«МАКСАТ — ЖОГОРКУ КВАЛИФИКАЦИЯДАГЫ ЖУМУШЧУ КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО»

  • 18.03.2021
  • 0

Бишкек шаарындагы №18 кесиптик-лицей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, “Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, жетим балдардын, майыптардын, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын, социалдык жактан корголбогон, жашы жете элек балдардын кесиптик жана социалдык реабилитациялоо борбору” болуп эсептелет. Лицейдин директору Бакыт Малдыбеков  окуу жайдын максаты, милдети, санитардык-эпидемиологиялык учурда жасалган иш-аракеттер ж.б.у.с. маселелердин тегерегинде  маек куруп берди.

«МАКСАТ - ЖОГОРКУ КВАЛИФИКАЦИЯДАГЫ ЖУМУШЧУ КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО»

— Бакыт Кубанычбекович, Сиз жетектеген лицей эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

— Алгач мен биздин кесиптик  лицейдин окуучуларын кесипке даярдоодогу максаттарга токтолсом.  Башкы максатыбыз — окуучуларга жалпы орто жана кесиптик билим берүүнү калыптандыруу жана өнүктүрүү; коомдун жана мамлекеттин муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жогорку квалификациядагы жумушчу кадрларды даярдоодо окуучулардын кесиптик билимине, кѳндүмдѳрүнѳ жана ишмердүүлүгүнѳ кѳңүл буруу. Ал эми лицейдин предметтик иш-аракети – бул Уставка ылайык бир же бир нече кесиптерди окутууда кесиптик-техникалык билим берүү деңгээлинде окуу-тарбия иштерин жүзѳгѳ ашыруу. Ошондой эле борбордун иши — билим жана квалификация алуу үчүн, алардын мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык атайын шарттарды түзүп берүү менен бирге, коомго андан ары интеграцияланышына өбөлгө түзүү.  Окуучулар борбордон ден соолугунун мүмкүнчүлүгүнѳ, деңгээлине ылайык кесиптик билим алышат жана алардын социалдык-кесиптик адаптацияланышы, ишке орношуусу дагы жүзөгө ашырылат.

«МАКСАТ - ЖОГОРКУ КВАЛИФИКАЦИЯДАГЫ ЖУМУШЧУ КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО»

— Санитардык-эпидемиологиялык кырдаалда окутуу кайсы форматта жүрүп жатат?

«МАКСАТ - ЖОГОРКУ КВАЛИФИКАЦИЯДАГЫ ЖУМУШЧУ КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО»

Республиканын баардык билим берүү уюмдарында 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап  эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин окуучуларды  аралыктан окутуу, онлайн, кээ бир бүтүрүүчү курстарда оффлайн режиминде жүргүзүлүп жатат.

«МАКСАТ - ЖОГОРКУ КВАЛИФИКАЦИЯДАГЫ ЖУМУШЧУ КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО»

Окутуучуларга жана өндүрүштүк окутуунун устаттарына кесипттик  иштерине  баардык шарттарды түзүп бердик. Кеңселер (кабинеттер), устаканалар, лабораториялар, залдар жана жатакана жылуу. Лицейдин үч кабатында тең жогорку ылдамдыктагы Интернет жана Wi-Fi бар. Азыркы учурда жатаканада реабилитациялык борбордон 29 окуучу жашайт. Алар мектеп-интернаттардан, балдар үйлөрүнѳн келген жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, кыздар. Аларга күнүнө төрт маал тамак уюштурулган.

Карантин убагында окутуучулар жана өндүрүштүк окутуунун устаттары теориялык жана өндүрүштүк окутуу сабактарын Интернеттен алынган видеосабактардан жана ар түрдүү платформаларды, мисалы, Zoom, Telegram, Classroom, WhatsApp, Google meet колдонуп сабак өтүлсө, Ш-1-20 тайпасынын окуучуларына (угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүктөрү чектелген) сабактар оффлайн режиминде ѳтүлүп жатты. Алар үчүн аба рециркулятору орнотулган, ал сабак башталганга чейин абаны тазалап турат. Ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык талаптардын баардык стандарттары сакталып жатат.

«МАКСАТ - ЖОГОРКУ КВАЛИФИКАЦИЯДАГЫ ЖУМУШЧУ КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО»

Карантин учурунда реабилитациялык борбордун окуучуларына, кѳп балалуу лицейдин кызматкерлерине материалдык, гуманитардык жардам жана азык-түлүк бир нече жолу берилди. Менин өтүнүчүм боюнча, лицейдин окуучуларына жана кызматкерлерине гуманитардык жардамды Бишкек мэриясынын алдындагы  Туңгуч кичи районунун №6 МТУсунун башчысы О.А.Тейталиев, “Nakstroy” курулуш компаниясынын башчысы Үсөнов Эдил, ошондой эле “Жарайт Сити” долбоорунун катышуучуларынын бири Абдыкалыков Алинур азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүштү.  Ошондой эле директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Ирина  Жыргалбаеванын  өтүнүчү боюнча, “Variant КG” кыймылсыз мүлк агенттигинин башкы директору Т.С.Арунов  тарабынан окуучуларга азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам берилди.

— Окуу жайдын материалдык-техникалык базасына токтолсоңуз? 

«МАКСАТ - ЖОГОРКУ КВАЛИФИКАЦИЯДАГЫ ЖУМУШЧУ КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО»

Кесиптик лицейде окуу-материалдык база жаңыланууда, жаңы кесиптер киргизилүүдө.  Теориялык жана практикалык сабактар үчүн жыл сайын эки-үч кабинет  жаңыланып турат. Жылдан-жылга ѳндүрүштүк окутуунун базасы толукталууда жана жаңы кесиптер ачылууда.

2018-жылы АБРдин экинчи проектисинин негизинде «Кесиптик билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу» долбоорунун алкагында   биздин лицейде кароосуз калган, аянты 2040 чарчы метр жерде заманбап “Унаа оӊдоочу жана унааларды техникалык тейлөө” окуу-ѳндүрүш комплекси ачылган. Комплекс акыркы үлгүдѳгү стимуляторлор, тренажерлор, атайын каражаттар, жабдыктар, окуу макеттери менен жабдылган.

«МАКСАТ - ЖОГОРКУ КВАЛИФИКАЦИЯДАГЫ ЖУМУШЧУ КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО»

Окуучулардын карамагында 14 класс бөлмөсү, 9 окуу-өндүрүштүк устакана (мастерской), ашпозчу профили боюнча алты лаборатория жана унаа оңдоочулар үчүн окуу-өндүрүштүк комплекс, спорт зал, спорт аянтчасы, фитнес залы, чоң зал, ашкана, жатакана  жана китепкана бар. Бүгүнкү күндө лицейде 544 окуучу билим алууда.

Лицей окуу-усулдук иштерге, психологдун социалдык жана психологиялык консультацияларына активдүү катышат.

«МАКСАТ - ЖОГОРКУ КВАЛИФИКАЦИЯДАГЫ ЖУМУШЧУ КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО»

Кесиптик лицейдин баардык периметри боюнча тосмодо, жатаканада, спорт залда, актовый залда, фитнес бөлмөдө машыгуу шаймандары менен жарым-жартылай оңдоолор жүргүзүлдү .

«МАКСАТ - ЖОГОРКУ КВАЛИФИКАЦИЯДАГЫ ЖУМУШЧУ КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО»

Кыска мөөнөттүн ичинде лицейдин корпусунда ондоо иштери жүргүзүлдү. Мисалы, корпустун чатыры темир чатырга алмаштырылды, корпустун ичине жылытуучу батареялар орнотулду, жылытуу, суу түтүктөрү алмаштырылды, эски жыгач терезелердин ордуна корпуска жана окуучулар жашаган жатаканага металлопластикалык терезелер орнотулду. Андан сырткары лицейдин, жатакананын баардык периметри боюнча тосмо коюлду. Лицейдин актовый залы жана инженердик-педагогикалык кызматкерлерге конференция зал, фитнес бөлмөдө машыгуу үчүн шаймандар менен жабдылып, оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Жаңы компьютерлер менен бухгалтерия, администрация камсыз болду. Окутуучуларга жана устаттарга ѳндүрүштүк жабдуулар берилди. Актовый залга музыкалык шаймандар, проектор (үй кинотеатрынын проектору),  экран, профессионалдык фотоаппарат, кеңсе эмеректери сатылып алынды. Жыл сайын мезгил-мезгили менен жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп турат.

АБРдын долбоору менен катар, GIZ, GIZ GOPA, Mercy Corps, Helvitas менен FRN долбоору  биздин окуучулардын, чоңдордун жана жумушсуздардын  калкка кесиптик билим берүүсүнүн сапатын жогорулатууга багытталган меморандумдарга кол коюлуп турат. GIZ долбоорунун техникалык колдоосу менен «Легпром» ассоциациясы менен биргеликте биздин лицейдин базасында Өнөр жай өнөктөштүк борбору түзүлгѳн.

— Өндүрүштүк практиканы кайдан өтүшөт?

— Окуучулардын өндүрүштүк практикасы жеке ишкерлердин  ишканаларында ѳтѳт. Маселен, “Ашпозчу” кесиби боюнча ѳндүрүштүк практиканы окуучулар Бишкек шаарындагы ресторандарда, коомдук тамактануу ишканаларда: “Тюбетейка”, “Найза”, “Казанок”, “Дасмия”, “Навигатор”, “Фрунзе”, “Тоос Көл”, Кафе “Хабиба”, “Мурас”, “Алтын Ордо” кафелеринде, “Улуу Тоо” чайханасында, кондитер “Бонжур” жана Ысык-Көл облусундагы эс алуу борборлору  “Радуга”, “Радуга West”, «Гуд Лайк» ж.б.  ѳтүшѳт. Лицейдеги “Окуу-ѳндүрүштүк” комплексинин базасында биздин окуучулар теориялык жактан гана билим алышпастан, практикалык көндүмдөргө да  ээ болушат. Андан сырткары, “Окуу-ѳндүрүштүк” комплексинин  кызматкерлери окуучуларды практикалык сабактарга тартуу менен, автоунааларды оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча акы төлөнүүчү техникалык кызматтарды көрсөтүү менен алектенишет,  алардын жөндөмдөрүн өөрчүтүшөт жана бизнес жүргүзүшөт.

— Мугалимдер билимин, квалификациясын кайсы жерде жогорулатат?

— Мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин жана чыгармачылыгынын квалификациясын жогорулатуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгѳн. Биздин кызматкерлер 2020-2021-окуу жылында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда “Баалоо теориясы,» “Активдүү, интерактивдүү окутуу”, “Кыргызстандын мектептериндеги АКТ», “Компетенттүүлүк мамилеге негизделген окуу-тарбия иштерин пландаштыруу” жана директордун орун басарлары үчүн «Кесиптик-техникалык билим берүүдө окуучулардын социалдык чөйрөсү» деген темалар боюнча курстар өтүлдү. Ошондой эле РИМБдун базасында «Кесиптик-техникалык билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн компетенттүүлүгүн баалоо» деген темада квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлдү. Андан сырткары лицейде мугалимдер жана өндүрүштүк окутуунун устаттары  үчүн ар кандай окуу-методикалык семинарлар уюштурулуп турат.

— Окуу-өндүрүш иштерине токтолсоңуз?

— Окуу-өндүрүш бөлүмүндө өндүрүштүк окутуунун улук устаттары өз иштерин жүргүзүшөт. Улук ашпозчунун устаты Г. Баратова, тигүү профили боюнча Г.Жанбауова,  методист Р.Конушбаева, ошондой эле  цехтердин,  лабораториялардын башчылары бар.

Кесиптик чеберчиликке үйрөтүү, биринчи кезекте окуучулардын техникалык ой жүгүртүүсүн жана алган билимин өндүрүштүк шарттарда колдоно билүүнү калыптандырууга багытталган. Бул үчүн директордун окуу-өндүрүш иштери боюнча орун басары Гүлнара Чылабаеванын  түздөн-түз көзөмөлү астында окуу-өндүрүштүк практикалар өткөрүлөт. Социалдык өнөктөштөр кадрларды даярдоодо, өндүрүштүк практиканы уюштурууда жана билим берүү мекемесин жумушка орноштурууда маанилүү ролду ойнойт. Билим берүү долбоорлорун жүзөгө ашырууда лицейдин окуу-тарбия бөлүмү өз ишинде окуучуларга тарбия берүүнүн Улуттук программаларын жетекчиликке алат.

— Азыркы технология заманында көп жаңы кесиптер талап кылынууда. Лицей кандай кесипке даярдайт?

— Коомдун жана мезгилдин талаптарын эске алуу менен лицей билим берүү процессинин мазмунун улам-улам жаңыртып, өркүндөтүп турат. Базардагы кырдаалды эске алып, бир нече жылдан бери биздин лицей интеграцияланган кесиптерди даярдайт. Алсак, тигүүчү, бармен-официант, ашпозчу, мейманканаларды тейлөөчү, унааларды оңдоо боюнча ширетүүчү.

Ошондой эле, лицейде жумушсуз калкка төмөнкү кесиптер боюнча кыска мөөнөттүү курстар уюштурулган: Дөңгөлөктөрдү орнотуу жана дөңгөлөктүн геометриясы боюнча слесарь — 3,5 ай;  Слансар кыймылдаткычын жана унаа шассисин оңдоо үчүн слесарь — 3 ай; Автомобилдин кузовун ремонттоо боюнча слесарь — 3 ай; Электр жана газ менен ширетүүчү — 10 ай; Тигүү машиналарын оңдоочу — 3,5 ай; Бычканды  билген тигүүчү — 3,5 ай;  официант-бармендер үчүн кесипкөй англис тили — 3 ай; Балдардын тамак-аш даярдоочусу — 1 ай; Орус тили — 2 ай; Официант-бармен — 3,5 ай;  3 ай; Автомаляр — 3 ай;  Улуттук жана европалык ашкананын ашпозчусу — 3 ай;

  1. Үлгү таркатуучу — кескич — 2 ай; Тигүүчү — 3 ай; Кондитердик нан бышыруучу — 3 ай.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер