алгач ошол жактан практика жүзүндө өздөштүрүп, андан кийин гана мамлекеттик жана жеке ооруканаларга практикага чыгышат. Мисалы, Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун Медициналык колледжинин өзүнүн клиникага чейинки базасы бар. Ар бир багыт боюнча бирден, үчтөн кабинеттер уюштурулган. Хирургия боюнча операциялык блок жана хирургия бөлүмү үчүн эки кабинет иштесе, акушердик багыт боюнча акушердик креслосу, тийиштүү муляждар менен камсыздалган  бир бөлмө бар. Медайымдык иштин негиздерине үч кабинет бөлүнгөн. Ал жакта да буту-колу кыймылдаган муляждар, колдонулуучу каражаттардын бардыгы менен камсыздалган. Тиш техниктеринин да өздөрүнүн лабораториясы бар. Ал дагы бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган. Бир эле учурда 15 студент отуруп түрдүү моделдерди  жасай алышат.

  • Биздин Медициналык колледжде дарылоочулар, фельдшерлер, медайымдар, акушерлер, фармацевттер жана тиш технологдору даярдалат. Аларды практикадан өткөрүү үчүн алдын ала клиникалык базалар менен келишимдер түзүлгөн. Улуттук госпиталь, Онкология жана гематология улуттук борбору, Клиникалык тез жардам ооруканасы (мурунку 4-шаардык ооруканасы), Тез жардам, 1-2-5-6-төрөт үйү, Бала жана энени коргоо борбору менен келишимдерибиз бар. Студенттерибиз ушул жактардан практикадан өтүшөт. Тиш технологдорун болсо жеке тиш техникасы лабораториясына жөнөтөбүз, — дейт практикалык окутуунун бөлүм башчысы Толкун Шарабидиновна.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер