«МАНАС ОРДО» – ДОСТУКТУН, РУХАНИЙ МАДАНИЯТТЫН БОРБОРУ»

  • 04.03.2022
  • 0

Маектеш жөнүндө кыскача маалымат

Марат ДООРОНБЕКОВ 1995-жылы КМУнун тарых факультетин бүтүрүп, эмгек жолун Боо-Терек айылындагы Күмүштак орто мектебинде тарых сабагынан мугалим болуп баштаган. Ал бир катар мектептерде директор болуп иштеген. Жетекчилик жөндөмү бааланып, 2010-жылы Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, ал жерде көп жыл үзүрлүү эмгектенди. Бөлүм башчылык милдетти аркалап турганда билим берүүнүн сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп, бул багытта иш-чаралардын планына мектептердин, бала бакчалардын санын көбөйтүү, айрым мектептерде кошумча имараттарды курууну камсыздаганы жергиликтүү элге
маалым.

Ал Талас билим берүү усулдук борборунун жетекчиси болуп да иштеди. Жетекчи катары тартипти бекем кармагандыгы, адеп-ахлакты жогору койгондугу, чындык жана адилеттүүлүк үчүн күрөшүүдө тайманбастыгы менен айырмаланат. Андыктан педагогикалык билими гана бийик болбостон, чынчылдыкты, жекече инсандык касиеттерди да жогору коюуга умтулат.

Маектешибиздин агартуу тармагына сиңирген эмгеги бааланып райондук, областтык билим берүү бөлүмдөрүнүн, КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары жана “Талас облусуна – 60 жыл”, “КР билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, Билим жана илим профсоюзунун мыктысы, БУУнун ыраазычылык каты, Ардак грамотасы менен сыйланган. Негизги ишинен тышкары коомдук ишмердүүлүк менен да алектенет. 2001-жылдан бери “Боо-Терек-Келечек” коомдук фондунун жетекчиси. Аталган фонддун жардамы менен Боо-Терек айылында жаңы мектеп жана спорт зал курулган. 2008-2010-жылдары Бакай-Ата райондук кеңешинин депутаты болгон.

«МАНАС ОРДО» – ДОСТУКТУН, РУХАНИЙ МАДАНИЯТТЫН БОРБОРУ"

М.Дооронбеков 2022-жылдын февралында Талас облусундагы Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин директору болуп дайындалды.

Марат ДООРОНБЕКОВ,
Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинин башкы директору:

 

– Урматтуу Марат Дооронбекович, жаңы кызматтык ордуңуз кут болсун. “Башканы коюп, Манасты айт” деп бабаларыбыз айткандай, кепти сиз жетектеген “Манас Ордонун” бүгүнкүсүнөн кеп кылсак? Улуттук комплексинин урунттуу иштерине эмнелер кирет? Кандай багытта иштеп жатат?

– Рахмат. Комплекс үч багытта иш жүргүзүп келет. Негизги биринчи багыты – ички жана тышкы туризмди өнүктүрүү. Учурда республиканын аймактарынан эл туруктуу каттап калды.Чет өлкөлөрдөн да көптөгөн туристтер үзгүлтүксүз келүүдө.Экинчи багыты – зыярат кылуу. «Манастын күмбөзүнө», анын касиетине, ыйыктыгына табынып, зыярат кылуу максатында жакынкы, алыскы тектеш өлкөлөрдөн мусулмандар байма-бай келип турушат. Жараткандан үй-бүлөсүнө жакшылык, тынччылык, аманчылык тилешет. Анткени кылымдан-кылымга сакталып келаткан ыйык күмбөз, анын турган жери касиеттүү, аруу жана таза деп эсептелет. Үчүнчү багыты – «Манас» эпосундагы ушу күнгө дейре кунун жоготпой уланып келаткан элдик табыпчылык (элдик медицина). Бул багыт боюнча да элдин саны аз эмес. Алыстан-жакындан келген ар кандай адамдар күмбөздүн айланасына эркин ритуалдарын, ырым-жырымдарын жана салт-санааларын жасашат, Манастын күмбөзүнө түнөшөт. Атайылап салынган «Шыпааканада» эс алышат. Алар бир нече күн болушат. Негизинен «Манас Ордо» комплекси 225 га аянтты ээлейт. Комплексте «Манас» эпосунун фольклордук музейи, чакан край таануу музейи, «Манастын күмбөзү», «Түлөөкана», «Шыпаакана», «Чайкана», «Ат майданы», «Манас Ата сейил багы», «Айкөл Манас жана кырк чоро» архитектуралык-скульптордук композициялык ансамбли, «Каныкей булак», «40 чоро-эпостук-этнографиялык декоративдик көпүрөсү», «Кароол Чоку» жана башка эпостук маанидеги
объекттер орун алган.

– Жакшы экен. «Манас Ордонун» ишин мындан да жакшыртуу, ички-тышкы туристтерди көбөйтүү жана зыяратчыларды тартуу максатында кандай аракеттер бар?

– Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинин 2022-2027-жылга чейинки өнүгүшү боюнча болжолдуу долбоорун түзгөнбүз. Бул боюнча өзүбүздүн сунуштарыбызды даярдаганбыз. Аны тизмектеп айтып берейин: Ордонун аймагы аркылуу агып өткөн «Кең-Кол» суусунун жээгине кооз, ылайыктуу, бак-шактуу жерине 50 орундуу мейманкана куруу. Ага туристтер гана эмес, Талас шаарына келген меймандар да түнөшөт. Бул өтө зарыл жана кечиктирилгис маселе. Мейманкананын жанына ачык асман астында чакан бассейин курулса, элдин агымына кошумча мүмкүнчүлүк болот. Ордого келген туристтерди мыкты тейлөө жана аларды тартуу максатында, Талас жеринин жаратылыш кооздугун пропагандалоо, саякат жасоо картасын кеңейтүү үчүн «Беш-Таш» корук-паркын «Манас Ордо» комплексинин дирекциясына координация кылуу укугун берүү. Ошондой эле комплекс менен канатташ жайгашкан «Кең-Кол» капчыгайын «Манас Ордого» өткөрүү же узак жылга арендага берүү. «Кең-Кол» өрөөнү башынан аягына чейин «Манас» дастанына байланыштуу тарыхый-эпостук жерлерге, аталыштарга өтө бай. Чынында «Кең-Колду» «Манас Ордодон» бөлүп кароого болбойт. Бул маселе 1995-жылы да Өкмөт жана эл тарабынан көтөрүлүп, такталып, мааракенин шарданасы менен убактылуу токтоп, кийин унутулуп калган. Комплекстин өзү дал ошол «Кең-Кол» капчыгайынын оозунда жайгашкан. «Беш-Таш» коругун координация кылуу укугун жана «Кең-Кол» өрөөнүн «Манас Ордо» комплексине өткөрүп берүү өтө зарыл, келечектүү иштердин өзөгү.

– Талас облусундагы Т.Герцен атындагы,  «Ак Дөбө» айылындагы край таануу музейин, Манас районундагы А. Үсөнбаев атындагы фольклордук музейди, Кара-Буура районундагы
Ч.Айтматов атындагы автордук музейди жана Ч.Түлебердиев атындагы мемориалдык музейди «Манас Ордо» комплексинин курамына өткөрүү жөнүндө да кеп кылдыңыз эле. Максаты эмнеде?

– Максат-оптималдаштырып башкаруу, уюштуруу, илимий-методикалык, финансы-чарбалык, чогуу бир бүтүн туристтик тейлөөнү шарттоо. Бирдиктүү талап жагынан да мындай модель келечектүү болот. Муну Маданият министрлиги проблемасы жок эле оңой-олтон чечип кое алат деп ойлойбуз.

– «Түлөөкана» жөнүндө айта кетсеңиз?

– Түлөө өткөргөндөр убакыт өткөн сайын көбөйүп баратат. Күн сайын аз болгондо 4-5 адам түлөө өткөрүп турат. Каалоочулар азыркы «Түлөөканадагы» үч бөлмөгө батпай калышты. Дагы кеминде 2-3 бөлмө кошумча куруу керектелет. Ички туристтерди көбөйтүү, зыярат кылуучулардын санын арбытуу тилеги менен «Манас» эпосун насыйкаттоо жана «Манас Ордону» көргөзүү, таанытуу боюнча республикалык масштабда министрликтер, облустар, шаарлар, райондор жана мекемелерди камтыган атайын график тизмени Өкмөт бекитип, алардын келиши — кетиши Министрлер кабинетинин төрага орун басарынын жана Маданият министрлигинин көзөмөлү менен турмушка ойдогудай ашмак. Бул иш мамлекеттик катчынын таасиринде болсо андан да жакшы болмок. Мындай практика мурда ийгиликтүү жасалган жана максатына жеткен. Бул ыкма жетекчилер, эл тарабынан колдоого алынган.

– Жаш жубайлар «Манастын күмбөзүнө» зыярат кылышат эмеспи. Комплекстин дирекциясы салтанаттуу маанайда жаш жубайларга өзгөчөлүү атайын күбөлүк берилип, белек, гүлдөр тартууланат дедиңиз эле?

– Ооба, жаштар бактылуу болууга, жакшы жашоого, ынтымактуу өмүр сүрүүгө, өз ара сый-урмат менен үлгүлүү күндөрдү өткөрүүгө ант беришет. «Манас Ордонун» келечегин жана өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн жаңы үйлөнгөн жаш жубайларды, алар менен кошо көптөгөн жаштарды комплекске тартуунун үстүндө да иштеп жатабыз. Ордо мындай багыт менен жаштардын сүйгөн жайына акырындап айланат. Бул ишти уюштуруу, өткөрүү, тейлөө «Манас Ордонун» эмгек жамаатынын милдети. Ушул максатты ишке ашыруу үчүн Ордого жок дегенде эки бөлмөлүү, бири кененирээк турак жай өтө зарыл. Бөлмөлөрдү жаш жубайлардан бөлөк ардагерлер, кары-картаңдар, жаш балалуулар, оору-сыркоолор үчүн эс ала турган бөлмө катары пайдаланса болот. «Манас Ордо» кыргыз элинин биримдигинин, ынтымагынын, улуттар аралык достугунун, руханий маданиятынын борбору. Ошондой эле нагыз улуттук идеологиянын борбору болуп эсептелет. Ушул максатта комплекстин мүмкүнчүлүгү кеңири пайдаланылбай жүрөт. «Манас» эпосунун, «Манас Ордонун» таалим-тарбиялык, үлгү мааниси чексиз. Ошондуктан мамлекеттик жана улуттук орчундуу иш-чараларда, маданий- идеологиялык иштерде, саясий маселелерде «Манас Ордо» комплексин туура, көзүн таап пайдалануу бир топ жаңы формадагы ийгиликтерди жаратар эле. Мисалы: Өкмөт мүчөлөрү Манастын күмбөзүндө, ыйык жайда туруп ант берсе, ант абдан таасирлүү, жугумдуу жана сакралдык сезим менен жасалмак. Ант берүү аземи телекөрсөтүү аркылуу бүт Кыргыз Республикасына түз алынып көрсөтүлмөк. Бул албетте, калайык-калкка өзгөчө салт катары абдан жакмак. Мындай иштерге эч кандай акча каражаты талап кылынбайт. «Манас Ордо» – улуттук комплекс. Демек, анын концепциясы, структурасы, штаты, ал түгүл аталыштары улуттук мүнөзгө, элдик колоритке келтирилиши зарыл. Оптималдаштыруу дагы бүгүнкү күндүн талабы. Албетте, бул иш комплекстин дирекциясынын түздөн түз чыгармачылык жана изденүүчүлүк
иши.

– Улуттук «Манас Ордо» комплексинин алдында «Манас Ата» мобилдик үгүт кербенин түзүп, аны дайыма элге чыгарып, калайыкка кызмат кылдыруу зарыл деп айттыңыз эле?

– Ооба, Үгүт кербенин аудиторияны жакшы билген, мыкты ар кыл адистер, эксперттер, чыгармачыл ораторлор менен толуктап жатабыз. Учурда Президенттин жалпы жумуриятка арналган саясатын, «Манас» эпосунун үчилтигин эл аралап, мамлекеттик мекеме-уюмдарда болуп, үгүт-насаат, түшүндүрүү иштерин жасоо өтө олуттуу, пайдалуу маселе. Азыркы мезгилде ушундай иш-чараларды «Манас Ата» мобилдик үгүт кербени менен аткаруу аба сыяктуу зарыл. Бул максатты турмушка ашыруу жана саамалыкты ыкчам баштоо үчүн чакан микроавтобус керек болот. Мобилдик топто манасчылар, ырчылар, акындар кошо болушат.

– “Манас Ордонун” ички иштөө ритмине кедерги болгон нерселер барбы? Ошолорго токтоло кетсеңиз?

– Комплекстен эки жарым чакырымдай алысыраак жерде «Каныкей апанын» булагы бар. Булак жанына апабыздын эстелиги тургузулган. Ага баруучу жол өтө начар. Кээде аба ырайына карата туристтер бара албай калышат. Булакка жөө-жалаңдап барууга туура келет. Жолду тартипке келтирип, асфальттап койсо талаптагыдай болоор эле. «Манас Ордого», күмбөзгө шыпаа издеп алыстан келип, өздөрүнүн ритуалдарын, ырым-жырымдарын эркин жасап, тилегин аткарып, Кудайга сыйынып, түнөп жүргөндөр, андан айыгып кеткендер арбын. Ошол үчүн бул багытты да өркүндөтүп, элдин талабына жараша иштерди жүргүзүү максатка ылайык. Ушул мезгилге чейин комплексте жок дегенде биринчи медициналык жардам көрсөтүүчү пунктунун жоктугу өкүндүрөт. Кароол чокуга чыгууда кары-картаңдар жана майыптыгы бар жарандарга кыйынчылык, тоскоолдук болбош үчүн асма аркан жол (канатная дорога) орнотуп, шарт түзүп берүүбүз парз. «Манас Ордо» комплексине барган элде кандайдыр бир коопсуздук жаралып калган учурда ыкчам байланышып чакыруу үчүн булуң-бурчтарга, жер-жерлерге атайын чакыруу түйүнүн орнотуу керек. Улуттук «Манас Ордо» комплексине туристтерди тартуу боюнча интернет түйүндөрүнө комплекс тууралуу жогоруда баса белгиленгендей маалыматтарды көркөмдөп, сүрөттөп байма-бай жарнама кылууну да колго алалы деп жатабыз. Ордо элдики, элдин энчиси. Ордонун жетекчиси, эмгек жамааты бүгүнкү жаңыланган, өзгөргөн талаптардын негизинде иш алып баруусу башкы максат. Ал эми сунушталган өтө керектүү обьекттер курулса, комплекстин элге, туристтерге, зыяратчыларга кызмат көрсөтүүдөгү ишинин сапатын жаңы деңгээлге көтөрөт. Тейлөө алдаганча жакшырат. Мен чакан долбоордо «Манас Ордонун» ишинин сапатын жакшыртуудагы эң негизги көйгөйлөргө гана кыскача токтолдум. Аткара турган иштер арбын. Ошолордун үстүндө тынбай иш алып барып жатабыз.

Маектешкен
Майрамбек ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер