МАНАСЧЫНЫН ЭПИКАЛЫК ЭМГЕГИН ЭСКЕРҮҮ

  • 30.07.2021
  • 0

Кыргыз эл мугалими, драматург Асангүл Абдыгулова өмүрлүк жубайы, манасчы, төкмө акын Сапарбек Касмамбетов жөнүндө эскерме китеп чыгарды.

МАНАСЧЫНЫН ЭПИКАЛЫК ЭМГЕГИН ЭСКЕРҮҮ

“Жашоомо сыйкырчыны берген экен” деп аталган китептин бет ачаары “Манас жана Айтматов” академиясында болду. Жалпы журт тааныган манасчынын улуу кызы, көп жылдар бою Лондондо Би-Би-Си Кыргыз кызматын жетектеп келаткан Гүлнара Касмамбетова китептин маданий жана илимий коомчулук үчүн маанисин белгилеп кетти.

“Изилдөөчүлөргө жардам болсун деп эки-үч айдын ичинде жазды. Замандаштарынын эскерүүсүнөн турган макалалар, маалыматтар топтолду. Алар атама да, апама да кесиптик, педагогикалык дагы турмушунда из калтырып кеткен адамдар. Дегеле бир да кишини атабыз унутчу эмес эле. Ошондуктан ушул китепти жалпы жонунан булардын замандаштарынын портрети деп дагы эсептесек болот. Өздөрү менен замандаш, үзөңгүлөш жүргөн адамдардын ысымдары ушул китепке кирип калды”.

МАНАСЧЫНЫН ЭПИКАЛЫК ЭМГЕГИН ЭСКЕРҮҮ

Бул эскерүү китебинде манасчынын бала чагынан бери өнөргө кандай аралашканы, кантип “Манас” айтып калганы, чыгармачылык калыптануу жана такшалган урунттуу учурлары, жетишкендиктери жөнүндө анын өзүнүн айтып кеткен маалыматтары, кыргызстандык жана чет өлкөлүк окумуштуулардын изилдөөлөрү, мурда кийин жарыяланган макалалар жана замандаштарынын, үзөңгүлөштөрүнүн эскерүүлөрү берилген. Анын ичинде менин дагы эки макалам бар экени мен үчүн жакшы жаңылык болду.

“Эпосту изилдөөдө адеп манасчынын өзүн изилдеш керек. Кандай жолдор менен алар куйма кулак болуп калышат, жөнөкөй адам болуп туруп ушунча сапты эсине тутуп алышат. Кандай себептер менен түшүнөн ойгонуп манас айтып калышат. Ушунун өзү кылымдар кыргызда кантип сакталып келди. Демек, биз “Манас” эпосун тереңдеп изилдей турган болсок, анын лингвистикалык жана тарыхый жагынан карап толуктайбыз десек, биз анда манасчылардын өзүн дагы изилдешибиз керек. Алардын чыгармачылыгына кандай окуялар себепкер болду, кандай адамдар түрткү болду. Замандаштары, атасы-апасы, чоң ата-чоң энелери түрткү болот. Демек, биз “Манасты” изилдөөдө ар бир манасчынын өмүр баянын жазып чыгышыбыз керек. Ошондуктан бул китепти Сапарбек манасчыны эскерүү катары гана көрбөстөн, ушул өңүтүнөн изилдеген адамдарга дагы аз да болсо жардам болуп калсын деп чыгардык бул китепти”, — деди Гүлнара Касмамбетова.

Сапарбек Касмамбетов көп кырдуу чыгармачылыгы менен кыргыз маданиятында өзүнчө орунду ээлеп калды. Биринчи кезекте манасчылык жана төкмө акындык өнөрү менен эл оозуна илинип, кыргыз маданиятынын казынасына орчундуу салым кошуп кетти.

МАНАСЧЫНЫН ЭПИКАЛЫК ЭМГЕГИН ЭСКЕРҮҮ

 

“Сапарбек аба менен мен көп жылдар жанында жүрүп, улуу-кичүү болсок дагы теңтуш жолдоштордой сырлашып бир топ жүрүп калдык. Ал биринчиден төкмө акын. Совет доорунда чоң төкмө акындардын айтышында далай-далай биринчиликти алып келген акын. Экинчиден, Сапарбек аба бир топ манасчылардын устаты. Дөөлөт мына ушул жерде отурат, Сапакемдин окуучусу. Үчүнчүдөн, 21-кылымда жашы боюнча, чыгармачылык салмагы боюнча бул киши баарынан улуу болчу. Атактуу Шапак манасчынын батасын алган. Андай чоң манасчылардын батасын алгандар 21-кылымда жокко эсе эле. Ошондой эле Саякбай манасчы менен чогуу жүрүп, манасчылыкты үйрөнүп, айтып калган киши. Дагы бир айта туурган жагы, алыскы Англияда, Лондондо чоң-чоң окумуштууларынын алдында кыргыздардын арасынан биринчилерден болуп “Манасты” айтты”, — деди адабиятчы Бактыбек Максүтов.

Окумуштуулар Сапарбек Касмамбетовдун “Манастын” өзүн эле айтуу менен чектелбестен, андагы негизги каармандар жөнүндө өзүнчө сюжеттик линия куруп, жаңы эпосторду жаратканын анын өзгөчөлүгү катары белгилешет. Мисалы, “Эр Кошой”, “Билерик” жана башка чыгармалары өзүнчө эпос болуп басылган.

“Манастын” ичиндеги каармандарды өзүнчө эпос кылып алып чыкты. Кыргыз адабиятынын, оозеки эл чыгармачылыгына кошкон өзгөчө салымы мына ушунда”, — дейт акын жана адабиятчы Абдрахман Алымбаев.

Бет ачаарда чыгып сүйлөгөн илимпоз, чыгармачыл ишмерлер Асангүл Абдыгулованын өзүнүн дагы педагог жана драматург катары ишмердигине, жетишкендиктерине да токтолушту.

МАНАСЧЫНЫН ЭПИКАЛЫК ЭМГЕГИН ЭСКЕРҮҮ

Асангүл эженин драмалары Кыргыз улуттук драма театрында, Жаштар театрында, Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында коюлган. “Бурулча”, “Кайран энең Каныкей”, “Салиманын бактары”, “Илимпоздун өмүрү”, “Гүл”, “Наристенин сүйүүсү”, “Элес” ж.б. сахналаштырылган чыгармаларын атасак болот. “Өкүнүч” деп аталган соңку чыгармасы жакында эле Жаштар театрында коюлду. Анда элеттеги сүйүшкөн эки жаш көрө албастардын курмандыгы болуп ажырашып кеткени жана он алты жылдан кийин кайра табышкан окуясы көрсөтүлөт. Чыгармада көтөрүлгөн теманын жаштар үчүн тарбиялык мааниси чоң, көрүүчүлөрдү терең ойго салып, үй-бүлөлүк нарктарды сактоого чакырат.

Асангүл Абдыгулова өткөн кылымдын экинчи жарымында Ысык-Көл районунун Тамчы айылында, Ат-Башы районунун Жаңы-Күч, Кызыл-Дыйкан орто мектептеринде, Балыкчы шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте директор, кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеп келди.

Мектепте жетекчи болуп иштеп турганда окуу-тарбиялык иштерди натыйжалуу жүргүзүп, эл оозуна алынды, мамлекеттен сый, колдоо көрдү. 1994-95-жылдары Лондон шаарына барып келгенден кийин өлкөлөрдүн маданиятын салыштырып окутуу боюнча өзү автордук программа түзүп,
Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин 8-9-класстарына дүйнөлүк көркөм маданият сабагын киргизип окуткан. Ал эми 1999-2000-жылдарда “Манас таануу” сабагы боюнча автордук программасы 5-10-класстарда окутулган.

Кубатбек Чекиров, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер