ЛИДЕРЛЕРДИ ДАЯРДАГАН НОВАТОР-МЕКТЕП

  • 19.08.2021
  • 0

1991-жылы Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү колго алуусу менен билим берүү тармагы да демократиялык өзгөрүүлөргө туш болду. Өлкөбүздө жаштардын шыгын, талантын өнүктүрүүчү жаңы типтеги мектеп-лицейлер, гимназиялар ачыла баштаганда Караколдогу Т.Сатылганов атындагы мектеп-интернаттын базасында 1991-жылы август айында мектеп-лицей-интернаты ачылган. Эгемендүүлүк менен жылдаш лицейде эмне өзгөрүүлөр, кандай жетишкендиктер болгону тууралуу мектептин директору Алтынбек Жапаров айтып берди.

ЛИДЕРЛЕРДИ ДАЯРДАГАН НОВАТОР-МЕКТЕП

Лицейдин тарыхы

Ысык-Көл облусунун билим берүү башкармалыгы, облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун лабораториялары менен бирдикте жаңы типтеги мектепти уюштурууга керек болгон документтерди иштеп чыгып, лицейдин жетекчилерин, мугалимдерин, тарбиячыларды топтоо боюнча конкурс өткөрүлгөн. Ысык-Көл облусунун ар түрдүү региондорунан келген окуучулардын билим деңгээли атайын даярдалган тесттер аркылуу бааланып, конкурстук жол менен кабыл алына башталган. Мектеп-лицейдин негизги документи болгон Уставы иштелип чыккан.

ЛИДЕРЛЕРДИ ДАЯРДАГАН НОВАТОР-МЕКТЕП

— Лицейдин максаты — окуучуну ар тараптан өнүктүрүүгө, жеке аң-сезиминин деңгээлин көтөрүүгө, сапаттуу билимге ээ болууга, интеллектисин өнүктүрүүгө, руханий байлыгын кеңейтүүгө, саламаттыгын сактоого, өзгөрүп турган коомдун турмушуна ыңгайлашып кетүүгө, мектепти бүтүргөндөн кийин өз алдынча өнүгүп кетүүсүнө жана өмүр бою билим алууга карата умтулуусуна пайдубал түптөө, — дейт мектеп директору.

Биринчи окуу жылында педагогдордун саны — 53, “Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги” төш белгиге ээ болгондор — 3, жогорку категориядагы мугалимдер -14, биринчи категориядагы мугалимдер — 36, лицей класстарынын саны – 9, ал эми лицейчилердин жалпы саны – 289 болгон. Үч  профиль уюштурулган болчу, алар: физика-математика,  химия-биология,  кыргыз филология. Үч кафедра уюштурулуп,  алгачкы кафедра башчылары катары Калеева Ш.А.,  Асанбаева З., Көкбериева К. чыгармачылык менен милдеттерин аткарышкан.

— Мектеп-лицей биринчилерден болуп 2003-жылдан баштап мектептин ишин стратегиялык пландаштырат. 1994-жылы “Сорос-Кыргызстан” фонду тарабынан уюштурулган “Жылдын мыкты мектеби” конкурсунда 10-орунга ээ болуп, 3000 $ сыйлык ыйгарылган. Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясы, облустук Билим берүү башкармалыгы тарабынан «Жылдын мыкты мектеби» наамы ыйгарылган. Ал эми 1995-1999-жылдары «Алдыңкы мектеп» болуп аталып келсе, 2000-2018-жылга чейин «Мыкты мектеп» наамын берген жок, — дейт Алтынбек Жапаров.

Жетишкендиктер

2012-жылы мектеп-лицей-интернатына мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында шаардык мектептер арасында жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн сертификат берилсе, 2014-жылы «Кыргыз Республикасынын инновациялык мектеби» статусуна ээ болот. Лицейдин окуу планындагы өзгөчөлүктөр — логика, валеология, дүйнөлүк балдар адабиятынын окутулушу болуп  эсептелинет. 2020-2021-окуу жылында 56 мугалим эмгектенсе, алардын 38 “Кыргыз Республикасынын Эл агартуу” отличниги төш белгисине ээ. Бирөө КР Эл мугалими. Профилдик предметтерди тереңдетип окутуу үчүн атайын курстар, ошондой эле окуучуларды өнүктүрүү үчүн эстетикалык, спорттук, предметтик ийримдер уюштурулган. Беш компьютердик класс жабдылган. “Сорос-Кыргызстан” фонду тарабынан, “ПИКС”, “Айылдык билим берүү” долбоорлорунун, АКШнын элчилиги тарабынан үч ресурстук борбор ачылган. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Инновациялык мектеп” долбоорунун негизинде үч кабинет интерактивдүү доска жана компьютерлер менен жабдылганын айтып кетүү абзел.

Мугалимдердин, окуучулардын ийгиликтери

2003-2004-окуу жылында тарых мугалими Сагынтай к. Кенжегүл  республикалык “Жылдын мыкты мугалими” конкурсуна катышып, гран-приге ээ болгон.  Ал эми 2014-2015-окуу жылында информатика мугалими Сырдыбаева А. облустук “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун гран-присине ээ болуп, республикалык «Жыл мугалими -2016» конкурсунун катышуучусу болгон. Ошондой эле 2018-2019-окуу жылында Апазова А.  облустук «Жылдын мыкты мугалими»  конкурсунун гран-присинин ээси жана республикалык «Мугалим —  коомдун күзгүсү» конкурсунда 1-орунду жеңип алган. 16 мугалим облустук  “Жылдын мыкты мугалими” конкурсуна катышып, байгелүү орундарга ээ болушту. Мугалим Алыбаева Чолпон “ПИКС” долбоору уюштурган “Мыкты мугалим” конкурсунда (2007-ж.) 1-байгелүү орунга татыктуу болгон.

Лицейде окуучулардын билим сапатын жогорулатуу максатында формативдик жана суммативдик баалоо колдонулуп келатат.

“Айылдык билим берүү” долбоорунун негизинде 2008-жылы 33 мугалим жана мектептин төрт жетекчиси аттестациядан өтүп, 2009-2010-окуу жылында кошумча эмгек акы алышты. Мугалимдер кесиптик чеберчилигин Кыргызстанда гана эмес, АКШ, Түркия, Франция, Дания, Казакстан, Россия, Индия ж.б. мамлекеттеринде жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту.  Экономика мугалими Тезекбаева Динара “Эл аралык тренер” сертификатына ээ. Ал эми республикалык деңгээлдеги эл аралык билим берүү программалары боюнча тренерлер: Өзүбекова Ж.Р., Ашымбаева К.М., Садиев А.А., Убайдылдаева Ж.У., Арунова Д.А. “Айылдык билим берүү” долбоору боюнча сырткы баалоочу катары сертификатка ээ болгондор: Молдокунова Г.К., Тезекбаева  Д., Калеева Ш., Ахмеджанова Р., Ашымбаева К., Өзүбекова Ж.Р., Ашымбаева К., Садиев А. – өлкөнүн баардык региондорунда стратегиялык пландаштыруу боюнча семинар-тренингдерди өткөрүү менен мектеп жетекчилерине консультативдик тейлөө иштерин уюштурушту.

Республикалык деңгээлде өткөрүлгөн конференцияга мугалимдер катышуу менен, алдыңкы технологияларды окуу-тарбия процессинде колдонуу боюнча тажрыйба алмашышат жана республикалык басылмаларда жеке тажрыйбалары жарыяланып турат.

Эркинбаева С. 2019-2020-окуу жылынын республикалык «Санарип мугалим» конкурсунун катышуучусу, Ардак грамотанын ээси болсо, 2020-2021-окуу жылынын республикалык «Санарип мугалим» конкурсунда  Сырдыбаева А.С. 1-орунга ээ болуп, Түркияга жолдомо алган, Тезекбаева Д.И. 3-орунга татыктуу болду.

“Тарбия берүү — улуу иш, ошол аркылуу гана адамдын келечек тагдыры чечилет” (А.Г.Белинский)

Окуучулар мектеп-лицейди бүтүргөндөн кийин республиканын мыкты жогорку окуу жайларында гана эмес, АКШ, Германия, Австрия, Малайзия, Египет,Франция, Түркия, Россия, Кытай ж.б. мамлекеттеринде билим алуусун улантып жатышат. Азыркы учурда илимий даражага  ээ болгон бүтүрүүчүлөрдүн саны жылдан жылга көбөйүүдө. Мисалы, Молдогазиев Т., Көбөнбаев М., Абдыкадырова А., Садыкова Э., эми Жээнбаева Г.,   Шерипов Н., Токтогазиева С. — юридикалык илимдердин доктору. Тулпаров Б. Кыргызстандын деңгээлинде “Мыкты дизайнер” аталды.

30 жыл ичинде облустук олимпиаданын жеңүүчүсү – 647, республикалык – 127 окуучу, алтын күмүш, артыкчылык  аттестат менен бүтүргөн окуучулар -137. Эл аралык жана дүйнөлүк олимпиадага катышууга укук алган – 7 окуучу.

Мотиватор-бүтүрүүчүлөр

— Бүтүрүүчүбуз Миргүл Өмүрзакова Алматыда иштейт, жеке ишкер. Ал 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө конкурс жарыялап, беш жылдан бери мыкты экиден бүтүрүүчүбүзгө 2000 доллардан стипендиясын тапшырып келатат. Эки ай сынак өткөрөт, финалга чыккандарга тапшырат. Быйыл дагы эки балага 500 доллардан деп кошту. Бүтүрүүчүлөргө чоң мотивация болуп жатат. Сынактын талабы боюнча мыкты бүтүрүүчү болушу керек, коомдук иштерге активдүү катышуусу шарт, волонтер болушу зарыл. Ошол окуучуларыбыз жогорку окуу жайга өткөндөн кийин Миргүл стипендиясын өздөрүнө которуп берет. Москвада иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз Турдумамбетов Назим жана Казакбаева Эльнура экөө быйылкы бүтүрүүчүлөргө мотивация башташты. “ЖРТдан ким мыкты балл алса, стипендия төлөп беребиз” деп. Быйыл мыкты балл алган алдыңкы жети окуучуга 7000-8000 сомдон беришти. Эң жогорку балл алган 204 балл болду. Назим Москвадагы “Аррlе” компаниясынын директору болуп эмгектенет. Булар үч ай бою бүтүрүүчүлөргө кесип тандоо боюнча видеоконференция өтүп турушту. Бул конференцияга онунчу класстын окуучулары дагы катышты. Назим дүйнөлүк көз карашта кесип тандоого жакшы багыт берди, — дейт Алтынбек мырза.

Бүтүрүүчүлөрдүн жакындан жардамы

— 20 жылдык бүтүрүүчүлөрүбүз келип, электрондук китепкананын капиталдык ремонтун өткөрүп беришти. Эл аралык деңгээлдеги заманбап китепкана кылып уюштурганы жатабыз. Караколдо жаңы бир нерсени киргизейин деп жатам. Региондон келген балдар таң калгандай шарттарды түзсөк деген ниетим бар. Бишкектеги “Тойбосс” компаниясынын жетекчиси Орунбаев Бек апрель айында лицейге келип, мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдаганга жылына 500 миң сомдон которуп туруу үчүн макулдашылды. Ага дагы заманбап кабинеттерди уюштуралы деп жатабыз. Мындан сырткары республикалык олимпиадаларда байгелүү орун алган окуучуга жана мугалимге акчалай жардам берүүдө, — дейт жетекчи. 

Белгилүү бүтүрүүчүлөр

Мектепти ачып жатканда лицейдин бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн бүт тарабында иштеп, Кыргызстандын даңкын чыгарса деген максат менен ачып, бата кылышкан экен улуу муундагылар. Бата кабыл болуп, азыркы учурда лицейдин бүтүрүүчүлөрү лицейди эле эмес, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жатышат. Алар, Кайрат Иманалиев – маданият министри, Шерипов Нурлан — айыл чарба министрлигинин статс-катчысы, “Тойбосс” компаниясынын жетекчиси — Орунбаев Бек, Москвадагы “Аррlе” компаниясынын жетекчиси — Турдумамбетов Назим, юрист — Токтогазиева Сания ж.б. жеке ишкерлер, Америкада IT боюнча алдыңкы ондун катарына кирген балдар дагы лицейдин бүтүрүүчүлөрү.

Онлайндын жакшы жактары

— Санитардык-эпидемиологиялык абал курчуганда онлайн окудук, аны бат эле өздөштүрүп кеттик. Анткени 2014-жылы видеосабактарды бир жылдык план менен иштеп, негизги предметтерди жаздырып, ютубга чыкканбыз. Онлайндын жакшы жактары мугалимдер дагы, окуучулар дагы баардык жактан өсүштү. Учурда видеоконференция аркылуу эле мугалимдер үйүндө олтуруп алып, билимдерин өркүндөтүп, сертификат алып жатышат. Окуучуларды кабыл алуу дагы онлайн-сынак аркылуу өттү. Азыр кабыл алуу болуп жатат. Математика менен кыргыз тилинен суроолор берилип, 15-20 мүнөттө балдар жооп бериши керек. 20 мүнөттөн кийин сайт жабылат, ким үлгүрүп, жооптору туура болгондор өтүшөт. Азыр 6-класска 60 бала алыш керек болсо, учурда өтүнмөнү 100 бала тапшырды, — дейт мектеп директору.

Быйыл лицейди 102 бүтүрүүчү ийгиликтүү аякташты. Учурда 650 окуучуга 56 мугалим билим берет. Жаңы окуу жылга 100% даяр. Ата-энелерден акча чогултулбайт.

— Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 1 млн. 200 миңге ички, сырткы дааратканаларды салдырдым. Акыркы сегиз жыл ичинде фонддон 15 млн. сом мектептин ремонтуна, материалдык-техникалык базаны чыңдоого алдым. Лицейде эки Эл мугалими иштеди. Белгилүү Эл мугалими Жибек Өзүбекова эжебиз да өтүп кетти. Эже лицейдин өнүгүшүнө зор салымын кошту. Ал кишинин атынан музей ачканы турабыз, ал дагы 30 жылдыкка арналат. Экинчи Эл мугалими – Турар Саякбаева. Азыр ал киши Катарда жашап жатат. Келген сайын окуучуларга сабак өтүп кетет. Буюрса, жаңы дем, жаңы күч менен окуу процессин баштайлы деп турабыз, — деди Алтынбек Жапаров.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер