КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫЗДАРЫНЫН ЗАМАНЫ

  • 11.10.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги менен  “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, Балдарды коргоо борбору жана БААУнун Инновациялык колледжи  кыздардын эл аралык күнүнө карата А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада ар бир өнөктөш өзүнүн аткарган иштери боюнча көргөзмө уюштуруп, иштеринин ийгиликтерин көрсөтүштү.  Бул жолу ЮНИСЕФ өнөктөштөрү менен бирге “Кыргызстандын кыздарынын заманы” аттуу уюштурган иш-чарада 250дөн ашуун кыздарга ийгиликтери менен тааныштырып, мастер-класс өткөрүштү.

КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫЗДАРЫНЫН ЗАМАНЫ

Жаңы министр кыздарды илимге шыктандырды

Иш-чарага жаңы эле кызмат орунга дайындалган билим берүү жана илим министри Улан Мамбетакунов келип, кыздарды 11-октябрь – Эл аралык кыздар күнү менен куттуктады. Кыздар бардык тараптан өнүгүүсү керек экенин,  Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун “Илимдеги кыздар” долбоору 2020-жылдан бери Бишкек, Ош шаарларында, Кара-Суу районунда жана Чүй облусунда ишке ашырылып жатканын белгиледи.

— Долбоордун негизги максаты – өспүрүм кыздарды илим жана технологияга шыктандыруу, алардын мотивациясын күчөтүү жана кантип кесип тандап, кандай жаңы кесиптерди алуу мүмкүнчүлүктөргө окутуп-үйрөтүүнү көздөйт. Эгерде биз өнүгөбүз, өсөбүз, дүйнө менен интеграция болобуз десек билим берүү негизги өзөктү түзүшү зарыл. Бүгүнкү кыздардын талабы эртеңки жашоодогу жөндөмдөрү башкача болушу керек. Анткени коом өзгөрүп жатат. Биз эртеңки күнү балдарга кандай илимдер керек болсо, ошого окутуубуз зарыл. Өзгөчө тил үйрөнгүлө, — деди министр.

“Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Илимдеги кыздар” долбоорунун координатору Роза Кайыкованын айтымында, үч өнөктөштүн күчү менен, т.а. “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук  фонду, Балдарды коргоо борбору жана БААУнун Инновациялык колледжи кыздардын эл аралык күнүнө карата А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада уюштурулган иш-чара жогорку деңгээлде өттү.

— Биздин эң биринчи стратегиялык өнөктөшүбүз — КР Билим берүү жана илим министрлиги. Экинчиси — Балдарды коргоо борбору жана БААУнун Инновациялык колледжи. Үч өнөктөш бирге эриш-аркак болуп бири-бирибизге көмөктөшүп иш алып келе жатабыз. Долбоордун философиясы – дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы STEM багытындагы  эмгек рыногунда аялзаттын катышуусун жогорулатуу, лидерлигин калыптандыруу. Өткөн иш-чаранын деңгээлин жаңы эле кызматка бекиген билим берүү жана илим министри Улан Мамбетакунов көтөрүп койду. Ал биз уюштурган ишибизге чоң маани берип, ар бир кыздардын жасаган иштерин кунт коюп көрүп, угуп, куттуктоо сөзүн айтып кеткени кыздарды ого бетер табигый илимдерге, окуганга  шыктандырды. Бардык өнөктөштөрдүн атынан министр  Улан Эсенбековичке терең ыраазычылык билдиребиз, — деди Р.Кайыкова.

КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫЗДАРЫНЫН ЗАМАНЫ

КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫЗДАРЫНЫН ЗАМАНЫ

Гендердик сезимтал педагогика

БААУнун Инновациялык колледжинин долбоор боюнча координатору Мадина Самакбаева   гендердик сезимтал модулдарды STEM предметтери боюнча иштеп чыгуу, мугалимдерди окутуу, аны ишке киргизүү, билим берүү борборлорунун мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, мугалимдерге колдонмону таратуу ж.б.у.с. иштерди аткаруу милдеттендирилгенин айтып, аткарылган иштерине токтолду.  Мектеп мугалимдери үчүн БААУнун эксперттери STEM сабактарынан берген мугалимдери менен биргеликте STEMди кантип сабактарга киргизүү керек деген жаңы колдонмону иштеп чыгышкан. Колледж 20 пилоттук мектеп менен түздөн-түз иштешет.

 

КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫЗДАРЫНЫН ЗАМАНЫ

— Биздин компонент – мугалимдер менен иштөө. Бүгүнкү күнгө чейин 230 мугалим менен иштедик. Аларга гендердик сезимтал педагогика жана STEM боюнча окутуу тренингдерди өткөрдүк. Физика, химия, математика, биология, информатика сабактарынын мугалимдерине атайын колмондомолорду иштеп чыгып, анда тапшырмаларды түзүү, критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү үчүн жана гендердик сезимтал педагогиканы тапшырмалар аркылуу окутуу процессине киргизүү жолдорун сабактардын мисалында көрсөттүк. Учурда биз 20 пилоттук мектептин мугалимдерин  гана үйрөтүп койбостон,  башка мугалимдер үйрөнсүн деп Республикалык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту менен бирдикте гендердик сезимтал педагогика менен STEMди интеграциялоо боюнча онлайн курс иштеп жатабыз. Мугалимдер институтунун сайтына кирип, катталып,  үйрөнүшсө болот, — деди М.Самакбаева.

Окуган кыз орун табат

Аталган иш-чарада “Илимдеги кыздар” долбоорунун катышуучулары, т.а. И.Раззаков атындагы КМТУнун студенттери, мектептин окуучулары өздөрүнүн колдору менен жасаган мини моделдерин көргөзмөгө коюп, келгендерге көрсөтүп тааныштырышты. Маселен, И.Раззаков атындагы КТУнун 4-курсунун студенти Нурайым Иманалиева “Ардуина” программасы менен эки жылдын ичинде лазердик кескич жасап чыккан. Аны менен учурда борбор калаадагы бир медициналык борбор иштеп жатат. Дары-дармектерди, медициналык жабдыктарды таңгактоо үчүн Нурайымдын кескичин пайдаланып жатышат. Бишкек шаарындагы №9 мектептин окуучусу Бегайым Бакирдинованын айтымында, Тесло катушкасы, Дата-борборун жасап чыгышкан. Дата-борбору, адатта, корпоративдик кардарлардын кызыкчылыгы үчүн маалыматты иштеп чыгуу, сактоо жана жайылтуу функцияларын аткарат — ал маалыматтык кызматтарды көрсөтүү менен бизнес маселелерин чечүүгө багытталган. Ал эми №47 мектептин окуучусу  Назима Асанованын айтымында, “Илимдеги кыздар” долбоорунун катышуучулары, т.а. 16 өспүрүм кыз Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак университетинин базасында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу балдар эмес, кыздар нанаспутникти куруп, стратосферага учурушкан.

КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫЗДАРЫНЫН ЗАМАНЫ

КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫЗДАРЫНЫН ЗАМАНЫ

Кыздардын жетилүү мезгилиндеги  өзгөрүүлөр

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун өкүлү Гүлзат  Калиеванын билдирүүсү боюнча, алар кыздар үчүн ОKY тиркемесин презентациялашты. ЮНИСЕФтин жардамы менен өнөктөш катары кыздар үчүн айыз жөнүндө мобилдик тиркеме иштеп чыгышкан. Кыздардан сурамжылоо жүргүзгөндө бул тема көпчүлүгү үчүн табу (жабык) экен.

КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫЗДАРЫНЫН ЗАМАНЫ

— ЮНИСЕФ дүйнө кыздары үчүн англис тилинде иштеп чыккан тиркемени Кыргызстанда адаптация кылдык. Тиркемеде кыздар үчүн айыз тууралуу бардык маалыматтар камтылган. Республика боюнча мектептерди кыдырып, кыздар менен маектешүү жүргүзгөндө кыздардын көпчүлүгүндө айыз жөнүндө туура эмес маалымат бар экен. Айыз тууралуу маалыматтарды медициналык эксперттер менен чогуу иштеп чыктык. Тиркемеде энциклопедия бар. Анда адамдын денеси тууралуу толук маалымат менен таанышса болот. Кыздардын жетилүү мезгилинде кандай өзгөрүүлөр болот? Өзгөрүүлөр учурунда кыздар өздөрүн кантип алып жүрүү керек? Эмне кылуу керек? Ал жерде кыздарга ар дайым жардам берип турчу аватаркалар жана календарь бар. Менструалдык циклди белгилеп туруу керек, — деди Г.Калиева.

КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫЗДАРЫНЫН ЗАМАНЫ

 

Мындан сырткары, көргөзмөдө телефон будкасы коюлган, анда дүйнө жүзүндөгү  белгилүү аялдардан кеңеш алуу жагы каралган. Дагы бир кыздардын сунушу менен мектептеги сыртта жайгашкан даратканалардын ортосу бөлүнүп туруу сунушу менен чыгышкан. Кыздар целлофандан жасалган дараткананы көргөзмөгө коюп, ушундай ачык жерге кантип кирүүгө болот деген инсталляция аркылуу коңгуроо кагышкан. Ошондой эле “Алтын түйүн” УБИТАнын тарбиялануучулары кийимдерди беш секундада бүктөгөн робот иштеп чыгышкан.

Ошентип, “Илимдеги кыздар” долбоорунун катышуучуларына арналган иш-чара музыка менен коштолуп, ар кандай мастер-класстар уюштурулуп, керектүү маалыматтар берилди.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер