КЫРГЫЗСТАНДЫН ДАҢКЫН ДҮЙНӨЛҮК АРЕНАГА  ЧЫГАРГАН  БИЛИМ КАЙМАКТАРЫ

  • 09.04.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2023/2024-окуу жылында  улуттук жана кыргыз-швед IV республикалык математикалык олимпиадаларды өткөрүп, анын жетишкендиктерин жана ийгиликтерин даңазалады. Интеллектуал окуучулар министрликтин дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышты. Ошондой эле идиректүү балдарды колдоп келген демөөрчүлөр дагы өз салымдарын кошту.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ДАҢКЫН ДҮЙНӨЛҮК АРЕНАГА  ЧЫГАРГАН  БИЛИМ КАЙМАКТАРЫ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ДАҢКЫН ДҮЙНӨЛҮК АРЕНАГА  ЧЫГАРГАН  БИЛИМ КАЙМАКТАРЫ

Улут намысын коргогон окуучулар

2024-жылдын 20-январынан тартып 4-апрелге чейин математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча улуттук олимпиада өттү. Жыйынтыктоочу турга  150 окуучу катышып, анын ичинен 73 окуучу 1-, 2-, 3-орундарды багындырды.

Окууну чыгармачылык менен айкалыштыра алган, мектептеги предметтерди өздөштүрүүдө сабырдуулук, чыдамкайлуулук жана өжөрдүк менен туруштук берүү менен ийгиликтерге жеткен,  мыктылардын эң алдыңкы сабына чыккан окуучуларды билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын ысык саламын айтып жана каалоо-тилегин министрликтин  жетектөөчү адиси Салтанат Өмүрканова окуп берди.

“… Олимпиадалар жана мелдештер жыл сайын жакшы салтка айланып, катышуучулардын саны уламдан-улам  көбөйүүдө. Ар бир катышуучунун артында улуттун ийгилиги жатат жана ар бир өсүп келе жаткан муун из калтырып, тарых жаратат. Урматтуу балдар, силердин жетишкендигиңер  Кыргызстандын натыйжалуу өнүгүүсүн  камсыз кылууга жөндөмдүү, кубаттуу, интеллектуалдык күч бар экендигине ишеним жаратат. Ийгиликтерди, инновациялык чечимдерди жана жаңы жетишкендиктерди каалап жана ушуну менен токтоп калбастан, зор ийгиликтерди, ачылыштарды жараткан, жаңы бийиктиктерге жеткирген, жаңы жеңиштерге шыктандырган умтулууларды тартуулап, Кыргызстандын атагын, даңкын дүйнөлүк аренага  чыгарасыңар деп толук ишенем”.

Улуттук олимпиада — 2024

Улуттук олимпиада Ала-Тоо университетинин базасында өттү. Математика жана информатика боюнча олимпиада  үч күнгө, физика, биология жана химия боюнча  эки күнгө созулду. Бул катышуучулар үчүн терең билимге гана эмес, жогорку деңгээлдеги чыгармачылыкты жана  аналитикалык ой жүгүртүүнү  талап кылган эл аралык атаандаштыктын уникалдуу  мүмкүнчүлүгү болду десек жаңылышпайбыз. Бул   жылы финалдык этаптын окуучулары улуттук курама командага кирип, эл аралык олимпиадаларга команданын атынан чыгууга мүмкүнчүлүк алышты.  Быйыл математика боюнча Англияда, информатика — Египетте, химия — Сауд олимпиадасына, физика боюнча Иранда, Ислам  Республикасында, биология боюнча Казакстанда өтчү сынактарга барып, өлкөнүн намысын коргошот.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ДАҢКЫН ДҮЙНӨЛҮК АРЕНАГА  ЧЫГАРГАН  БИЛИМ КАЙМАКТАРЫ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ДАҢКЫН ДҮЙНӨЛҮК АРЕНАГА  ЧЫГАРГАН  БИЛИМ КАЙМАКТАРЫ

Быйыл сынактын онлайн режиминдеги I этабына 42 миң 997 окуучу катышты. Салтанаттуу аземде идиректүү, зирек балдарды колдоп келген демөөрчүлөрдүн бири -Жогорку технология паркынын директору Азис Абакиров эл аралык сынакта алтын медаль утуп келген окуучуга 10 000 доллар, күмүш медалдын ээсине 5000 доллар, ал эми коло медалга 1000 доллар сыйлык берилерин баса белгиледи. Ал эми “Логос” компаниянын   директору Алтынбек Бегалиев эл аралык олимпиадага барчу окуучулардын жол киресин төлөп бермей болду. Ошондой эле улуттук олимпиаданын 1-орундун жеңүүчүлөрүн “Келечек лидерлердин мектебине”   акысыз окууга сертификат тапшырды.

