Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов: «УЛУТТУК АДАБИЯТ – МАДАНИЯТ УНГУСУ!»

  • 12.12.2023
  • 0

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов: «УЛУТТУК АДАБИЯТ – МАДАНИЯТ УНГУСУ!»

Жакында Улуттук адабият күнү, аны менен кошо залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык маарекеси белгиленди. «Адегенде Сөз болгон!» деп бекеринен айтылбаса керек. Анан дагы «Сөз атасы өлбөсүн!» дейт, «Сөзгө конок бергиле!» дейт. Адам баласы үчүн, айрыкча ар кыргыз баласы үчүн башынан эле сөз баркы менен сөз наркы баарынан улук болгон, ыйык болгон, бийик болгон. Ошондуктан, улуттук адабиятыбыз менен аны дүйнөлүк деңгээлге алып чыккан Чыӊгыз Айтматовдун ысымы ажырагыс нерсе болуп калды. Демек, 12-декабрды улуттук көркөм дөөлөт майрамы катары карасак да куп жарашат.

Адабияттын башкы озуйпасы – адамды тарбиялоо

Чын-чынына келгенде, улуттук адабият – кыргыздын тили менен дилин кармап турган улуу дөөлөт. “Маданият” деген латын сөзү түпкүлүгүндө “кайра иштеп чыгуу, өркүндөтүү, өзгөртүү” деген маанини туюндурат. Ал бара-бара “таалим-тарбия, тарбиячы, тарбиялоо” деген мааниге өткөн. Демек, улуттук маданиятыбыздын уңгулуу бөлүгү болуп саналган адабият тармагы бүтүндөй бир коомдун тарбиячысы болуп саналат. Ошондой болгон, ушундай болуп турат, мындан ары боло берет!

Өнөрдү сатып да алалбайсың, катып да салалбайсың. Кыргызстан калкынын жүзү барыдан мурда чыгармачыл адамдардын көркөм табитине, чыгармачылык изденүүлөрүнө, андагы ийгиликтерине жараша бааланары бышык. Бүтүндөй бир улуттун көркөм дөөлөт уңгусун ата-баба табериги катары алып жүргөн, сактап келген, сактап турган, сактай турган, улуттук акыл-эс азыгын андан ары өркүндөтүп-өөрчүтө турган дал ушу улуттук адабиятыбыз болуп саналат.

Көркөм өнөр башаты башынан эле биз үчүн улук болгон, ыйык болгон, бийик болгон. Анын ичинде улуттук адабиятыбызга элдик тарыхый эстутумду, улуттук баалуулуктарды, улуттук нарк-насилди, каада-салтты, таалим-тарбияны, адеп-актыкты алып жүрүү, сактоо, улам кийинки муунга чыпчыргасын коротпой өткөрүп берүү озуйпасы жүктөлгөн.

Мен бул жерде маданият чыныгы тарбиячы болсо, адабият анын уӊгусу экенин баса белгилей кетким келет. Улуттук баалуулуктарыбыздын баарына жан салып турган улуттук адабият эӊ башкы көркөм дөөлөтүбүз экени, бүтүндөй бир улуттун жүзү экени, ал эми улуттук адабияттын деңгээли жаратман жазуучулардын чыгармачылык эмгегине жараша бааланары талашсыз.

Адабият биз үчүн эмнеси менен баалуу?

Туура, баарыбызды миӊ түркүн ойго салганы, жандүйнөбүзгө жай бербей, жаналакетке түшүргөнү, ой-чабытыбызды кеӊейткени менен баалуу. Ал тээ жүрөк түпкүрүндө бугуп жаткан уйгу-туйгу ой-туюмдарыбызды ойготкону жана ойлонткону менен баалуу. Бизди учкул кыял дүйнөсүнө жетелеген чыныгы көркөм сөздүн улуу күчү, укмуштуу керемети, ажайып касиети мына ушунда турат!

Көркөм адабий чыгарманын дагы бир өзгөчөлүү касиети анын көркөм өнөрдүн башка түрлөрүнө карата эркин трансформациялана алгандыгында турат. Маселен, пьесалар жазылбаса, театрларда спектаклдер коюлмак эмес, киносценарийлер жазылбаса, улуттук кинобузда айтылуу «кыргыз керемети» жаралмак эмес, ырдын тексти жазылбаса концерттер аншлаг менен өтмөк эмес. Алтургай, адабиятсыз «баардык тилде сүйлөй алам жана түшүндүрө билем» деп төш каккан классикалык музыка өнөрүнүн деле бир тузу кем, келечек тагдыры бүдөмүк болмок.

Адабий чыгарма улам кийинки муун өкүлдөрүнүн жандүйнөсүнүн калыптануусуна, адеп-актык жактан жетилишине, өз элинин улуттук маданий башаты менен тарыхый таржымалын баалап-барктап өсүүсүнө өбөлгө түзөт. «Өтүмүшсүз келечек жок» дейт, анысы кандай, бүтүндөй бир улуттун тарыхый эстутумун ата-баба табериги катары алып жүргөн да, улуттук акыл-эс азыгын андан ары өөрчүтө турган да биздин адабий жаратмандар болуп саналат.

Демек, улуттук адабиятыбызды баардык көркөм өнөр жамаатынын өзөктүү тармагы жана уюткусу, жалпы улуттук маданиятыбыздын уӊгусу катары карасак болот.

Кыргыз калкы качан сапаттуу китеп окуйт?

Ырас, маселенин бул жагына келгенде, азырынча мактана турган нерсе аз, көйгөйлөр көп, алардын шарттары менен себептери андан да арбын. Акыркы 30 жыл аралыгында улуттук адабиятыбыздын абалы кыйла начарлап кетти. Акын-жазуучуларга жагымдуу шарттарды түзүп берүү жаатында кемчиликтер толтура, адабий чыгармалардын жаратуу, аларды бастырып чыгаруу, калем акы төлөө, китептерди таркатуу иштери көзжаздымда калды. Азыр китептердин оодук бөлүгү демөөрчүлөрдүн көмөгү менен чыгат. Муну моюнга алыш керек.

Ошентсе да, академик Абдыганы Эркебаевдин пикирине караганда, эгемендик жылдары таланттуу муунду жоготуп алдык, кыргыз адабияты таптакыр дымып калды дегендей бир жактуу ойдон алыс болушубуз керек. Мисалы, проза жанрында бир топ ири чыгармалар жаралды. Ал эми поэзия жанрында да көптөгөн таланттуу акындардын жаӊы чыгармалары менен тааныша алдык. Муну эстен чыгарууга болбойт.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай бар. Буга чейин заманбап жаӊы технологиянын жардамы менен китеп окуунун жаӊы ыкмалары пайда болду, китеп басып чыгаруунун анчалык деле кажети жок деген сындуу арабөк ынанымдарды кармангандар да болгон. Ооба, интернет-сайттар ачылды, электрондук китептер менен аудиокитептер пайда болду. Бирок, турмуш өзү көрсөткөндөй, алар окумандарга кандайдыр бир деӊгээлде көмөк берди, бирок андай жаңы усулдар менен ыкмалар китептин классикалык үлгүсүн толук кандуу алмаштыра алган жок.

Статистикалык маалыматка учкай кайрылып көрөлү.

Ушу тапта АКШда күн сайын 1,8 миллион китеп, Улуу Британияда күнүнө 500 миллион китеп сатылат экен. Ал эми Кыргызстан боюнча ушу кезге чейин так маалымат жок. Демек, азыркы ааламдашуу доорунда адам көңүлүн алаксыта кыла турган оюн-шоок сындуу укмуштуудай азыткылуу нерселер бар экенине карабастан, көп кишилер мурдакыдай эле салттуу китеп окуу ыкмасын жактырат экен. Социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы деле муну тастыктап турат.

Акыркы маалыматтарга караганда, биздин Улуттук китепканада дүйнөнүн 90 тилиндеги 6 миллиондон ашуун китеп кору бар. Алардын арасында XVI кылымдан берки интеллектуалдык, маданий, тарыхый, илимий багыттагы сейрек китептер да кездешет. Бул – мамлекеттин руханий зор байлыгы.

Ал эми аймактык китепканалардын азыркы абалы абдан начар. Алардын көбүн кара кулпу кайтарып калганын жакшы билесиздер. Мунун баары кезинде улуттук баалуулуктар бааланбай, күнүмдүк көроокаттын айынан көӊүл сыртында калганынан улам болду. Акылга сыйбаган насыпсыз демилгелерди көтөрүп, адабиятыбыздын маанисин түшүргөн, узак жылдар анын канын соргон немелер азыр бизге акыл айтып, арабызда аӊыраӊдап жүрөт. Мына, ойлонбой жасалган сасык саясаттын кесепети.

Азыркы учурда сапаттуу китеп корун толуктоо жана сатыкка чыгаруу чаралары акырындап колго алына баштады. Былтыртан бери бюджеттен атайын каражат каралып, мыкты чыгармаларды кайра басып чыгаруу, жаш авторлорду чыгармачылыкка тартуу, жаӊы чыгармаларды иргөө жана басуу аракеттери жасалууда. Азырынча алардын нускасы азыраак, ал бара-бара көбөйтүлөт деген ойдомун.

Көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, заман талабын унутта калтырууга болбойт. Азыр аӊкилдек аткан айланкөчөк замана. Аны менен кошо окурман табити өзгөрүүдө. Биз китеп окуу маданиятын кайрадан калыптандырып, окурмандар үчүн заманбап шарттарды түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Китеп окубаган, билимин тереӊдетпеген, өз мүмкүнчүлүгүн кеӊейтүүгө умтулбаган элдин арымы кыска, келечеги бүдөмүк болору бышык.

Белгилүү жазуучу Бернард Шоунун азил-чыны аралаш: «Жалпы адамзаттын 2 пайызы чын эле ойлонот, 3 пайызы ойлоном деп ойлойт, ал эми калган бөлүгү ойлонгондон көрөкчө өлгөндү артык көрөт!», — деп айтканы бар. Анысы кандай, биз дени сак, акылы тунук, өзалдынча ой калчап, акыл тегерете алган жаӊы муундун өкүлдөрүн тарбиялап чыгарууга милдеттүүбүз. Муну эгерим эстен чыгарбашыбыз керек.

Унутта калган балдар адабияты

Менимче, ишти балдар адабияты менен театр өнөрүнө өзгөчө көӊүл буруудан баштаганыбыз туура болгону турат. Жашырганда не, өткөн мезгил аралыгында балдар адабияты көп жагынан аксады. Бери дегенде эки-үч муундун балдары кыргыздын төл чыгармасын окубай өстү десек деле аша чапкандык болбос. Бул кенемтени тезинен толтуруу керек, болбосо иш чатагына айланары бышык.

Балдар адабияты көркөм чыгармачылыктын эӊ татаал тармагы экенин, балача ойлонуп, өз оюн балдардын тилинде берүү жазуучу үчүн да, акын үчүн да акылдан алып, азапка салчу тогуз толгоо тозоктун бир тозогу экенин жакшы билебиз, туура түшүнөбүз. Бирок, айла жок, жасашыбыз керек, ансыз болбойт.

Биз балдардын тилин, талабын, табитин таба билген авторлорду тартуу аркылуу балдарга арналган сүрөттүү китепчелерди чыгаруу, мультфильмдерди, кыска метраждуу фильмдерди, таалим-тарбиялык мааниси бар видеоклиптерди тартуу жана чет тилдеги айрым кызыктуу фильмдерди кыргызча которуу, балдарга арналган берүүлөр менен оюн-шоокторду уюштуруу тапшырмасын бергенбиз. Бул багытта мындан ары да иштиктүү чаралар көрүлөт.

Театрлардын репертуары.

Театрлардын чыгармачылык репетуарын жаңыртуу жана жакшыртуу чаралары дагы чоӊ көйгөйлөрдүн бири болуп турат. Ырас, драматургия көркөм чыгармачылыктын өтө татаал жана кыйла катаал жанрларынын бири болгондуктан, пьеса жазууга баардык эле жазуучу батына бербейт же колунан келбейт. Пьеса жазылган күндө да, аны макулдашуунун күнгөй-тескей жактары арбын, сахнага коюунун аки-чүкүсү көп болот.

Мен билгенден, театрлардын репертуарлары жедеп эскирип бүттү. Ооба, көрүүчүлөрдүн элегинен эбак өткөн спектаклдердин айрым бир мыктыларын калтырыш керек, калганын маал-маалы менен жаӊыртып турууга мезгил жетти. Антпесек драматургия жанрынын келечек тагдыры бүдөмүк бойдон калары бышык. Азыртан драматургия жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүнүн алгылыктуу жана натыйжалуу жолдорун издөө зарыл.

Эң башкысы, биз жандүйнөбүздүн жаңырыгынан жаралган эң аялуу дөөлөттөрүбүздү – тарых-таржымалыбызды, улуттук баалуулуктарыбызды, эне тилибизди, нарк-насилибизди, салт-санаабызды, нукура элдик өнөрүбүздү бапестеп күтүүгө, аларды азыркы заман талабы менен айкалыштыра билүүгө тийишпиз. Жазуучу – жаратуучу, ал өз замандаштарынан жок дегенде бир кадам алдыга жүрүп, келечекти ойлонууга, мекендештерин ойготууга милдеттүү. Анткени, улуттук адабият – кыргыздын тили менен дилин кармап турган улуу дөөлөт болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер