«МАНАС ЖАШТАРЫ» 25 ЖАШТА!

  • 11.03.2021
  • 0

Ош облустук  «Манас жаштары» уюмунун түзүлгөнүнө  быйыл  25 жыл толду.  Улуттук баалуулуктарды сактоо менен  кыргыз элинин бай тарыхын, залкар таланттарын, коомдук ишмерлерин, тарыхый мурастарын, каада-салт, жөрөлгөлөрүн даңазалоого өсүп келе жаткан жаш муундарды жаштайынан үйрөтүү жана кан жанына сиңирүү  «Манас жаштары» уюмунун негизги миссиясы болуп саналат.

«МАНАС ЖАШТАРЫ»   25 ЖАШТА!

Тээ түпкү ата-бабаларыбыздан тартып Манас баатырыбызды жолдогон  Семетей, Сейтек, Курманбек, Жаныш-Байыш, Эр Табылды, Эр Төштүк чоң жана кенже эпосторубузду, Барсбек, Тайлак баатырлар, Жусуп Баласагын, Алымбек Датка, Курманжан Датка, Уркуя Салиева сыяктуу тарыхый атуулдарыбыз  жөн жеринен баатырдык каармандыктары менен тарыхта калбагандыр. Өткөн ар бир доордун баскычтарында өчпөй сакталып келген улуттук баалуулуктарыбызды өчүрбөстөн сактап калуу, аларды жаш муундарыбызга даңазалап, тарбиялап үйрөтүү  бүгүнкү  күндүн талабы жана милдети. Мына ушул багытта жаштарды тарбиялоодо жогорудагы баалуулуктарды камтыган  Манас эпосу  бүгүнкү күндө чоң идеологияга айланып отурат. Мындан тышкары улуу держава аталган Советтер Союзу ыдырап, анын курамындагы Кыргыз Республикасы өз эгемендүүлүгүнө ээ болгон 30 жыл аралыгында бир топ өсүп өнүгүүгө, өзгөрүүлөргө жетишти.

«МАНАС ЖАШТАРЫ»   25 ЖАШТА!

Ошондой болсо да Совет доорундагы жакшы жактарды сактап калуу иретинде мурдагы октябрят,  пионер,  комсомол уюмдарынын ордуна «Манас», «Семетей», «Сейтек» уюмдарын түзүү жаңы жаралууну алып келди. Кыргыз Республикасы түптөлгөн мезгилден баштап улуу «Манас» эпосун туу тутуп, көкүрөктөгү идеология катары алып жүрөбүз. Ошондуктан өсүп келе жаткан муундарга мекенчилдиктин, адамгерчиликтин, ыймандуулуктун, сабырдуулуктун, билимдүүлүктүн маданиятына багыттап, тарбия берүү мамлекетибиздин негизги милдеттери деп эсептейбиз. Анткени балдарды коомдук активдүү жашоого тартуу муктаждыгы тууралуу дайыма айтып келебиз.

«МАНАС ЖАШТАРЫ»   25 ЖАШТА!

Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө өлкөнүн тагдыры үчүн жана келечеги үчүн жоопкерчилигин сезген мекенчил жарандарга өтө муктаж. Биздин жаштарыбыздын ушундай жаран болуп калыптанышына көмөк көрсөтүү зарыл. Белгилей кетсек, «Манас жаштары» уюму өзүн  өзү башкаруу структурасы аркылуу окуучуларды өз иш милдеттерине үйрөтүп, билим алууга, ички тартипти сактап, коомдогу түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алууга бөгөт коюп, жакшы менен жаманды ажырата билүүгө, табиятка болгон жоопкерчиликти сезүүгө тарбиялайт. Маалымат каражаттары менен байланышып, маданий иш-чараларды уюштурууга, таза жашап ден соолукка кам көрүүгө, ошондой эле «Манас жаштары» уюму жаштардын ар тараптуу билим алып, акча каражаттарын иштетүүнүн сарамжалдуу жол-жоболорун  үйрөтүүгө тарбиялап  такшалтат. Келечекке болгон көз караштары кенейип өсүп-жетилүүсүнө шарт түзүлөт.

«Манас жаштары» уюмунун ишмердиги окуучуларга биримдик менен лидерликке жол көрсөтөт. Ушул уюм аркылуу саясаттын багыттарын үйрөнүп, тең укуктуулукту, мыйзамдуу, демократиялуу мамлекетти өнүктүрүүгө салымдарын кошушат. Мектептен эле «Манас жаштары» уюмунун Президентин, министрлерин шайлоо аркылуу тандоодон өткөрүү жана  алардын аткарып жаткан функциялары менен тааныш болушат. Алган тажрыйбалары  келечек үчүн өтө керек болуп, түшүнүктөрүн жогорулатышат. Жаштар көзү көрүп, жүрөгү туйган нерселерди бурмалабастан  ачык айтууга үйрөнүп, калктын, коомчулуктун  көйгөйүн чечүүгө жардамдашат.

Бүгүнкү күндө мындай саамалыкты жараткан «Манас жаштары» уюму алгачкы ирет         Ош облусунда жаш өспүрүмдөр уюму  аталып облустук жаштар комиссиясынын демилгеси  жана  Ош облустук мамлекеттик администрациясынын, Ош облустук билим берүү башкармасынын колдоосу менен 1996-жылы 15-майда түзүлгөн.

Жаш өспүрүмдөр уюмун түзүү боюнча алгачкы сунуш 1994-жылы 14-сентябрда облустук жаштар форумунун кароосуна коюлуп, андан сон облусубуздун район-шаарларынын мектептеринде уюмдун Уставын, программасын, тиешелүү атрибут-символикаларын тандоо боюнча кенири талкуу жүргүзүлгөн. Улуу бабабыз Манас атанын осуяттарын колдоп, мектептерде мурдагы  октябряттын ордуна — “Сейтек”, пионердин ордуна — “Семетей” жана  комсомол уюмунун ордуна — “Манас” кошуундары пайда болгон.

1996-жылдын 15-майында Ноокат районунун мектептеринин базасында уюмдун иштерин жалпы облуска жайылтуу максатында  биринчи жолу облустук семинар уюштурулган. Жыйынтыгында 15-майды Ош облустук «Жаш өспүрүмдөр»  уюмунун түзүлгөн күнү катары  жыл сайын белгилөө боюнча Ош облустук мамлекеттик администрациясынын 1996-жылдын 15-майында атайын токтому чыгарылган. Анын негизинде  уюм өзүнүн түзүлгөн күнүн жыл сайын 15-майда жер-жерлерде салтанаттуу түрдө белгилеп келе жатат.

1996-жылдын 28-майында уюмдун иштери коомчулуктун  колдоосуна ээ болуп, Кыргыз Республикасынын премьер-министринин жетекчилигинде  уюмдун  ишмердигин республикага жайылтуу максатында жалпы Кыргызстан боюнча облустардын губернаторлорунун, акимдеринин, министрлердин катышуусунда Ноокат районундагы Б.Атишев, Н.Крупская атындагы орто мектептеринин базасында   кайрадан  республикалык семинар өткөрүлгөн.

2010-жылдын 28-декабрында облустук конференциянын токтомунун негизинде  өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилип КР Адилет министрлигинен кайрадан каттоодон өткөрүлгөн. Натыйжада «Ош облустук «Манас жаштары» уюму болуп өзгөртүлгөн.  Ошол эле учурда уюмду түзүүдө жана ага жакындан жардам берүүдө бир канча облустук жана жергиликтүү деңгээлдеги жетекчилер өз демилгелүүлүктөрүн көрсөтүп, коомчулуктун алкоосуна ээ болушкандыгын бүгүн баса белгилөөгө арзыйт. Атап айтканда,  Ош облусунун мурдагы башчылары-губернаторлор А.Эркебаев, Ж.Рустамбеков, Ош облусунун губернаторунун социалдык маселелер боюнча орун басары Р.Жолдошев, облустук  билим берүү башкармасынын начальниги — Б.Нурунбетов,  мугалимдердин облустук ”Билим булагы” газетасынын башкы редактору С.Капаров, Ош облустук жаштар комиссиясынын төрагасы — М.Козукуловдордун жигердүү аракеттеринин натыйжасында   ишке ашырылган.

Дегинкиси, Ош облустук  «Манас жаштары» уюму азыркы учурдагы кыйынчылыктарга карабастан, өз ишин мезгил менен үзөңгүлөш жүргүзүп, өз тарыхын келечектүү түптөп, толук кандуу таалим-тарбиялык иштерин жүргүзүүдө.

Учурда уюмдун  мүчөлөрүнүн саны Ош облусу боюнча 171500дөн ашты.  Мектептерде уюмдун жети тобунун министрлери жети багытта алгылыктуу иштерди жүргүзүшөт. Өзүн-өзү башкаруу тутумдары аркылуу классстарда, мектепте түрдүү сынак, диспут, иш-чараларды өткөрүп такшалышат. Ар жыл сайын мектеп лидерлерин өстүрүп, мыкты иштерди жаратууда демилгечи болууга алардын мекенчилдигин өркүндөтүү максатында «Эң мыкты «Манас жаштары» уюму, “Кырк чоро”, “Жылдын мыкты президенти”, “Жылдын мыкты спикери”, “Жылдын мыкты министри”   кароо-сынактары зоналдык, райондук жана жыйынтыктоочу облустук турлар менен жогорку уюшкандыкта өткөрүлүп, мыктылар аныкталып турат. Мындай сынактын женүүчүлөрү КР Билим берүү илим министрлигинин жана “Балажан” РЭТБОУБнун демилгеси менен уюштурулуп, өткөрүлүүчү  “Ысык-Көл — балдардын көзү менен” аттуу Эл аралык слетко жиберилет.  Ал жерде эс алуу менен бирге Россия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринен жана өлкөбүздүн жети облусунан  келген 500дөн ашык  лидер окуучулары менен достошуп, түркүн сынактарга, акцияларга, дебаттарга катышып, алдынкы орундарды камсыз кылып:  “Ысык-Көл — балдардын көзү менен” Эл аралык слетунун диплом, грамоталарына, байгелерине ээ болуп кайтышат.

Быйылкы жылы эле КР Билим берүү илим министрлигинин жана “Балажан” (РЭТБОУБ) республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору тарабынан өткөрүлгөн “Кыялга кадам” темасындагы социалдык долбоорлордун онлайн форматындагы республикалык сынагына катышып, Ош облусунун Өзгөн районундагы Б.Асранкулов атындагы орто мектебинин “Манас жаштары” уюмунун лидер окуучуларынын  “Ак жол” тобу өздөрүнүн “Балдарга эс алуучу аянтча курууга көмөк көрсөтүү” темасындагы, Кара-Кулжа районунун  Б.Исаев атындагы орто мектебинин “Манас жаштары” уюмунун лидерлеринин “Дилгирлер” тобунун “Китеп окуу маданиятын өркүндөтүү” темасындагы мыкты идеяларды камтыган социалдык долбоорлорун сынакка сунушталып,   мыкты презентациясы интернет-сайттары аркылуу добуш берүүгө коюлуп,  эң көп добуш топтоду. Натыйжада лидер окуучулардын долбоорлору республикадагы мыктылардын арасынан байгелүү экинчи орунду камсыз кылышты. Мындай иш-чаралар балдардын жан дүйнөсүн байытып, кызыгуусун арттырат. Жаштарды жана өспүрүмдөрдү  улуттук маданияттын негизинде тарбиялоо, алардын адамзаттын баалуулугун түшүнүшүнө ар тараптуу камкордук көрүү, мекенчилдик  сезимдерин өстүрүүгө машыктырат.    Мындан тышкары “Манас жаштары” уюмунун уставына ылайык ар эки жылда райондук, облустук жана юбилейине карата конференциялар өткөрүлүп,  заман талап кылган мыкты идеялар менен толукталып турат.

Андыктан уюмдун жетилген курагы — 25 жылдык юбилей майрамы менен Ош облусундагы уюмдун жалпы мүчөлөрү болгон жаш досторубузду кызуу куттуктап, баарына мыкты ден соолук, окууларында жана иштеринде чыгармачылык ийгиликтер каалайбыз!

«МАНАС ЖАШТАРЫ»   25 ЖАШТА!

Рахманберди  Назаров, “Манас жаштары” уюмунун облустук кенешинин төрагасы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер