КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨНҮГҮҮСҮ – БИЛИМДҮҮ ЖАШТАРДЫН КОЛУНДА!

  • 15.02.2021
  • 0

STEM-билим берүү өлкөбүздөгү билим берүү саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Анын айкын мисалы болуп бул жылы Кыргызстанда өткөн окуучулардын Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы эсептелет.    Бул иш-чаранын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана «Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы болду. Бул жылы аталган иш-чара 15-ирет өтүп жатат. Бул анын окуп жаткан жаштар арасында анын актуалдуулугун жана суроо-талаптуу экендигинен кабар берет. Жумалыктын маанилүүлүгүн баса белгилөө үчүн жана Кыргызстанда илимий-техникалык чыгармачылыкты кеңири жайылтуу үчүн КР Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жумалыктын жабылышына катышты.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨНҮГҮҮСҮ – БИЛИМДҮҮ ЖАШТАРДЫН КОЛУНДА!

Окуучулардын Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы 2021-жылдын 8-12-февраль аралыгында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана «Алтын түйүн» БРИТАнын 60 жылдыгына арналып өткөрүлдү. Окуучулардын Илим, техника жана өндүрүш жумалыгын өткөрүү заманга бап, мезгилибизге шай келген иш-чаралардын катарын толуктап, өлкөбүздө салтка айланып калды. Окумуштуулар жана эмгек ардагерлери менен жолугушуу, өндүрүш жана ири илимий-изилдөө борборлоруна экскурсиялар, интеллектуалдык конкурстар жана викториналар өлкөнүн өнөр жай ишмердүүлүгү менен окуп жаткан жаштардын таанышуусуна гана шарт түзбөстөн, инженердик-техникалык адистиктерге болгон кызыгуунун ойгонуусуна мыкты түрткү болот. Көп жылдар бою Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Жумалыкты өткөрүүдө өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Ал өлкөбүздүн жаш ойлоп табуучуларына өз эшигин ачып келет. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары конкурсанттардын долбоорлорун баалоодо активдүү катышып келишет, алардын иштелмелерин жана ойлоп табуучулук идеяларын оптимизациялоо боюнча кесипкөй сунуш-көрсөтмөлөрүн беришет, толук кандуу рационализатордук долбоорго чейин бышып жетилишине изилдөөчүлүк ойду жетикирүүгө көмөктөшөт!

Жумалык 2021-жылдын  8-февралында республиканын бардык билим берүү уюмдарында салтанаттуу ачылды. Жумалыктын алкагында кийинкидей акциялар өттү: «Өрнөктүү окумуштуулар», «Техника күнү», «Өндүрүш күнү». Республиканын окуучулары окумуштуулар жана ойлоп табуучулар менен жолугушууларда дүйнөлүк илимдин жетишкендиктери, ошондой эле Кыргызстандагы илим жана экономиканын өнүгүү перспективалары менен таанышты, өнөр жай ишканаларына жана айыл чарба фирмаларына барышты, жаңы технологиялык процесстер, чакан жана орто бизнес менен таанышты. Өз кезегинде Жумалыктын жүрүшүндө балдар өздөрүнүн чыгармачыл шык-жөндөмдүүлүктөрүн жана ийгиликтерин көрсөтүштү. Бардык жакта техникалык чыгармачылыктын көргөзмөлөрү өттү, ойлоп табуу жана экономикалык долбоорлор корголду.

Жумалыктын маанилүү окуяларынын бири болуп Окуучулардын «Илим+ойлоп табуу = Техника!» Республикалык илимий-техникалык олимпиадасы болду. Ал 9-февралдан 12-февраль аралыгында өлкөбүздүн илимий ачылыштарынын устаканасы – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында өттү. Бул жылы ИТО уюштуруучулары тарабынан анын курамына Симпозиумду кошуу чечими кабыл алынган, анткени илим менен техниканы өнүктүрүү муундан-муунга өтүүчүлүксүз, мектеп, жож билим берүүсүн интеграциялоосуз, ошондой эле илимий коомчулуктун активдүү катышуусуз мүмкүн эмес. Олимпиада жана Симпозиум «Инновациялык өнүгүү: илим жана билим берүүнүн потенциалы аймактарды индустриялаштыруунун негизи» темасында өттү. Республиканын окуучулары калыстар тобуна өздөрүнүн илимий баяндамалары менен чыгып,  колдонуудагы моделдерин көрсөтүштү, илимий-техникалык көргөзмөгө экспонаттарын даярдашты. Симпозиумдун артыкчылыктуу өзгөчөлүгү болуп, окуучулар менен катар Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жаш окумуштуулары: Хайдаров Б.К. (Физика институтунун илимий кызматкери), Мамбетова Э. (Биотехнология институтунун илимий кызматкери), Тротченко Н.В. (биология илимдеринин кандидаты, Биология институтунун кызматкери), Калысова Ж. (Сейсмология институтунун I категориядагы инженери), Рахмединов Э.Э. (Сейсмология институтунун кенже илимий кызматкери), Дооткулова Г.М. (Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакчасынын илимий-изилдөө мекемесинин илимий кызматкери) жана Келгенбаева Ж.К. (химия илимдеринин кандидаты, илимий кызматкер, И.Ахунбаев ат. КММА Биохимия кафедрасынын окутуучусу) илимий баяндамаларын окушту. Симпозиумга Кыргызстандын бардык областынан 20 команда катышты – бул 100дөн ашуун адам!

ИТО экспресс-турунда балдар уюштуруучулар алдын ала даярдап койгон материалдардан ар кандай конструктивдүү аткарылыштагы учуучу аппараттан модель жана макеттерди иштеп чыгып, даярдоого тийиш болду. Темасын алар таймаштын алдында билишип, бир саат калганда өз идеяларын ишке ашырууга, ошондой эле аларды калыстар тобунун алдында жактап берүүгө тийиш болду.

«Үй тапшырма» катары ИТО катышуучуларына баскыч-баскыч менен кете турган механизмди жана түз эмес (катаал) жерде транспорттук каражаттарды бир жерден экинчи бир жерге жайгаштыруу менен башкаруу системасын иштеп чыгуу сунушталган. Ушул жерден белгилей кетүү керек,  бардык долбоорлор кызыктуу болуп, технологиялар колдонулду. Жаш  инженерлер жөн гана макеттерди алып келбестен, аракетке келүүчү моделдерди конструкциялашты, аларды өз алдынча топтоп жана программага салышты. Долбоорлор жогорку деңгээлде аткарылгандыгын дагы белгилей кетүү зарыл: дээрлик иштердин бардыгы LEGO конструкторлорунан же өз алдынча иштелип чыккан деталдардан жана 3-D принтерде басылган деталдардан жасалды, ар кандай датчиктер, ошондой эле аралыктан башкаруу түзүлүштөрү пайдаланылды. Бул мындай иш-чаралар Кыргызстандын аймактарында илимий-техникалык чыгармачылыкты кеңири жайылтууга гана шарт түзбөстөн, балдар арасында бири-бири менен тажрыйба алмашуусуна, жаңы материалдар жана технологиялар тууралуу билүүгө жардам берет дегенди билдирет.

Үч түрдүн бардыгын жогорку квалификациялуу калыстар тобу баалады, алардын курамына өлкөнүн белгилүү ишмерлери: Кожогулов К.Ч. (калыстар тобунун төрагасы, КР УИА мүчө-корреспонденти, профессор); Шамсутдинов М.М. (профессор, Б.Ельцин ат. КРСУнун кафедра башчысы); Баялиев А.Ж. (т.и.к., доцент, Н. Исанов ат. КМКТАУнун кафедра башчысы); Самсалиев А.А. (т.и.к., доцент, И. Раззаков ат. КМТУнун кафедра башчысы); Степанов С.Г. (СССРдин ойлоп табуучусу, Б. Ельцин ат. КРСУнун лаборатория башчысы); Арзыбаев А.М. (т.и.к., доцент, И. Раззаков ат. КМТУнун кафедра башчысы); Мамытбеков Ж.К. (ф.-м. и.к., КР УИАсынын жаш окумуштуулар кеңешинин төрагасы); Шумейко А.В. (ИТО жооптуу катчысы, КР Билим берүүсүнүн отличниги). Калыстар тобу жана ИТО уюштуруучулары балдардын ой-жүгүртүү жөндөмдүүлүгүнө, канчалык деңгээлде долбоорлору аркылуу илимий бийиктиктерди багынта алуу дараметтерине таң беришти! Изилдөөчүлүк иштелмелеринде өздөрү жашаган шаарлар жана айылдар үчүн инновациялык чечимдерди сунуштап жатышты, алардын аймактарына күнөсканалар менен заводдорду, өндүрүштүк ишканаларды куруу тууралуу айтып беришти. Алардын ар бир сөзү жалындуу жана мекенчилдик сезим менен айтылып турду!

12-февралда, Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын чоң жыйындар залында окуучулардын Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын салтанатуу жабылышы уюштурулду. Ага Кыргыз Республикасыныны Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев катышты. Ал өз сөзүндө: «Балдар, кандай бактылуусуңар, кичине кезиңерден тарта өзүңөрдүн илимий долбооруңарды өлкөбүздүн илиминин бешиги болгон – Улуттук илимдер академиясында жактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп отурасыңар! Мен анын босогосун 30 жаш курагымда аттагам, ал эми силер, кичине  кезиңерден өлкөбүздүн белгилүү окумуштууларынын алдында туруп өз идеяларыңар менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп турасыңар!» — деп баса белгиледи. Министр БРИТА «Алтын түйүнгө» Кыргызстанда илимий-техникалык билим берүүнү кеңири жайылтууда жасап жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирип, алдыда турган 60 жылдык мааракеси менен куттуктады. Мындан тышкары, министр ИТО юниор лигасындагы жеңүүчүлөрүнө – Ош шаарынын командасына (Назарова Каныкей, Махмудова Назили, Мадумаров Абдулазиз, Хашимова Фатима, жетекчиси — Нарматалиев М.), мектеп лигасында – БРИТА «Алтын түйүн» командасына (Джекишев Атай, Советканов Ринат, Кадыров Азат, Мадиев Жайсан, жетекчиси  — Аблакеев А.Б.) сыйлыктарын тапшырды. Балдар диплом жана баалуу байгелер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Өтмө кубогу менен сыйланышты.

ИТО күмүш байге ээлерине диплом жана баалуу байгелерин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, техника илимдеринин доктору, профессор, академик Джуматаев Мурат Садырбекович тапшырды. Ал балдарды маанилүү иш-чарага катышкандыгы менен куттуктап, дал ушул жаштар өлкөнүн байлыгы экендигин белгиледи! Юниор лигада II орунду Ош областынын командасы жеңип алды (Режаббаев Екубжон, Улугбеков Нурислам, Холматов Жовохир, Мусаев Байболот, жетекчиси — Садикова М.), ал эми мектеп лигасында – Баткен областынын командасы (Кылычбек у. Кыялбек, Абдурахманов Азим, Амракулов Эмил, Сраждин у. Рашит, жетекчилери — Марипов А. жана Мухаметова Р.).

Коло байге ээлери катары юниор-лигада БРИТА «Алтын түйүн» командасы (Мустафин Даниель, Шербеков Алтай, Токмаков Илья, Акматов Санжар, жетекчиси — Гасанов Б.), мектеп лигасында – Чүй областынын командасы (Логинов Александр, Черненко Никита, Пухов Никита, Исмаилов Абду Адиль, жетекчиси – Черненко А.С. жана Амиров М.И.) болушту. III даражадагы дипломдор жана баалуу белектерди конкурсанттарга И.Раззаков ат. КМТУнун ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты Чыныбаев Мирлан Койчубекович тапшырды.

Ошондой эле Жумалыктын салтанаттуу жабылышында БРИТА «Алтын түйүн» тарбиялануучуларына илимдеги жана изилдөө ишиндеги ийгиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын УИА академиктеринин атындагы стипендиялары ыйгарылды. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, техника илимдеринин доктору, академик Джуматаев Мурат Садырбековичтин атындагы стипендия жана сертификат, Шербеков Алтайга (БРИТА «Алтын түйүн» тарбиялануучусу, робототехника ийрими, педагогу Пичуревич И.А.) тапшырылды. Техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын УИА мүчө-корреспонденти Кожогулов Камчыбек Чонмуруновичтин атындагы стипендия жана сертификат Кубанычбекова Кереметке (БРИТА «Алтын түйүн» тарбиялануучусу, «Плюс» бычуу жана тигүү студиясынын тарбиялануучусуна көчмөндөрдүн образын жараткандыгы үчүн, «Менин мекеним — Кыргызстан» республикалык конкурсунун жеңүүчүсү, педагогу Солтобаева Д.Ш.) берилди. Физика-математика илимдеринин доктору,  профессор, Кыргыз Республикасынын УИА мүчө-корреспонденти Кидибаев Мустафа Мусаевичтин атындагы стипендия жана сертификат менен Эмильев Азимбек (радиотехника ийрими, Нарын областынын билим берүү борбору) сыйланды. Техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын УИА мүчө-корреспонденти Оморов Роман Оморовичтин атындагы стипендия жана сертификат Рамисова Аделинага («Алтын түйүн» шахмат клубунун тарбиялануучусу, шахмат боюнча 8 жашка чейинки категорияда Кыргызстандын чемпиону, педагогу — Умарбеков А.А.) тапшырылды. Техника илимдеринин доктору, профессор Султаналиев Бактыбек Сабырбековичтин атындагы стипендия менен сертификатты Мустафин Даниэль БРИТА «Алтын түйүн» тарбиялануучусу, «Робототехника» ийриминин тарбиялануучусу, 2019-жылдын илимий-техникалык олимпиадасынын жеңүүчүсү, «Биз — XXI  кылымдын интеллектуалдары» эл аралык форумунун байге ээси, педагогу — Никулин А.Ю. ээ болду. Улуттук академиянын жаш окумуштууларынын атынан балдарды биология илимдеринин кандидаты Тротченко Надежда Владимировна куттуктады.

Окуучулардын Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын жакшы салты болуп «Алтын түйүн» БРИТАнын тарбиялануучуларына «Жаш академик» наамын окуудагы ийгиликтери жана ойлоп табуу иштериндеги ийгиликтери үчүн ыйгаруу болуп калды. Бул жылы Советканов Ринатка ( «Робототехника» ийриминин тарбиялануучусу, республикалык жана эл аралык конкурстардын жеңүүчүсү, жетекчиси – Пичуревич И.А.), Сергиенко Ксенияга («Мир сказочных фантазий» ийриминин тарбиялануучусу, «Техника балдардын көзү менен» жана «21 кылымдын интеллектуалдары – өз чөлкөмүнө» сыяктуу республикалык конкурстардын бир нече жолку жеңүүчүсү, педагогу – Андрющенко В.Ф.) жана Бредников Владимир («Созвездие» клубунун тарбиялануучусу, астрономия боюнча эл аралык конкурстардын жана олимпиадалардын жеңүүчүсү, педагогу — Шумейко А.В.).

Мантия менен күбөлүктү балдарга техника илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын УИА мүчө-корреспонденти Бримкулов Улан Нургазиевич,  педагогика илимдеринин доктору, профессор, КББА вицепрезиденти Мамбетакунов Улан Эсенбекович жана физика-математика илимдеринин кандидаты, Улуттук илимдер академиясынын жаш окумуштуулар кеңешинин төрагасы Мамытбеков Жайлоо Кыдырович тапшырышты.

Республикалык окуучулардын Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы – бул өсүп келе жаткан муундун өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн жана өсүп-өркүндөшүнүн негизинде турган өнөр жай турмушуна болгон кызыгуусун арттыруунун кубаттуу импульсу болуп саналат! Ушул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөткөн бардыгына өзгөчө ыраазычылык билдиребиз: командалардын жетекчилерине, Джуматаев Мурат Садырбекович жетектеген Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиябыздын окумуштууларына, И. Раззаков ат. КМТУнун, Б.Ельцин ат. КРСУнун жана башка жождордун профессордук-окутуучулук курамына! Сиздердин Кыргызстандагы илимий-техникалык билим берүүгө кошкон зор салымыңыздар баа жеткис! Сиздердин эмгегиңиздердин арты менен аймактардагы балдарыбыз техникага жана ойлоп табууга кызыккан балдарыбыздын саны өсүүдө, мунун көрсөткүчүн балдардын быйылкы жактагандарынан улам көрүүгө болот. Биздин милдетибиз, кесиптештер – татыктуу, мезгилдин талабына жооп берген жана билимдүү жаштарды тарбиялап өстүрүү! Бүгүнкү ишибизден улам биз туура жолдо баратканыбызды көрүп жатабыз.

Ж.Б. Бапанова, «Алтын түйүн» балдардын республикалык инженердик академиясынын директору

Бөлүшүү

Комментарийлер