МАМЛЕКЕТТҮЛҮКТҮН ТҮЗҮЛҮШҮ ЭМЕС, ЖАҢЫ ДООРДО, ЖАҢЫ ФОРМАДА КАЛЫБЫНА КЕЛИШИ

  • 26.04.2024
  • 0

МАМЛЕКЕТТҮЛҮКТҮН ТҮЗҮЛҮШҮ ЭМЕС, ЖАҢЫ ДООРДО, ЖАҢЫ ФОРМАДА КАЛЫБЫНА КЕЛИШИ

Быйыл Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы. Президентибиз С.Н. Жапаров ушул маанилүү тарыхый датаны — “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. Ушул тарыхый окуяга байланыштуу эки аныктаманы тактап алуу абзел жана ар кандай форумдарда сөз кылганда, айрыкча окуучуларга менен студенттерге сабак өтүүдө эске алуу туура болмокчу.

Биринчиси мамлекеттүүлүктүн түптөлүшү жана мамлекеттүүлүктүн калыбына келиши, экинчиси – көз карандысыздыкка ээ болуу жана көз карандысыздыктын калыбына келиши. Тилекке каршы, көп учурда Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлүшүн кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү катары эсептешет. Мисалы. Кыргыз тарыхына арналган 3 томдук так ушундай аныктама берилген. 2016-жылы ушул академиялык басылмада 1924-жылы 14-октябрда Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүшү менен кыргыз элинин мамлекеттүүлүгү башталган деп белгиленген (Кыргызстандын тарыхы. — Бишкек, 2016. 3-том, 202-бет). Кыргызстандын тарыхы боюнча окуу китептеринде да ушул аныктама колдонулуп келүүдө (О.Дж.Осмонов. История Кыргызстана с древнейших времен до наших дней//Учебник для высших учебных заведений. — Бишкек, 2020. 412-бет). А биздин оюбузча, мындай ырастама чыныгы тарых Улуу Октябрь революциясынан кийин башталды, СССРдин элдери, анын ичинде кыргыздарга мамлекетти большевиктер тартуулады деген советтик тарыхнаамадан мураска калган, насили жаңылыш, натуура дефиниция, коммунисттик идеологиянын эски күүсү. Эмесе кеп четинен болсун.

  1. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы узак жана татаал. Кыргыз мамлекеттүүлүгү жылдызы жанган же ындыны өчкөн, жемиштүү же жеңилүү ызасын тарткан, кең аймакты кучагына алган же бучкактай тарыган, бактыга мол же таалайы колунан учкан ар кандай кезеңдерди башынан кечиргени анык. Кыргыздар түрк элдеринин ичинен эң биринчилерден болуп мамлекет түзгөн эл экендиги тарыхый чындык, укуктук жагдай. Кыргыздар түрк макроэтносунун уюткусу. Абдыкерим Сыдыков “Краткий очерк истории развития киргизского народа” деген баяндамасында кыргыздардын байыркы доордо эле, биздин заманга чейинки 2-1-кылымдарда өз алдынча мамлекети болгонун белгилеген. А. Сыдыков аты аталган жана башка макалаларында, Кыргыз Республикасын түзүү боюнча сөздөрүндө кыргыздар өз алдынча эл, казактар же башкалар менен алмаштырууга эч болбостугун кашкайта далилдеп келген. Кыргыз авторлорунун ичинен биринчи болуп мындай тезисти коомдук айдыңда айтканын эстен чыгарбоо зарыл. Болуптур, А.Сыдыков кыргыз, демек этноцентристтик позициядан айткан дечүлөр аз эмес. Бирок кыргыз тарыхына байланышкан дүйнөлүк адабиятта, тарыхый жазма булактарда кыргыздар байыркы эл, кыргыздардын мамлекеттүүлүгү да байыркы экени эбак тастыкталган. Академик В.В. Бартольд “Кыргыздар Орто Азиядагы эң байыркы элдердин бири. Орто Азияда жашаган элдердин ичинен биринин да ысымы тарыхта кыргыздардыкы сыяктуу эрте кездешпейт” деп жазган (В.В. Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. — Бишкек, 1996). В.В. Бартольддун кыргыздардын 8-9-кылымдардагы Борбордук Азиядагы ири жана кубаттуу мамлекетине карата “Улуу Кыргыз дөөлөтү” деген аныктамасы бүгүнкү күндө тарых илиминдеги туруктуу колдонулган термин жана хрестоматиялык жобо.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн традициялары Евразиядагы калган мамлекеттерге үлгү, түрткү жана ал мамлекеттердин, аймактагы этностордун кийинки тарыхына таасирин тийгизген фактор болгону талашсыз. 2001-жылы эл аралык масштабда белгиленген Кыргыз мамлекетинин 2200 жылдыгы тарыхый факт болсо, андан кийинки, мындан 900-1200 жыл мурдагы Улуу кыргыз каганаты аталган мамлекет кашкайган факт болсо, демек тарыхый логикага ылайык, укуктук, саясий, тарыхый адилеттик үчүн XX кылымдын башында окуяларды мамлекеттүүлүктүн жаңы доордо, жаңы формада калыбына келиши деп эсептегенибиз туура. Жаңы доордо, 20-кылымдын башында кыргыз мамлекеттүүлүгү улуттук республика формасындагы мамлекет катары калыбына келди. 1918-жылдан тартып улам козголуп, 1922-жылы Тоолуу Кыргыз Республикасын түзүү демилгеси ишке ашпай калды. Бирок аракет токтогону жок, 1924-жылы Кара-Кыргыз Автономиялык облусу болуп түзүлдү. 1926-жылы Кара-кыргыз Автономиялык Советтик Социалистик Республикасы, 1936-жылы Кыргыз ССРи катары кайра түзүлдү. Демек 1924-жылы Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлүшү, дегеле кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн XX кылымдын башындагы тарыхы тууралуу кеп кылганыбызда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаңы доордо, жаңы форматта калыбына келиши дегенибиз укуктук, саясий, тарыхый аспектилерден караганда туура. Автор бул аныктамасын мындан 7-8 жыл мурда медиа мейкиндикте биринчи айткан эле (А.Кулматов. Мужество Ж.Абдрахманова. https://mnenie.akipress.org/unews/un_post:9129). Бул аныктаманы тастыктоого коомдук мейкиндиктеги аракеттерибиз жемишин бере баштады окшойт, анткени тарых илимдерин докторлору, белгилүү окумуштуулар Тынчтыкбек Чоротегин менен Зайнидин Курманов да соңку эки жылда ушул тезисти белгилей башташты. Мисалы профессор З.К.Курманов быйыл Тышкы иштер министрлигин 80 жылдыгына арналган конференциядагы “О возрождении кыргызской государственности и ее внешнеполитических делах” деген баяндамасында биз жогоруда айткан тарыхый чындыкты “кайра жаралуу” термини аркылуу белгиледи (https://mnenie.akipress.org/unews/un_post:38873/?from=mnenie&place=author).

Президент С.Жапаровдун Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кыргызстандыктарга былтыркы кайрылуусунда да биздин аныктама колдонулду: “Басып өткөн тарыхыбызда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусун, анын түптөлүшүнүн оңойго турбаганын кийинки муун сөзсүз билиши зарыл” (https://president.kg/news/speeches/24731).

  1. Эгемен мамлекет ар бир өлкө, анын жарандары үчүн эң ыйык баалуулук, баарынан улук майрам, кымбат күн. Улуттук майрамдын анабашы – эркин мамлекет деп жарыяланган күн, Көз карандысыздык күнү. Эгемен мамлекет ар бир улуттун түбөлүк максаты, тынымсыз күрөшү, кыял-тилектеринин туу чокусу. Эркиндик – бул акыл таймаш, кан төгүлгөн кармаш, карандай эмгек, эрк таймаш, журт талаш, эл талаш. Дүйнөдө 7 миңден ашык этнос, улут бар, бирок эгемендүү, суверендүү, өз алдынча мамлекеттин саны 200дүн тегерегинде гана. Суверенитет, көз карандысыздык күнү ар жылы бир күнү белгиленчү майрам эле эмес. Эркин мамлекет болуу ичте жана тышта сыймык, анын жаранына укуктук кепилдик жана эл аралык мамилелердин субъектиси болуу жоопкерчилиги. Өлкөнүн суверенитети ар бир кырдаалда жаралмагы анык сыноо, ар күнү мандайынан чыккан түйшүк, керек болсо ар бир жарандын тагдырында чындап сынала турган машакат. Маселен, мамлекет өз атуулунун укугун коргой алса, суверенитетине доо кетпейт, өз жаранын ай талаада калтырса, суверенитетине шек жаралат. Мындан 33 жыл мурда, 1990-жылы 15-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети “Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик суверенитети жөнүндө декларация” кабыл алган. Бул эң маанилүү тарыхый окуя, укуктук жана саясий акт, идеологиялык жеңиш, моралдык жоопкерчилик, шыктандыруучу кадам. Суверенитет тууралуу ушул жогорку актыга таянып, 1991-жылы 31-августа “Көз карандысыздык жөнүндө” декларация кабыл алынат да анын биринчи беренеси Кыргызстанды эркин, көз карандысыз мамлекет деп жарыялайт.

1991-жылы президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен “Көз карандысыздык жөнүндө” декларацияга конституциялык мыйзам статусу берилет. Ошол күндөн тартып 31-августу Көз карандысыздык күнү деп белгилеп келебиз. Андан бери 33 жыл өттү дейбиз, бирок тарыхый көз караштан алганда бул дата шарттуу эсеп, хронологиялык формалдуулук, башкача айтканда тарыхый чындыкты жана укуктук жагдайды толук чагылдырбайт. Биз өз алдынча мамлекет курган, мамлекеттүүлүк тарыхы узак, суверенитетке тарыхый укугун ишке ашыра алган байыркы элдин көз карандысыздыгынын калыбына келиши тууралуу кеп кылышыбыз керек. Азыр мындай тезисти көпчүлүк кабыл албашы, ал тургай этибар албашы мүмкүн. Бирок ынандырганга аракет кылалы.

Өз алдынча мамлекет кыргыздардын улуттук идеясы, пассионардык мотивациясы жана тарыхый укугу. Улам бир муун ушул идеяны ишке ашыруу миссия үчүн жаны курман эле. Кай бирлери бул эңсөөнүн өтөлгөсүнө жетти, айрымдары миссиясын толук аткара албады. Бүгүнкү күндөгү мамлекеттин үлгүсүнө салып караган күндө деле бир кыштактай аймакты ээлеген, бир айыл калкы бар, ал тургай бир чоң көчөдөн турган, бирок дүйнө аларды азыркы учурда да мамлекет деп тааныган монархиялар, княздыктар жана кенедей республикалар бар экени жалганбы? Чын. Кеп элдин санында жана ээлеген аймагында деле эмес. Мисалы, Монако княздыгы (французча расмий аталышы – Principauté de Monaco) Франциянын протекторатында, Италиянын, Сардиниянын ж.б. түркүн мамлекеттердин курамында болду, суверенитетинен ажырап, бир нече мамлекеттин карамагына өтүп келген. Бирок Эгемендик күнү деп тээ 1297-жылдын 8-январы эсептелет. Мындай мисалдар тарыхта жетиштүү.

Эми Европанынын жөнү башка дечүлөр чыгат. Анда кечээги СССР курамынан чыккан Эстонияны алалы. Бул мамлекет 1991-жылы 20-августта Көз карандысыздыкты калыбына келүү күнү деп жарыялайт. Анткени Эстониянын көз карандысыздыгы 1918-жылы 24-февралда жарыяланган. Эстония орто кылымдардагы княздыктардын, мамлекеттик түзүлүштөрдүн, анын ичинде Эстляндиянын мураскору, демек мамлекеттик эгемендик, көз карандысыздык буга чейин болгон, СССР кыйрагандан кийин кайра калыбына келди деп эсептелинет. Дүйнө да ошентип тааныйт. Азербайжан өзүн 1918-жылы 18-октябрда Улуттук кеңештин чечими менен түзүлгөн эгемен республиканын мураскери деп эсептеп, 1991-жылы 30-августа “Азербайжан Республикасынын Көз карандысыздыгын калыбына келтирүү жөнүндө” декларация кабыл алган. 1918-жылы 28-майда Азербайжан Демократиялык Республикасы түзүлөт. 1920-жылы бул республиканы Париж (Версаль) конференциясы де-факто тааныйт. Бирок буга Советтик Россия каршы чыгып, 1920-жылы Азербайжан ССРи болуп кайра уюшулат. Мына тарыхый факт. Көрдүңүзбү, азербайжан туугандар дал ушул фактыны бетке кармап, көз карандысыз мамлекет болгондугун, Азербайжан Республиканын көз карандысыздыгынын калыбына келиши деген аныктаманы түрк тилдүү мамлекеттердин 2022-жылдагы саммитинин жыйындыктоочу документтеринде баса белгилешине жетише алышты. Бир караганда жөнөкөй эле сөздөй көрүнгөнү менен, коомчулук Бакунун дипломатиялык чоң жеңиши деп баалады.

Демек, мамлекет өзү эсептесе, атаса, аныктама берсе гана дүйнө ошого жараша тааныйт, атайт. Андыктан, кыргыз мамлекетинин 2200 жылдыгы тарыхый факт болсо, андан кийинки, мындан 800-1200 жыл мурдагы Улуу кыргыз каганаты аталган мамлекет факт болсо, демек тарыхый логикага ылайык 33 жыл мурдагы окуяларды суверенитеттин жана көз карандысыздыктын калыбына келиши деп эсептегенибиз туура. Тактап айтканда, 1990-жылы 15-декабрда кабыл алынган “Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик суверенитети жөнүндө Декларация” жана 1991-жылы 31-августагы “Көз карандысыздык жөнүндө Декларация” суверенитетти жана көз карандысыздыкты жаңы шартта калыбына келтирген юридикалык, саясий, тарыхый актылар. Бул актылар байыркы кыргыздын эмки урпактары, өлкөнүн бардык жарандары үчүн нравалык баалуулук. Маселе мактаныч же сыймыкта гана эмес, ушундай тарыхыбыз туруп, мамлекет куруу тажрыйбасына ээ эл эмнеликтен чектелген суверенитетте жашагандай деген түшүнүктү калыптандырууда жатат. Эркиндик жана суверенитет тууралуу актылар тарых, учур жана келечек алдында кымбат жоопкерчиликти билдирет жана жогорку күчкө ээ. Суверенитет менен көз карандысыздык, эркин мамлекеттүүлүк так аныктамага жана конкреттүү мазмунга ээ болууга тийиш.

Жыйынтыктап айтканда, XX кылымдын башындагы тарыхый окуяларды кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаңы доордо улуттук республика формасында калыбына келиши, ал эми 90-жылдардын башындагы тарыхый-укуктук актыларды суверенитеттин жана көз карандысыздыктын жаңы шартта калыбына келиши деп атаганыбыз саясий-идеологиялык, укуктук жактан, эң негизгиси, тарыхый өңүттөн да туура болмокчу.

Алмаз КУЛМАТОВ,
тарыхчы, коомдук ишмер

Бөлүшүү

Комментарийлер