Быйылкы сынактын өзгөчөлүгү – эң жаш, Оштогу International School of Kyrgyzstan мектебинин 6-классынын окуучусу Бектен Абдувалиевдин катышканы болду. Ал математика жана информатика сабактарынан катышып, 19-орунду алган. Анын айтымында, 1-, 2-турлары ага жеңил эле болгон, ал эми 3-туру абдан татаал экенин айтып, эмдиги жылы дагы катышып, алдыңкы орундарды багындыраарын ишенимдүү билдирди.

“Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу Бобрус Ян математикадан 3-орунга чыкса,  информатикадан 1-орунга чыккан. Олимпиадага экинчи жолу катышып жатат.

— Тапшырмалар өтө сапаттуу, кызыктуу болду. Математиканын тапшырмалары эл аралык олимпиаданын тапшырмаларынан алыныптыр. Тапшырмалар өтө татаал болду. Мен мектепте 8-10 саат математика менен информатика сабагын окуйм. Олимпиада, биринчиден, биз каалаган күчтүү чет элдик жогорку окуу жайларга өткөнгө жол ачат. Жакшы жогорку билим алсам, эмгек акысы жогору жумуш таап алса болот, — дейт интеллектуал.

Таланттуу балага бирдей мүмкүнчүлүк

Кыргызстандын эң мыкты окуучулары эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн объективдүү, ачык-айкын тандоодон өтүшөт. Алардын жаш курагына, классына, аймагына же жынысына чектөөлөр коюлбайт. Башкы  максат – ар бир таланттуу балага бирдей мүмкүнчүлүк берүү.

Акыркы 20 жылда эл аралык Жаутыков олимпиадасында курама команданын жетишкен ийгиликтерине токтоло кетели.  Маалыматка таянсак, 2018-жылы математика, физика жана информатика боюнча  Кыргызстандын курама командасы түзүлүп, эл аралык Жаутыков  олимпиадасына катышуу үчүн тандоо туру башталган. Олимпиаданын алгачкы 13 жылынын ичинде  өлкөнүн окуучулары 34 медалга ээ болду. Ал эми сапаттуу тандоо киргизилгенден кийин, алардын саны  эки эсеге көбөйдү. Акыркы жети жылда эле 65 окуучу олимпиаданын  жеңүүчүлөрү болушту. 2018-жылдан бери биздин өлкөдө информатика  боюнча 35, математика боюнча 20, физика боюнча 10 медаль бар. Ал эми быйыл медалдардын саны боюнча өлкөбүз рекорд койду. Он жети  окуучу Жаутыков олимпиадасында жеңишке жетишти. Алардын төртөө мамлекеттик мектептерде окушат, т.а. экөө Якир атындагы №61 мектеп-гимназиянын окуучулары болсо, дагы экөө Молдокулов атындагы №5  улуттук гимназиянын балдары.

Салыштыруу үчүн айта кетсек, олимпиадага катышкан алгачкы 15 жылда мамлекеттик мектептен эки гана окуучу медалга жетишкен.

Улуттук олимпиаданын жаралышы

Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте улуттук масштабда сапаттуу, ачык-айкын, калыс жана объективдүү тандоо үчүн  2019-жылы окутуучулардан жана ректорлордон, машыктыруучулардан, эл аралык олимпиадалардын катышуучуларынан  жана жеңүүчүлөрүнөн турган топ  физика, математика, биология, химия жана информатика предметтери боюнча альтернативдүү олимпиаданын пилоттук долбоорун иштеп  чыгып, аны ишке ашырышты.

Долбоордун башкы максаты — Кыргызстандагы бардык таланттуу окуучуларга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууну, олимпиада  маданиятын кеңири жайылтууну, компетенттүү машыктыруучулардын  жана олимпиаданын мурдагы катышуучуларынын башын  бириктирүүнү көздөдү.  2019-жылы  пилоттук долбоор ийгиликтүү  ишке ашырылып, ага 4607 окуучу катышып, алгачкы үч этап жогорку деңгээлде өткөн. 2020-жылы  бул олимпиада — улуттук олимпиаданын  расмий статусун алган. Пандемия учурунда  башка мамлекеттер олимпиаданы  өткөрүүгө даяр эмес болгондуктан, 2021-жылы төрт этап тең биздин өлкөдө  жогорку деңгээлде өткөнүн айтып коюу парз.

Улуттук олимпиада кандай өтөт?

Олимпиаданын алгачкы эки этабы  онлайн форматта өткөрүлүп, бүткүл өлкө боюнча окуучуларга өзүн көрсөтүүгө жана финалга чыгууга мүмкүнчүлүк берет. 3-4-этап оффлайн форматында өтөт.

Катышуучулардын иштерин тажрыйбалуу калыстар тобунун мүчөлөрү кылдат текшеришет. Калыстардын көбү кайсы бир убакта олимпиадаларга катышкандар. Андыктан алар объективдүү баа берүү маанилүү экенин  жакшы түшүнүшөт. Андан ары улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрү математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча эл аралык олимпиадаларга  катышат. Жыл сайын жүздөн ашуун өлкөнүн эң күчтүү окуучулары  эл аралык сынактарга катышып келатышат.

Алсак, соңку төрт жылда математика боюнча эл аралык олимпиадада  бир коло медаль жана  14 ардак грамотага  ээ болсок, химия боюнча биздин курама команда  1 күмүш, алты коло медалдарга жана бир ардак грамотага ээ болгон.  Информатика боюнча  Кыргызстандын курама командасы  1 күмүш, 9 коло медаль жана эки ардак грамотага  ээ болду. Ал эми  биология боюнча  курама команда  үч коло медалга, үч ардак грамотанын ээси.  Ошондой эле физика боюнча  эки  ардак грамотага ээ болгонун айтып коюу керек.

Таланттуу балдар лагерде даярдалат

Эл аралык олимпиадага даярдануу үчүн жыл бою адистештирилген  лагерлер уюштурулат.  Аларга күзгү, кышкы, жазгы жана жайкы сессиялар  кирет. Мында катышуучулар  өздөрүнүн билимдерин тереңдетип,  негизги көндүмдөрдү үйрөнүшөт. Бул лагерлерде кыргызстандык тренерлер, чет элдик адистер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, көндүмдөрдү иштеп чыгышат, чечишет. Ошондой эле катышуучулардын жетишкендиктерин баалоо үчүн рейтингдик системаны киргизишет.  Мындай интенсивдүү  жана максаттуу машыгуу өз өлкөсүн эл аралык  аренада жакшы көрсөтө алган  күчтүү команда  даярдалат.  Сессияга катышуучулар  негизги предмет боюнча билимдерин тереңдетип эле тим болбостон, активдүү баарлашып, алдыңкы тажрыйба алмашып турган  уникалдуу билим берүү чөйрөсүн түзөт.  Окуучулар маселелерди чыгаруунун  жаңы ыкмалары менен таанышат, командада иштөөгө   үйрөнүшөт, ошондой эле  критикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өнүктүрүшөт.  Бул алардын экономикалык жактан өсүшүнө  гана өбөлгө болбостон, алардын  билим алуу жана турмуштук максаттарына жетүүгө жардам берүү менен инсандык  көнүгүүгө байланат.  Мындан тышкары  мындай жолугушуулар  көп учурда өмүр бою улана турган достук жана кесиптик  байланыштарды билдирет.

Маанилүү аспект

Мындай чөйрө катышуучуларды кадимки мектеп программасынан сырткары  өздөрүн өнүктүрүүгө жана жаңы билимге издөөгө үндөйт.  Алар өзүнө болгон ишенимди  жана татаал маселелерди  чечүүнү  өрчүтүп, бийик максаттарга жетүүнү үйрөнүшөт. Ошентип, эл аралык олимпиадага даярдоо лагерлери  окуучуларды сынактарга даярдабастан, алардын инсандык  өнүгүүсүнө, достук бекем мамилелердин калыптанышына, кесиптик жактан өзү чечим чыгарууга өбөлгө түзөт.

Жеңүүчүлөр эмне дейт?

Алихан АЙДАРБЕКОВ, Муратбек Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу, информатика боюнча 1-орундун ээси:

— 10-класстын окуучусу болом.  Бул жылы улуттук олимпиада мен үчүн оңой болду. Себеп мурдагы жылы катышкам, тажрыйба бар. Эң башкы максатым – дүйнөлүк олимпиададан алтын медаль алуу. Информатикага өзгөчө маани берем.  Англис тилин окуп жатам.  Себеби англис тили абдан керек. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу тапшырмалар жакшы деңгээлде даярдалыптыр. Былтыр Венгрияга барып, коло медалга татыктуу болгом. Быйыл Египетке барам.

Назар КИРГИЗБАЕВ, Бишкектеги  №61 мектеп-лицейдин 10-классынын окуучусу, математика боюнча 1-орундун ээси:

КЫРГЫЗСТАНДЫН ДАҢКЫН ДҮЙНӨЛҮК АРЕНАГА  ЧЫГАРГАН  БИЛИМ КАЙМАКТАРЫ

— Үчүнчү жолу олимпиадага катышып жатам. Биринчи жолу 3-орунду, экинчи жолу 2-орунду, быйыл 1-орунду алдым. Быйыл олимпиада үч күн өттү. Тапшырмалар кызыктуу болгону менен абдан татаал болду. Абдан кызыгуу менен маселелерди аткардым. Экинчи күнү мен акыркы маселени акыркы мүнөттөрдү чыгарганга үлгүрдүм. Командага кирүү үчүн 40 балл алыш керек болсо, мен 60 балл алдым.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер