ҮМҮТ ЖАНДЫРГАН ЛИДЕР ЖАШТАР

  • 01.08.2023
  • 0

Президенттин  “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы таланттуу жаштарга  республикалык комиссиянын чечими менен ыйгарылды.  Стипендиаттарга 26 млн сом каралган.

ҮМҮТ ЖАНДЫРГАН ЛИДЕР ЖАШТАР

                                                                    Нуршат Абабакиров

Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында 2022-2023-окуу жылында “Эл үмүтү” стипендиясы ыйгарылган экинчи окуу жылындагы стипендиаттардын тизмеси жана 2023-2024-окуу жылына карата стипендияга талапкер болгондордун тизмеси каралган.

Белгилей кетсек, «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы таланттуу жаштарга чет өлкөдө билим алууга колдоо көрсөтүү жана шыктануусун арттыруу, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жаңы муундун адистерин даярдоо үчүн шарттарды камсыз кылууга жана колдоого багытталган.

Президенттин 2023-2024-окуу жылына карата «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясына өткөндөр кимдер? Алар:  Асаналиева Адель Бакытовна – Батыш Австралия университети, биомедициналык илимдер боюнча магистратура; Асанова Салия Белековна – Берклидеги Калифорния университети, “Маалыматтык менеджмент жана системалар” программасы боюнча магистратура; Кылычбеков Салижан Кылычбекович – Висконсин-Мэдисон университети, АКШ, физика жана кванттык эсептөө боюнча магистратура; Тураткан кызы Жанылай – Дьюк университети, “Дисциплиналар аралык маалымат илимдери” боюнча магистратура; Жакыпбекова Бермет – Лондон экономика жана саясат таануу мектеби, социалдык инновация жана ишкердик боюнча магистратура; Ибраимов Чынгыз Анарбекович – Инсеад, Сингапур, бизнести башкаруу боюнча магистрдик программа; Каниметов Абдырай – Макгилл университети, Канада, бизнести башкаруу боюнча магистратура; Осмонова Алина – Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомчулук менен байланыштар мектебинде мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура; Сташевская Валерия Алексеевна – Эдинбург университети, “Бизнес-аналитика” багыты боюнча магистратура; Төрөбеков Чыңгыз – Вашингтон университети, “Жетекчилер үчүн бизнести башкаруу” глобалдык магистратура; Абабакиров Нуршат Абдисаламович – Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомдук иштер мектебинин (SIPA) өнүктүрүү практикасында мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура; Абдинабиева Сапаргул Абдинабиевна – Сассекс университети, “Айлана-чөйрө, өнүгүү жана саясат” программасында гуманитардык илимдер боюнча магистратура; Айтабаев Ойбек Атмакович – Пенсильвания университети, жогорку билим берүү мектеби, “Билим берүүдөгү ишкердүүлүк” магистрдик программасы; Камчыбекова Мээрим Камчыбековна – Гарвард жогорку билим берүү мектеби/Гарвард университети, дизайн, инновация жана технология боюнча магистратура; Уланбек кызы Суйумкан – Колумбия университети, маалымат журналистикасы боюнча магистратура; Якубжанова Хилола Оманжановна – Корнелл университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура; Ашырмаматов Исламбек – Сеул улуттук университети, фармацевтика илимдери адистиги боюнча PhD.

Белгилеп кетсек, жыл сайын 50 “Эл үмүтү” стипендиясы бөлүнөт. Алардын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 20 стипендия, экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 10 стипендия, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 10 стипендия, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн  10 стипендия берилет.

“Эл үмүтү” стипендиясынын максаты — Кыргызстандын таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын QS World University Rankings, Times Higher Education топ -100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында, билим берүү программаларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

АКШдагы Колумбия университетинин  Эл аралык жана коомдук иштер мектебинин (SIPA) өнүктүрүү практикасында мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурасына өткөн  Нуршат АБАБАКИРОВду кепке тарттык.

— Нуршат, «Эл үмүтү» эл аралык стипендияга кандайча тапшырып калдыңыз?

— Мен БААУнун (АУЦА) 2009-жылы «Эл аралык салыштырмалуу саясат» факультетин аяктадым. Ага чейин 2000-2004-жылдарында Тургунбай Садыков атындагы Көркөм сүрөт интернатында, андан кийин училищесин артыкчылык менен аяктадым.  Улуттук көркөм сүрөт академиясында окуп жатканда 21-кылымдын кадрлары программасынын «Жеткинчек» аттуу Президенттик стипендиясына ээ болгом. “Эл үмүтү” эл аралык стипендия  былтыр биринчи жолу пилоттук түрдө башталганын маалымат каражаттарынан окудум. Анда шарттары жөнүндө көп маалымат деле жок болчу. Бирок жеңүүчүлөрдүн арасында тааныштарымды көрүп, аларга эң алдыңкы университеттеринде окууга мүмкүнчүлүк ачылганын көрүп аябай сүйүндүм. “Эл үмүтү” жөнүндө жыл сайын маалымат жакшы тарап, жаштарга чоң ишеним берет деп ишенем жана жыл сайын тапшыруучулардын саны көбөйүп, сапатка айланат. Себеби билимге ынтызар жаштар көп, бирок, дүйнөдөгү эң кыйын окуу жайда окуу асмандагы жылдыздай эле көрүнүшү мүмкүн. “Эл үмүтү” ошол жылдызды жаштарга жакындатып турат.

— Кайсы окуу жайга, кайсы адистикке талапкер болдуңуз?

— Магистратурага тапшырууну көп жылдардан бери ойлоп, эңсеп жүргөн элем. Бирок былтыр гана документтерди чогултуп, эссе жазып, университет тандай баштадым. Бир катар университтерди тандап, алардын ичинен Колумбия университетине  тапшырдым. Ал Нью-Йорк шаарында жайгашкан, АКШнын белгилүү окуу жайы. Дүйнөдө билим сапаты боюнча 22-орунда турат. Тапшыргандардын 5-6% бул окуу жайга өтө алат. Алардын арасында болуу мен үчүн чоң сыймык жана жетишкендик.

— Канча жыл окуйсуз?

— Менин магистрдик программам эки жылдык. Аталышы: Өнүктүрүү практикасы боюнча мамлекеттик башкаруу магистратурасы. Бул программа математика же так илимдерге өзгөчө көңүл бурат (STEM деп азыр кеңири тарап жатат). Окуум сентябрда башталса да мага азыртан эле, эки ай мурун, математикадан даярдангыла деп чоң тапшырмаларды беришти. Учурда катуу даярданып жатам, анткени эки жылдын ичинде болушунча жакшы билим алууга жана башка стунденттер, мугалимдер менен узак мөөнөттүү мамиле түзүп алышым керек. Окуудан тышкары, биринчи жана экинчи жылдын ортосунда университет практика өтүү үчүн чоң жана таасирлүү уюмдарга студенттерди практикага жиберет. Ал практиканы да мага эң керектүү багытын тандап алышым керек. Учурда аябай кубанып, бирок ошол эле учурда чоң жоопкерчиликти сезип жатам.

— “Эл үмүтү” программасынын талаптары кандай экен?

— Негизги талаптарынын бири — бул университет дүйнөдөгү жүз алдыңкы университеттердин катарында болуусу керек. Ага кошумча кандидаттар буга чейин илимий изилдөөлөргө, конференцияларда доклад же башка маанилүү документтерге салым кошкондугу жөнүндө далил көрсөтүүсү керек же жалпы эле коомдук иштерге жигердүү катышып келиши жана аны көрсөтө алышы керек. Бул программанын аталышы “Эл үмүтү” деп айтып тургандай – катышуучулар билимин Кыргызстандын өнүгүүсүнө жана өркүндөшүнө жумшаш керек жана салымын кантип кошоорун өз эсселеринде кандидаттар кеңири жазышат. Менин оюмча, мен программанын жогоруда айтылган бардык талаптарына жооп бере алдым.

— Канча стипендия төлөнөт, аны ким тарап төлөйт?

— Программа 50 миң АКШ долларын ар бир стипендиаттын окуусуна жумшайт. Каражаттар түздөн-түз университеттерге студенттердин контракттарын жабуу үчүн которулат. Аны Билим берүү жана илим министрлиги ишке ашырат. Менин жылдык контрагым 75 миң доллардын тегереги. Айырмасын мен өзүм төлөйм. Кээ бир топтогон акчабыз бар эле жана айрым нерселерибизди, мисалы, машинебизди сатканга туура келди. Мен ишенем, билимге болгон инвестиция бул эң жогорку кайтарууларды алып келет.

— Өзүңүз тууралуу кеп кылсаңыз.

— Мен 1984-жылы Ош шаарында жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлгөм. Апам анда мугалим, атам катардагы мамлекет кызматкери эле. Жумуштан кийин дыйканчылык менен алектенишчү. Он жашымда апам жол кырсыгында каза болуп, Ноокат районунда, кийин Бишкек шаарында интернаттарда билим алдым. Билимге умтулуп, өз күчүм менен даярданып БААУга (АУЦА) өттүм. Кийин түрдүү эл аралык уюмдарда иштеп, акыркы алты жыл БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө коомчулук менен байланыш боюнча координатору болуп иштедим. БУУда иштеп жүрүп, өнүктүрүү маселелерине кызыгым артып, ушул багытта магистратура алаарыма көзүм жетти. Алты жыл бою мен Кыргызстандагы БУУ тутумунун өнүгүү боюнча коммуникациясын жетектеп келдим жана өкмөт, өнөктөштөр менен көптөгөн алгылыктуу иштерди аткарууга жетиштим. Мисалы, айрымдарын айта кетсем: 2020-жылы пандемия учурунда БУУ тутумун жана эл аралык өнөктөштөрдү мобилизациялап, республикалык штабдын маалымат өнөктүгүн күчтөндүрүп, 1,3 млн COVID-19 вакциналарынын келишине коомду даярдоого салым коштум. Баткенде жакынкы гуманитардык кырдаалда өнөктөштөр менен иштөөдө маалымат алмашуусуна жардам бердим. Жаштар маселелери боюнча иштеген агенттик менен биргеликте 2018-2020-жылдары Туруктуу өнүгүү максаттарынын жаш элчилери аттуу жаштар программасына салым кошуп, миңдеген иш-чараларды ишке ашырууга өбөлгө түздүм. 2021-жылы БУУнун Азык-түлүк системалары боюнча саммити алкагында улуттук диалогдорду өткөрүүгө катыштым.

— Келечектеги планыңыз, максатыңыз?

— Менин узак мөөнөттүү максатым — Кыргызстанда жана жалпысынан Борбор Азияда эл аралык деңгээлде практикалык тажрыйбага бай, байланыштары кенен, теоретикалык билими терең адис болуу. Өкмөттө болобу, же БУУ сыяктуу эл аралык өнүктүрүү тутумдарында болобу, стратегиялык өнүгүү программаларын жетектөө, эффективдүү башкарууну, инклюзивдик жана туруктуу өсүүнү илгерилетүү аркылуу, Кыргызстанды чөлкөмдөгү өлкөлөр арасында жана жалпы эл аралык аренада ишенимдүү, таасирлүү өнөктөшкө айлантууга салымымды кошкум келет. Менин магистрдик программам адамдык капитал жана мамлекет институттарынын билимге негизделген натыйжалуулугунун узак мөөнөттүү бекемдөөгө жана комплекстүү өнүгүү долбоорлорун баштоого мүмкүндүк берет деп ишенем. Ага кошумча, мен өлкөнүн билим таңкыстыгын толтуруу жана кийинки муундарды алдыңкы адис болууга шыктандыруу үчүн өнүктүрүү багытында практик катары жергиликтүү университеттерде сабак берүүнү пландап жатам.

— Билим берүү тармагын кантип өнүктүрүүгө болот?

— Билим берүү тармагы чоң өзгөрүүлөргө муктаж экени белгилүү жана бул маселе боюнча дасыккан адистер тарабынан көптөгөн сунуштар айтылып жатат. Менин оюмча, бул жерде эң негизги маселе — билим системасы жаштардын жаркын келечекке болгон үмүтүн, ишенимин бекемдеши керек. Системада кандайдыр бир ийкемдүүлүк, окуу жайлар арасында атаандаштык пайда болушу шарт жана ошол эле учурда мугалимдердин коомдогу орду көтөрүлүшү керек. Мугалим болуу айла жоктун иши эмес, билим негизиндеги атаандаштыктын жыйынтыгы болушу керек. Мугалим болуу — бул сыймык жана коомдун ар бир мүчөсү сезип билиши керек.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер