КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН САНЫ ДАГЫ КӨБӨЙӨТ

  • 11.04.2022
  • 0

Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен “Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө” долбоору старт алды. 100 пайыз гранттык негизде ишке ашырыла турган бул программанын алкагында дагы 60 кыска мөөнөттүү бала бакчасы ачылмакчы.

Жыл аягына чейин Баткен жана Ош облусунда 100 бала бакча ачылат

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымованын айтымында, үч жаштан беш жашка чейинки балдарды мектепке даярдоо максатында кыска мөөнөттүү 60 бала бакча буга чейинки “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында ачыла турган 500 бала бакчага кошумча ачылат.

КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН САНЫ ДАГЫ КӨБӨЙӨТ

— Натыйжада 560 бала бакчаны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айыл өкмөтүнүн балансында турган жарактуу имараттарды даярдап, коопсуздук үчүн имараттын айланасын курчап, суунун келишин камсыздап бериши керек. Ал эми имаратты оңдоп-түзөө, реконструкциялоо, санитардык-гигиеналык шарттарды түзүү, оюн аянтчасын куруп берүү, окуу куралдары, өнүктүрүүчү материалдар менен жабдуу, окутуу – долбоордун эсебинен жүргүзүлөт. Эң негизгиси, балдар ал жерде акысыз билим алышат жана  жыл сайын ачыла турган бала бакчалардын кызматкерлеринин штаттары республикалык бюджеттен каржыланып турат. Кыска мөөнөттүү балдар бакчасында балдар билим берүү компоненти менен толук камсыздалат, — дейт Нурзида Касымова.

Мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоону кеңейтүү максатында “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында ачылууга тийиш болгон 500 кыска мөөнөттүү бала бакчанын алгачкы 100 бала бакчасы ушул жылдын аягына чейин Баткен жана Ош облустарында иштеп баштайт.

Айтмакчы, айыл өкмөттөрү кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачууга ылайыктап сунуштаган имараттардын баары эле талапка жооп берген жок. Тендердин жыйынтыгында жалпы эле долбоордук сметалык документтерди түзүү укугуна ээ болгон “Архи Вижн” консалтинг компаниясы айыл өкмөттөрү сунуштаган имараттардын жарактуу же жараксыз экендигин жеринде карап чыгып, жараксыз имараттарга алмаштырылды.

Министрликтин маалыматы боюнча, жыл сайын 100-150 бала бакчадан ачып отуруп, 2024-жылы оңдоп-түзөө иштери толук аяктаса, 2025-жылы кабыл алуу, өткөрүп берүү сыяктуу иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле бул долбоорлордун алкагында 5 миңге чейин бала бакча кызматкерлери квалификациясын жогорулатышып, окутуу курстарынан өтүшөт. Бул 560 бала бакча тарбиячыларынан тышкаркы кызматкерлерге да тиешелүү.

Бакчаларга ченемдик каржылоо киргизүү сунушталууда

Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөрү бала бакчалардагы балдардын тамак-ашынын 50 пайызын, ата-энелер 50 пайызын каржылоо каралган. Учурда республикадагы 453 айыл өкмөттүн ичинен 52 айыл өкмөтү өздөрү дотацияда отургандыктан, карамагында турган бала бакчаларды каржылай албай келүүдө. Жергиликтүү бийлик айрым учурда балдардын тамак-ашынын жарым-жартылай гана каржылаганы эле болбосо, башка чыгымдарын көтөрө албайт. Эскерте кетсек, учурда балдардын тамак-ашына жумшалчу чыгым 36 сомду түзөт, анын 18 сомун ата-эне, 18 сомун айыл өкмөтү төлөйт. Бул албетте жетишсиз. Мындай акча менен бөбөктөрдү пайдалуу азыктар менен камсыздоо жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес.

Эгерде ченемдик каржылоо кирсе, балдардын тамак-ашын ата-энелери 100 пайыз каржылайт.  Айыл өкмөттөрүндө тамак-ашка жумшай турган чыгымдарды айылдагы балдарды бала бакчага тартуу, жаңы бала бакча ачуу, коммуналдык тейлөөлөрдү жүргүзүү сыяктуу инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшоо мүмкүнчүлүктөрү түзүлмөк.

— Алдыда балдардын тамак-ашына карата ченемдик каржылоону ишке ашыруу пландалып жатат. Мүмкүнчүлүгү бар эки районго ваучер механизмин пилоттук негизде киргизүү пландалууда.

Министрликтин иш-пландарынын бири мектепке чейинки билим берүү программалары менен камтууну кеңейтүү максатында тарбиячыларды үй шартында сертификаттоо жана аларга патент берүү механизмин иштеп чыгуу болуп эсептелет — деди ал.

КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН САНЫ ДАГЫ КӨБӨЙӨТ

Министрлик жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында республикадагы 453 айыл өкмөтүнүн ичинен 59 айыл өкмөтү, башкача айтканда, 13 пайызы бала бакчаларды  каржылоого алсыз экени аныкталды. 89 бала бакчада белгиленген норманы (15-18 сомго чейин) өп-чап сактап келишет. Ал эми 1186 бала бакчада кошумча булактардын жардамы менен белгиленген норманы эки-үч эсеге, 25-65 сомго чейин жогорулаткан. Ал эми ички миграция өнүккөн аймактардагы 91 бала бакчада ченемдик каржылоо көлөмү беш эсеге — 70-100 сомго чейин жогорулаган. Мындай көрсөткүч, баш калаага жакын жайгашкан Чүй облусунда жана Бишкек шаарынын өзүндө байкалган.

Нурзида Касымованын айтымында, министрлик балдардын тамак-ашына бөлүнгөн каражатты индексациялоо боюнча Каржы министрлигине кат жолдогон. Бирок азыр мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү биринчи кезектеги милдет болуп жатканына байланыштуу, алардын өтүнүчүнү кийинки этаптарда каралмакчы. Азыр бул маселени чечүү жолдорун издеп жатышат.

Өлкөдө бала бакча курагындагы бөбөктөрдү бала бакча менен камсыздоо мурдагыдай эле көйгөйлүү маселелердин бири бойдон калууда. Бул маселени чечүү жолдорун караштырган министрликтин 2022-2024-жылдардагы программасына көп кабаттуу курулган үйлөрдүн биринчи кабатына сөзсүз түрдө бала бакчаларды куруу, мамлекеттик жеке өнөктөштүктү жана ваучердик механизмди киргизүү, бизнеске бала бакча куруу үчүн насыяларды төмөн пайыз менен берүү ж.б. сунушталууда.

Көмөкчү чарбалардын көмөгү күч

Бала бакчалардагы балдардын тамак-ашын күчөтүү, аларды витаминдүү азыктар менен толуктоо максатында Кара-Суу районунда жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлайым Машрапова бизге буларды айтып берди.

КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН САНЫ ДАГЫ КӨБӨЙӨТ

— Биз учурда КР Өкмөтүнүн мектеп алдындагы чарбалык иштерин уюштуруунун тартибин бекитүү жөнүндөгү 2021-жылдын 16-февралындагы №46 токтомун аткаруу максатында иш жүргүзүп жатабыз. Бүгүнкү күндө райондо 93 бала бакча бар. Анын ичинен 69 бала бакчада көмөкчү чарбалар уюштурулган. Алсак, беш бала бакчада мал чарбасы, бир бала бакчада нан азыктарын даярдоочу цех, 21 бала бакчада канаттуулар чарбасы иштейт, анын ичинен бир бала бакчада – коен, дагы бир бала бакчада – бөдөнө бар. 28 бала бакчабыз жашылча жер жемиш айдаса, 55 бала бакчада мөмөлүү дарактарды өстүрүү мыкты жолго коюлган, мында 1181 түп кара өрүк, алма ж.б.өсөт. Ал мөмөлөрдүн ашыкчаларын как кылып, кышында балдарга витаминдүү суусундуктарды жасайбыз. Ал эми эки бала бакча айыл чарба дан эгиндерин айдашат. Түшкөн акча каражатын көзөмөлчүлүк кеңештин чечими менен бала бакчанын муктаждыктарына жумшашат.

Учурдагы эң маанилүү өнөктүктүн бири – бул балдарды электрондук каттоо аркылуу бала бакчаларга кабыл алуу экенин билесиздер, бул боюнча райондо маселе жок. Райондогу 93 бала бакчада таблицалар илинип, бардык ата-энелерге маалыматтар жеткирилген. Биздин Кара-Суу району республика боюнча калк жыш жайгашкан эң чоң аймак болгондуктан,  Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен ачылып жаткан 500 кыска мөөнөттүү бала бакчанын 47 бала бакчасы бизде ачылмакчы. Бул бизге мектеп жашына чейинки балдарды бала бакча менен толук камсыздоого жана мектепке даярдоо программасын өздөштүрүүгө  жакшы шарттарды түзүп берет, — дейт Гүлайым Машрапова.

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер