МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМ: БҮТҮНДҮ БҮЛДҮРБӨЙЛҮ

  • 10.03.2022
  • 0

Дарыгерлерди даярдап жаткан окуу жайлардын жабылуусун эмес, өнүгүүсүн талап кылып, сапаттык бийиктикке чыгышына мүмкүнчүлүк түзөлү дешет  Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин ведомство аралык комиссиясынын ишин жыйынтыктаган тегерек столдун катышуучулары. 

Алардын айтымында, азыр сапаттуу медициналык билимге ээ өлкө катары Кыргызстандын имиджин сактап калуу менен чет элдиктердин ишенимин арттырып, ЖОЖдордун эл аралык стандарттарга ылайык ачык жана айкын иштешин камсыз кылуу биринчи орунда турат. Себеби акыркы кездеги медициналык адистерди даярдаган окуу жайлардын көп ачылып кетиши жана  бул маселенин айланасындагы чуу бир топ залакасын тийгизип, сырттан келген студенттердин агымына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова медициналык билим берүү жаатындагы чыныгы абалды билүү үчүн атайын түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы дагы дал ушул максатты көздөй тургандыгын, болгону комиссия дарыгерлерди даярдаган окуу жайлардын реалдуу картинасы кандай экенин билүү жана кырдаалдан чыгуунун жолун издөө үчүн түзүлгөндүгүн айтат.

  • Комиссия төрт ай иштеп, ар бир ЖОЖду 21 критерий боюнча баалап чыкты. 23 окуу жай десе эле көп сезилип жаткандай, бирок азыр алардын алтоо ишин баштай элек. Сегизи эл аралык аккредитациядан өткөндөр. Бул жакта эл аралык аккредитациясы жок окуу жайларды жаап салыш керек деген сөз жок, болгону потенциалын  көтөрүп, эл аралык стандартка салып, медициналык билим берүүнүн имиджин сактап калалык деген аракет. Ошондуктан биз чет элдик студенттерди окуткан бардык ЖОЖдор сөзсүз түрдө эл аралык аккредитациядан өтүшү керек деп жатабыз, — дейт  Нурипа Муканова.

 

САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИ ТЕКШЕРИП БҮТӨ ЭЛЕК

Азыр Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы окуу жайлардын клиникалык базасын текшерип жатат.  Жыйынтыгы 5-6 күндүн ичинде чыкса,  Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте карап чыгып, тийиштүү чечим кабыл алынат.

  • Медициналык окуу жайды ачуу үчүн аябай көп каражат, мээнет сарпталат. Башында жождор ачылып баштаганда 1-2 жылдын ичинде студенттери 3-курска жеткенче клиникасы ачылсын деген талап коюлуп келген. Кийин окуу жайлардын саны көбөйө баштаганда өзүнүн клиникалык базасы сөзсүз болсун деп талап кылып калдык. Себеби бардык окуу жайдын студенттерин биздин ооруканаларга батыра албайбыз, — дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин адам ресурстары жана медициналык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бообекова Гуля.

 

ТЕЗ АРАДА ТИЙИШТҮҮ ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛЫНЫШЫ КЕРЕК

Окуу жайларды бир эле учурда үч — Антикоррупциялык ишкердик кеңештин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясы өз алдынча текшерип чыкты. Адистердин айтымында,  эми ошол үч комиссиянын жыйынтыгынын негизинде бир пикирге  келип, тийиштүү чечим кабыл алынбаса, кырдаал оорлошуп, Кыргызстан имиджин жоготуп алышы мүмкүн.

  • Азыр үчөө биригип тез арада чечим чыгарбаса, кесепети жаман. Себеби биздеги болуп жаткандар Индия менен Пакистанга да жетип, алар Кыргызстанда баш аламан, момунча окуу жай жабылат экен, мамлекети эч нерсе чече албай жатат деп, бизге кат жазып, тынчсызданып жатышат. Саламаттыкты сактоо министри болсо бир күнү 17 окуу жайын жабабыз, экинчи күнү кайра он экисин жабабыз деп чыкты. Пакистан  Румыния, менен Кубаны кара тизмеге киргизип, такыр эле эшигин жаап койгон. Ушундай чатак улана берсе бизди да ушул тизмеге кошуп коет. Эгерде эшигин жаап койсо, окуу жайлар эле эмес бүтүндөй мамлекет чоң киреше булагынан айрылып калабыз. Себеби бир студент менен окуу төлөмү, визасы, тамак-ашы, жаткан-турганы болуп отуруп кеминде алты миң доллар, баарын көбөйткөндө 300-400 миллион доллар кирип жатат. Бирок албетте, акча түшүп жатат деп эле карап отура бергенге болбойт. Такыр талапка жооп бербегенин, өнүгүүгө аракет кылбаганын жаап, калганын эл аралык аккредитациядан өтүп, А, В, С топторуна жылышканга мүмкүнчүлүк берилиши керек. Эгерде алар аны да жасай албаса, анда өз убалың өзүңө деп жаап салса болот, — дейт Кыргызстан эл аралык университетинин президенти Асылбек Айдаралиев.

Ушундай эле пикирди медицина тармагындагы көз карандысыз эксперт Касымбеков Жаркынбек дагы карманат. Ал бул маселеге тереңирек, олуттуу анан аео  мамиле кылуу керек деп эсептейт.

  • Албетте жаап, талкалап салуу, лицензияны кайтарып алуу оңой. Бирок бар нерсени кармап калуу кыйын. Чоң ЖОЖду түптөп, аны өнүктүрүү эбегейсиз күчтү, капиталды, энергияны, убакытты талап кылат. Аракет кылып жаткан ЖОЖдорго тескерисинче, мамлекет катары мүмкүнчүлүк, өнүгүшүнө шарт түзүп беришибиз керек. Шарт түзүп бербей туруп жаап койгонго болбойт.

Экинчиси, мамлекетке агылып кирип жаткан кирешенин булагын өзүбүз бууп, мындайча айтканда, ырысыбызды тээп жатабыз. Мисалы, сырттан келген 20 миң студенттен жылына 160 миллион доллар калат экен. Биз тилекке каршы, аны көбөйткөндүн ордуна кыскартабыз деп чыктык. Бул кимге пайда да, кимге зыян?

Пакистан биздин окуу жайларды кара тизмеге киргизгенде кемчиликтерди жойгонго мүмкүнчүлүк берген, сунуштарын айткан. Биз болсо ошол кемчиликтерди жоюп, өнүктүргөндүн ордуна өзүбүзгө өзүбүз чыккынчы болуп, Чапаевчесинен эле кыя чаап, жабабыз эле жабабыз деп жатабыз.

Биз ушинтип эле чыркыраша берсек, алар да кача баштайт. Алар кетсе акчасы кошо башка мамлекетке кетет. Азыр  Казакстан, Өзбекстан, керек болсо Тажикстан медициналык жождорду ача баштады. Биз болсо бар потенциалды жоготуп алуу коркунучунда турабыз. Ошолорго тарттырып жиберебиз, — дейт Касымбеков Жаркынбек.

 

ЖАБЫЛУУГА ЭМЕС, ОҢОЛУУГА БАГЫТ АЛАЛЫК

Окуу жайлардын жетекчилери өнүгүү, алдыга жылуу өздөрү үчүн керек экендигин айтышып, жаңы ачылган окуу жайы бүтүрүүчү чыгарганга чейин эл аралык аккредитациядан өтө албай тургандыгын эске алуу менен  жабылууга эмес, оңолууга мүмкүнчүлүк берилсе жакшы болмок дешет.

  • Биз азыркы жасалып жаткан реформага толук макулбуз, тескерисинче, бизге абдан керек болуп турган. Азыр мамлекет бир чечим кабыл албаса деле 2-3 жылда баары бир өнүгүүгө аракет кылбаган окуу жайлар өздөрү эле жабылып калат. Негизи реформа эмнеге керек? Окуу жайлардын дагы бир кадам өйдө көтөрүлүшүнө керек. Андыктан жаап салгандын ордуна оңолууга мүмкүнчүлүк берилиши абзел. Себеби текшерүүлөрдүн баардыгы окуу жайлардын алдыга жылышына себепкер болуп жатат. Ар бир окуу жай лицензиялык талаптарды так аткарса реформанын биринчи этабы ишке ашкан болот. Экинчиси, медициналык окуу жай ачуу өтө көп каражатты талап кылат. Аны азыр коомчулук бизнес деп жатпайбы. Бул бизнес болсо дагы үч-беш жылда пайда алып келе турган бизнес эмес. Он-он беш жылда барып араң киреше берип башташы мүмкүн. Ага чейин чыгымдын үстүндө гана болот. Себеби бир медициналык факультет ачыш үчүн клиникалык базаң, лабораторияң болушу керек. Ал базада өзүңдүн дарыгерлериң болуп, ошол жакта эртеден кечке чейин иштеши керек. Ал дарыгерлер иштеши үчүн заманбап медициналык жабдыктар болушу абзел. Илимий даражасы бар, чет тилин билген окутуучулар да болушу керектигин унутпайлык. Мына ушунун баарын эсептей келгенде бул өтө чоң акча сарптала турган иш. Бирок ошол эле учурда келечектүү. Себеби азыр медициналык окуу жайларда отуз миңден ашуун чет элдик студент бар деп жатабыз, бул Кыргызстан үчүн жылына орточо эсеп менен 200-300 миллион доллар алып келе турган булак. Азыр Украинадагы кырдаалга байланыштуу мигранттардын жөнөткөн акчасынын үчтөн бири келбей калат деп жатабыз, бул болсо Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 30% түзчү. Ички дүң продукциядан мурун ал валюта, бизге доллар болуп кирчү. Бул доллар канча аз кирсе сом ошончолук түшөт дегенди түшүндүрөт. Демек, медициналык билим берүүнү ошол валюта алып келип жаткан бир чоң тармак деп эсептесек болот. Бирок валюта алып келип жатат реформа керек эмес деп кыйкырып отура бергенге да болбойт. Реформа керек, бирок ал мамлекет менен жалпы окуу жайлардын кызматташтыгы менен бирге жүрүшү керек. Жеке менчик болобу, мамлекеттик болобу бирдей талап коюлуп, бирдей шарт түзүлүп, бирдей колдоп алуу зарыл. Себеби ал жерде башка мамлекеттен келип иштеп жаткан жок, баары өзүбүздүн гана жарандар, — дейт Салымбеков университеттин ректору Жумадилов Эсенгелди.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер