Махабат АЛИМОВА: «Бизнес-акселератор биздин кыялыбызды ишке ашырды»

  • 07.02.2024
  • 0

Төмөнкү баяныбыз өрүкзарлуу Баткендин эки айымы өзүнүн кыялдарын кантип орундатып, “Интеллект-Баткен” деген өзгөчө билим берүү борборун ачкандыгы жөнүндө болмокчу.

Махабат АЛИМОВА: «Бизнес-акселератор биздин кыялыбызды ишке ашырды»

Билим менен бизнести айкалыштырган агартуучулар

Баатыр шаарыбыз Баткендин тургундары Махабат Алимова жана Инабат Алимова — экөө бир тууган эже-сиңди, экөө тең билим берүү тармагында 30 жылдан ашык эмгектенип, балдарга билим тарбия берүү менен эле чектелбестен, мектеп директорлукка чейин жетип жетекчилик кызматты аркалаган тажрыйбалуу педагогдордон. Мына ушул эки бир тууган эң алыскы өрөөндө жашап, жергиликтүү элдин, алардын балдарынын мүдөө-талабын жон териси менен жакындан билип, кандай өңүттөн алганда билимге суусап турган балдарга заманбап билим берсе болоорун иликтеп, анан гана ушундай уникалдуу билим берүү борборун ачкан.

— Мамлекеттик мектепте иштеп жүргөндө окуучулардын сабакка кызыгуусу төмөндөп, мугалимдерге, ата-энелерге урмат-сыйы азайып баратканы катуу түйшөлтөөр эле. Канткенде билим берүү тармагына жаңылык киргизсе болот деген ой менен изденип жүрдүк. Анан, чындыгында өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбыз – акча табуу зарылдыгы да түрткү болгонун ачык эле айта алам, себеби мугалимдин айлыгы үй-бүлө бакканга жетпей тургандыгы эч кимге жашыруун эмес. Көп программаларды изилдеп, иликтеп олтуруп, акыркы мезгилде кеңири кулач жайып келаткан менталдык арифметикага көңүл бурдук. Баткенде андай адистер жок эле. Соцтармактарды карап олтуруп Intellect school мектебинин жетекчиси, “Интеллект-Кыргызстан” долбоорунун негиздөөчүсү Жакшылык Матановдун кайрылуусун окуп калдык. Аны менен жеке тааныштыгыбыз жок эле, Фейсбуктагы кулактандыруусу аркылуу эки мугалимди алып барып окутуп, менталдык арифметика боюнча франшизасын – лицензиянын бир түрүн алдык, — деп Махабат Ташбаевна, бизге жаңыча багыттагы билимге башталган алгачкы кадамдары тууралуу айтып берди.

Махабат АЛИМОВА: «Бизнес-акселератор биздин кыялыбызды ишке ашырды»

Ошентип, жаңы идеяга сугарылган эки бир тууган 2018-жылдын сентябрында кошумча окуу курсун ачып, 34 окуучуну окута баштаган. Окууга окуучулардын да, ата-энелердин да кызыгуусу артып, жыйынтыгы алар күткөндөн да ашып түштү, ал тургай курстан сырткары мектеп ачып окутпайсыңарбы деген сунуштар болду. Ошол күндөрү соцтармактарда жарыяланган Accelerate Prosperity компаниясынын акселерация жөнүндө кулактандыруусу алардын бала бакча ачсакпы деген мүдөөсүнө төп келип, кийинки олуттуу кадамды таштоосуна жол ачты.

— 2021-жылы акселераторлор программасынын алкагында окуп, бир топ керектүү маалыматтарга ээ болуп, сертификат алдык. 2021-жылы 25 бала менен жеке менчик бала бакча ачып, акырындап тажрыйба топтоп иштей баштадык. 2022-жылы кайрадан акселерация программасына катышып, мектеп ачуу боюнча презентация жасап, инвесторлордун алдына сунуштаган иш планыбыздын жардамы менен 20 миң АКШ долларын утуп алдык. Ал каражатка мектепке керектүү эмеректерди сатып алып, кийинки окуу жылында балдарды башталгыч мектепке кабыл ала баштадык. Натыйжада курс, бала бакча баары бир жерге чогулуп “Интеллект-Баткен” билим берүү комплексин түздүк. Адегенде эки адам иш баштаганбыз, учурда 18 адам эмгектенет.

Биздин бүтүрүүчүлөрүбүз – Сапат лицейлеринин окуучулары экенине, алар эң жогорку балл менен окууга жетишип жатканына, менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарды ээлегенине биздин да үлүшүбүз бар экенине кубанабыз, — дейт сыймыктануу менен.

Билим алуу кеч да, көп да болбойт

Махабат Ташбаевнага көп жыл иштеген мектебинен кетүү оңой болгон жок. Адегенде жумушунан кийин барып сиңдисине жардам берип жүрдү.

— Мен билим берүү тармагында, тагыраак айтканда, Баткен шаарындагы Кызыл-Жол мектебинде 2014-жылдан тартып мектеп директору болуп иштедим. Эмгек жамаатынын, окуучулардын, жалпы эле мектептеги жетишкендиктерге жакшы эле салым коштум деп ойлойм. 30 жыл аралыгында төрт жыл окуу бөлүмүнүн башчысы, 9 жыл мектеп директору болуп эмгектендим. Эмгегим жогору бааланып, “КР Билим берүүсүнүн мыктысы”, “КР профсоюз комитетинин мыктысы” төш белгилери менен сыйлангам. Эки кесиптин ээсимин — башталгыч класстын мугалими жана кыргыз тили, адабияты мугалими. Учурда билим-тажрыйбамды арттыруу максатында М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинде магистратурада “логопед-дефектолог” кесиби боюнча аралыктан билим алып жатамын. Анткени билим алуу эч качан кеч болбойт, көп да болбойт деп эсептейм. Үчүнчү кесипке окушума биздин Баткенде  мындай адистердин жок экендиги түрткү болду. Баткен эң алыскы регион экенин баарыбыз билебиз, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар көп, а бирок аларга жардам берчү кызматтар, логопед, дефектолог адистер жокко эсе. Ата-энелер логопед издеп балдарын Ошко, Бишкекке алып барышат. Биз бул кесипти тереңдетип үйрөнүп, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды көбүрөөк камтууну пландаштырып жатабыз. Адатта андай балдарды катардагы бала бакчаларга кабыл албагандыктан, атайын программага, атайын адистерге муктаж, — дейт.

Инклюзивдүү билим берүүгө баш оту менен киришкен Махабат Ташбаевна жаңы окуу жылы башталганда пилоттук долбоор катары 1-класска алты окуучу кабыл алган. Ата-энелердин ыраазычылыгынан улам жыйынтыктары абдан жакшы экендигин баамдоого болот. Жаңы окуу жылында жакшы сүйлөй албай келген эки бала сүйлөмөк турсун, китеп окуп калганын айтып сүйүндү.

Эмгек мигранттары балдарын орус тилинде окуткусу келет

“Интеллект-Баткен” билим берүү борбору – бул чөлкөмдөгү жаңы көз карашта, жаңы программа, деги эле жаңы типтеги мектептин модулу менен иштей баштаган жалгыз мектеп десек болот. Ата-энелери жумушка кеткенде, мектептен кийин өзү менен өзү көчөдө бош калган балдардын келечегине кабатырланган Махабат Алимова, ал балдар бир жагынан ысык-суукта ден соолугунан жабыркаса, бир жагынан жаман адаттарга кептелип калышы толук мүмкүн болгондуктан, ошол боштукту толтуруу үчүн балдарды кошумча окуу курстарына тартуу зарыл деп эсептейт.

— Азыр биздин мектеп — Баткен шаарындагы эртең менен кечке чейин иштеген жалгыз мектеп. Мектепте окуу-тарбия бардык иштери бирдиктүү топтолгон, маселен, балдар биринчи нөөмөттө мамлекеттик стандарттагы сабактарын окуса, түштөн кийин менталдык арифметика, бат окуу, англис тили, спорт, мнемотехника жана ыйман сабактары окутулат, башкача айтканда, балдардын ар тараптуу өсүп-өнүгүүсүнө аракет кылабыз.

Биздеги чоң көйгөйлөрдүн бири – бул Баткен шаарында орус тилдүү бир гана мамлекеттик мектеп болгондугунда, ал 420 орундуу мектепте учурда 2000ден ашык бала окуйт. Түштүктө миграция агымы да күч эмеспи, ата-энелер балдарыбыз орус тилин үйрөнсө, өзүбүз менен кошо алып кетет элек деген максатта балдарын орус тилдүү мектепке беришет. Биз ушул муктаждыкты эске алып, окутууну орус тилинде киргизгенбиз.

Баткенде кадр маселеси өтө актуалдуу экендигин баса белгилегим келет. Айрыкча, орус тилдүү мугалимдерди табуу өтө кыйын болгондуктан, биз орус тилин жакшы билген кыргыз тилдүү башталгыч класстын мугалимдерин алып, кайрадан окутуудан өткөрдүк. Андан тышкары, “Российский учитель зарубежом” долбооруна кайрылганбыз. Алар бизге “Россотрудничество” борборунан беш мугалим жиберишип, Баткен мамлекеттик университетинин базасында биздин жана облустагы орус тили жана адабияты мугалимдерин эки күндүк семинардан окутуп, сертификат беришти, — дейт.

Махабат АЛИМОВА: «Бизнес-акселератор биздин кыялыбызды ишке ашырды»

Өргө жетелеген өнөктөштөр

Учурда “Интеллект-Баткен” билим берүү комплексин Махабат Алимованын сиңдиси Инабат Алимова жетектейт. Ал да кесиби боюнча башталгыч класстын мугалими, орус тили жана адабияты мугалими адистиктеринин ээси. Ал да 2021-жылы акселератор программасында алган билимин “Интеллект-Баткен” борборуна жумшап келет.

Албетте, мындай программаны алыскы аймактарда ишке ашыруу оңой эмес. Биринчиден, баары эле курска төлөнүүчү акчаны көтөрө албайт, андыктан баасын төмөндөтүүгө туура келет. Маселен, бир курстун баасы Баткенде 1600 сом, бул акча деле жергиликтүү калк үчүн кымбат деп эсептелет. Андан тышкары, документтерин тескеп, министрликтен колдоо алуу да убакытты албай койгон жок. Борбор ачкандан кийин да класстарды тиешелүү жабдыктар, эмеректер менен жасалгалоо көп каражатты талап кылаары айтпаса деле түшүнүктүү эмеспи. Мугалим үчүн каржы операцияларын сабаттуу жүргүзүү да оңой иш эмес эле. Бул жагынан аларга Accelerate Prosperity программасы жакшы жардам берди дейт Инабат Ташбаевна. Алар окуган программанын спикерлери өздөрү да бала бакчаларды ачып иштеткен тажрыйбалуу адистер болгондуктан, мотивацияга мол сабактарды алгандыгы да зор өбөлгө түздү. Инвесторлордон алган каражатты толугу менен окуу китептерин, телевизор, парта, шкаф, ашкана эмеректерин алууга жумшашты. Ал каражат футбол талаасына чакан газон курууга да жетти.

— Акселераторлор программасынын алкагында бизге каражат табуу жолдорун, кандай аудитория менен иштөө керектигин, жарнама кампаниясын жүргүзүү сырларын үйрөтүштү. Айрыкча, трекерлердин ишин белгилеп айткым келет. Ал балдар тапкан кирешебиздин бир бөлүгүн кайра эле ишке салуу керектигин жана ошондой эле масштабды кеңейтүү боюнча стратегиялык план түзүү керектигин түшүндүрүп беришти, — деп, Махабат Ташбаевна өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирди.

Махабат АЛИМОВА: «Бизнес-акселератор биздин кыялыбызды ишке ашырды»

 

Адегенде чакан курстан баштап, бала бакча, кошумча окуу класстарын кошуу менен жылдан жылга кулачын кенен жайып келаткан “Интеллект-Баткен” билим берүү комплекси келечекте 11-класска чейин көбөйүп, кошумча логопед борборун ачып, класстагы окуучулары менен бирге билимдеги ийгиликтери да арбый береринде шек жок. Анткени алар Кыргызстандагы мыкты бизнес акселератордун алдыңкы портфелдик компаниясы болуп эсептелет. Бул — “Интеллект-Баткендин” мындан ары гүлдөп-өсүшүнө инвесторлору да кызыкдар болуп, жардам берүүсүн улантат дегендик. Борбордун уюштуруучулары Accelerate Prosperity сыяктуу программалардын жардамы менен эң жогорку актуалдуу билимге ээ болууга болоруна ишенет. Эже-сиңди Алимовалар кээде каражат табуудан да, билимге ээ болуу жолу эң татаал жана узак экенин жакшы билет.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер