ӨМҮРҮ ӨРНӨК – УСТАТЫМ

  • 26.09.2022
  • 0

Жанында сүйлөшүп отурсам, Замира эжени өзүмдүн бир тууган эжемдей, же апамдай көрүп, ага эркелегим келе түшөт. Кадимкидей кучагына оронуп, көкүрөгүнө башымды койгум келет. Буга көп нерселер себеп болот: Замира эженин мээрим толгон көздөрү, өз бооруна тартып жылуу мамиле кылганы, ичинде кири жок таза жүрөгү, жаш баланыкындай мүнөзү, оюндагысын бетке айткан кыялы, иш дегенде ичкен ашын жерге койгон күжүрмөндүгү, илимдин көзүн билген окумуштуулугу, «кичүүсүң, жашсың» дебестен, өзүнө тең көрүп, мени менен илим тууралуу ой бөлүшүп отурганы, өзүндөй болсун деп, илимди дал өзүндөй түшүнсүн деп жан далбас урганы – ушунун баары жүрөгүмдү элжиретип, көңүлүмдү эреркетип, көз ирмемде мени ал өзүнүн ички жан дүйнөсүнө, дүйнөдөгү кең пейил, аруу, чыныгы окумуштуунун дүйнөсүнө ээрчитип алып кирип кетет. Ошондо, мен анын айткандарын угуп отуруп, дал ушул эженин өзүндөй окумуштуу болгум келе түшөт! Бирок андай болуш, кайдаа-а!.. Ал үчүн Замира эже болуп төрөлүшүм керек эле да! Ошентсе да, эженин этегин кармап илим чөйрөсүнө аралашып жүргөнүмө, кудайга шүгүр дейм! Бир кезде мен да илим дүйнөсүнө кызыгып, бирок андан жол таба албай турганымда, Замира эже мага туура багыт берип, жол көрсөткөн окумуштуулардын бири болгон. Дал ушул, менин көз алдымдагы карапайым, эң эле жөнөкөй, эч качан «мен сени окумуштуу кылдым» дебеген мээримдүү эже – менин илимий жетекчим, Дербишева Замира Касымбековна.

Дербишева Замира Касымбековна 1952-ж. 8-апрелде Фрунзе шаарында туулган. Тилчи, филология илимдеринин доктору (2001), Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги (1999), Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери (2017). Орус тили жана адабияты мугалимдеринин Дүйнөлүк ассоциациясынын Кыргызстандагы мүчөсү (2005). Когнитивдик лингвистика, лингвомаданият таануу, лингвистикалык типология боюнча адис. Воронеж мамлекеттик университетин (1974), Москвадагы В.М. Ломоносов атындагы университеттин аспирантурасын (1978), КМУнун докторантурасын бүткөн (2001). КМУда доцент, кафедра башчысы, декан (1978–2001), 1999-жылдан баштап КМУнун алдындагы Коммуникациялык лингвистика борборунун директору болуп эмгектенген.

2001-жылдан тартып Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Чет тилдер жогорку мектебинин директору, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору (2004), Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун орун басары, котормо бөлүмүндө профессор-окутуучу болуп эмгектенип келет. З.Дербишева 150дөн ашуун илимий эмгектин, лингвистикалык иликтөөлөрдүн, анын ичинде монографиялардын, сөздүктөрдүн жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн жазылган окуу китептеринин автору. Илимий эмгектеринин көбү чет өлкөлөрдө жарыяланган. Австрия, Испания, Финляндия, Прага, Пекин, Москва, Санкт-Петербургда өткөн конгресс, симпозиумдарга илимий докладдар менен катышкан. Россия менен Казакстандын жогорку окуу жайларына лектор катары чакырылып, актуалдуу лингвистикалык илимий темада лекциялык курстарды өтүп, консультацияларды берип келет. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу билим берүү жана илим боюнча коомдук эксперттик кеңешинин мүчөсү; Кыргыз Республикасынын Премьер-Министрине караштуу илим жана инновация боюнча кеңешинин мүчөсү; Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын мүчөсү; Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү; Улуттук тил саясаты программасын ишке ашырууда аны иштеп чыгуу жана көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун мүчөсү жана Кыргызстандагы орус тили жана адабияты окутуучулар коомунун жетекчиси катары милдетин өтөп, коомдук иштерге да өз салымын кошуп келет.

Өзүнүн балалыгын, жаш кезин, илим дүйнөсүндөгү узак жолун эскергенде, Замира эже мага буларды айтып берди: «Бала кезимде тилим кыргызча чыккан эле. Анын да өзүнчө бир себеби бар. Атам кеч, 38 жашка чыкканда үйлөнгөн экен. Атам 1914-жылы туулган жана сабаттуу киши болгон. Касымбек атамды атасы (менин чоң атам) бала кезинде орус мектепке берген. Ал кезде саналуу гана адамдардын балдары мектепте окуган. Атам мектепти бүтүргөндөн кийин финансовый техникумга өтөт. Азыркы Бишкек шаарында жашап, техникумду бүтүргөндөн кийин Россиянын Москва шаарындагы финансовый институтка өтөт. Институтту ийгиликтүү бүтүрүп, Кыргызстанга келип жооптуу кызматтарда иштейт. Кийин билимин дагы өркүндөтүү үчүн Ленинграддагы жогорку финансылык курста эки жыл окуйт. Атам, негизи, Кыргызстандагы финансылык системаны түптөгөн адамдардын бири болгон. Ленинграддагы жогорку финансылык курсту бүтүрүп келгенден кийин Фрунзе областык финансылык башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалат. Бирок ушул кызматка киришкенден тарта атамдын үстүнөн «бул бай-манаптын баласы…» деген тоголок арыз түшөт. Көп өтпөй атам иштен алынат. Ошол кезде жашап турган ведомстволук үйүн да алып коюшат. Ошондон улам, 1955-жылы атам айылга көчүп кетүүгө мажбур болот. Мен ал кезде үч жашта экем. Шартка байланыштуу айылда чоңоюп, алгач тилим кыргызча чыккан эле. Кийин атам кайрадан шаарга келип, өз ишин кайра башынан баштаган…

ӨМҮРҮ ӨРНӨК – УСТАТЫМБиз Фрунзе шаарына келгенде, мен орус мектепте билим алдым. Мектепте окуп жүргөндө китепти аябай көп окучумун. Фрунзеде 4 китепкана бар эле. Мен төртөөнө тең жазылгам. Китепканада иштегендердин баары мени таанычу жана мен кызыккан керектүү китептердин баарын мага катып беришчү эле. Мектепте жакшы көргөн сабагым адабият менен тил сабагы болгондуктан, балдар адабиятына кызыгып, орус, француз, англис жазуучуларынын чыгармаларын толук окуп чыккам. Тилекке каршы, мектепте кыргыз адабияты окутулчу эмес. Ошондуктан, кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын да, авторлорун да билчү эмесмин. Мектепти бүтүп жатканда кыргыз адабияты жөнүндө эч маалыматым жок эле. Бир күнү капысынан эле туугандардын үйүнөн кыргыз тилиндеги бир кичинекей китеп, Медетбек Сейталиевдин «Тегирменчинин кызы» деген чыгармасы колума тийди. Ал китепти аябай кызыгып окудум, түшүндүм! Тилим кыргызча чыккандыктан, китепти толук түшүндүм! Ошондо бул китеп аркылуу биринчи жолу кыргызча чыгарма окуп, таасирлендим. Ал кезде классташтарым мени аябай жакшы көрүшчү. Классташым Ирина Прядеинага белек кылуу үчүн Медетбек Сейталиевдин «Тегирменчинин кызы» деген чыгармасын орус тилине котордум. Ошондо мен 9-класста окуп жүрүп, классташыма кыргызча жазылган повестти орус тилине которуп белек кылгам.

9-10-класста окуп жүргөндө адабиятка өтө кызыкканым үчүн, адабиятка жакын болоюн деп, мектепти бүткөндө филология факультетине өттүм. Жогорку окуу жайды ийгиликтүү аяктап, андан кийин МГУда аспирантурада окуумду улантып, кандидаттык ишимди коргодум. Кандидаттыгымды коргоп жатканда аябай толкундандым, бирок жакшы коргодум. Ошондо мен «Кандидаттык ишимди коргогонум эле мага жетет» деп ойлодум эле. Алгач, «мен илимпоз болом» деп алдыма максат койгон эмесмин. Бирок алган адистик боюнча лекция окуган адам бир жерде токтоп калбайт экен да. Лекциялар, берген сабактар илимди алдыга жылдырат экен. Улам макала жазат экенсиң, окуу китебин жазат экенсиң. Университетте эмгектенген окутуучу бир жерде токтоп калбайт экен. Ошентип, өзүм да байкабай эле илимдин ичине сүңгүп кирип кеттим…

Илим жолунда бир нукка түшкөндөн кийин, ал бара-бара доктордук иш жазууга алып келет экен. Анан доктордук ишимди коргодум. Ошондо менде «Мен доктордук ишимди жактадым, эми мен окумуштуу болдум» деген жаңылыш ой пайда болуптур. Көрсө, доктордук наам окумуштуулук менен барабар эмес экен. Накта окумуштуу, бул – жаратуучу болот экен. Тилдин көрүнүшүн, түзүлүшүн түбүнө жеткире изилдеп, анын өзгөчөлүктөрүн аныктап чыгуу керек экен. Мындай окумуштуу-изилдөөчүлүк деңгээлге жетиш үчүн узак, татаал жолдон өтүш керек тура! Мен ошондой узун, татаал жолдон өттүм. 2002-2011-жылдары Казахстандагы Абылай хан атындагы университетте диссертациялык кеңештин мүчөсү болуп калдым. 2 айда бир диссертациялык кеңешке катышып, диссертациялык иштерди окуп, ага эксперттик, оппоненттик пикирлерди жазып жүрдүм. Ошондо 50дөй диссертация окуп, пикир жаздым. Бул мага аябай чоң илимий мектеп болду. Андан тышкары, көп жыл Кыргызстандагы диссертациялык кеңештин мүчөсү болдум. Окумуштуу катары ушул жерде такшалдым десем болот. 5 доктор, 14 кандидат, көптөгөн магистранттарды чыгардым. Илимдин жолу өтө узак, татаал жол экен, ал бүтпөйт экен, анткени илим ‑ чексиз…».

Мына, ошентип биз бүгүн чыныгы илимпоз, күжүрмөн изилдөөчү, мээримдүү эне, сүйүктүү эжей, ардактуу кесиптеш, жакынга сырдаш, айрым адамдарга курдаш болгон эженин ички жан дүйнөсү менен жакындан тааныштык. Ары татаал, ары узак илим жолунда арыбаңыз, мен урматтаган эжейим жана илимий жетекчим, ‑ Замира Касымбековна!

 

КТМУнун ага окутуучусу, ф.и.к. Элмира Төлөкова

Бөлүшүү

Комментарийлер