МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРЕТ

  • 29.06.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын  негизинде жаңы муундагы билим берүү стандартын Министрлер Кабинетинин  кароосуна жөнөттү.  Мамлекеттик билим берүү стандартына бул жолу кандай өзгөртүүлөр, толуктоолор киргени тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкаркы, кошумча билим берүү  башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева маек куруп берди.

МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРЕТ

 

— Самаркүл Кыдырмаевна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитчү токтом долбоорунун максаты жана милдети эмнеде?

— Министрлер Кабинетинин токтом долбоорунун максаты — республиканын жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессинин бирдиктүү жана милдеттүү принциптерин жана түзүмүн, окуучулардын окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмүн, негизги жана предметтик компетенттүүлүктү алууну белгилеген. Ошондой эле бардык балдардын билим алуусуна, анын ичинде инклюзия принциптеринде бирдей жана адилеттүү жеткиликтүүлүктү камсыз кылган, окутуунун коопсуз жана өнүгүп келе жаткан чөйрөсүн жана ар бир окуучунун чыгармачылык жөндөмүн, анын ичинде алардын дене-бой, акыл-эс, социалдык жана башка жөндөмдүүлүктөрүн аныктоо үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүчү мектептик жалпы билим берүүнүн жаңы мамлекеттик билим берүү стандартын киргизүү болуп саналат. Ал эми токтом долбоорунун милдети – өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу үчүн негизги ченемдик укуктук документ болуп саналган мектептик жалпы билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандартын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу болуп саналат.

Мамлекеттик билим берүү стандарты  канча жылда бир жаңыланып турат?  Өзгөртүүлөр, толуктоолор эмне себептен  киргизилет?

— «Билим берүү жөнүндөгү» Мыйзамдын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында билим берүүнүн бардык деңгээлдерине мамлекеттик билим берүү стандарттары белгиленет жана мамлекеттик билим берүү стандарттарын кайра карап чыгуу жана жаңыртуу беш жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн колдонуудагы мамлекеттик билим берүү стандарты Өкмөттүн 2014-жылдын 21-июлундагы токтому менен кабыл алынган, анда 2016- жана 2017-жылдары өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.  Бирок көрсөтүлгөн мезгил ичинде мектепте билим берүү системасына карата талаптар өзгөрдү, алар документте чагылдырылышы керек болчу. Мамлекеттик стандарттын долбооруна 50%дан ашык өзгөртүүлөр киргизилгендиктен, аны бекитүү талап кылынат. Ошентип, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана компетенттүүлүккө байланыштыруучу түзөтүүлөр киргизилген.

— Жаңы стандартта көрсөтүлгөн билим берүүнүн милдеттерине эмнелер кирет?

— Долбоордо көрсөтүлгөн билим берүүнүн милдеттерине —  ар бир окуучунун чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн аныктоо жана өнүктүрүү үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүү, анда эмгекчилдикти жана жогорку адеп-ахлактык принциптерде тарбиялоо, өзүнө-өзү билим берүү, өзүн-өзү билүү жана инсандын өзүн-өзү өнүктүрүү көндүмдөрүн калыптандыруу, ошондой эле билим берүү системасында тарбиялоонун салттуу маданий, руханий-адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга ылайык келишин камсыз кылуу, балдардын дене-бой, психикалык, социалдык, руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү кирет. 

— Кандай өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилди? Эмнелер такталды?

— Негизги түшүнүктөр, терминдер, окуу процессинде калыптана турган негизги компетенттүүлүктөр такталды жана толукталды. Ал эми маалыматтык компетенттүүлүккө медиасабаттуулук жана маалыматтык коопсуздук сыяктуу актуалдуу аспектилер кирет. Мамлекеттик стандарттын долбооруна көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү үчүн үч (мамлекеттик, расмий жана чет өлкөлүк) тилде окуу процессин уюштуруу жөнүндө ченем киргизилген. Эң негизгиси тил боюнча эки деңгээл кирип жатат. Мындай талаптар мурда жок болчу. Мисалы, бала Нарын шаарында жашап, кыргыз тилинде окуса, анын билим деңгээли бишкектик окуучунун кыргыз тилинде окуган деңгээлинде болушу зарыл.  Тест бергенде экөөнүн деңгээли бирдей болуш керек. Ошондой талапка биз жеткиришибиз керек. Ошондой эле орус тили болобу, англис тили болобу, кыргыз тили болобу бирдей деңгээлди аткаруу талабы коюлду. Тил боюнча жетишүү талабы көрсөтүлдү. Экинчиси — IT технология боюнча дагы ушундай деңгээлге жетишүү талап кылынат. Ушунун баары предметтик стандартка кирет. Жалпы стандарт бекитилээри менен анын алдына предметтик стандарттарды иштеп чыгабыз.

Мындан тышкары билим берүү чөйрөлөрүнүн саны жетиден алтыга чейин кыскарган, ошондой эле бирдиктүү «Искусство жана технология» билим берүү тармагына бириктирилген. «Кыргыз жана Дүйнөлүк адабият» интеграцияланган предмети киргизилген. «Филологиялык» билим берүү тармагы кайра өзгөртүлдү, ошондой эле башталгыч жалпы билим берүүгө «Мен жана дүйнө» жаңы интеграцияланган предмети киргизилди. Мындан сырткары Мамлекеттик стандарттын долбооруна иштелип чыккан: «билим берүү тармактарын түзүүнүн принциптери жана негиздери» 1-тиркемеси жана «негизги компетенттүүлүктүн аспектилери жана деңгээлдери»  2-тиркемеси киргизилген.

2016-жылдын 11-апрелинен тартып Өкмөттүн токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келтирүү максатында жумалык жана чектик окуу жүктөмү кайра каралды. Окуу процессинин уюштурулушу жана натыйжалары башталгыч мектептин, негизги мектептин жана орто мектептин бүтүрүүчүсүнүн үлгүлүү моделдери киргизилген, ал өзүнчө бөлүм менен берилет.

— Баалоо системасы дагы өзгөрдүбү?

— Азыр абдан күчтүү деңгээлге чыккан – баалоо. Баалоонун түрү абдан көп. Эң негизгиси – PISA. Ал окуучунун окуудагы жетишүүсүн ар тараптан баалайт: функционалдык, грамматикалык, академиялык ченемдери бар. PISA ар жыл сайын ар башка жактан карай берет.  «Баалоо системасы» бөлүмүндө белгилерди киргизүү 3-класстан башталат деп белгиленген. 1-2-класстарда негизги жана предметтик компетенттүүлүктүн  калыптануу деңгээлин аныктоо максатында баалоонун сапаттык жана сүрөттөөчү ыкмалары колдонулат.

—  Заман талабына жараша STEM билим берүү дагы каралса керек?

— Ооба, биринчиси — тил, экинчиси — STEM багытындагы предметтерди окутуу болуп саналат. Заман өзгөрдү, электрондук демонстрациялоого өттүк. STEM багытынын талабы таптакыр башка. Ошондуктан бул предметтердин мугалимдеринин айлык акысына дагы 20% кошулду. Анткени иш татаал, оор. STEMде комплекстүү инструменттер менен иштөө керек.

— Долбоорду Министрлер Кабинетине бекитүүгө жөнөтүүдөн мурда талкууга коюулду да. Эмне сунуштар түштү?

— 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын апрелине чейин иштелип чыккан Мамлекеттик билим берүү стандартынын долбоору илимий-педагогикалык жана башка кызыкдар коомчулуктун кеңири чөйрөсүндө көп талкуудан өттү. Ал Министрлер Кабинетинин  расмий сайтына жана коомдук талкуулардын бирдиктүү порталына жайгаштырылган (koomtalkuu.gov.kg). Долбоор боюнча сунуштар жана сын-пикирлер түшкөн жок. Министрликтердин макулдугун алып, анан гана Министрлер Кабинетине бекитүү үчүн жөнөтүлдү.

— Мугалимдер аттестациядан сөзсүз өтүшү керекпи?

— Мугалимдер беш жылда бир жолу өз ыктыяры менен аттестациядан өтөт. Бул алар үчүн мотивациялоо иш.  Эгер мугалим 1-, 2-, 3-категорияны тастыктаса, ошого карата эмгек акысына кошумча акы кошулат. Аттестация мугалимдин өз арызынын негизинде, анын демилгеси менен өткөрүлөт.

— Бул эмнеси менен маанилүү?

— Көп жылдан бери эмгектенип келаткан мугалим менен катар жаңы эле мугалимдик тармакта иштеп жаткан жаш адис, эгерде ал таланттуу, ишмердүү, иштин көзүн билген, эффективдүү иштесе, бийик деңгээлди көрсөтсө ал аттестацияга катыша алат. Экинчиден, портфолиодо сунуштамасы  болсо аттестацияны тастыктады деген сертификат алат. Ошол сертификат мугалимге жеринде кошумча айлык кошуп берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал райондогу, округдагы мугалимдерге жардам берет. Алдыңкы тажрыйбаларын жайылтат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер