КЫСЫМГА КАБЫЛГАН МУГАЛИМ МЕКТЕБИНЕ КАЙТЫП КЕЛДИ

  • 11.03.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, ошондой эле коомчулуктун жапырт колдоосу менен  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназиянын тарых мугалими Жылдыз Садырбаева өзү сүйгөн кесипте кайрадан иштей баштады.

КЫСЫМГА КАБЫЛГАН МУГАЛИМ МЕКТЕБИНЕ КАЙТЫП КЕЛДИ

Биз мектеп-гимназияга барганыбызда январь айынын этегинде жумуштан кетүүгө аргасыз болгон Жылдыз Садырбаева өзүнүн тарых кабинетине «Акнет»  адистеринин көмөгү менен видеокөзөмөл орнотууга камынып  жатыптыр.
— Видеокөзөмөл ата-энелердин демилгеси болду. Алар балдардын окуусуна, тартибине көз салып турууну чечишти. Мен каршы болбодум, — дейт мугалим.

КЫСЫМГА КАБЫЛГАН МУГАЛИМ МЕКТЕБИНЕ КАЙТЫП КЕЛДИ

Бул жердеги тарых кабинети мыкты жабдылыптыр. Эң башкысы, сырттан келген текшерүүчүлөр үчүн эмес, баарынан мурун балдардын тарых тууралуу билимдерин байытып, тизмектеп турууга багытталганын байкадык. Текчелерге коюлган гүлдөр да бөлмө ичине көрк берип, ушул эле жерден баарыбызды табият менен камыр-жумур, өз ара ынтымакта жашоого үндөп тургансыйт.

КЫСЫМГА КАБЫЛГАН МУГАЛИМ МЕКТЕБИНЕ КАЙТЫП КЕЛДИ

— Бул гүлдөрдүн баарын ата-энелер сатып беришкен. Мектепти ар убак колдогон, мугалимдин оор ишин түшүнгөн мыкты ата-энелер бизде арбын. Бирок арасында өзүнүн  ата-энелик милдетин унутуп койгондору да жок эмес, — дейт  мугалим оор үшкүрүп.
Ошондогу жагымсыз окуяга кайтып келүү мугалим үчүн оор болуп жатканын сезип турдук. Ошентсе да, алдын-ала кечирим сурап, окуянын кандай болгонун өз оозунан угуу үчүн келгенибизди айттык.
— Ал күнү менин ошол класста сабагым жок болчу. Кабинетке кирсем, бир топ өспүрүм балдар ызы-чуу болуп  жатыптыр. Тынч олтуруусун эскертип, коридорго чыгып баратсам, артыман аябай уят сөз менен сөккөнүн угуп калдым. Менин адамдык намысым көз көрүнө тепселди. Кайра кирип, төртөө менен сүйлөшүп жатсам, «мен эмесмин!» деп моюндарына алышпады.  Анан бирөөсүн колдон тартып, доскага чыгарайын дегем. Ошол учурда башкалары мага байкатпай, видеого тартып алыптыр. Анан эле ызы-чуу чыгып кетти. Балдардын ата-энелери келип, мени күнөөлөштү. Укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да алар тарапта болушту. Мындай кысымга чыдабай, өз каалоом менен арыз жазып, жумуштан кеттим, — дейт мугалим.
Муну угуу бизге да жеңил болгон жок. Сурообуз менен эски жараны тырмагандай болдук. Бирок бул окуя аркылуу демократия дегенибиз бул жалгыз эле укуктардан турбаганын, анда ар бирибиздин коом алдындагы милдеттерибиз бар экенин башкаларга  айтып коёлу дедик. Тилекке каршы, учурда айрым ата-энелер бала тарбиялоодогу өз милдеттерин унутуп, бардык жоопкерчиликти мектепке, мугалимге жүктөп коюуда.
— Жумуштан кеткенден кийин буюм-тайымдарымды алып кеткени мектепке келсем, бир албуут ата-эне көрүп калып, «Мында эмнеге келдиң? Сен мектептен айдалгансын да!» деп кыйкырып артыман түшүп алды. Теңелбейин дедим. Бирок анын сөздөрү мага катуу тийди. Азыр көп нерсени түшүнө элек балдар эле эмес, айрым ата-энелер да ашкере агрессивдүү экенин көрүп, катуу стресс болдум. Анын айынан ооруп ооруканага да  жатып чыктым, — дейт жогорудагы окуяга бир тараптуу күнөөлөнүп, жан дүйнөсү жабыркаган мугалим.

КЫСЫМГА КАБЫЛГАН МУГАЛИМ МЕКТЕБИНЕ КАЙТЫП КЕЛДИ

Айтуусунда, мугалимдик кесипти ал өз каалоосу менен тандап алыптыр.
— Өзүм Ысык-Көлдөн болом. Түштүк тарапка турмушка чыгып, ОшМУнун тарых факультетинде окуп калдым. Андагы агайлардын лекциялары азыр да эсимде. Өзгөчө деканыбыз Ташманбет Кененсариев биздин мыкты тарыхчы болушубузга зор салым кошту, — дейт Жылдыз Алинуровна.

КЫСЫМГА КАБЫЛГАН МУГАЛИМ МЕКТЕБИНЕ КАЙТЫП КЕЛДИ

Ортодогу сөзгө мектеп директору Күлбүбү Искакова аралашты.
— Чындыгында Жылдыз Алинуровна биздин мектептин алдыңкы мугалимдеринин бири. Буга чейин бир да жолу ишиндеги кемчиликтери үчүн администрация тарабынан эскертүү же сөгүш алган эмес. Өз кесибинин чыныгы устаты десек болот.
Мен окуя болгондо ооруканада даарыланып жаткам.  Алдын этика комиссиясында карап көрөлү, мугалимге эскертүү берүү менен чектелели дегенбиз, — дейт директор.
Бүтүндөй өмүрүн билим берүү ишине арнап келе жаткан кыраакы жетекчи мектепте Жылдыз эжедей теориялык билими жетик мугалимдер аба менен суудай зарыл экенин айтып отурду.
— Бул мектепке директор болуп келгениме он эки жыл болду. Башында 500дөй эле окуучу бар эле. Азыр 1700 окуучу билим алууда. 53 мугалим иштейт. Былтыр төрт мугалим, эки завуч өздөрүнүн тарыхый мекенине көчүп кетишти. Зордоп алып кала албайт экенсиң, — дейт мектеп жетекчиси.
Күлбүбү Искакованы мен журналист катары көп жылдан бери билем. Бир топ жыл Аламүдүн кичи районунда жайгашкан №38 мектепти жетектеди. Барган мектебинин ийгилигин арттырган, жамаатты жемиштүү иштерге багыттаган мыкты жетекчи десем болот.
— Азыркы санарип заманда балдардын колунан телефонду алып коё албайсың. Бизде ата-энеси менен байланышып турууга чакан телефондорду колдонууга уруксат берилген.  Ата-энелерге да түшүндүрүп жатабыз. Телефонду ашкере колдонуу, интернет оюндарына байлануу балдарда агрессияны пайда кыларын алар да билип калышты. Чогуу аракеттенип жатабыз, — дейт директор.

КЫСЫМГА КАБЫЛГАН МУГАЛИМ МЕКТЕБИНЕ КАЙТЫП КЕЛДИ

Биз азыркы окуядан мектеп жетекчилиги, мугалимдер кандай сабак алышканына да кызыктык.
—  Мен албетте өзүм үчүн зор сабак алдым. Биз, мугалимдер да, мынча жылдык тажрыйбам бар, баарын билем дебестен, заманга жараша өзгөрүшүбүз керек экен. Азыркы өспүрүмдөр беш-он жыл мурунку окуучулардай эмес. Көптү билишет. Ошол эле учурда психикалык жактан туруктуу эмес, көбүнчө өзүн башкара алышпайт. Ашкере агрессивдүү. Алар менен өтө аяр мамиле кылуу керек экенин түшүндүм, — дейт Жылдыз Алинуровна.
Мектеп жетекчиси болсо, бул ишти жалгыз бир мугалимге же мектепке байлап койбостон, жалпы коомчулук биргеликте чечиши керек деген ойдо.
— Ушуга чейин эле бизде мектепте бир нерсе болсо, директорду же мугалимди күнөөлөй беришет. Буга көнүп да бүттүк. Эми баарын жаңылоого мезгил жетти деп ойлойм. Баарынан мурун мугалимдин коомдогу ордун көтөрүү керек. Мугалим татыктуу айлык алса, анын адамдык, кесиптик укуктары корголсо, анан башкалар аны сыйлайт да! Азыр айрым депутаттар Жогорку Кеңеште ушул маселени көтөрүп жатышат. Биз, агартуучулар, эл өкүлдөрүнүн мындай алгы ойлорун толук колдойбуз, — дейт Күлбүбү Искакова.
Психологияда «эмпатия» деген бар, ал башка адамдын ой-санаасын, абалын түшүнүү дегенди туюндурат. Анынсыңарындай, биз, журналисттер, эки ай бою жагымсыз окуядан жан дүйнөсү жабыркаган мугалимдин абалын, ой-санаасын түшүнүп турдук.
— Мен баарынан мурун Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигине, мен өңдүү мугалимдердин укугун мыйзам жолунда коргоого белсенип жаткан эл өкүлдөрүнө, интернет баракчаларында менин талабымды талашкан ак пейил кесиптештериме чын дилимден ыраазычылык билдирем. Иштеңиз деп мектепке чакырган ата-энелерге, окуучуларыма, анан албетте дайыма калыстыгы, адилеттүүлүгү менен башкаларга үлгү болуп келген директорубуз  Күлбүбү Искаковнага ыраазымын, — дейт өз мектебине, сүйүктүү кесибине кайтып келген мугалим.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер