ӨМҮРЗАК МАМАЮСУПОВДУН САБАКТАРЫНАН

  • 16.07.2021
  • 0

Ноокат районундагы математика багытындагы мамлекеттик билимкананын негиздөөчүсү жана илимий жетекчиси Өмүрзак Мамаюсупов өзүнүн басып өткөн жолуна көз чаптырып, турмуштук тажрыйбасынан билгендерин замандаштарына да айтып бергиси келет.

Баласы окушу, мыкты тарбия алышы үчүн ата-эне өзү да көп окууга тийиш!

Окубагандык, түркөйлүк, чыныгы кесипке ээ болбогондук ата-энени гана кейитпестен, мамлекетибиздин кедейленишине алып келет.

Эгер ата-энелер, чоңата, чоңэнелер, таята, таенелер, ага, эжелер уул-кыздарына, неберелерине 22 жашка чыкканча мыкты билим алуу зарылдыгын жетик түшүндүрүшсө, окуучулар мектепте ар бир секундасын бекер кетирбөөгө аракет кылмак. Мугалимдерибиз да сабак менен бирге окуучулардын өз алдынча изденүүсүнө дем берип, кошумча китептерди колдонууга, ар бир окуу предметтин классикалык маани-маўызын чечмелөөгө күн сайын шыктандырып турса, натыйжасы жакшы болор эле.

Балдарыўыздын келечегине өзүўүзчөлүк башка эч ким жакшы кам көрө албайт. Жараткан сизге уул-кызды берди. Билим берүүдө башкалар себепчи гана боло алат. Мамлекет билим багытында укуктук негиз түзүп, окуганга жана окутканга мүмкүнчүлүккө жараша шарт түзөт.

Мугалимдер өз маяналарына, милдеттерине жараша окутушат, тарбиялоого катышат.

Балдарыўыздын билим алуусун көзөмөлдөўүз, бийик максаттарга шыктандырыўыз. Үй-бүлөлүк китепкана түзүўүз, үйүўүздү билим үйүнө – билимканага айлантыўыз.

Ар бир кечиккен көз ирмем келечек муундун чала сабат, бактысыз болушуна жакындатып жаткан жокпу?

Ооганстан, Ирак, Сирия, Ливия ж.б. өлкөлөрдөгү кейиштүү абал сабатсыздыктын, тарбиясыздыктын, өз өлкөлөрүнүн келечегин ойлобогондуктун натыйжасы эмеспи?

Али да болсо аракет кылалы…

Учурдагы көйгөйлөрдүн себептери

Болжол менен миллиондун тегерегиндеги кыргызстандык мигрант чет өлкөлөрдө эмгек акысы эңтөмөн болгон кара жумуштарда иштеп жүрүшөт. Алардын көпчүлүгү орто, атайын орто же жогорку билимдүү экендигине, колунда аттестат, дипломдору бар болгондугуна карабастан, кесиптик деўгээли өтө төмөн, чет тилдери билбегендиктен же начар билгендиктен, чет мамлекеттерде жумуш берүүчүлөр менен расмий органдардын басмырлоосуна кабылууда…

Ата-энелердин кайдыгерлигинен улам мектепте балдар көбүнчө ортодон төмөн деўгээлде билим алышат. Башталгыч класстагы дилгирлик бара-бара басаўдап, кызыгуу жоголуп кетет…

Кесипкөйлүктү кантип жогорулатабыз?

Биздеги чектелүү эмгек базары үчүн программист жаштарды даярдоону чыныгы мамлекеттик идеологияга айландырууга кошумча каражат деле талап кылынбайт.

Санариптештирүү, IT жана интернет ресурстарын кыска мөөнөттө өздөштүрүү ар бир атуулдун милдети экендигин дайым эскертип турууга эч бир тоскоолдук жок. Борбордук жана жергиликтүү бийликтердин, мамлекеттик ЖМКнын, эл-журттун чын жүрөктөн дайыма аракеттенүүсү гана керек.

Чет өлкөлөрдө иштегенге умтулган кыргызстандыктардын саны жакынкы жарым кылымда азайбастыгы турган иш. Ошондуктан орус, англис тилдерин, IT ыкмаларды жогорку (эл аралык) деўгээлде өздөштүрүүдөн башка жолубуз жок – айрыкча жаштар, ата-энелер, коомчулук күнүмдүк жашообуз жана келечек үчүн сөздөн аракетке өткөнүбүз зарыл.

Мектеп программасынын алкагында кызыккан окуучу жана ата-эне чет тилдерди, IT алгоритмдерин эңжогорку деўгээлде өздөштүрүшү үчүн толук мүмкүнчүлүк бар. Эч ким мажбурлап, алардын мээсине даяр билимди куюп бербестигине толук ишенип, анык максатка аў-сезимдүү умтулганда гана өлкөбүздү алга сүрөй алабыз. Өнүккөн өлкөлөрдүн баарында мындай мамиле эчак эле калыптанган.

Жалпы максат жана жекече жоопкерчилик

Биздин жарандар мындан ары да чет мамлекеттерде кор болуп, эңтөмөнкү социалдык катмарларда кала бербеши үчүн мамлекеттик органдар, коомчулук жаштарга туура багыт, таасирдүү түрткү бериши керек. Билим алуу ар кимдин өз иши деген “демократиялык” түшүнүк түп-тамырынан туура эместигин өзүбүздүн катачылыктан текшерип көрүүгө убакыт жок – жашоо агымы көз ирмем сайын өзгөрүп баратат.

Намыстануу жана мекенчилдик милдетти сезе билүү аркылуу гана алдыбызда турган көйгөй-түйшүктөрүн жеўип кетсек болот. Бул үчүн эч кандай кошумча каражаттарды, инвестициянын кереги жок.

Окуу китептер, методика, чет тилдер

Биздин авторлор жазган окуу китептер дүйнөлүк деўгээлге азырынча жете электиги бүтүрүүчүлөрдүн эле «сапатынан» ачык көрүнүп турат. Окуу китептерди балдар эмес, мугалимдер да өтө кыйынчылык менен түшүнөрү баарыбызга белгилүү. Ата-энелер менен билим берүү жана илим министрлиги уул-кыздарыбыздын келечекте эл аралык алкакта кандай кемсинтүүгө дуушар болорун сезбей жаткандыгы өтө өкүнүчтүү.

Мектеп курсундагы так илимдер (математика, информатика, физика, химия, биология ж.б.) боюнча окуу китептерди орусчадан кыргыз тилине чеберчилик менен которгон эле эңжакшы болот. Россияда, Европада жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө мыкты китептер бар. Аларды биздин мектептерде окуучулар которуусуз эле, түп нускада колдонууга жетишсе, билим деўгээли өтө жакшырмак. Азыр Балтика жээгиндеги республикаларда, кошуна Казакстанда көп тилдүү (көбүнчө – үч тилдүү) билим берүүгө өзгөчө басым жасалууда. Бизде да пилоттук негизде башталды эле, бирок кеўири жайылтылбай жатат. Сабактардын бир тобу кыргыз, дагы бир тобу орус, үчүнчү тобу англис тилдеринде окутулса, бул тилдердеги кошумча окуу-усулдук булактарды колдонууга зор мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

Дүйнөдөгү мыкты окуу куралдарды кошумча иретинде пайдаланса деле окуучуларга, мугалимдерге, ата-энелерге, коомчулукка жана мамлекетибизге чоңөзгөрүштөрдү алып келээри шексиз. Өлкөбүздүн ар бир үйүндө мындай китептер сатып алынып, үй-бүлөлүк китепкана түзүү керектигин элге түшүндүрүү зарыл.

Математика боюнча орус тилинде, айрыкча англис тилинде дүйнөлүк деўгээлдеги жарыштарга (олимпиадаларга) өз алдынча даярдоочу китептер өтө көп. Долбоорлор, эл аралык келишимдер аркылуу арзан же бекер алып келүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул үчүн Интернет мейкиндигине ар бир окуучу, мугалим жана ата-эне чөнтөк телефон аркылуу чыга алат. Бир гана массалык каалоо жок болуп жатат. Тойлорго, шайлоого чексиз чачылган каражаттын бир бөлүгүн билимге багыттап койсок, бул маселелер эбак эле чечилмек.

Кавказда эки тил (эне тили менен орус тили) менен эле чектелбей, англис тилин да жакшы билип, дүйнөлүк классикалык көркөм адабият чыгармаларын бул тилде окутууга жетишкен мектептер көп. Спортсмендери англис тилинде эркин сүйлөгөнүн теледен көрүп жүрөбүз. Тил сабактарына ал мамлекеттерде биздин мектептердегидей эле саат бөлүнөт. Демек, окутуу методикасын жакшыртып, китептерди туура тандаш керек.

Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Алыкул Осмонов, Мамбет Мамакеев, Салижан Жигитов, Ишенбай Абдуразаков ж.б. көрүнүктүү инсандарыбыз мектепте кыргыз тилинде эле окуп, орус тилин болсо эңжогорку деўгээлде өз алдынча өздөштүргөнүн баарыбыз билебиз. Азыркы жаштарыбыз өтө акылдуу. Маалымат технологияларын туура колдонсок, билим сапатын кескин жакшыртууга болот.

Бизден да миллиардерлер чыксын

Азыркы жаштар тез жана оўой эле акчалуу болууну эўсейт. Базар ачып, чоңкызматка жетүүнү каалагандар, ал түгүл башкалардын мүлкүн тартып алууну кыялдангандар бар. Ошол эле учурда компьютер, Интернет аркылуу миллиардер болууга жол ачылгандыгын жаштардын көпчүлүгү билбей келет. Ал үчүн математиканы, англис тилин эңжакшы билип, IT мейкиндигине үйдө олтуруп эле өзгөчө программаларды, алгоритмдерди иштеп чыкса болот. Интернетте чоңакча төлөнүүчү сунуштар чексиз көп, өлкөбүздөгү ар бир атуул аракеттенсе, сөзсүз жетет.

Бүт жер жүзүнө белгилүү миллиардер Билл Гейтс 14 жашында 22 томдук энциклопедияны толук окуп бүтүргөн. Университетке кирерде жалпы 1600 баллдан 1590 балл алган. Азыр жылына 50 китеп окуйт экен. Биздеги ар бир компьютер анын программалары боюнча иштейт. Microsoft IT компаниясын негиздеген, байлыгы 76 миллиард долларды түзүп, 2017-жылы планетабыздагы эн бай адам деп аталган.

Джек Ма – Alibaba Group IT компаниясынын негиздөөчүсү. Жеке байлыгы 38 млрд. долларды түзүп, Forbes журналынын мукабасына жарыяланган алгачкы кытайлык жаран. Ал Гарвард университетине он жолу тапшырып, акыры окууга өткөн. Өжөрлүк деп ушуну айтыш керек!

АКШ мамлекетиндеги Сан-Франциско шаарына жакын жайгашкан Стенфорд университетин бүгүн IT боюнча миллиардерлерди даярдоочу фабрика десек болот. Бүтүрүүчүлөрү жыл сайын студенттердин IT идеяларын ишке ашыруусу үчүн бир миллиард доллар акча жыйнашат. “Кремний өрөөнүндө” жайгашкан бул университеттеги окутуучу-профессорлордун көпчүлүгү, ал турсун айрым студенттер миллиардер экендигин журналист жана блогер Юрий Дудь жазып чыккан. Ал жердеги орус тилдүү миллиардерлердин 20%ы Беларустан барган IT программисттер экен.

Кыргызстан санариптештирүү дооруна кадам шилтеп жатат. Миўдеген жаштарга бул багытта акча табуу жолдору ачылды. Ал үчүн англис тилин эңжакшы билип, жогорку деўгээлдеги IT адиси болуу керек.

Дүйнөлүк Forbes журналы үмүт арттырган ондогон кыргыз жаштарында IT компаниялары бар экендигин 2019-жылы жазды. Булардын катары калыўдашы керек.

Каракол шаарынын №1 мектебинин бүтүрүүчүсү Эркин АДЫЛОВ азыр 37 жашта. Forbes журналынын маалыматы боюнча, ал Борбордук Азиядан чыккан алгачкы мультимиллионер. 16 жашында Flex долбоорунун алкагындагы сынак жарышта жеўип, АКШга окууга жөнөгөндө, ошол кезде 2300 доллар турган жол киресин төлөш үчүн ата-энеси үйүн саткан. Азыр ал дүйнөдө таанымал Behavox IT компаниясынын ээси, Лондондо жашайт.

Эркин Адыловдой мультимиллионер болуу үчүн күчтүү каалоо, өжөрлүк, талыкпаган изденүүчүлүк, эмгекчилдик, жакындарынын шыктандыруусу керек. Ал жасалма интеллект менен адамдардын ортосундагы мамилелердин программасын ишке ашырган өзгөчө IT адиси, Нью-Йорктогу эбегейсиз бай банктардын талаптары боюнча математикалык алгоритм түзгөн.

Биздин өлкөдө болсо, толуп жаткан көйгөй-түйшүктөрдүн математикалык алгоритмин түзүү, компьютердин мээсине киргизүү жүз миўдеген жаштарыбыз үчүн өтө көп акча төлөнүүчү маселе.

Ноокат билимканасы тууралуу эки ооз сөз

2020-жылы Ош облусунун 13 бүтүрүүчүсү «кызыл аттестат» (Алтын тамга) алышкан. Алардын 12си Ноокат районунан, мунун ичинен он окуучу ушул билимканадан болгон эле.

Быйыл Ноокат билимканасын 50 бүтүрүүчү аяктады. Алардын ЖРТ боюнча орточо көрсөткүчү 171 баллды түзүп, бир алтын сертификат, 15 Алтын тамга ээлери болду, беш окуучу 200 баллдан, жети окуучу 190 баллдан, 11 окуучу 180 баллдан жогору алды.

32 жыл ичинде мамлекеттик Ноокат билимканасынын 1139 окуучусу толугу менен жогорку окуу жайларды бүткөн же окуп жатышат. Билимкананын деректири Самат Маматжан уулунун жетекчилиги астында мугалимдер жамааты жалпы бүтүрүүчүлөрдүн кайсы окуу жайларга киргендиги жөнүндө китеп чыгарышкан. 32 жыл ичинде мамлекеттик Ноокат билимканасында жети деректир эмгектеништи. Алгачкы беш директордун албан ийгиликтери көрүнүктүү журналист, таланттуу жазуучу Мамат Сабыровдун китебинде толук жазылган. Алтынчы деректир бир күн иштеди. Жетинчи деректир Самат Маматжан уулу – жаш математик, уюштургуч инсан жөнүндө өзүнчө сөз.

Бөлүшүү

Комментарийлер