КЫРГЫЗСТАНДА САПАТТУУ БИЛИМ АЛУУ: ЖАЛГАНБЫ ЖЕ ЧЫНДЫКПЫ?

  • 15.02.2021
  • 0

Бул жылдын бүтүрүүчүлөрүнүн алдында татаал чечим кабыл алуу турат – келечектеги кесибин аныктап, көптөгөн университеттердин санынан чыныгы сапаттагы билимди, керектүү көндүмдөрдү, келечекке ишенимдүүлүктү бере алганын тандашы зарыл, ушунун баары дүйнөнүн дайыма өзгөрүлүп турган шартында.

Сапаттуу билим алуу — ийгиликтүү келечекке трамплин жана бүт дүйнөдө талап кылынат. Бүгүнкү күндө жогорку билим берүү – студент жана анын үй-бүлөсү тарабынан аткарылуучу эң маанилүү инвестициялардын бири. Жакшы университетте алган билим жеке инсандык өсүүдө жана адистик деңгээлде ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүнө чындыгында таасир берет.

Бирок, сапаттуу билим алуу көп финансылык ресурстарды талап кылат, ошол себептен көпчүлүк студенттер үчүн жакшы университетте окууга мүмкүнчүлүк жок. Борбордук Азия университети (БАУ) сапаттуу билим берүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн түзүлгөн.

КЫРГЫЗСТАНДА САПАТТУУ БИЛИМ АЛУУ: ЖАЛГАНБЫ ЖЕ ЧЫНДЫКПЫ?

Студенттердин билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн БАУ толук денгээлде билим алууга, жайгашууга, тамактанууга жана бош убактысын өткөрүү үчүн баардык шарттарды камтыган кампусту сунуштайт. Сиз кампус ичинде виртуалдуу турларды көрүп, академиялык блокторду кыдырып, жатакананын комнаталарын, лабораторияларды жана башка кызыктуу жерлер менен тааныша аласыздар. 3D жаңы турлары бул шилтеме аркылуу жеткиликтүү https://ru.3d-tour.ucentralasia.org/tour.html

БИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН ТӨЛӨМДҮН АКЫСЫНА ЭМНЕЛЕР КИРЕТ?

КЫРГЫЗСТАНДА САПАТТУУ БИЛИМ АЛУУ: ЖАЛГАНБЫ ЖЕ ЧЫНДЫКПЫ?

Келиңиздер анда, БАУда окуган АР БИР студент эмне ала алаарын талдап көрөлүчү?

 

Эл аралык стандарттагы билим алуу

 

Беш жылдык программанын алкагында БАУнун студенттери Канаданын Торонто шаарындагы Сенека колледжи менен биргеликте иштелип чыккан интенсивдүү даярдоо программасын аякташат. БАУнун окуу программалары Канаданын Торонто (компьютер илимдери) жана Британ Колумбия университеттери (Жер жана айлана чөйрө жөнүндөгү илимдер); Россия Федерациясынын Москва шаарындагы Экономика жогорку мектеби жана Латвиянын Стокгольм экономика мектеби (Экономика); Австралиянын Сидней Технологиялык университеттери (Коммуникация жана ММК) менен биргеликте иштелип чыккан.

Канаданын Виктория университети БАУнун корпоративдик билим берүү программасын иштеп чыгуудагы өнөктөшү.

 

«Билим алуум тууралуу көп нерселерди айта алам, бул баянымдын аягы жок, себеби БАУнун окутуу тактикасы жана чыныгы турмуштагы практикасы абдан жагат. Сабактарда эң керектүү жана актуалдуу темалар айтылат, алар студенттерде креативдүүлүктү өстүрүп, өз өлкөсүн өнүктүрүүгө потенциал беришет» — Кайрат Бердишалиев, БАУнун даярдоо курсунун студенти

 

КЫРГЫЗСТАНДА САПАТТУУ БИЛИМ АЛУУ: ЖАЛГАНБЫ ЖЕ ЧЫНДЫКПЫ?

Окуу материалдары

 

Кампустардын аймагында заманбап керектүү курал жабдыктар жана аппаратура менен жабдылган окуу класстары жана лабораториялары жайгашкан. Кампустун ар кайсы бурчунан зымсыз Интернеттин байланыш түйүнүнө туташса болот. БАУ окуу материалдар менен он-лайн маалымат каражаттардын толук комплектисин, эл аралык маалымат базаларына жана дүйнөлүк китепканаларга кирүү мүмкүнчүлүгүн берет

Жеке ноутбук

 

Компьютердик лабораторияларга кошумча, ар бир студентке өткөндөн кийин жеке ноутбук берилет.

КЫРГЫЗСТАНДА САПАТТУУ БИЛИМ АЛУУ: ЖАЛГАНБЫ ЖЕ ЧЫНДЫКПЫ?

 

Ыңгайлуу жашоо

 

Студенттер ыңгайлуу жатаканада бир бөлмөдө экиден киши болуп жатышат, анын ичин өз алдынча бөлмө кылып оңой эле бөлүп алууга мүмкүнчүлүк менен пландаштырылган. Бөлмөдө студенттердин жеке буюмдарын сактоо үчүн кеңири жайлар, электр туташтыргычтар, жумушчу стол, отургуч, өзүнчө санитардык түйүн бар. Ар бир бөлмөдөгү терезеден тоолорго көрүнүш ачылат. Кышында ички коридорлор жана өтмө галереялар аркылуу студенттер жылуу жана коопсуз жатаканадан окуу корпусуна өтө алышат.

 

КЫРГЫЗСТАНДА САПАТТУУ БИЛИМ АЛУУ: ЖАЛГАНБЫ ЖЕ ЧЫНДЫКПЫ?

5 маал тамактануу

 

Толук баалуу тамактануу (эртең мененки, түшкү жана кечки тамак, 2 түштөн кийинки тамак) төлөмдүн эсебине киргизилген. Кампуста студенттер, окутуучулар жана кызматкерлер ар кайсы жерлерден болгонуна байланыштуу меню түзүүдө ар түрдүү жана талаптарга ылайыктуу болуусу каралат.

 

«Кошумча айтсам, БАУ үй-бүлөмдө (UCA Family) ар бир студентке болгон мээрим сезилип турат. Менин тажрыйбамда мени таң калтырган бир окуя болгон. Мен вегетерианмын, эт кошулуп жасалган тамактарды жебейм. Бир күнү менюда мага ылайыктуу эч кандай тамак жок экен. Бирок биздин шеф-ашпозчубуз өз колу менен мен жей ала турган даамды даярдап берди. Мындай мамиле мага таасирин калтырды, мен биздин ашпозчуга ар бирөө тууралуу кам көргөндүгү үчүн абдан ыраазымын» — Айдана Кубатова, БАУнун биринчи курсунун студенти.

Медициналык тейлөө

 

Кампуста штаттагы доктор иштейт, ага бардык медициналык суроолор менен кайрылса болот. БАУ региондогу ар бир студентти баардык негизги чыгымдарды жабуу үчүн медициналык камсыздандырууну сунуштайт.

Фитнес борбору жана спорт

Активдүү спорттук жашоо түрүн жүргүзүү үчүн студенттер өзүлөрүнүн тренажер залы жана кампустун аймагындагы спорттук аянтчалар менен пайдалана алышат. Кыш мезгили БАУда спорттук иш аракеттер үчүн эч кандай кыйынчылык түзбөйт, спорт менен жылдын 365 күнү тең машыкканга болот.  Спорттук залда теннис, баскетбол, бадминтон, волейбол, футбол ойносо болот. Жайында чоң теннис жана футболду FIFAнын талабына жооп берген БАУнун ачык аянтчаларында ойногонго болот.

БАУнун тренажер залы окуу корпусунда жайгашкан, ал жакта эллиптик тренажерлор, чуркоочу жолчолор, гантелдер, штанга жана башка спорттук жабдыктар менен жабдылган. Студенттердин эс алуусу үчүн негизги залында стол үстүндөгү теннис жана футбол, бильярд, аэро-хоккей, дивандар жана телевизор турат.

 Жеке кураторлук

 

Студенттик жашоо боюнча команда жана психолог-кеңешчи кампуста студенттер менен жашашат, аларга окуудан сырткаркы иш аракеттерди аткарууга жардам беришет: студенттик группалар, инициативалар, эл аралык конкурстарга катышуу ж.б. Алар спорттук жана маданий иш чараларды уюштурууга жооптуу, студенттердин окууларына жардам беришет, келечектеги адистигин тандоодо кеңештерди беришип, аларга кампуста жашоого ыңгайлашууга көмөктөшөт. Окуу жыл ичинде студенттик жашоо боюнча биздин координаторлор окуу жана факультативдик сабактарды уюштурууга жардамдашат.

 

«Менин студенттик жашоом билим алуу менен биздин Студенттик жашоо боюнча кеңешчилер (Student Life Advisers) уюштурган көңүл ачуу менен бай. Ар кандай майрамдар жана кечелер сабактан эс алып, көңулдү башкага бурууга өбөлгө түзөт. Мага жакканы университетте студенттердин ар кандай баштоолору колдоого ээ болот. Биз өзүбүздүн хобби менен алек болуп, чыгармачылык кылууга эркиндигибиз бар же активдуу коомдук ишмердүүлүк кыла алабыз. Биринчи курста окуп жатып, мен кошуна айылда 9-класстын балдарына математика мугалими болуп такшала алдым, ошондой эле D.U.M.B. долбооруна катышып, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө тапшыруу экзамендерге даярданууга жардам бердим, музыкалык жана бий клубдарына катыштым. Силер көргөндөй, БАУда жашоо кызыктуу жана өнүктүрүүчу окуяларга бай» — Айдана Кубатова, БАУнун биринчи курсунун студенти.

 

 

КЫРГЫЗСТАНДА САПАТТУУ БИЛИМ АЛУУ: ЖАЛГАНБЫ ЖЕ ЧЫНДЫКПЫ?

Такшалуулар (стажировкалар)

 

Такшалуулар программасы иш ордунда практикалык үйрөнүү, ал убакта студенттер реалдуу жашоодо (жеке, мамлекеттик жана коомдук сектордо) өзүлөрүнүн адистиги менен байланыштуу класстан алган билимдерин текшере алышат. Төлөнүүчү жайкы такшалуулар аркылуу программа студенттерди ийгиликтүү окуу, илимий жана университетти аяктагандан кийин адистик ишмердүүлүгүнө даярдайт.

 

«БАУда өтө өзгөчө жана сонун мүмкүнчүлүк бар, ал корпоративдик билим берүү деп аталат (Co-Op Department), алар студенттердин инсандык – адистик өсүүсү менен иш алып барышат жана ар кайсы мамлекеттердеги ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Мына менин окуп баштаганыма бешинчи – алтынчы ай болду, ал убак ичинде, мен Түштүк Америкадагы Бразилиянын университетинде өтүүчү он-лайн конференцияга катышууга номинация алдым. Мен бул ири конференцияга он-лайн катышып, Бразилиянын белгилүү атагы чыккан профессорлору менен жолугам деп  күтүп жатам, ал иш чара жайында болуп өтөт. Ошондой эле, корпоративдик билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери мага биздин коомду өнүктүрүүгө багытталган социалдык долбоорлорду да ишке ашырууга жардам берүүдө. Ошону менен бирге эле, мен БАУнун студенттерди кабыл алуу бөлүмүндө да иштеп такшалып жатам, келечекте башка бөлүмдөрдө да иштесем деген оюм бар. Ушунун баары менин окуп баштаганымдын бешинчи айында гана болуп жатат. Мен мындан ары да ушул темп менен улантып, дагы жетишкендиктерге ээ болсом дейм» — Кайрат Бердишалиев, БАУнун даярдоо курсунун студенти

 

 

Эң башкысы, бул кампуста адамдар жараткан атмосфера.

 

«Мени БАУда сапаттуу заманбап билим алуудан жана ар тараптуу өнүгүү үчүн ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрдөн сырткары чоң үй-бүлө атмосферасы кызыктырат. Чоң бир нерсенин бөлүгү катары өзүңдү сезүү абдан сонун! Бул жакта кызыктуу акылдуу адамдар бар, аларды көрүп адамзаттын таза келечегине ишенесиң, алардан бир нерсе үйрөнүп, аларга бир нерсе үйрөтөсүң, ушундай адамдар бар, сен үчүн өз уйкусунан кечип, сени тестке даярдашканга жардамын беришет :)» — Айжамал Жетигенова, даярдоо курсунун студенти

 

 

БАУ аудитория ичинде жана андан сырткары окууга кызыкдар академиялык жактан күчтүү балдарды издейт.

 

Сиздердин саякат ушул жерден башталат. Бугун арызыңызды тапшырып коюңуз!

 БАУ жөнүндө толугураак мааламыт алуу үчүн https://ucentralasia.org/Admissions/Index/RU

же QR-код аркылуу

 

Танзиля Мингалиева

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер